ЧАТАГЫБЫЗ ДА ӨЗҮБҮЗДҮКҮ, СЕН НАРЫ БОЛ!
Айла жоктон мейли дегенбиз да, Усубалиев менен Масалиев башкарымыш этип турган, СССР делген заманда эркиндигибиз жок болуп, Масалиев айтмакчы "…тияк эмне дейт" деп, Москваны карап турчубуз да. Анан эркиндик дегениң келгенден кийин деле баягы элеңдегенибиз калбады, өз алдыбызча мамлекет экенибизге таптакыр эле көнө албай койдук. Мамлекетибиз "сакадай бою сары алтын" болуп, болбосо, "атка жеңил тайга чак" эч кимге "камчы салдырбай" жашашыбыз керек эле, ал сыпаттамага да жете албадык. Жанагы БУУга мүчө болгон 192 мамлекеттин катарына арифметика үчүн эле саналып жаткандайбыз.

Эми карабайсызбы, өлкө ичиндеги чатакты кайдагы бир комиссиялар келип териштирип-тескейт экен, анан да 52 полиция келип биздин чырды басат имиш! Биздин мамлекет ошол 52 тили буруунун жардамына муктаж болуп калганбызбы? Биздин Куралдуу күчтөр, Коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, прокуратура, сот тармагы өзүбүздүн чырды териштире албайт бекен?!
Күйгүзгөнү ушул: жанагы европанын жигиттери келип биздин укук коргоо органдарында иштеген нечен бир азамат жигиттерибизге, өрттөй жанган жигиттерибизге чатакты кантип басышты үйрөтөт экен. Э наалаттыныкы, биздин жигиттер ошолордон акыл үйрөнүп калат бекен, керек болсо алардын өзүнө "алиппе" таанытпайбы! Кой эй, биздин жигиттердин намысына тийбейли. Европа полициялары өз үйүнүн тынчтыгын коргоп алсын.
Эл аралык полициянын келишине ким кызыкдар болуп жатат? Биринчи иретте, чырды баштап коюп, эми "кор болуп чыркырамыш" эткен өтө куу жана анткор дилдүү өзбек сепаратисттери болуп жатат. Анткени алар кылган кылмыш иштеринен, жоопкерчилигинен ошол эл аралык полициянын аркасына жашынып алып кутулуп кеткиси бар. Кыргыз укук коргоо органдары ошол сепаратисттерден, бандиттерден, чагымчылардан кармаса, "бизге репрессия жүргүзүп жатат" деп бечара кейпин кийип алып, ботодой боздоп ошол полициянын алдында анткор бечара болгусу бар.
Полициянын келишине Бакиев дагы аябай кызыкдар. "Баш жазып" жатып "Мына, менин бийлигимди басып алышты эле, элди башкара албай полициядан жардам сурап айласы кетип жатат" деп айтканы араң турбайбы…
ОБСЕ десе эле кара кылды как жарган уюм деп түшүнбөшүбүз керек. Алардын да жалпы адамзат кызыкчылыгы демиш болгон жеке кызыкчылыктары бар, таратчу идеялары бар, чалгын иштери бар… Ал үчүн бүгүнкү биздин мамлекеттегидей кырдаал керек, мына ошол кырдаалды шылтоо кылат да күчтөрүн киргизип ошол мамлекетти өз идеологиясына төп келген нукка бурат. Ал ошол мамлекеттин кызыкчылыгын чын дилден көздөбөйт.
Мына ошол келе турган болуп жаткан полиция немелер эмне иш кылышат. Аны сураштырат, муну сураштырат, тилди билбейт, дилди билбейт, колду көкүрөккө алып сылык учурашайын десең, чөнтөгүңөн курал алып чыкканы жатат деп куралы болсо атып жибериши бар, болбосо, чалкадан кетип каракушу менен түшүшү бар… Ошол полицияны кыргыздын кайсы жигити угуп куурайт, угабы деги. Алардын коопсуздугун сакташ үчүн кайтарып турушубуз да керек экен. Бу эмне деген шылдың иш. Биздин чатакты жөнгө салганы келген немелерди кантип кайтардык?!
