Мирлан Жеенчороев,
"Риом" автоунаа базарынын жетекчиси:
"Мурда 600 миңге чейин болсо,
азыр 6 миллион сомдон ашты"
Тааныбасаң, таанып ал…
Жеенчороев Мирлан Канатбекович 1980-жылы 10-мартта Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган.
2002-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.
2002-жылдан 2005-жылга чейин Улуттук гвардияда, жөнөкөй адистен, юридика бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматтарында иштеген.
2005-жылдан 2007-жылга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген.
2007-жылдын ноябрь айынан баштап, (мурдагы "Азамат" автоунаа базары) "Риом" автоунаа базарынын жетекчиси болуп иштеп келатат.
Юстициянын ага лейтенанты, мамлекеттин үчүнчү даражадагы кеңешчиси.
Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт.
Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

- Мирлан мырза, сиз бир топ убакыттан бери Кыргызстандагы бирден бир чоң "Риом" автоунаа базарын жетектеп келатасыз. Аталган базарда учурда кандай өзгөрүүлөр болууда, окурмандарга кеңири айтып берсеңиз?
- 2007-жылы мурунку "Азамат" автоунаа базары сатылып, аталган базарды башка адам иштетип баштаган. Ошол жылдары базарда бир топ көйгөйлөр бар болчу. Учурда биз ал көйгөйлүү маселелерди талапка ылайык чечтик десек болот. Мисалы, базарга кирип чыккан жана тегерек четтеги жолдор начар абалда экен. Элдин эсинде болсо керек, таштак, ылай болчу. Бүгүнкү күндө, базардагы автоунаалар турган жайларга чейин асфальттанган. Мурда базардын кире беришинде кагаз жазып бергенге мынча акча алып, берип коет деген нааразычылыктар болгон экен. Биз мындай маселелер болбош үчүн базардын кире беришине электрондук шлагбаум орноттук. Ошондой эле адамдарды жумуш менен камсыз кылуудабыз. Базарда 50гө чукул адам эмгектенет. Атайы адистерди Москвада окутуп келдик. Ал эми автоунаа саткан жана алган, андан тышкары тамак-аш саткандарды да эсептесек, миңден ашуун адам жумуш менен камсыз болгон болот. Экинчи бир маселе, мурун базар социалдык төлөмдөрдү аз жана аны дагы башка жерлерге төгүп келген болсо, биз учурда социалдык төлөмдөрдү беш эсеге көбөйтүү менен бирге, Сокулук районуна төгүп жатабыз.
- Мурункулар канча төгүшчү экен, силер канча төгүп жатасыңар?
- Мурун жылына 600 миң сомго чейин төгүп келишкен болсо, биз учурда 6 миллион сомдон ашуун төгүп жатабыз. Дагы да болсо социалдык төлөмдөрдү көбөйтүүнүн үстүндө болуудабыз. Себеп дегенде, ким менен болсо да ачык иштешип жатабыз. Баалардын бардыгын монополияга каршы агенттик менен такташканбыз.
Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе, автоунааларын саткан адамдар жакшы билсе керек. Мурун базарга автоунаасын эртең менен саат ондо койсо, айырмасы жок кечки ондордо алышчу. Койгон автоунаасын ала алышпай, кыйналышчу да. Мындайча айтканда, башаламандык өкүм сүрүп турган. Бүгүнкү күндө, бул маселени да талапка ылайык чечтик. Биз ар бир автоунаанын тура турган ордун белгилеп, иретке келтирдик. Тактап айтсак, 12 квадрат метрди бир автоунаанын тура турган орду кылып койдук. Ошондой эле көзөмөлдөө системасын да өзгөртүп, автоматташтырганга жетиштик. Электрондук видео көзөмөл койдук, базардын жана анын тегерегиндеги эскирип калган электр жабдыктарын да жаңылаттык. Дагы бир өзгөчөлүк, Бажы кызматы жана ИИМ менен келишим түзүп, 12 миллион сомго административдик чоң имарат салдык. Ал жерге МАИ ачылды, бажы кызматы ачылды. Кыскасы, элге ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Мурда адамдар чет өлкөдөн келген автоунааларын растаможкадан өткөрүү, каттоо үчүн эки-үч күн коротсо, азыр ошол биз ачкан кызматтан пайдаланып, бир сааттын ичинде бүтүрүп алса болот.
