Эркек мүнөз эжекебизге эрегишкен кимдер ыя?
Кыргыздын кыраан кыздарынын бири, "Айат пресс" гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова кечээ жакында белгисиз бирөөлөр тарабынан ага карата ар кандай коркутуулар болуп жаткандыгы тууралуу күч органдарына атайын арыз менен кайрылганын угуп калдык. 7-апрелге чейин гезитибиздин ачуу-таттуусун бирге татышып калган эжекебиздин ал-ахывалын билип коелук деп дароо өзү менен байланыштык.
Көрсө эч нерседен коркпогон эркек мүнөз эжекебизге кимдир бирөөлөр esenovaainyra@mail.ru деген электрондук даректен 31-июль күнү төмөнкүдөй кат жөнөтүптүр.

От кого: esenova ainyra
Кому: j.amanbek@mail.ru
Дата: Сб 31 Июл 2010 13:20:23
Тема: <Без темы>

Жылдыз кандайсын? Сен мени жакшы тааныйсын. Аз калды, жакында коросун, бекер
кылдын, озун казган орго озун тушосун, калемин курч, тилин заар болгон менен журогун
калыс болгон жок. Сен ар дайым ызы-чуу менен адам тагдырларына ойноп мышыкка
оюн, чычканга олум болуп жатканын сезсен да сенин таш журогун жылыбай, тилиндин уусу далайларды чакты... А сен ошол "оорудан" рахат менен акча таптын... Ылайым
буйрубасын... Ошол капчык сенин тешчу жеринди тепчип, сен каралаган тируу жандардын убалы уктатпасын! Аз калды, жакында коросун, туясын, сезесин, окуносун, окунгондо да кандай укум-тукум тууган уругун менен окуносун! Ар нерсенин чеги болот, ошол чек сен учун жакында...
(Эч өзгөртүүсүз берилди)

Ушул сыяктуу коркутуулардын далайын башынан өткөрүп, бирок бир да жолу адамдык ар-намысын жоготпогон, өз позициясында бекем турган Жылдыз эжекебизди алакандай бул кат анчалык деле коркута албайт деңизчи, бирок…
Неси болсо да күч органдарына кайрылып койгону туура болуптур.
Калеми менен паракор-жеп ичкичтердин кокосуна тикен болуп тыгылган Жылдыз Мусабекова ар дайым ак эмгеги менен акча таап келгенин башкасы болбосо да биз жакшы билебиз.
Байкап көрсөңөр, бул каттын жазылышы өтө кооз экен. Жадагалса үтүр-чекиттерине чейин орду-орду менен коюлган. Философиялык ойлордон да кур кол эмес. "Ким деп ойлоп атасыз?" деп өзүнөн сурасак, "Бакиевдердин баш кесерлери "атып кетем, өрттөп кетем"-деп, эки ооз сөз менен эле коркутушчу. Бул катты ким жөнөткөнүн билип эле турам. Катындын атын жамынган бир катындын колунан келди. Анын үстүнө менин сыныма кабылган арам тамактар, аксым адамдар, паракорлор мени мындан да жаман каргашкан. Бирок "бөөдө каргыш тийбейт" демекчи, мага арнаган каргыштары өздөрүнө ок болуп тийип, бир нечеси канча бир мезгил өткөн соң кечирим сурап алдыма келишкен. "Сага жамандык издеп, өч алууну максат кылып ар түркүн иштерди жасадык эле. Бирок арамдык баары бир арамдык экен айланып келип өзүмө тийди" дешип. Демек, мындай катын каргыштар мени түк коркутпайт. Менин казаныма аш салып берип аткансып акча жөнүндө оозанганына караганда акчага жетпей, акчадан көзү каткан бирөө болсо керек. А менин ак эмгек менен эч кимден эч нерсе сурабай эле, өсүп-өнүгүп келатканымды эл билет. Кудайга шүгүр, өлбөгүдөй оокатым бар. Андан башканын кереги да жок. Дүйнөдө миллиардерлер да байлыгын көрүнө ала жаткан эмес. Ыраматылык апам менен маркум атам дайыма: "ак, так болуп, бирөөнүн бир тыйынына зыян келтирбей, бирөөгө кошомат айтпай, шартылдап өмүр сүр. Ошондо сенин жашооң жеңил болуп, эл арасында башыңды бийик көтөрүп басасың. Ичкен тамагың да таза болот" - деп тарбиялаган. Эгер убактысын кур бекер коротуп, мага кат жазып аткан неме эркек болсо алдыма келсин да, жекеме-жеке чыксын. Себеби анын шым кийип жүргөнүн далай жолу көргөм. Каргап убара болбосун!"-дейт.
Кимиси болсо да, күч органдарыбыз "ийиндеги бул баатырдын" ким экенин аныктап-тактап беришээр деп ишенип туралык. Себеби азыр заман башка эмеспи.
Башынан сасыган мурдагыдай Бакиевдердин учуру болсо бир жөн эле.





Бай,бай Байсалов!
Бар экен го!
Эдил мырза мындан кийин кыргыз элин такыр эриктирбейт окшоп калды. Кел деген деле киши жок, 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөткө укмуштуудай тездик менен учуп келип отуруп калган. Аз өтпөй кет деген деле киши жок өз алдынча партия түзүп Көк үйдөн кеткен болчу. Ошондон тартып эле өзүн чоочун киши катары кабылдап, баягы билдирүүлөрү менен байма-бай чыга баштады. Өзүнүн анчалык элге кадыры жоктугу, саясаттагы салмагынын жеңилдиги менен иши жок эле, башка партияларга, кези келсе Өкмөткө деле таарынычын айтып алчу болду. ММКлардагы бир маегинде: "Мен эмне дүйнөнү билгеним үчүн күнөөлүүмүнбү" деп айтып жатат, жарыктык жигит?! Бүт дүйнөнү билсе, Эдил мырза акыркы пайгамбарбы же бери жагы Ванга, ары жагы Нострадамуспу деп ойлоп атабыз... Бирок антели десек, көп нерсени деле биле бербейт да экен. Эгер андай эле ашкере билимдүү болсо, Бакиевдердин качан кетээрин алдына-ала билип, качпай эле Нарында болсо да мал кайтарып жашай турса болмок болчу...