Буюрса, Оштогу чатак басаңдап барат, бийлик катуу чараларды көрсө ал биротоло токтойт. Анан эт менен челдин ортосунда аракет кылса, эл аралык полицияга таянабыз деп мурундан сууну куюлтуп турсак, чатак биротоло басылбайт, ырбаганга жол алат. Анан да башка мамлекеттерге шылдың болорбуз. Биз Сомали деген жарым жапайы өлкө эмеспиз го акыры!
Ушул эл аралык күчтөр барган мамлекеттерде дегеле жакшы жыйынтык чыккан эмес экен, тескерисинче, бир бүтүн мамлекет экиге бөлүнүп, сепаратисттик кыймылдын күнү тууган учурлар көп экен. Бул күчтөр кирсе, жана Ошту өзүнчө бөлүп кетебиз деген сыдыковчулар менен өзбек автономиясы кылабыз деген батыровчулардын күнү тууп, накта чатак ошондо башталбасын?!
Кыргыз жергесине полициялык күчтөрдү киргизүүгө бүтүндөй кыргыз эли каршы. Ич ара чыр-чатагыбызды өзүбүз эле бүтүрүп алууга күчүбүз да жетет, намысыбыз да ошону айтат. Бу кыргыз эли Кыргызстанда жашап туруп "кыргызстандын атуулумун" дегенди чын дилден айтпаган улуттарга алдырып койдук эле, эми мамлекет катары да мурдубуздан сууну агызыштын кереги жок. Бизге жардам бергиси келген сандаган уюмдардын баарына эле оозубузду ачып макул боло бербешибиз керек. Эгер ошол жолду тандасак, биз менен бир дагы мамлекет чын дилден эсептешпей калат. Анда мамлекет болуп не?!
Баратбай АРАКЕЕВ





"Ак жолчулар"
Кечээ, бүгүн жана эртең

Бу саясатта принципиалдуулук жок экендигин мурда айрым гана көрөгөч адамдар айтып келе жатканын уксак, азыр ал баарыбызга эле бажырайып көрүнүп туру. Эмне дегенде, кечээ эле атып качкан президент Курманбек Бакиевдин куу саясатын колдоого алып, анын шашылыш түзө калган "Ак жол" партиясына эч бир кылчактоосуз кирип, бийликтин кулуна айланышкан адамдар, болгондо да аттуу-баштуу, кыргыз элине төбөсү көрүнгөн адамдар, аттуу-баштуу чыгаан инсандардын уул-кыздары бүгүн деле ошол калыбынан жазбай, бийликке барууга, байлыгын сактап калууга болгон аракетин көрүп жатышат. Бир тобу азыр жазгы төл учурундагы жаш козулардай жабыраган саясий партияларга кирип алышты. Кайрадан билдирүүлөр менен чыгып, кайрадан эле баягы кездериндегидей бакылдап, бирдемени билген, иштин көзүн тапкан адам катары таанылгылары келишүүдө. Аларды көрүп туруп, анан аларды ээрчип, аларды өз катарына кошуп жаткан беркилерди карап туруп, айла жок баш чайкайсың. "Уялбагандан өзүң уял" дегендей, ал уят-сыйытты, адамдык сапатты, позицияны жыйыштырып койгон ошол ак жолчулардан өзүбүз уялчу болдук.
Эгер мен кечээ эле алдыма "Тайотта Камри" унааларын алкынта минип, парламенттин креслосунда көшүп отургандардан болсом, Кыргызстандын болгон ырыскы, байлыгын, каражаттын булагы болуучу, кирешелүү тармактарын суук колдорго өтүшүн колдогондордон болсом, Каркыраны казактарга карматып, аны менен жөн калбай Арпа менен Аксайды, Жетим-Тоону кытайларга берүүгө ниеттенгендердин ичинде болсом, бүгүн кайрадан саясатка жанталашмак тургай, жер үстүндө басып жүрө алмак эмесмин. Элдин бетин карамак тургай, элди көргөн сайын өзүмөн өзүм уялып, уятымдан үйүмдө жатмакмын. Жок, алар антишкен жок, ошол Кыргызстандын алдыга эмес артка кетишине жол беришкендиктерин, 7-апрелдеги кырчындай жигиттердин кырылып калышына түздөн-түз жоопкерлерден экендиктерин да эстеринен чыгарып коюшту. Ал тургай мен аларды тиги Ош менен Жалал-Абадда болгон кандуу кыргынга да күнөөсү бар экендигин айта алам. Себеби? Себеби мындай, эгер ошо бүгүн өлгөнчө карганып, актанып, анан кайра саясатка жанталашып жаткан акжолчулар эртерээк эстерине келишкенде, Бакиевдин камчысына айлангандын ордуна, элдин талабын, элдин мүдөөсүн аткарганга аракет кылышканда, бийлик менен байлыктын бир адамдын колуна топтолушуна каршы чыгышканда, бүгүн баары башкача болмок. Ошондо акча дегенде агасын өлтүргөнгө даяр болгон, эсирип бара жаткан Бакиевдер эсине келмек. "Кой, булар да каршы чыгып жатат, эртең бир нерсе болбойлу" деп тынчымак. Бирок антип айтууга ошондо ак жолчулардын кимиси жарады эле? Кимисинин акылы жетти эле? Кимисинин эрки жетти эле? Эч кимисинин!
