oУлут көйгөйү…

Улуттук лидериң
барбы, кыргызым?
Өз алдыбызча эгемен мамлекет болгонубузга жыйырма жылдын жүзү болуп калыптыр. Андан бери жаңы төрөлгөн бала каруу-күчкө толуп, тоону томкорчу абалда чытырап толуп, болуп турган учуру. Ал эми мамлекетибиз тамтуң баскан балтыр эти толо элек баладай болуп, оңдуу бутунан турганга жарай элек. Өнүгүп-өсүүгө толгон мүмкүнчүлүктөрүбүз бар туруп, жыйырма жылдан бери колу-буту жок тоголок мунжудан бетер ар кимдин көзүн карап, жардам сураганыбыз сураган. Экономикалык, материалдык жагын айтпай ак коёлу, жада калса жөнөкөй эле мамлекеттин ички чыр-чатагын жайгарууда күнөөлүүлөрдү иликтеп, тергеп жоопко тартуу үчүн сырттан кирүүчү дили, тили буруу полиция күчтөрүнүн кеңешине муктаж болуп отурабыз. Эмнеге эле мынча жармач, өз алдыбызча иш кыла албаган мажүрө, байкуш болуп калдык?


Мына эркин мамлекет катары эки президентти шайладык. Экөө тең элге күйүмү жок болду. Жакшы ниет менен ишеним көрсөтүп мамлекет башына алып келген К.Бакиев А.Акаевден да ашып түшүп, калктын ырысын жеп-ичип, тоноп, акыры карапайым элди канга бөлөп качты. Ток этерин айтканда, президенттикке эсирген экс-ажолор өз элине чыккынчылык жасашты. Эки бийликтин тушунда адилетсиздик, паракорлук, эки жүздүүлүк, кошоматчылык, басып алуу, тартып алуу чегинен ашты. Мамлекеттин бүтүндүгү, өнүгүп-өсүүсү, кыргыз улутунун кызыкчылыгы эске алынбай, натыйжада элдин бийликке болгон нааразычылыктары басылбай пикет-митинг менен байма-бай коштолуп келди. Өлкө экономикалык жактан очорулуп, олчойгон карызга батып, бир үй-бүлөнүн, жердешчиликтин сормо сазына сорулуп кетти. Бийлик сересиндеги төбөлдөр элдин, мамлекеттин келечегине кам көрүүдөн мурда жеке мүдөөлөрү үчүн ичип-жегендин үлгүсүн көрсөтүштү. Жыйынтыгы Аксы окуясынан баштап жакынкы эле 7-апрелдеги, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу коогалаңдын орун алышын шарттады.
Ырасында, ушунун баары кыргыз мамлекетинин түпкүлүктүү келечегин көздөгөн улуттук идеологиянын жана аны ишке ашыруучу улуттук лидердин жоктугун ачык көрсөттү. Бир жагынан бул кандуу окуялар кыргыз элинин жерин коргоого даяр экенин, өз алдынча бирдиктүү, кубаттуу, коррупциядан арылган таза мамлекет кургусу келгенин көрсөтүп, жаңы түзүлүшкө даяр экендигин далилдеп койду. Демек, кыргыз эли өз алдынча иш кыла албаган жармач, мажүрө, колунан эч нерсе келбеген улут эмес, адилеттик, эркиндик эл-жер үчүн кара жанын аябаган эр көкүрөк, эч нерседен тартынбаган намыстуу калк экенин айгинеледи. Албетте, мунун баары кыргыз элинин башка элдерден өзгөчөлөнгөн артыкчылыгы. Өкүнүчтүүсү, кыргыздар канчалык кыйын болсок да, кыргыз улуту деп күйгөн чечкиндүү, ак ниет улут лидерине, башкача айтканда өлкө башчысына жарыбай койдук. Кыргыз элинин өңгөлөр сыяктуу өнүп-өсө албай жатышы, ток этерин айтканда, шору, трагедиясы ушунда. Жыйырма жылдан беркини эле алсак, мамлекет башына кыргыздын кулк-мүнөзүн билбеген, нарк-насилин түшүнбөгөн, тарыхын, тилин сыйлабаган, кыргыз улутуна күйбөгөн жетекчилер келишип, элдин ырыстуу байлыктарын жеке мүдөөлөрү үчүн каалаганча талап-тоноп пайдаланышты.
