Мелис Турганбаев,
ИИМ министринин орун басары:
"ОПГ дегендер ойрон болот!"
- Мелис мырза, ИИМ акыркы учурда уюшкан кылмыштуулук менен катуу күрөшкө түшкөндөй?
- Албетте, Ички иштер министрлигинин кызматы ушул - кылмыштуулуктун кичине, чоң экендигине карабай күрөшүү. Демократиялык коомдо, өзгөчө адам укугу алдыга чыгып, мамлекеттеги ар бир жаран коопсуз жана басмырлоосуз жашашы мыйзамда бадырайып жазылып турат. Аны камсыздоо ушул укук коргоо кызматкерлеринин колунда. Тилекке каршы, мамлекеттеги саясаттын туура эмес багытынан улам канча жылдан бери бизде адам укугу ар кандай жолдор менен тепселип келе жатат. Буга укук коргоочулар жол берип койдук. Анткени эмне? Бизде органдардын баары саясатташып, профессионал кадрлар ишсиз калып, кландык, трайбалисттик, коррупциялык жол менен кадр тандоого малынып калган. Криминалдык чөйрө да ошо биздин шалаакылыгыбыздан пайдаланып, өз таасирлерин күчөтүп, бийлик менен жашыруун жабык келишимдерди түзүп алышкан. Бул турмуштук факт.
Биз азыр ошол жолду түп-тамырынан бери жоюп, ар бирин жарандын коопсуздугун камсыздайлы, криминалдарды "багып" келе жаткан ишкерлер чөйрөсүн уюшкан кылмыштуу топтордон коргоп калалы, ошол криминалдардын тамырына балта чаап, коомдогу таасирин жоготолу деп жатабыз. Мына ошол аракеттердин башы катары биринчи жолу ИИМ өзү демилге көтөрүп, ишкерлер менен маңдай-тескей отуруп сүйлөштүк. Ар кандай коркутууларды, акча талап кылууларды убагында билдиргиле, оперативдүү чараларды көрөбүз дедик.
- Айтыңызчы, бул үчүн ИИМге эмне мүмкүнчүлүктөр керек?
- Биринчиден, бул иштердин аягына чыгыш үчүн, албетте, ИИМдин кызматкерлеринин башынан аягына чейин эрки керек. Экинчиден, ошол ИИМдин иш аракеттерин колго алып турган, мамлекеттик бийлик башчыларынын эрки, тазалыгы керек. Үчүнчүдөн, албетте, биздин арабызда "ичтен чыккан жат жаман" дейт, криминалдык чөйрө менен тымызын байланышып, бардык маалыматтарды жеткирип жаткан тыңчы кызматкерлерден арылышыбыз керек. Кудай буюрса, биз өткөн үч айдын ичинде ушул боюнча көп иштерди бүтүрдүк. Арабыздагы ошол кумалак кызматкерлерди тазалап алууга жетишип жатабыз. Андан тышкары да жанагы ОПГ дегендердин сары изине чөп салууга жетишип алдык. Көрдүңөр, ортодо Ош менен Жалал-Абад чатагы чыгып, дээрлик кырк күн биз эки улутту элдештирүү менен алек болдук.
- Кечиресиз, акыркы жылдардагы саясат көрсөткөндөй, учурдагы бийлик ээлери сиздердин аракеттерге жолтоо кылышы мүмкүн эмеспи?
- Кудай сактасын, азыркы бийликте турган адамдарыбыз криминалдык чөйрөлөр менен кызматташмак тургай аларга номур биринчи душман. Ошолордун таасиринин өсүшүнө жол ачып берген мурдагы бийлик учурунда азыркы президент Роза Исаковна, ошол эле Алмаз Шаршенович, Исмаил Исаков, Кубат Калбековичтердин баары тең эле саясий куугунтук тартышкан. Анын ичинде өзүңөр билесиңер, мени дагы профессионалдык ишмердигим үчүн кызматтан четке сүрүшкөн. Андыктан азыр ачык эле айтып койоюн, криминалдарды эч ким колтугуна жашырып, "крыша" болуп бербейт. Ал эми кылмышкерлер бийликтеги байланышы жок ээн-эркин жүрө алышпайт. Ошондуктан алар өздөрүнөнө өздөрү коңулга кирүүгө аракет кылып жатышкан чагы.
- Уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү боюнча мыйзам долбоору жазылган эле?