Тескерисинче, ошо парламентте отуруп алышып, азганактай социал-демократтарды сүйлөө укугунан ажыратып, сөз бербей, элдин көйгөйүн, чындыкты айтып жатканда шылдың кылып, теңсинбей, табалап отурушпады беле. Же калппы? Жок, бардыгы ошондой болгон. Элдин өкүлдөрү катары эмес, элдин душмандары сымал иштерди кылышып, "хоп, майли" вазийпасын гана аткарып, анан эң негизгиси, өздөрүнүн байлыгын сактап гана отура беришкен. Шайтан оюндарга баштары менен кирип, Ак үй тараптан кандай буйрук келсе, так аткарып туруп беришкен. Ушул ак жолчулардын колу менен эмне деген мамлекеттик мыйзам бузуулар орун алган жок. Анткени алар Конституцияны кол жоолук кылып каалаган жагына буруп турушкан. Өздөрүнүн жакындарын мамлекеттик кызматтарга тартып, кландык мамлекеттик машинаны курап чыгууга көмөк көрсөтүшкөн. Бүтүн калктын көзүн жаап, ар кандай айла-амалдар менен элди алдап, жок нерселер элди ишендирип, жыргатып, куру убадалар менен кулакты бышырып келишкен ушул акжолчулар.
Бүгүн болсо анын баарын унутуп коюшту. Кызык, бири дагы эл алдына чыгып, көзүнүн жашын буурчактатып, кечээки чеки иштери үчүн кечирим сураган жок. Эл алдына келип, "Оо элим, менин кечээки "Ак жол" партиясына кошулганым үчүн, ал аркылуу Бакиевдердин каардуу бийлигин чыңдаганым үчүн, Кыргызстандын байлыгын менчиктештирүүгө макулдугумду силердин атыңардан бергеним үчүн кечиргиле, мен жаңылыпмын, мени кандай жазаласаңар өзүңөр билгиле" деп, курун мойнуна салууга жарашпады. Демек, аларда кымындай да адамгерчилик калган эмес экен. Тескерисинче, кайра мамлекеттеги кандуу окуяларга Убактылуу Өкмөттү тымызын күнөөлөшүп, эл каржалып турганда акчаларын кайда сапыраарын билбей, ар кайсы саясий партияларга кошулуп, албетте, "менде мынча акча бар, эгер кошсоң мынчасы партияныкы" деген ачык соодалашуу менен аракеттенип жатышат. Максаттары эптеп эле эртең бир креслону кучактап, баягы көнгөн адаттары менен байлыгын, бизнесин сактап калуу.
Эгер биз, эл, ошол ак жолчулардын кечээкисин унутуп, алардын кырдаалга жараша өзгөртүп алган жүздөрүн тааныбай, кайрадан парламенткеби, Өкмөткөбү жетишине шарт түзүп берсек, анда өзүбүзгө өзүбүз көр казган болобуз. Анда эле алар кайрадан мурдагы жолоюна түшүп, эски адаттарын карматышат. Кийинки муунду да өздөрүндөй паракорчулукка тарбиялап, баягы трайбалисттик жол менен өз жакындарынын тамырын жайып, мамлекеттин менчигине көз артып башташат. Андыктан кубулган ак жолчулардан алыс бололу, алардан сак бололу...

Тынчтык Алтымышев