Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт...

Ушак...
Бу ушак деген жаман нерсе. Тынч турган элди дүрбөтүп, уу-дуу кылып, баягы "саманканадан саман учса, Самаракандды жоо чапты" кылып жиберген да ошо эмеспи. Эми ошо ушактын бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан аракети да коомго тескери нерселерди алып келүүдө.
Айталы, кечээ кошуналарым менден сурашат: "Куловду Россия колдоп атыптыр, кайра президенттик башкаруу кыласың дептир, ошону менен азыр 20 партия биригип жатыптыр. Ушу чынбы?" - деп...
Келатсам маршруттук унаадагылар күбүрөп атышат: "Барктабасовду Рысбек жибериптир, жакында кадимки Рысбек келет экен, Урмат премьер-министр болот экен"-дешип. Дагы бир учурма ушактарды кулагым чалды, "13-августта чоң митинг болот экен, учурдагы Убактылуу Өкмөттү кулатат экен"-деген. Жакамды кармандым.

Анткени? Анткени мен элди билбейм, өзүм коомчулук менен иштешип, күнүмдүк жаңылыктар менен камсыз болгон, ар түрдүү жүздөгөн адамдар менен жүз көрүшүп, маектешкен журналист катары жогорудагы кептер кызылдай ушак экенин сезип турам. Бирок ошону ким, кайсы тарап чыгарып, элдин пикирин, коомдун көз карашын ошол жакка бурууга астыртан аракет кылып жатканын таппай башым катат. Чынында, бүгүн кимден шекшийсиң? Жанагы жер жайнаган 150 партиянын кайсынысы чыгарып жатканын кайдан билесиң? Дегеле, ошондой окуялардын болушуна ким кызыкдар болушу мүмкүн? Куловбу? Барктабасовбу? Байсаловбу? Же табышмактуу Рысбекпи?
Ушактан мурун ошо ушактын келип чыгышына карата өзүмдүн чындыгымды айтайын. Ооба, кечээки кандуу революциядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт колунан келген иштин баарын аткарды. Кыргызстанда экинчи жолу мындай кайгылуу окуянын болбошуна жан үрөп, ошо "авторитардык" режимге жол ачып берген Башкы мыйзамыбызды өзгөрттүк. Акаев, Бакиев тарабынан тартылып алынган мамлекеттик маанилүү жүздөгөн обьектилер, өндүрүштөр элдин колуна өттү. Ээн баштык менен жогорулатылган тарифтер төмөндөтүлүп, эч кандай социалдык каатчылыкка учурабай жашап жатабыз. Албетте, акчанын күчү менен Ата-Журтуна каршы чыккандардын айынан Ош менен Жалал-Абадда чыр-чатак чыкты. Жүздөгөн мекендештерибиз курман болуп, эки шаарыбыздын ырыстуу турак-жай, мекеме-ишканаларыбызды өрт чулгады. Бирок буга бир гана бакиевчилердин керкоолорунан башкаларды күнөөлөш бүгүн натуура.
Бирок, аттиң, Кыргызстандын мындан аркы келечегине кыска карап, чукул ойлонгон айрым саясатчылар ошол эми телчигип келе жаткан эркиндигибизди эске албастан элди экиге, жерди жетиге бөлүүгө кылган аракеттери, кечээ өздөрү барып добуш берген мыйзамды сыйлабай, алдыдагы парламенттик шайлоо менен эле түбөлүк жашап калууга кылган аракеттери элдин кечээки ишеничине муз салып отурат. Акчанын күчү менен өздөрүн элге таңуулагысы келгендер, ар кандай айыңдарды таратышып, элди эптеп буга чейин оппозиция болуп келген, кечээ Убактылуу өкмөттү түзгөн саясатчыларды таркатууга далалат кылышууда. Ошонун айынан жанагыдай кооздолуп, көркөмдөлүп атайын иштелип чыккан ушактар эл арасында калкып жүрөт. Бирок бүгүн биздин саясатты толугу менен түшүндү, кечээ Бакиевдин короосунда жем жеп, анын ала чапанын көтөрө жүгүргөндөр бүгүн кубулуп жатканын сезип турушат. Ишенбесеңер шайлоолор тастыктайт!
