Көйгөй

Геосаясаттын курмандыгына айланбайлы...
Азыркы күндө дүйнөлүк проблемалар геосаясат менен тыгыз байланышкан. Эл аралык мамиледе бир мамлекет экинчи мамлекеттин ички ишине кийлигишпестиги белгиленген. Ошого карабастан, күчтүү державалардын экономикалык жана аскердик-согуштук жактан начар өлкөлөргө өз саясатын таңуулап келгенин ачык белгилесек болот. Буга 70-80-жылдардын аралыгында АКШнын Вьетнамдагы согушу, бул аймактын эсил кайран СССР менен АКШнын жаңы согуштук курал жарактарынын сынактан өткөрүлүүчү полигонуна айланганын айтсак болот.

Ирактын мамлекет башчысы Саддам Хусейндин бийлигин кулатууну максат кылып, АКШнын бул мамлекетте "коркунучтуу атом бомбасына" "ээ болуу" аракетин күнөөлөп, аскер күчтөрүн киргизип, максаттары ишке ашканына карабастан дагы эле согуштук операцияларын токтоткон жок. Ооган согушуна СССРдин кийлигишкенин айыптап, бул держава кулагандан кийин АКШ өзүнүн аскердик согуш күчтөрүн киргизди. Бул мамлекетте бейпилдик орнодубу? Жогорудагы окуялар башка мамлекеттердин алсыз өлкөлөргө минтип "басып кириши" ошол мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүсү эмеспи. Ал эми мурдагы бирдиктүү Югославиянын ыдыратылышы, тактап айтканда Сербия менен Косовонун ортосунда кан төгүлгөн капсалаңдын башында ошол эле күчтүү державалардын катышы жок деп ким кепилдик бере алат?
Албетте, бир мамлекеттин экинчи мамлекетке үстөмдүгүн орнотууга умтулушу табигый мүнөзгө ээ. Геосаясатта өз таасирин орноткон өлкө арзан сырьё жана өндүргүч күчкө ээ болот. Алар начар өнүккөн өлкөлөргө ит жеминдей "жардамын" көргөзөт да, андан эселеген киреше алат. Ич ара тирешүүлөрдү токтотууну шылтоо кылып, аскердик-согуштук күчтөрүн киргизишет. Ал кийин аскердик-согуштук атташе атын алат да, "кеңеш берүүчү" милдеттин көшөгөсүн жамынат. Алардын макулдугусуз ошол мамлекеттин куралдуу күчтөрү өз алдынча аракет жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ушул өзгөчөлүктөрдү эске алсак, Кыргызстанга түштүк синдромунун шылтоосу менен эл аралык полициянын киргизилиши кырдаалды стабилдештирмек түгүл, абалды кайрадан татаалдантат. Буга өзүбүздүн жоромолдорубузду, аргументтерибизди белгилеп кетели.
Баарыбызга белгилүү, Ош жана Жалал-Абадда болуп өткөн окуялар өзбектер менен кыргыздардын тирешүүсү айрым жаштардын казинодогу чатагына байланыштырууда. Менимче, бул биздин УККнын жана тартип сакчыларынын өздөрүн актоого жасаган аракети катары санасак болот. Капсалаңдуу окуянын өнүгүшү башкача жыйынтык чыгарууга аргасыз кылат. Ачык айталы, динди бекем кармаган өзбектердин намаз окушу Бишкектин эмес, Ташкенттин убактысына туураланышын, андагы бир сааттын айырмачылыгынын эске алынбагандыгын алар кантип түшүндүрүп беришет? Ал эми 90-жылдардан баштап алар өзбектер көп жайгашкан аймактарды бириктирип, "Өзбек автономиясын" түзүп берүүнү талап кылып келе жаткандыгын кантип жашырабыз? Мына ушунун өзү алардын Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын мындай коёлу, мамлекетибиздеги бардык жарандар милдеттүү түрдө аткара турган Негизги мыйзамды тоготпостугун, бул акырында улуттук кагылышууга алып келгенин айгинелеп жаткан жокпу?
