Сандан-санга

Кандуу жылдар
Жапжаш немелердин өлүмү, артында калгандардын кайгы-муңу келди эске. Бирок алардын баарын өздөрү кылды, жөн жүрүшсө тирүү жүрбөйт беле деген ой жеңип койду. Адам канын мойнуна алышкан жок, жазасы колдоруна тийди дешти. Кызыгы, экөө кеп алышпай, бир ойго бирдей баам берип турушту. Акыреттик достордун ою бир багытта болот тура...
***
Марстын өлүү-тирүүсү билинбей он беш күнчө прокуратура менен милициядан тергөөчүлөр үзүлбөй, анан бара-бара келбей да калышты.
Макан бир күнү Токенди үйүнө чейин узатып, кайтып келатып акыр-чикир салынчу челекке жабышкан аял-эркекти көрүп, баягы тытыша кетчү эрди-катын Касым менен Берметти эстеди, машинени алар жашаган тарапка бурду. Кеч кирип калган. Келсе, алар үйүндө жок экен. "Эртең менен келем, кетпей тургула" деген катты жазып, эшикке кыстарды.
Эртеси дем алыш күн болчу. Макан сотовый менен Токенге байланышып, бүгүн ал эч жакка барбай тургандыгын, өзүнүн бош экендигин угуп, түз эле Касымдыкына жөнөдү. Катты окуп таң атканча уктай албай, таңдын атышын Кудайдан тилеп чыккан Касым аялы экөө тең сыртта күтүп турушуптур. Машине токтоп, түшкөн Маканды көрүп чуркай тосушту, биринен сала бири кучактап, айтаарга сөз табышпайт теңтайлаша... Экөө эки жактан чыгып үйүнө киргизишти. Чай беришти. Экөөнүн кебетеси, дасмалдагы жалгыз нан алардын жашоосунун таптакыр эле начар экенинен кабарлайт. Жер-жемиш сатып жакшы оокат кыла баштадык эле, базарком кууп жиберди дешет. Күнөөнүн баары ошол көпкөн базаркомдо экен. Өздөрүнүн ичип-чычкандары менен иши жок, аны айткысы да жок. Макан экөөнө акча берди: "Ичкениңерди азайтып, мобул акчага тамеки-самеки алып көчөгө стол коюп саткыла. Азыр элдин баары эле ошентип жатат. Анан иш таап берем". Иш таап берем дегени ушуну менен экинчи ирет оозунан чыкты. Биринчи жолу жөн гана аларды жакшы көрүп калганынан айтылган. Бу жолу ойлонуп айтты. Эртесинен баштап бир жерге экөөнү тең орноштурам деп өзүнө да катуу сөз берди.
Коштошуп кетээринде Касым арызданды:
- Баягы сенден балта менен жеген зөөкүр баягүнү дагы келип мени коколоп кетпедиби, энеңдурайын суболуч десе! Мени балта менен чапкан иниңе айтып кой, башын жулам дейт. Атаңдын башын жуласыңбы десем, көзгө бир уруп атпайбы, энеңдурайын! Сенин кайда жашаарыңды билсем, ошол күнү барайын дедим эле...
Макан адресин бул эле деп айткан жок. Тигини жооткотту:
- Аны менен өзүм сүйлөшөм. Жакында эле сүйлөшөм. Баш жулганды көрүп алсын!
Макан берген акча экөөнө эки жумага жетип берди. Сатабыз деп алган арак, самогон, тамекилерин өздөрү түгөтүп бүтүрүштү...
***
Нестан зордукталгандан кийин кескин өзгөрдү. Тыпыйта жасалган оокаты, күндүр-түндүр окулчу китептери калды. Атургай, таптаза жүрчү кыздын кебетеси да жүдөңкү. Мурун Сонундан тилди күн алыс укса, эми күндө он маал угат. Тилдеги бар жаман сөз менен тилдесе да, кабагым-кашым дебей угат, турмуш жалаң ошондой оозго алгыс сөздөрдөн тургандай сезилет ага. Баягы окуйм деген үмүтү да өчө түштү. Муунуп өлөм деген ою да жоголгон. Тамагын ичип, тынбай оокатын жасаган болуп, анан уйкуга кетет. Уктарда дайым апасын эстейт. Ага удаа Жаныш зөөкүрдүн желмогуз элеси тартылат. Жүрөгү түшөт. Мына азыр эшик ачылып, "карындаш, уктай элексиңби?" деп кирип келчүдөй бүрүшөт.
