Тургуналиев келсин!
Каптагаев кетсин!
Өткөн жумада Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башына үч ай мурун отурган Топчубек Тургуналиев кызматынан кеткен болчу. Анын кызматтан алынышы өз тармагындагы реформалары кедергисин тийгизип, иш ыргагын жөндөй албаган же кызматын кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кызматынан алынган агенттиктин жер-жерлердеги кызматчылары митингге чыгып жатып өз максаттарына жетишкен болчу. Туура, Топчуке буга анчалык деле капа болгон жок, тек гана мамлекетте кайрадан коррупциялык системанын баш көтөрө баштаганына кейип турган. Бирок демократиянын атасы болгон, эсирген эки бийликти тең кулатууга эмгек сиңирген Топчукенин тарапташтары да жөн жатышпаптыр. Колдоп, коргоп, "кызматына кайра келсин!"-деген талап менен учурдагы Өкмөттүн имаратынын алдына митингге чыгышты. Эмне сөз болгону төмөндө:


Улан Курманов, Жумгалдан:
- Топчубек Тургуналиевдин канча жылдан бери демократия деп жүгүрүп келе жатканын ким билбейт? Анан ошол Бакиевдерге карыганына карабай каршы чыгып, кетирип, эми бир кызматка келсе, келгенде да башкалардан айырмаланып, ишти кызуу баштап, мурдагы жаратылышты коргобой эле кордоп келген кызматкерлерди чекесинен кетирип жатса, аны кызматтан алып коюшуптур. Бул деген кыргызга болгон кыянатчылык деп эсептейм. Топчукени кызматтан алган мурун, ал топтогон кагаздарды казып чыгышса болмок. Мага жеткен маалыматтар боюнча, азыр ошол кызматынан кол жууган токойчулардын ар биринин үстүнөн кылмыш иши козголгону жаткан. Кимдин канча карагай сатканы, канча жаныбардын мыйзамсыз атылганына жол бергендиги боюнча айныксыз фактылар бар экен. Ошол иштер аягына чыгып, кийинки токойчулар сестенип, эл үчүн иштегидей болушу үчүн Топчубек аксакалдын кызматына кайра келишин талап кылабыз. Каптагаев учурда өзүн баатыр сезип, ар кандай иштерди кылып, бизди тоготпой "беш киши митингге чыгыптыр" деп жатса керек. Бирок ошо акаевчилер менен бакиевчилер да "беш киши" деп атып жок болушту. Айтаарым, азыркы Өкмөт ачык, калыс иштесин!


Анарбек Рыскулбеков,
Талас облусунан:
- Мен атайы Таластан келип, Топчубек Тургуналиевдин ээлеген кызматына кайра келишин талап кылып жатам. Эки бийликти кулатууга чоң салымын кошуп, демократиянын чыныгы баатыры болгон аксакалыбызды бир жыйырма кишинин сөзү менен кызматтан кетирип жибергенине биз, Таластын эли, катуу жинденип турабыз. Ал киши Кыргызстандын жаратылышына кам көрүп, жеп-ичкичтер менен табакташ болгон, токойлордун кыркылышына, жаныбарлардын атылышына жол берген паракор кызматчыларды кызматтан айдап, бул тармакта чыныгы тазалоо ишин баштаган болчу. Ошондуктан биз мына керек болсо миңге чейин бүгүн Таластан келебиз деп тургандар бар экенин айтып коёлу. Бул ишти былгыткан жанагы Каптагаев, Чынкожоев дегендер токтоосуз кызматтарынан четтетилсин. "Учкундан жалын тутанат" болуп, бүгүн бизди укпаса, эртең бүт Кыргызстандын аймагынан колдоочулар келип, Өкмөттөн талап кылат деп ишенем.