Эл аралык масштабда массалык маалымат каражаттары (ММК) бул окуяны бир беткей жарыялап, натыйжада кыргыз эли дүйнө жүзүндө канкор, мыкаачы калк катары таанылганын, геноциддик кыргын жүргүзгөнүн жар салганын элибиз эсинен чыгара элек. Жагынуучулукпу, же жаңылыштыкпы, кыргыз бийлиги төрт айлык мөөнөттө 52 полицияны өлкөбүзгө киргизүүгө макул экендиги калкыбыздын нааразылыгын пайда кылууда. Алар "куралсыз келишет, булардын коопсуздугун Кыргызстан камсыз кылабыз" деп, өлкөбүз көзгө көрүнбөгөн сыйыртмакка башын салып берип жаткан жокпу?
Логикалык жактан ой жүгүртүп көрөлү. Канчалык жаап-жашырсак да эки элдин тирешүүсүндө көп кан төгүлүп кетти. Сырттан караганда алар элдешкенсийт, бирок ичтеринде калган кек канча мезгилге созуларын эч ким айта албайт эмеспи. Ушул кырдаалда эл аралык полиция аскер кызматкери экендигин эске алсак, алар атайын тапшырма менен кырдаалды күчөтүүгө, анын шылтоосу менен аскер күчтөрүн киргизүүгө шылтоо даярдоого жиберилип жатпасын? Мунун артында Кыргызстан экинчи Ооганстан, же Ирак болбойт деп, кайсы, кимиси кепилдик бере алат? Мунун көмүскөсүндө эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өз жолун туура таба албай келе жаткан өлкөбүз күчтүү державалардын марионеткасына айланарын неге ойлобойбуз? "Боор ооруган" мамлекеттердин мурдатан эле "Кыргызстандын түштүгү Өзбекстанга, түндүгү Казакстанга кошулат" - деген божомолдоолорунун ишке ашышына ыңгайлуу шарт түзүп жатпайлы?
Ачык айталы, ЕККУнун негизги максаты Европанын коопсуздугун камсыз кылуу. Ал эми Мекенибизге келүүчү полициялык кеңеш берүүчү топ (ПКТ) ЕККУ тарабынан жөнөтүлөт. Алар аскер кызматкерлери катары "куралсыз" келген шартта алардын коопсуздугун камсыз кылууга биздин УКК жана ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин кудурети келеби? "Жаман айтпай, жакшы жок", алардын кимдир бирөөсү кокусунан ажал издеп учкан октун курмандыгы болуп калса, өлкөдө өз күчтөрү менен стабилдүүлүктү орното албагандыгын шылтоолоп, күчөтүлгөн аскердик-согуштук күчтөрдү киргизүүгө шарт түзөт эмеспи. Алардын ичинде "чалгынчылар" да кошо келиши мүмкүнчүлүгүн эч ким жокко чыгара албайт. Бул ансыз да алсыз армиябыздын дараметин терең талдоого жол ачат. Ошентип, "тынчтыкты орнотуучу" ("миротворчество") күчтөрүн биздин бийликтин макулдугусуз киргизүүгө алып келбесин? Эң начар Кыргызстанды мындай коёлу, Ооганстан менен Ирак мындай аскер күчтөрүн чыгара албай, кубаттуу державалардын согуштук машыгуучу полигонуна айланганына неге көңүл бурбай отурабыз?
Албетте, ПКТынын киргизилишине карапайым калк, өлкөбүздүн коопсуздугуна кызыкдар адамдар нааразылык акциясын да өткөрүп жиберишти. Алардын бул аракети оң натыйжа береби, ал белгисиз калды. Өкүнүчтүүсү, айрым аскер кызматкерлери ушул жөнөкөй адамдардардын акылы жеткен маселеге ой жүгүртпөгөндүгүн карачы!
