Кадам ушул...

Эй, революция экен...

7- апрелдеги окуя "төңкөрүшпү, көңтөрүшпү, болбосо, революциябы" деген суроону коюп, тезинен текшериш керек деп Убактылуу Өкмөт Абдыганы Эркебаевди баш кылып, комиссия түзүп изилдөөгө аттандырышкан. Ошондо бир топ саясий эксперттерби, серепчилерби, саясатчыларбы, айтор ушунун кереги барбы деген суроону беришкен. Болуптур, тарых үчүн, "Алагушту атынан чакырыш үчүн" керектир. Аны аныкташ үчүн шашылыш комиссия түзүштүн анча деле зарылдыгы жок эле, мындай окуяларды шашпай, түбүнө түшүрө аныктап берчү тарыхчыларыбыз, саясатчыларыбыз жетиштүү эмеспи.

Макул дейли, тезинен изилдеш керек экен, анан эмне болду? Эмне, анын жыйынтыгында жаңы бийликтин жүзү өзгөрүп кеттиби, жакшы жагына өзгөрө түштүбү? Жогуңуз эй, кийинки бийлигибиз негативдүү көрүнүштөргө көмүлүп баратат окшоду...
Аз күн мурун Эркебаев пресс-конференция өткөзүп: "7-апрелде революция болду. Бирок аны оппозиция жасаган жок, баарыбыз камакта болчубуз" - деген бүтүмүн билдирди. Муну атайын айттыбы же маани бербей эле айттыбы, билбедик. Бирок официалдуу комиссиянын жыйынтыгы катары айтты да.
"Революциянын оппозиция жасаган жок" - деп айтышы - Эркебаевдин өзүнө жараша туура айтылды. Анткени Эркебаев оппозиция ишине чоң күч болуп бере алган жок, ал жакта бирде көрүнгөндөй болуп, көбүнчө катуу кетпей сактанып жүрдү, көмүскөдө жүрдү... Экинчиден, революцияны оппозиция өкүлдөрү жасаган жок дегени, алар "бийликти төңкөрүш жолу менен басып алган" деген жалаадан сактагысы келип, "алар камакта жаткан" деп жатпайбы...
Оппозициянын накта лидерлери үч-төрт жыл бою Бакиевдин диктатурасына каршы күрөш жүргүзүп келди: нечендеген митингдерди, пикеттерди өткөздү, басма сөз аркылуу ал бийликтин былыктарын чукуп турду, элди бу бийликтин болумсуздугуна ишендирип турду... мына ушул иштердин баары эл массасын революцияга үндөп келди да, революция жасаганга түрткү берди да. Анан акыры келип оппозиция "7-апрелде бүткүл Кыргызстанда бийликке каршы курултайларды өткөзгүлө" деп чакырык жасаган эмеспи. Ошонун натыйжасында эл "Медиа Форумдун" алдына чогулуп, революция башталды го. Айтып алайын, биздин "Форум" гезити да ошол жерде жайгашкан жана гезитибиздин журналисттери бу революциянын алдыңкы сабында жүрдү.
Адам дили кандайдыр бир идеяга сугарылбаса, ошол иш үчүн жанын бере аракет кылбайт. Бул жагынан алганда оппозиция кыймылынын авангардында турган инсандар: Отунбаева, Тургуналиев, Текебаев, Атамбаев, Сариев, Бекназаров, Шерниязов, Өмүркулов, Каптагаев, Булекбаев, Чотонов, Алымбеков, Кадыров, Р.Момбеков, Шыкмаматов сыяктуулар жана да жер-жерлердеги оппозиция активисттери калың эл массасын Конституцияны да, адамдыкты да бузган, эл байлыгынын баарын ээлеп алган Бакиевге жана анын балдары менен бир туугандарына, жакындарына каршы идеяларга "сугарып" келди.
7-апрелде жаштар стихиялык түрдө чогулуп алып эле Ак үйгө чабуул жасап, бийликти басып алды десек, анда тантыган болор элек. Ал чабуулдун идеялык пайдубалы көп убактан бери түптөлгөнүн тана албаспыз.
Эркебаев баштаган комиссия эми Оштогу кыргыз-өзбек кагылышын изилдөөгө киришти. Ал: "Мен эч кимге көз карандысыз болушум керек, ошондуктан, Убактылуу Өкмөттүн курамынан чыктым" - деп билдирүү жасады. Анысы жакшы, анткени менен бул комиссия чатактын чыгыш себептери жана анын натыйжасы жөнүндө накта чындыктан бүткөн бүтүмдү чыгара албайт. Дале болсо, бул чатактын чыныгы баштоочусу өзбек сепаратисттери экени баса белгиленип айтылбайт, өзбек ашыналар менен кырды-бычак жоо болбойлу, жарандык согуш тутанып кетпесин, күнөө эки тараптан тең болгон деген элеңдеген дежур тыянак чыгарылат. А турсун, кыргыз тарап ак жеринен көбүрөөк сын угушу да бар.