Ошол коркунучтуу күндөн бери далай убакыт өтсө да, короодон чыга элек. Атасы менен Сонунду, анан кез-кези менен келген адамдарды гана көрөт. Мейман чакырылганда ашканадан чыкпай тамак даярдайт, идиш-аягын жууйт. Мурун эле эркек балдардан денесин жыйрып турчу эле, эми ого бетер коркот. Бир адамга бир ирет сөзсүз келчү сүйүү дегениңдин дайыны жок. Ал жөнүндө ойлобой да калган. Баягы онунчуда окуп жүргөндө теңтуш кыздары "баланчадан кат алганы, сөз айтканы" жөнүндө кыткылыктай айтышчу эле. Ошондо үйүндө уктай албай жаткан убактарда элестете берчү. Бир татына жигит өзүн чексиз сүйүп, экөө баш кошуп жакшы жашап, жер кыдырып, Сибирде жүргөн агасыныкына чейин барып... Кийин антпей калды, ой-мүдөө, үмүт менен барбай калды... Үмүтүндөгү ажайып кооз дүйнө, бактылуу делген жашоо, эч нерсе эбине келбеген көр турмуш, кайгы... баары, баары аралашкан. Эй, бирок убакыт дегениң өжөр нерсе, баш бербейт бу адам баласына, кандай жаман иш болсо да бара-бара жууп салат, калса калар өткөндөн анча-мынча өксүк так, аның эч нерсеге жарабай калат. Нестандын өмүр ченеми да өтүп турду, жараткан берген ошол өмүр ченеми четинен короп, убакыт көкүрөктөгү кирди аздап, билинтпей жууп турду. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, ошондой болот...
Нестан кез-кези менен ой токтотуп, көп эмес аз өмүрүн дилден өткөрүп алат: окубай калганы, зордолгону, Сонундун бул үйдөгү кордугу, күндө он маал жыттып-жыттап алчу апасы, кызым дебеген атасы, карындашы менен иши жок агасы... баарын, баарын эстейт. Жаздыгы көз жашты сиңирип сууланат, жаздыгында тил болсо эркелете сооротмок, жакшысын кийинкиден берсин демек, сөзсүз берет, болгон ишке өкүнүп ыйлап не, түкүрүп кой демек... Эмнегедир баягы жайлоодогу аксаргыл жигитти эстеп коет кээде. Татына жигит болчу. Ал кечке карабады беле. Ошондо Нестан кирерге жер таппай калган. Зөөкүрдүн зордугун көргөндөй, билгендей сезип, алар кеткиче чатырдан чыкпай койбодубу. Аны апкел, муну апкел деп Сонун "сонун" сөздөр менен тилдеп, каарып кетип жатса да, боз үйгө экинчи башбакпады ошондо.
Кыш күндөрү болчу. Үч-төрт жылы катары менен бул аймакка кар аз түшүп, эл ошого көнүп баратат эле, бу жылы кар зор түштү. Кар менен кошо береке түшкөндөй сүйүнөт эл, бөтөнчө бала-чака кар мелтеп, тоголонуп, чаналуусу чана тээп, чанасы жокторго үстөмдүк кылып, барктуу болуп, короолорго тоодой кар үйүлүп, көчөгө, огородго ташылып...
Оор кар менен Нестадын башына оорчулук түштү. Карды күрөп коесуң, убагында эрип кетет. Ал эми адам башына түшкөн оорчулукту оңой менен кетире албайсың.
Сонун деген шайтан катын Нестанга дагы бир нерсе ойлоп, анысын ишке ашырып турду...
Сонундун айылында Кулан деген киши бар эле. Кезинде облуска чейин кызматтарда иштеп, анан акырындык менен жылмышып-шыпырылып отуруп...