"Жарык Кыргызстан" эмнеге жарык чачпайт?
Жакындан бери өздөрүн "Жарык Кыргызстан" партиясынанбыз деп тааныштыргандар пайда болду. Ар жерге чыга калып "атың чыкпаса жер өрттө" иши менен алек болушууда. Албетте, билдирүүлөр менен. Анчалык деле көңүл бура турган жагдайлары жок, жөн салды, чүргөй салып, эптеп эл чогулган жерлерге чыга калуу. Өткөндө ошол партиянын жетекчисимин деген Расул Умбеталиев деген киши Ата Мекендик өндүрүштүн башында турган бир ишкерлердин тобуна барып, "бизди колдоп бергиле, шайлоого бирге чыгалы, бизде күч жетиштүү, акча гана жок болуп жатат" дегендей кеп кылышыптыр. Күлдүк дейт ишкерлер. Анан дагы Расул мырза жөн кетпей кыргыздарды, кыргыз улутун өлгүдөй шыбап, "оттон алып сууга, суудан алып отко" ыргытыптыр. Көрсө, кашайып, ал кадимки улут катары жок болуп кетээрде, кыргызга кире качкан кыпчактардын тукумунан имиш... Деги, бизде таза кандуулар барбы же баары эле аргындашып кеткендерденби деген ой келет бизге. Өзүбеги, кыпчагы, калмагы, курду деле партия түзүп, баш көтөрүп баштады...


"Баатырларыбызды
эч качан унутпайбыз…"
31-июль күнү Чүй облусунун губернатору Сагынбек Абдрахманов менен Ысык-Ата районунун акими Сакебаев экөө 7-апрелде курман болгон Чолпонбек Мусаевдин кызына, Актанов Чыңгыздын жубайына, Турсуналиев Акылбектин уулуна Кант шаарчасынын кичирайондорунун биринен үч батир белек кылышты. Облус губернатору Сагынбек Абдрахманов "Биз баатырларыбыздын атын эч качан унутпайбыз. Биздин жардамыбыз ушуну менен эле чектелбейт. Баатырларыбыздын туугандарына мындан ары да ар тараптуу жардамдарыбызды берип, алардын аттарын көчөлөргө, мектептерге беребиз"-деди.
Ошондой эле 7-апрелде эң алгачкылардын болуп Ак үйдүн дарбазасын автоунаасы менен сүзүп кирип, өмүрүн кыйган ысык-аталык Мусаев Чолпонбектин ысымы Сын-Таш айылынын бир көчөсүнө берилип, быйыл 11-классты бүткөн кызы Рахат Медициналык академиянын бюджет бөлүмүнө кабыл алынды.



Конгдун командасы кайра чогулдубу?
Мурдагы жылкы "Петровка окуясы" болгон учурда Москва райондук РИИБисинин начальниги болуп турган Жеңиш Жоробеков деген эргул эсиңиздердеби? Петровкадагы жаңжалдан кийин шалаакылыгы үчүн деп кызматтан айдалып, бирок Конгантиевдин аркасы менен Бишкек ШИИБнин начальник орун басары, кийин Тогуз-Торо районунун РИИБсинин чоңу болуп отурган. "Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" дал ошол Жеңиш Жоробеков жаңы бийликтин да эбин тааптыр. Мурунку бийлик тушунда Конгантиев аны шаардык, райондук деңгээлдеги начальник кылып көтөрүп келсе, жаңы бийлигибиз аны түз эле Чүй облустук УВД начальнигинин орун басары кылыптыр. Булекбаев, Аргынбаев, Рыскулов сыяктуу жигиттерибизди эки жыл эзишкен Жоробековго окшогон Бакиевдердин куйруктары жазаланбай эле, тескерисинче, кызматтан кызматка көтөрүлүп жатканына түшүнө албай башыбыз маң болуп туру.
Айтмакчы, Конгантиев чалмакейди чалып, Жоробековду улам бир кызматка коюп, "эрмектеп" атканда, ошол кездеги КСДПнын Жогорку Кеңештеги лидери Роза Отунбаева Бакиевдик бийликтин кадр саясатындагы башаламандыктарын баса белгилеп, "азыр баарын Жаныш Бакиев менен Молдомуса Конгантиев чечип калган"-деп агынан жарылганы эсибизде.
Балким, Роза эжекебиз Жоробековдун мындай жогорку кызматка жорголоп барып калганын билбесе керек. Билсе, эчак эле бир "балээ" кылмак.

Өлүм
жазасын сурашты
Президент Роза Отунбаева өлкөбүздүн түштүгүнө болгон иш сапарын аяктады. Жакындарын жоготуп кан жутуп турган мекендештерибиз менен жолугуп, арыз-муңун угуп кайтты. Дайынсыз жоголгондордун жана каза болгондордун туугандары өлкө башчысынан кармалган кылмышкерлерди өлүм жазасына тартып берүүнү суранышты. Өз кезегинде Роза Отунбаева кылмышкерлердин баары улутуна карабай тийиштүү жазаларын алышаарын, чет элдик донорлор менен болгон Бишкектеги жолугушуулардын жыйынтыгын айтып, аймакты турукташтырууга мамлекет болгон аракетин көрүп жаткандыгын кабарлады.