ТУРГУНАЛИЕВ МЕНЕН КАПТАГАЕВДИН КАРМАШЫ БИЙЛИКТИН ЖҮЗҮ ЭМЕСПИ?
Бакиев кулап, он төрт адамдан турган Убактылуу Өкмөт түзүлөрү менен ошол адамдардын ынтымагы болсо экен деп тилендик эле. Бул санаркообуз бекеринен эмес экен, бийлик аралашкан жерде кыргызың чабышып жатып калбайбы... Бат эле булардын арасында адегенде тымызын, андан соң ачыктан-ачык эле каршылашуулар, кармашуулар башталып кетти. Айкындык десе эле аша чаап кетишип, өкмөт маселесин чечип жаткандагы пикир келишпөөчүлүктөрдү теледен көрсөтө баштады эле, аны көргөн эл өздөрүнүкүн кошуп айтып, далай ушак-пушактар элди аралай чаап турду. Бакиев бийлиги жаңыдан кулап, абал кыйчалыш болуп турган учурда андай "ачыктыктын" пайдасынан зыяны көп болчу.
Анан анысы ал болуп, Атамбаев менен Бекназаров бир топ чабышып алды, андан кийин майда-барат пикир келишпөөчүлүк өкмөт мүчөлөрүнүн арасында байма-бай болуп турду...
Кечээ жакында Каптагаев түзгөн комиссия Тургуналиевди токойдон "сууруп" чыкты.
Тургуналиев ишке турары менен былык иштерди "чукуп чыккыч" атайын комиссия түзүп ишке киргизди эле, токой жаатындгы коррупция "мен мына" деп эле дароо чыга келди. Ошондо Топчукебиз "кылмышкерди карап турган адамды кошо күнөөлөп", далай токойчуну "оптом" кызматтан алды, тажрыйбасыз адамдардан орун басар жана башка кызматтарга койду. Дал мына ушул жерден жаңылды Топчукебиз. Экинчиден, Топчуке "карышкырларга толгон токойго" куралы жок эле жылаңач колу менен кирип барып жатпайбы. "Кашаба" дегендериң мыкты куралы жок алдырчу беле...
Тургуналиев айдаган тарап: "Кесиби маданият жагынан болсо, кандидаттыгын философиядан жактаса, өзү айткандай, "жаш кезибизде баарыбыз эле бадалдын арасында өскөнбүз" деп эле, токой баштыгына барбаш керек болчу. Тээ, илгери дене тарбия мугалимин маданияттын жетекчилигине койгондой эле кеп болуп калды шекилди.
Каптагаев мурунку эки бийликтин "кешигинен" куру калбай жүрүп, күндөрдүн бир күнүндө оппозиция короосуна кирип кеткенин өзү да аңдабай калды окшоду. Анан ал жерде тиги-буга көнүгүшүп, бат эле "ашынган оппозиционер" болуп чыга келди. Ырасын айтканда, ал Бакиев бийлигине каршы катуу күрөш жүргүздү, коркподу.
Анысы ал болуп, Каптагаев революциядан кийин убактылуу келген Өкмөттүн кадр маселесин калчап турду, кийин Отунбаева президент болгондо, анын аппаратынын башчысы болуп, мурунку убактылуу кызматын биротоло мыйзамдаштырып, бекемдетип алды. Бекемдегени да курусун, "Каптагаев өң-тааныштыгы менен далайды кызматтарга коюп жатат, баланчадан түкүнчө доллар алыптыр..." деген кептин улам бири пайда болуп, эл аралап кетти. Бөтөнчө, "Каптагаев ал орунга татыксыз Абдыраимовду Саламаттыкты сактоо министри кылып, баланча миң доллар алыптыр" деген кеп көп айтылды, айтылып жатат. Экинчиден, Каптагаев инибиз азыр тээ мурунку Акаева менен кийинки Садыркуловдун ордуна мамлекеттик "кадрлар бөлүмүнүн бшчысы" болуп турат деп бышыктап жаткандар аз эмес. Андай болгон күндө да Каптагаев баскан жана баса турган жолуна катуу саресеп салышы зарыл экендиги дааналанып турат окшоду...
Эсеп үчүн айта кетели, Бекназаров мырзанын артынан да миңдегенби же миллиондогонбу долларлуу сөздөр илешип келет. Демек, Бекназаров да артын кылчая карап, "андай-мындай" дегенин айтып турушу керек, тактоо иретинде дейли...
Эл мурунку бийликти эли менен эсептешпегени үчүн, коррупцияга кекиртегине чейин батканы үчүн, кылмышкерлер менен бир бүтүнгө айланып кеткени үчүн... айдаган эмеспи. Демек, жогорудагы терс көрүнүштөр кайталанбашы керек го... Муну Отунбаева баш болгон кийинки жетекчилер беш колундай билет. А, бирок пендечиликти жеңе билиш оңбогондой оор иш, бөтөнчө бу турмушта жана кыргызда...

Баратбай АРАКЕЕВ