Дүйшөн Маматов,
Бишкектен:
- Мен өз оюмду билдирип коёюн деп келдим. Топчукенин эмгегин, акыркы айларда кылып жаткан иштерин кимдер билбейт? Токойчулардын тоготпосторун кызматтан алып, жаратылышты коргоону күчөтүп жаткан. Бул кишинин кызматтан алынышы 2005-жылы революцияны жасагандарды Бакиев талаага таштап салгандай эле иш болуп жатат. Өкмөттөгү эки бийлик тең иштей албай жатышат. Мурдагысы болсо шайлоого даярданып, мамлекеттин учурдагы абалын ойлоого чамалары жете элек. Техникалык өкмөт болсо Кыргызстанды "технично" жайлап, үч айда колго илинген акчаны шыпырат да кетип калат. Мындай маалда ошолорду тизгиндеп туруш үчүн Топчукенин кызматта турушу шарт. Анан дагы кийинки талабым, бир катар капсалаңдуу иштерге кириптер болуп, анын ичинде ушул Тургуналиевди кызматтан алган Каптагаев Эмил кызматынан кетсин. Ал ысык-көлдүк жердештеринин айтканы менен Топчукени алып койгону мыйзамсыз нерсе. Ордуна ушул эле биздин катарда татыктуу иштеп бере ала турган азаматтар толуп жатат. Эгер мындай кадамдар менен кете берсе эмки бийлик беш жылга эмес, эки жылга жетпей калышы мүмкүн. Топчукеден колуңарды тарткыла, элдин уулу эл үчүн иштейт.


Токтосунова Гүлүмкан,
Арашан айылынын тургуну:
- Мен Арашан айылынан келип, ушу балдардын талаптарынын аткарылышын жактап турам. Бизде качан болсо ушундай, жакшы иштеген кишилерди кызматтан кетирип, кайдагы бир жемсөөсү бөксө, ачка, анан ишти билбегендер кызматка алына берет. Биз эмне мурдагы Акаев, Бакиев учурундагы адамдар кызматка келип, бизди башкарсын деп митингге чыктык беле? 90го чукул эр-азаматыбыз ушинтип, чыныгы революцияны жасагандар талаада калсын деп, паракорчулук менен жек-жаатчыл саясат улансын деп окко төшүн тосту беле? Андыктан мен Топчубек аксакалдын кызматына кайра келишин талап кылам. Ал баштаган ишин аягына чыгып, өздөрү белгилегендей, жок дегенде жарым жыл иштеп, ишин элге көрсөтүшү керек.

Даярдаган
Тынчтык Алтымышев





Кайыпов 2-Үсөн Сыдыков болом дейт
Мурдагы Адилет министри, көп аял алууну мыйзамдаштыра албай келе жаткан Марат Кайыпов кайрадан саясатка киришиптир. Киришкенде дагы ичтен былгытма, трайбалисттик көз карашты жактоочу, керек болсо бийликти күч колдонуу менен басып алуудан да баш тартпаган Үсөн Сыдыковдун партиясы "Жаңы Кыргызстан" менен чыгып жатыптыр. Жөн чыкпай ал партиянын аталыгын өз колуна алыптыр. Атаң гөрү, кантели, чыйрак эле, улутчул эле, анан калса жаш эле. Тажрыйбасы менен билимин Кыргызстандын адилет коомго жетишине кошуп, калыстыктан тайбай, түз жүргөндө көп нерсеге жарамак. Бирок Макебиз антпеди, ойдо жок оюндарды баштап, кээде туруп көп аял алууну мыйзамдаштыралы деп күлкү болот. Эми да башкага эмес, кадыры да, кадырлуу адамы да калбаган "Жаңы Кыргызстанга" барып кошулуптур. Жолуң болсун дегенден башка, айтаарыбыз барбы?!


Нурлан Сулаймановдун көлөкөсү көрүндүбү?
Бакиевдин эң эле ишенимдүү кадрына айланып, беш жыл бою бир креслодо былк этпей отурган, экс-транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов 7-апрелде Алайга качып барган боюнча дайынсыз эле. Сыягы, жүрөгү катуу түшүп калганбы, айтор а деп ооз ачпай ата-энесинин колтугунда жашырынып, эч нерсе боло электе эле "Мени Убактылуу Өкмөттүн адамдары камаганы жатат" деп ыйламсырап жибергени да бар. Бирок анын карааны жакынкы күндөрдөн тартып, кайрадан Бишкекте көрүнө баштаганы, болгондо да кадимки "Ата Мекен" партиясы тараптан көзгө илээшкени айтылууда. Кыязы, кан досу, өнөктөшү курулушчу Калык Султановду ээрчип, бул партияга мүчө болуу аракетин көрүп жүрсө керек. Бирок аны Өмүрбек Чиркешович командасына кошобу, кошпойбу - чоң суроо. Себеби Нукебиз министр кезинде жол жана транспорт тармагында бир катар мүчөлөштүктөргө жол берип, өзү эки күндүн биринде мейманкана, сауналарда сайрандап жүргөнүн көп укчубуз. Кыскасы, ал ошо мезгилдин эрке баласы эле, азыр талап башка дегендей, эми аны эч ким бакиевчилердей чекеден сылабастыр...