Мындан тышкары, жергиликтүү элге жардам берүү маселелерин ишке ашырып келатабыз. Мисалы, 9-майда, башка майрамдарда жана жарды жашаган үй-бүлөлөргө колдон келген жардамыбызды көрсөтүп келебиз. Жогоруда айтылган базардагы өзгөрүүлөргө бардыгы болуп, жалпысынан, 40 млн. сомдой жумшалды. Ал эми биздин базар 10го жакын мамлекет менен кызматташып келатат.
- Азыр силердин базарда канча автоунаа сатыкта турат, деги эле жылына канча автоунаа сатылат жана базарга болгон төлөмдөр кандай?
- Кыргызстанга 2007-2008-жылдары сырттан 200 миңдей автоунаа кирген. Андан кийин 12 жыл болгон эски автоунааларга мыйзам боюнча тыюу салына баштаганда, биздин өлкөгө алынып (импорт) келинип жаткан автоунаалар 70 пайызга чейин кескин түрдө азайды. Мисалы, өткөн жылы болгону 22 миң автоунаа алынып келди. Ушу себептен, көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Сатуучу да, алуучу да азая түштү. Мурда сатуучу чет мамлекеттен 15 автоунаага чейин алып келсе, кийин 3, 4кө чейин эле алып келип калышты.
Ошондой болсо да, алуучудан сатуучу көп. Биздин базарда 2000ден ашуун автоунаа сатыкта турат. Бир базарда 400гө чейин автоунаа сатылат. Сатуучу алтынчы күнү 80 сом, базар күнү 150 сом, калган күндөрү 20 сом төлөйт. Базардагы автоунаалардын баасын айта турган болсок, 15 миң сомдон 120 миң долларга чейин.
- Мирлан мырза, эми башка маселеден кеп козгосок, бизнес чөйрөсүндө жүргөндөрдүн көпчүлүгү саясатка аралашып кетет эмеспи. Сизде да ушундай максат болсо керек
- Албетте, мындай максат бар. Себеби кандай ишти аркаласаң да, анын баары тажрыйба экен. Алган билимимди, аздыр-көптүр тажрыйбамды Мекен үчүн жумшагым келет. Жыйырма жылдан бери, Кыргызстан алдыга кадам шилтебей эле, артка кадам шилтеп келди да. Эки президенттин "ишмердүүлүгүнүн" жыйынтыгын баарыбыз көрдүк. Жалаң эле коррупциянын, ууру-кескиликтин кучагында жашап келдик. Эки мүмкүнчүлүк тең эч нерсеге жарабай, аягы кан менен бүттү. Эч кандай системалык өзгөрүүлөр болгон жок. Эми кудай бизге үчүнчү мүмкүнчүлүк берип олтурат. Ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ар бирибиз патриот болуп, каруубузду казык, каныбызды азык кылып, оор ахыбалда турган мамлекетибизди көтөрүшүбүз керек. Бийлике жаңы, терең билимдүү, жаңыча ойлонгон, ааламдаштыруу алкагында, кандай кырдаал болсо да, талапка ылайык иштин көзүн таап кете алган жаш саясатчылар тартылышы зарыл. Сыртта көптөгөн билимдүү жаштарыбыз атасы тааныбаган өлкөлөргө кызмат кылып жүргөн жаштарыбызды бийликке аралаштырып, алардын билимин, тажрыйбасын пайдаланышыбыз керек. Ал эми учурдагы жаңы бийликке көз карашым түз. Бийликте олтурган жана шайлоо үчүн кызматын өткөзүп берген адамдардын арасында мен сыйлаган арбын. Жаңы келген бийлик мамлекетти өнүктүрүүгө толук шарты бар. Башкасын айтпаганда да, биз тоолордо катылып, иштелбей жаткан 100дөгөн кендерибизди талапка ылайык иштете алсак, бат эле буттан турабыз. Бул шартты колдон чыгарбашыбыз керек. Анткени тарых бизге мындан кийин ушундай толук мүмкүнчүлүк берери күмөн.
- Саясатка толук кандуу аралашам деген ниетиңиз бар экен. Азыр саясатка аттануудан мурун, партия тандоо маселеси алдыга чыкпадыбы. Кайсы партияга мүчөсүз
- Мен Өмүрбек Бабанов башында турган "Республика" партиясын тандадым. Буйруса, бул партиянын жүгүн көтөрүү менен бирге, алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышам.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев