Манастын бар экенине ишенем!
Кыргыздын жигиттеринен атайын демилгелүү топ түзүлүп, Россиянын Тоолуу Алтай областынан Кыргызстанды көздөй 40 атчан жигит чыгат деген кабар алгач айтылгандан бери кыргыз элинин келечеги үчүн кайдигер болбогон замандаштарыбыз жүрүштүн штабына келишип, жигиттердин улуу жүрүшкө карата даярдыктары менен таанышып кетип жатышат.

Алгачкылардан болуп Алтай - Ала-Тоо Манастын жолу менен тобунун штабына атайын Абдышев Шаршенбек атуу Таластын саруу уруусунан келген аксакал болду.
- Айнанайындар, мен силердин демилгени угуп аябай сүйүндүм. Чынында силердин ишиңер бул жалпы журтубуздун мүдөө-тилегин оорундатчу иш экенине ынанып мында келдим. Өмүр бою адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келген адам катары, жаш жагынан да улуу болгонумдан силерге батамды берип, анан ушул улуу жүрүшүңөргө өз пенсиямдан кошумчамды кошойун деп атайын издеп келдим, айланайындар! - деп аксакал миң сомун берип кетти.
Биртууган эже-сиңдилер Сайкал, Аида, Жылдыз, Эрназаровалар үй-бүлөсү менен Манас дастанын айтышаарын белгилешип, ар-бири жүз доллардан кошумчаларын кошушту. Штабга келген замандаштарыбыздын көпчүлүгү алдыдагы улуу жүрүшкө кандайдыр бир салымдарын кошу тилектерин билдиришип, баталарын берип жатышат. Россиядагы кыргыздардын атынан ушул жүрүшүбүздү колдошоорун билдиришип, штабка телефон чалышып, Россиядан тосуп алып, баталарын беришип, атчандарды узатышаарын билдирип Екатеринбург шаарынан Токтобаев Баястан деген жигит телефон аркылуу байланышка чыгып, өз кошумчасын Бишкекте турган эжеси аркылуу берип жибериптир.. Кыргызстандын ар тарабынан телефон чалуулар болууда. Мисалы: Чаткал районунан Мусабаев Медер, Барпиев Нурсултан аттуу замандаштарыбыз өз кошумчаларын берип жиберишкен.

Мына ушундай адамдардын бири Исмаилов Кубанычбек Уркасымович аксакал болду. Бул баякебиздин Алтай - Ала-Тоо Манастын жолу менен жүрүшүбүздү колдоп бир миллион сом кошкону туурасында "Форумдун" өткөн санында кабарланган эле. Ушул агабыз менен болгон маегибизге көңүл буралы.

- Мен өзүм арык тукумунан Сарке атанын уулдарынанмын,- дейт Кубанычбек Исмаилов аксакал,- Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында 1941-жылы жарык дүйнөгө келгем. Кесибим боюнча агроном болуп эмгектенип келдим. Биздин айылдан чыккан атактуу адамдар - кадимки залкар комузчу Ыбрай Туманов, чоң манасчы Бегаалы уулу Уркасым деген аваларыбыз болгон. Уркасым авабыз Манастын үч бөлүмүн тең толук айткан адам болгон. Кичине чагымда анын айтуусундагы Манас дастанын далай уккам. Авабыз Манас айтып калганын мындайча эскерээр эле: "Түшүмө кире берип аябай кыйналдым. Акыры Манас атамдын айткандарын аткарууга туура келди. Анан Манас айтып калдым", дээр эле. Мен Манас атабыздын руху тирүү экенине толук ишенем. Менин ушул кошумчам кыргыз жигиттеринин улуу жүрүшүнө кичине болсо да пайдасын апкелсин.- деп сөзүн аяктады Кубанычбек агай.
Уюштуруу тобунун басма сөз кызматы

Редакциядан: "Манас-Алтай" жүрүшүнө кошумчасын кошуп, колдон келген жардамын берем дегендер үчүн уюштуруу комитетинин эшиги дайыма ачык. Ошондой эле учурдан пайдаланып, шайлоонун шайтан оюндарына миллиондогон акчаларын туш-келди сапырып атышкан аттуу-баштууларыбыз улуу Манасыбызды да унутпай, көз кырын салып коюшса деген тилек.




Ыймандуу бийде тууган жок
Акылдын чандасы кылым элегинен өтүп, накылга айланат. Жогорудагы накыл ошолордун бири. Андагы тууган деген сөз тааныш-билишти да камтырын, ансыз кыргыз кыргызстандык болбой кылуусу айтпаса да түшүнүктүү. Бийлер да, каратамандар да бул салттан качып кутулуусу кыйын. Анткени, тааныштарына жардам бербеген бий сынга алынып, "жакынына жан тартпаган ыймансыз киши экен!" - делип, ээрден шыпырылат. Mунун тескериси да кызык - эгерде бий жакындарын кызматка кое баштаса да балээге калат. Буга эки кыргыз президентинин тагдыры күбө. Кыскасы, аңгектен качсаң дөңгөккө, дөңгөктөн качсан кайра аңгекке. Мындай саясий менталитеттин туткунунан бошонуу өтө кыйын. Мындай кылсаң атың өлөт, тигиндей кылсаң өзүң өлөсүң.

Эгерде жогорудагы накыл сөздү туура эмес чечмелесе ушундай болот. Анткени бул жерде "ыйман" деген сөз "адеп-ахлак, мораль"дегенди туюнтат. Албетте, арабчадан сөзмө-сөз "иман" деп алсак, анда мунун маанисин Кудайга ишенүү деп кана түшүнмөкпүз. А бирок кыргыз тилине четтен кирген сөздөр сөзсүз эле илгерки түп маанисин туюнтпайт. Анын үстүнө, "коомдук ыйман" менен "жеке инсандын ыйманы" эки башка түшүнүк. Кеп, ошол эки ыйманды чаташтырбоодо. Ошондуктан жогорудагы накылдын туура чечмелениши - ыймандуу бий тууганга туугандай мамиле кылып, коомдук иштерге аларды аралаштырбайт дегенди билдирет. Эгерде бий коомдукун өзүнүкүнөн бөлө албай калса, анда ал "ыйманын жей" баштайт. Мурунку президент мамлекеттикин өзүнүн жеке кызыкчылыктарынан ажырата албай калгандыктан ыйманын жеп жоготту. Ошондуктан бийдин ыйманы - жалпы коомго тиешелүү кызмат менен байлыкты тууган-уруктарына, жоро-жолдошторуна жиликтеп таратууга азгырган күчтү ооздуктоого түздөн түз көз каранды. Ушуга кудурети жетпеген кишинин бий болууга укугу жок. Анткени жеке кекиртегине алы жетпеген неменин элди башкараганга алы жетмек беле?
Мен мындан ары такка олтураары менен өз кишилерин бийликке дайындап жаткан "бийлерди" да сындап, жаман көрүнгүм келбейт. Анткени, тааныш-билиш тууганчылдык баарыбыздын каныбызда бар нерсе. Антпесе, цивилизациялуу процедурасыз сунушталган кызматтан баш тарткандар эмне болушту? Кайыктын сыртында калышты. Эки президенттин кылгандарын оңолсун деген тилекте бетке айтып жүрүп, көбүбүз рахмат укмак тургай, шылдың болдук го. Ошол эки президент менен азыркы убактылуулардан да билим, тажырыйба жагынан акүйдүн аттан түшкүс митайымдарынын көбүнөн ашып түшкөндөр көрүнөө деле сыртта жүрөт. Башканы билбейм, өзүм жөнүндө айтсам, Кудай акы, коом алдында тазалык жагынан бул өкмөттүн бардык мүчөлөрүнөн деңгээлим өйдө, анткени өмүрүмдө пара алып көргөн эмесмин, коомдук мүлктөн бир тыйын уурдай элекмин. Жанымда таза кишилер, чыныгы адистер толтура. Аттиң, алардын бул коомдо же диний радикал же бомж болуудан башка айласы жок. Анткени, биринчиси коомдун калыстыгынан кол үзүп, динге кетет, экинчиси, ачарчылыктан таштандыны сапырат.
Демек, кеп тууганчыл бийлерде гана эмес, аларды жараткан менталитетте. Гезиттер кепил, Курманбек Бакиев баласын өз кызмат ордунан пайдаланып, эч кандай конкурсу жок эле ак үйгө алып келгенде, мен "мамлекетте тууганчылык, непотизм туура эмес" деп макала жазгам. Ошондо "иштесин, көрөлү" деп, алкыш сөзү жаадыргандар жайнап чыгып, жаактарыбыз жап болгон. Азыр деле өкмөттөн кадр тандоону конкурс аркылуу өткөрөлү десем, укмаксанга салып, ар кандай митайым жолдор менен адистерге эмес, муштум көрсөткөндөр менен кошомат кылгандарга эшиктер шарактап ачык.
Дагы бир кыргызды сокур кылган балээ - aта-бабалардын кылымдар бою кашыктап чогулткан жогорудагыдай накылдарынын тили буруулардын идеологияларынын жайнамазынын астында тепселениши. Чөлдөн соккон шамалдын ысыгы Айтматовтун манкуртунун ширисин жыл өткөн сайын куруштуруп, Алатоонун эркин шумкары акырындап таз жоруга айланып бараткан кербези. Өтө динчилдикке берилип, ошону менен катар эле Кудайдан таптакыр коркпой баратабыз. Бул элге жакпас ачуу чындык. Анткени илим да, турмуш да эне тилдин саясий жана диний идеологиянын тепсендисинде калышын улуттун жоголушунун суук кабары экенин тастыктайт. Жоламандын энесинин тагдырынан Кудай сактасын деп, мен муну келечекке жазып жатам, анткени бул сөздү азыркы көп замандаштар тилекке каршы туура түшүнбөйт. Эки жүздүүлүк менен тууганчылык кыргыздын кырчындай кыз-жигиттеринин түбүнө жеткени бизге жакын арада сабак болбойт. Улуттук мораль, улуттук рух жана улуттук этика кыргызда өчүп баратканын түшүнүүгө акылмандык жетпейт. Андыктан, кыргыз коомчулугунда адамдардын бири-бирине болгон ишениминин азайышы жана коомдук кызматта кесипкөйлүктүн тууганчылыкка кул болушу негизги көйгөй болуп, дагы көп жылдарга кала бермекчи.
Коомдо адамдардын бири-бирине ишеничи канчалык аз болсо, мамлекеттик органдарда тууганчылдык жана тааныш-билиштик ошончолук күчтүү болорун көп илимпоздор тастыктады. Башкача айтканда, коомдогу социалдык ишеничтин алсыздыгы непотизмдин күчтүүлүгүнө түз пропорционалдуу. Бул формуланын тескериси да так - коомдо адамдардын өз ара ишеничи канчалык күчтүү болсо, тууганчылдыктын ролу ошончолук алсыз болот. Паракорлук, уурулук жана башка кылмыштарга кеткен чыгымдар, коомдун өнүгүүсүнө жумшалат.
Кыргызга коомдук ыйманы аруу адистер абадай зарыл экени айтпаса да түшүнүктүү. Ак үйгө кирери менен эле колу ийрисине тарта берсе, мындай кылык жарандык согушка түртүп, элди итке мингизип, титулдук улуттун аброюн түшүрүп, башка мамлекеттердин үстөмдүгүн күчөтөрү турган нерсе. Кыргыз өз улутунан уялып, ар жерде тентип, көрүнгөндүн көзүн карайт.
Эй, кыргыздар, качан Кудайдан коркобуз? Акаев менен Бакиевдерге күнөөлөрдүн баарын оодара берүү аздык кыларын качан түшүнөбүз? Качан ниетибизди өзгөртүп, күнөөлөрүбүздү моюнга алабыз? Качан бул уурулардын жегендерин кустуруп, курман болгон уулдарынан улам көкүрөгү өрттөнүп олтургандардын көңүлүн көксөтөт? Качан коомубузда адилеттик орнойт? Дүнүйөкорлук менен мансапкорлуктун азгырыгына каршы согушууда чабалдык кылуу апрель менен июнда курман болгондордун канын тепселөө менен барабар экенин бийлерибиз билбейби?
Кыргыздар, ак үйлөрдү алыш оңой! Ниет менен пейилди өзгөртүш кыйын. Эртең эрегишкен душман басып кирсе, аны кууп чыгыш кыйын. Мамлекетти башкарууда маданиятсыздыктан цивилизацияга өтүү кыйын! Анткени бул менталитет биздин аң сезимибизге терең уялап, биротоло катып алган.

Аскар Мамбеталиев