Анан. Анан ошо жанагы ушактардын өзүн эле талдап карап көрөлү. Биринчиден, ошо эл айтып жаткан Феликс Куловду алалы. Ага тиги Орусиянын сугу түшкүдөй, Кыргызстанды алдыга сүйрөп кете турган, эл ичинде кадыры бар, ишеними жогору саясий фигура эмес. Сүрүнөн башка бу лидердин эл үчүн жасаган кайсы каадалуу ишин айта алабыз? Акаев менен кармашып, Бакиев менен жалгашып калганы гана болбосо а кишиде бир уюштуруучулук жөндөм же башкаларды таң калтыра турган идея мен билгени чыга элек. Ар дайым кыска, аягы жок, божомолдорго таянган билдирүүлөрү менен гана элдин эсинде калып келет.
Барктабасов демекчи. Ооба, Урмат мырзанын буга чейин жасаган мамлекеттик тарыхый иши, албетте, жок. Бирок кандайдыр жол менен бизнеске из салганын, анысын Кыргызстанда эмес, чет мамлекетте өркүндөткөнүн угуп жүрөбүз. Ал жакка деле журналисттерди ээрчитип барып, "мобу менин мейманканам, мобу менин ишканам, бул банкым, бул сферада иш алып барам" деп тааныштырган эмес. Демек, ал кишинин Дубайда эмне кылып жүргөнүн билген киши деле жок. Анан 2005-жылы Кыргызстанда пайда болуп, "Мекеним Кыргызстан" деген улутчул кыймылы менен иш баштап, мен кыргыз үчүн күйөм дечүлөргө, улут үчүн жан берем дегендерге жакшы эле жардам көрсөттү. Элди аралап, чакан кредиттерди берип, Кыргызстанды көтөрүүгө кызыкдар болуп жаткан. Урмат өнөр-жай тармагы боюнча жаңылык киргизет го, завод, фабрикаларды курат го деп ойлогонбуз. Жок, көрсө а киши деле амбициядан чыга албай, кооз сөз, капчыктагы акча менен "шанс" болуп калса Президент болуп алсамбы дечү тура. Ал ою ойрон болуп, чагылгандай тез бийликти ала калуу планы ишке ашпай, кайрадан чет жерге кетүүгө аргасыз болгон. Бу жолку келишинде деле ошол сыяктуу көз карашынан алыс кете албай, бирок негедир капчыгына сарамжал болуп калыптыр. Бирок премьер-министр болууга анда азырынча мүмкүнчүлүк жок го? Себеби Урмат мырза өзүн эч бир мамлекеттик иштен көргөзгөн эмес, экинчиден, эл шайлаган президент элдин оюн эсепке алат да.
Рысбекке келсек. Биз ушу ушак-айыңдар менен бир маркумдун жөн эле арбагын козгоп жаткан жокпузбу? А кишини ким билбейт, а-бу деген менен ал көп элдин жүрөгүндө улуттук баатыр катары сакталып келе жатканы чындык. Эгер ал тирүү болгондо кыргыз элин Бакиевдердин эзүүсүнө беш жыл боюн салып берип, четте карап жүрмөк эмес. Ага чыдабайт болчу дешет аны жакындан билгендер. Анын тирүү экенин да элден биринчи артынан сая түшкөн ошол эле бийликтегилер да эчак эле билип, тайраңдабай коркунуч алдында жашамак. Ошон үчүн алар анын көзүн тазалап, жалгыз кожоюн болууга умтулушкан.
Анан эле акыркы убактарда "Россия эмне дейт" деп ал жакты аңырайып тиктегендер көп. Менин айтаарым ал жак биздин атабыз беле? Качанга чейин эле бирөөлөрдүн көзүн карап, "кокуй тиги эмне дейт" деп отура беребиз? Ушул эле Россия боюнча эмне деген ушактар тарабады. "Россия даярдап жатыптыр, СНБшник экен, президент болот экен" деген кептер тээ Акаев доорунан бери эле өз күчүн жогото элек. Бирок биз бир нерсени билишибиз керек-Кыргызстан көз карандысыз мамлекет. Биз кимди президент кылалы деп эч кимден сурабайбыз. Же силер 2005-жылы же 2010-жылы Россия каржылап, мамлекеттик революция кылды дегенге ишенесиңерби? Албетте, жок. Анткени эки бийликти тең эл колунда куралы жок эле намысы менен чыйралып чыгып жасап койгон. Андыктан бизге кимдир бирөөнүн көрсөтмө берип турушу мүмкүн эмес.
Аягында айтаарым, айрым чагымчылардын кооз ушактарына көп алаксыбай, өз келечегибиз үчүн өз күчүбүз, өз акылыбыз менен алдыга чыгалы. Бүгүн ушак жасап, элди ууландыруу мүмкүн эмес...

Тынчтык Алтымышев