Баткен мигранттары алдыга чыкты, бирок…
Учурда сыртта жүргөн кыргыз мигранттарынын өздөрүнүн кичи мекенине, туугандарына акча салуу боюнча баткендик туугандарыбыз алдыга чыкты. Тактап айтсак, алардын быйыл эле алты айдын ичинде салган акчанын суммасы 2 миллиард, 32 миллион сомго жетти. Эске сала кетсек, баткендик мигранттар 2009-жылы кичи мекенине 2 млрд. 600 млн. сом салышкан. Албетте, бул көрүнүш бир четинен жакшы. Баткенге барсаңыз, чал-кемпир, бала-чака эле калган. Калган жумушка жарактуулары "дүңү" менен Россияга, Казакстанга аттанып кетишкен. Тажикстан мамлекети менен тыкыс чектеш болгон Баткен дубанынын бир топ эли, айрыкча жаштары минтип кичи мекенинен алыстап жүргөнү өкүнүчтүү. Бул көрүнүштөн айда пайдаланышкан тажиктер болсо акыркы жылдары Баткен дубанын "оптом" басып алууга аракет кылып жатышканын жокко чыгарууга болбойт. Айрым баткендик туугандарыбыз тажиктердин кысымына ачык эле кабылышып, үйлөрүн айласыздан сатып кетүүгө мажбур болуп жатышканын, өзүбүз өткөн жылы жазында журналисттик иликтөө жүргүзүп келгенибизде күбө болгонбуз. Андыктан баткендик туугандардын катуу, шар аккан суудай күч алган мигрант агымын талапка ылайык аракеттер менен токтотуу зарыл. Антпесе, болбойт. Бул маселе өтө опурталдуу…

Таластык талапкерлер такталууда
Алдыдагы парламенттик шайлоолорго ат салыша турган таластык талапкерлер тактала баштады. Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев "ата мекенчилер" Болот Шер менен Равшан Жеенбековго карата экс-министр Рыскелди Момбеков менен айым ажобуздун иниси Болот Отунбаев сыяктуу талапкерлерин агытканга таптап жатат. Ошондой эле, бул аймактан "Республика" партиясынын атынан Өмүрбек Бабанов, "Ак шумкардын" атынан "ак жолчу" Жусуп Иманалиев, "Кыргыз жери" партиясынан Өмүрбек Суваналиев аттана турганын эске алсак, Таластагы талапкерлердин таймашы укмуш эле болчудай. И баса, дагы бир таластык "ак жолчу" Бек Топоев деген эме "Ак шумкардын" атынан чыкканы жатса, белгилүү дарыгер Сабыр Жумабековдун иниси "Ата-Журт" партиясынан чыкмай болуптур. Апей, айтпай кала жаздаган турбайбызбы, экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов дагы "Ата Мекендин" атынан чыкканы калыптыр. Болот менен Равшан бир райондон болсо, Аскар менен Рыскелди бир айылдан.

Кадыржан жакында кармалат
Түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдын от алышына түздөн-түз себепкер болгон экс-депутат Кадыржан Батыров жакын арада кармалаарын Жалал-Абад областынын коменданты Станбек Бакиров жарыя кылды. "Кадыржан Батыровдун каякта жашырынып жүргөнү аныкталды. Ал жакында кармалат. Бирок анын облустун аймагында болбогондугу кыйынчылыктарды жаратууда"-дейт облустун коменданты. Бирок мындай иштерди алдын ала жар салышчу эмес эле, Станбек мырза чыдабай кеткен го. Болбосо Акматты кылтакка илген Мелис Турганбаевдей болуп, биринчи кармап туруп, анан жарыя кылса жакшы болмок.

"Түндүк электро" түмөн иштерди баштады
Учурда "Түндүк электро" компаниясынын кардарларынын электр энергияны пайдаланууга болгон карызы 347 млн. 818 миң сом экендиги ачыкка чыкты. Бирок бул маселе бир аз башкача өңүттө өнүгүп жатат. Мисалы, май айында дебитордук карыз 62 миллион сомго азайса, июнь айында 36,6 млн. сомго кыскарган.
Ал эми аталган компаниянын дагы бир жаңылыгы: компания жылдын аягына чейин 18 537 электрондук эсептегичтерди орнотууну максат кылышууда. Бул максат ишке ашса, көмүскө урдагандар бир аз болсо да азайып калат эле. Адистердин билдиргенине караганда, ишти толук кандуу жүргүзүүгө 3 млн. долларга жакын каражат талап кылынат.

"Манас жолуна" 1 миллион сом кошту
Акыркы күндөрү кыргыз элинин улуттук рухун көтөрүп, мамлекеттик идеологиябызга кандайдыр бир деңгээлде негиз болуп берүүчү жакшы иштер болуп жатат. Кыргыздын кырк уруусунан чогулган кырк жигитибиздин Манас атабыз туулган алыскы Алтайдан Кыргызстанга болгон "Манас жолу" деп аталган жөө жүрүшү мамлекеттик деңгээлде колго алынып, жөнөкөй жарандарыбыз да четте калбай, колдон келген жардамын берип жатышат.
Кечээ күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылынын тургуну 69 жаштагы Исмаилов Кубанычбек аттуу аксакал "Манас жолу" жөө жүрүшүнө 1 миллион сом кошумчасын берди. Жаш кезинде мамлекеттик маанилүү кызматтарда иштеп келген, Манастын улуулугун аңдап билген кыргыздын жөнөкөй жараны Кубанычбек аксакал менен кийинки сандарыбызга кененирээк маек курганга аракет кылмакчыбыз.

Байлар башкача төлөйт
Апрель окуяларынан кийин энергетика тармагыбызды эптештирип келе жаткан Осмонбек Артыкбаев: "Электр жарыгы менен элибизди үзгүлтүксүз камсыздоого чамабыз жетет"-дейт. Жетмек турсун артканын коңшу-колоңдорубузга пулдап, тарифтерди арзандатуудан улам пайда болгон дефицитти да толугу менен жаба алат экенбиз.
Ошондой эле электр энергиясын жылуулук үчүн пайдалангандар, башкача айтканда, үч фазалуу жылыткычтары бар абоненттер килловат-саатына 70 тыйындан эмес, жаңы баа менен төлөшмөкчү.