Ачык айтыш керек, учурда деле кыргыз улутунун намысын талашкан, кыргыз мамлекетинин келечегин ойлогон улуттук лидердин касиет сапаттары азыркы бийлик сересиндеги жетекчилерде байкалбайт. Ошон үчүн Башкы мыйзамды өзбек тилине которуп, өзүбүздүн укук коргоо органдары кылмышкерлерди тергеп, тескөөгө шаасы жетпей жаткансып, сырттан тили, дити буруу ЕККУнун полиция күчтөрүн чакырып, укук коргоо органдарынын гана эмес жалпы Кыргыз мамлекетинин беделине көлөкө түшүрчү көрүнүшкө жол берип жатышат. Айтмакчы, алар келгенде эле өзбек-кыргыз жарашып, кучакташып калышпайт. Тескерисинче, кошумча түйшүк жаратат. Тактап айтканда, алардын коопсуздугун камсыз кылып, котормочу жалдап беришибиз керек. Жаман айтпай, жакшы жок демекчи, кокус ошол келген 52 полициянын бирөө-жарымы киши колдуу болсо, (анын жүзүн нары кылсын) кыргыздар жаманатты аталат. Буга кыргыздардын кулк-мүнөзүн, психологиясын, нарк-насилин, каада-салтын, тутунган көз карашын билбеген эл аралык полициялардын коопсуздугу биздин укук коргоо органдарына жүктөлүшү жакшы шылтоо болот. Анын үстүнө окуя Өзбекстанда эмес, Кыргызстанда орун алат да. Ошондуктан кыргыздарга кекенген өзбектер мындай жүзүкаралыкты жасап, кыргыздарга шылтап коюшу мүмкүн. Андай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Экинчиден, Кыргызстанга киргизилип жаткан полиция күчтөрүнүн аркасында жеке кызыкчылыктарын көздөгөн мамлекеттер болушу ыктымал. Анткени алар Кыргызстандагы абалдын 4 айдын ичинде жакшырып кетпесин жакшы билишет. Демек, эл аралык ЕККУнун полиция күчтөрүнүн өлкөдө калуу мөөнөтүн дагы узартуулары толук мүмкүн. Балким, алар абал татаалдашып баратат деген шылтоого жамынып, Кыргызстанга тынчтык аскердик күчтөрүн киргизүү демилгесин көтөрсө эмне болот? Ошондо өлкөбүздүн бүтүндүгүнө жарака кетип, Сербиянын тагдырын кайталап калбайбызбы?.. Айтор, айтуу кыйын.
Мына, парламенттик шайлоого карата азан-казан болгон даярдыктар эмитен башталды. Партиялардын саны 150дөн ашты. Ар бир партиянын башында бирден, же экиден лидер. Кыргыз улутунун лидерлери эмес, бир партиянын лидерлери. Тактап айтканда, акчанын күчүнө салып, же тааныш-билиштерин чогултуп, 50 адамдын башын кошуп партия ачып лидер болуп алышкан. Ырас, билими терең, интеллектуалдык деңгээли жогору, саясаттын ысык-суугуна тоңуп, ички-тышкы мамилелерге көзү каныккан, мамлекеттик кызматтарда такшалган тажрыйбалуу лидерлер бар. Бирок аларда кыргыз улутунун кызыкчылыгын коргоп, туусун көтөрчү, кыргызга күйгөн мекенчил, улуттун лидери болчу касиет, сапаттарга ээ лидерлер жок. Себеби партиянын лидери болгондор, улуттун лидери эместигин Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялар ачык көрсөттү.