Учурунда биз "темир генерал" деп даңазалаган Феликс Куловдун пикирине таянсак, келген полицияларды "тишине" чейин куралдандыруу керек экен. Аларга таянбасак, күз айларында наркобизнесмендер аракетке өтүп, мындан эркиндикте жүргөн Жаныш Бакиев кайрадан түштүктө тополоң чыгарганга шарт түзүлөрүнө көзү ачыктык кылып, элди козутуп отурат. Патриоттугуна "бар-а-кел-де" демекчибиз. Көлөкөсүнөн корккон мындай генералдарыбыздын кеп-кеңешинен мурда, алар аскер кызматкерлери катарында Мекенибиздин коопсуздугун камсыз кылууга неге аракет кылышпайт? Ишеним көргөзүп, аларды элибиз канча жооптуу кызматка көтөргөндө, алар калкыбызга көрүнүктүү кайсы кызматын көргөздү? Деги эле генералдарыбыз неге кооптуу учурда "энелеринин этегине" жашынышат да, качан кырдаал оңоло баштаганда гана "акылман, көрөгөч" болуп чыга келишет? Аты бар, заты жок генералдардын кереги эмне?
Мамлекетибиздин сырттан киргизилген "күчтөргө" таянышын - бул келечекте эгемендүүлүктөн ажырашы катары санасак болот. ПКТынын киргизилиши кыргыз элинин коопсуздугу эмес, "Өзбек автономиясын" түзүүгө, этникалык азчылыктын "укугун" коргоп, Мекенибиздин бүтүндүүлүгүнө доо кетирүүгө алып келип жүрбөсүн?
Эске сала кетели. Ош, Жалал-Абад окуясынан кийин Орусиянын Канттагы аскер кызматкерлеринин шашылыш чыгарылып кетишинин сыры эмнеде? Алар 300 десантты кыргыз бийлигинин уруксаты менен киргизиштиби, же… Кайсыл максатта чет элдик 12 полковник, 5 генерал Кыргызстанда тышкы чалгындоо кызматчылары менен эмне иш аткарышты болду экен? Булар Борбордук Азияда өздөрүнүн геосаясатын жүргүзүү максатында жаңы бийликтин ишенимине кирип, алар "атайын кызматтын чалгынчыларынын жардамы менен тымызын түрдө улуттук араздашууларды ишке ашырып жатпасын?
Баарынан таң каларлыгы, өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы кан төгүлгөн коогалаңдын Ташкентте өтүүчү ШКУнун саммитине дал келиши, бул синдромдун ШКУнун негизги темасына айланышынын сыры белгисиз калып отурат. Эл аралык мамиледе чет элдик ММКлар эки тарапка тең калыстык менен карашы зарыл эле. Тетирисинче, бул синдромдо жабыр тарткандар жалаң өзбек улутундагылар катары жар салынышына эмне себеп болду экен? Адилеттүүлүк кылышса, коогалаңда садизмдик менен өлтүрүлгөн кыргыздарды неге алар жарыкка чыгарышкан эмес? Азыр да жалаң өзбектердин кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарга чек коюлбай келүүдө. Бул саясий сокурлукпу, же саясий сойкулукпу, ага учур өз баасын берер учур алдыда. Бирок окуяга так саясий баа берилгенче кайрадан тополоң чыкпасын деп тилек кылалы.
Акырында айтарыбыз, биздин саясий кыраакылыгыбызды мокоткон, бизге сырттан таңууланган "элдердин укугу" теориясын четке кагууну Ош, Жалал-Абаддагы окуясы талап кылып отурат. Көп улуттуу Кыргызстанда бул коркунучтуу жана зыяндуу идеология экендигин баса белгилесек болот. Бизде элдердин эмес, жарандык эркиндик гана берилиши улуттук араздашууга бөгөт болорун көңүл борборубуздан чыгарбашыбыз керек. Ошону менен катар, көз каранды эмес мамлекет катары курч маселелерди өзүбүз чечип, башка мамлекеттердин ички иштерибизге кийлигишүүсүнө жол бербөөгө жетишүүбүз маанилүү. Бул өңүттөн алып караганда, өлкөдөгү чыр-чатактарга сырттан аскер күчтөрүн киргизүү - бул элибиз ээ болгон эгемендүүлүктү жоготууга алып барат. Өз көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечүүгө кудуретибиз жетиштүү. Башкаларга жагынуунун, тизе бүгүүнүн зарылдыгы дегеле жок. Демек, бул калпыс чечим - чыккынчылыкка карай жасалган кадам болуп калышы мүмкүн. Бул үчүн эртеңки күндө тарых алдында, урпактар алдында жооп берерибизди унутпасак!..

Эртабылды АТТОКУРОВ