Кыскасы, Кыргызстан кыргыздар түзгөн мамлекет экенин түшүнгөн, кыргыздардын тарыхын, тилин, дилин, кулк-мүнөзүн, нарк-насилин, психологиясын жакшы билген, рухий баалуулуктарын кастарлап, аздектеген, кыргыз улутун сүйгөн, эрки күчтүү чечкиндүү улуттук лидер келмейин шордон арылбайбыз… Анткени кийинки эле эгемендикти алган жыйырма жылдык тарыхыбыз, кыргыз деп күйгөн улуттук лидер болмоюн ишибиз оңолбосун тастыктады. Ошондуктан атактуу акын Байдылда Сарногоев айткандай, "Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн" - деген улуттук лидер, мамлекет башына келгенде гана кыргыз элинин турмушу оңолуп, башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшкөн даражага жетебиз.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





Балыкчыны байыр алган Барктабасов ким?
Жакын арада Урмат Барктабасов курултай уюштурганы жатканын, ал жыйын Бишкекте өтөөрүн алдын ала билермандар айтып жатышат. Бу курултайдын максат, мүдөөсү эмне экенин, кимдер катышаарын азырынча билген киши жок. Болжол менен ага Урматты 2005-жылы жандап жүргөн улутчул адамдар катышып, Убактылуу Өкмөткө Урмат акебизди премьер-министр кылуу талабын коюшат имиш. Талап го талап, бирок Урмат мырза кайсы кыйраткан иши үчүн ошо кызматты суратып турганына таңбыз. Же 2005-жылы Ак үйдү жарым саатта басып алдым эле, мында да ошол "опут" менен Жогорку Кеңешти камоого алып көрөйүн дегениби?
Деги билбейбиз, Урмат акенин барган сайын мурдагы баскан издери бажырайып көзгө илээше берчү болду. Убагында Султан Урманаевдин үйүн карактап кеткен деген шек менен үстүнөн иш козголгонун да укканбыз. Жок, бул жигит андайга барчу эмес эле дейли десек, кашайып айрым көрүнүштөр анын ким экенин алдыртадан аныктайт. Береги сүрөт Урмат мырза казакстандык крим авторитет, Испанияда атылган, "Рыжый Алмаз" аты бар Алмаз Насыпбеков, крим лөк делген Адыл Оморов жана россиялык криминалдык чөйрөнүн адамдары менен бирге 1994-жылы Сочиде эс алып жүргөндө чогуу түшкөн сүрөт дешет... Демек, анда Урмат мырза ким?


Абдрасулованын ата-теги өзбекпи?
Укук коргоочу аты бар, удургутмай жагынан алдына аргымак салдырбаган Азиза деген айымыбыз бар. Ушуга чейин канча кишинин укугун коргоп келгени тууралуу маалымат жок, бирок ал катышпаган бир дагы митинг өтпөгөнүн билебиз. Ошол айым Ош менен Жалал-Абаддагы чатактан бери эле өзбек улутундагылар жабыркады, өзбектердин укугу бузулуп жатат деп чырылдаганын койбоду. Же аны уккан киши жок. Мына кайсы маалымат булагын алып карабагыла ошол эле Ош менен Жалал-Абаддын тургундары бул укук коргоочу апчебиздин айткан кептерине караманча каршы чыгышып, "Абдрасулова ар кандай кептерди айта бербесин, бир беткей маалымат бергенине каршыбыз. Эмне үчүн кырылган кыргыздарды айтпайт, деги анын улуту ким?!",-деп кыжаалаттанып жатышат. Чын эле Азиза айымдын ата-теги өзбекпи? Же ар кандай чагымчыл тараптардын акчасын алып коюп, караны ак, акты кара деп айласы кетип турабы?