- Туура, биз уюшкан кылмыштуулукка каршы чара көрүү боюнча атайын мыйзам даярдаганбыз. Ал мыйзам долбоорун биз Балтика боюндагы мамлекеттердин иш-тажрыйбаларына карап жазганбыз. Ал тургай ошол мамлекеттерден атайын ушул тармак боюнча өкүл-эксперттер келип, мыйзам долбооруна жардам беришкен. Себеби акыркы 10 жыл аралыгында ал мамлекетерде ошол сыяктуу мыйзам кабы алынып, анын негизинде уюшкан кылмыштуулук топторго каршы кескин чаралар көрүлө баштаган. Мына ошонун негизинде азыр Балтика мамлекеттеринде криминал деген чөйрө жок болуп, бул түшүнүктү элдер эстеринен чыгарып баратышат. Европа менен Азиянын байланышытырып, ири соода коридоруна айланган бул мамлекеттер ошол кадамы менен өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыздай алган. Биз дагы ошол практикага таянып, 2 - 3 ай дегенде мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна жибергенбиз. Талкууда ал токтоосуз кабыл алынып, президенттке сунушталган. Анан маселенин баары ошо жерден ойрон болду. Президент мыйзамга кол коюудан коркуп, вето коюп кайра жиберди. Демек, бул жерде ошо Президент жана анын жакындары криминалдар менен өнөктөш болгондугун оңой эле байкасак болот. Азыр ошол мыйзамды ИИМдин министри Кубат Калбековичке кайра сунуштадык. Ал азыр карап, кеп - кеңеш кылууда. Буюрса, президентке жиберилет. Эгер ал мыйзам кабыл алынса, анда уюшкан кылмыштуулук жакынкы аралыкта эле эки эселеп кыскарып, көрүнгөндүн артынан аңдыган криминалдар өздөрүнөн өздөрү жок болушат.
- Мурдагы бийлик өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн баңги заттарга каршы күрөшүү агенттигин атайын жоюп койгон деген кеп бар?
- Эми ал баарыбызга тең эле түшүнүктүү иш болду. Реформа кылабыз деген шылтоо менен ошол эле бийликтин ээлери атайын ал кызматты жаап коюшту дагы, Кыргызстан аркылуу баңги заттын ири партияларын өткөрүп кетишти. Акыркы беш жыл ичинде ошол эле бийликтегилер баңги заттарга да жеке көзөмөлчүлүк кылып келгени маалым. Мен ошо кезде ишсиз жүрсөм дагы опер катары оперативдик маалыматтарды алып жаттым. Элестетип көргүлө, агенттикти жапкан алты айдын ичинде Кыргызстанга КАМАЗдаган баңги заттар кирип, өз жолдору менен сыртка чыгып жатты. Демек, ошол адамдар миллиарддаган кирешелерди арам жол менен таап алышкан. Акырында сезону бүтүп калган маалда кайра ачымыш болуп, элдин көзүн бурмалоо аракетин жасашты. Бирок бул ишти көп эле профессионалдар билип турушту.
Биз болсо азыр баңги заттарын ташуу боюнча катуу чараларды көрүп жатабыз. Уксаңар керек, Ош менен Жалал-Абаддагы чатак учурунда биз канчалаган баңги заттары сакталган жайларды таап, ошол баңги бизнесине кирип кеткендерди кармап алууга жетиштик. Бул боюнча атайын аракеттер дагы улантылат.
- Каржы полициясын дагы акча табуунун бир жолу катары түзүшкөн деп айтсак болобу?
- Мурдагы бийликтегилер ушунчалык ач көз болгондуктан, элдин үстүнөн карап туруп, бир эмес, эки, үч, керек болсо андан да көп жол менен акча өндүрүү схемаларын иштеп чыгышкан. Мурда ИИМдин алдында болуп, ырааттуу иштеп келе жаткан башкармалыкты атайын бөлүп чыгышып, өздөрүнүн ишенимдүү кадрларын коюшкан дагы, акча өндүрүү менен алек болушкан. Алар салыкчылар менен биригип алышып, ар кандай кагаз, документтерди жасашкан да ишкерлерди ар кайсыл мамлекеттик структураларды коркутушуп, "экономикалык кылмыш жасагансыңар" деп эле, коркутуп-үркүтүүгө алышкан. Акча талап кылышкан. Бул боюнча баары эле көрүнүп-билинип турду. Бирок бардык күчтү өздөрүнө топтоп алган бийликкке эч ким эч нерсе дей алган жок да. Азыр болсо ошол полицияны кайра ИИМ өзүнө алып, экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы башкармалык кылып кайра түздүк. Бул жерге азыр чыныгы профессионал, мекенчил, таза кадрларды тартып жатабыз. Мындан кийин ар кандай жол менен мыйзамсыз эле текшерип, суракка алып, акча талап кылгандар болбойт. Тескерисинче, биз ошол башкармалык аркылуу ишкерлер арасындагы ар кандай мыйзамсыз нерселерди жөнгө салып, алардын коопсуздугун камсыздап, ишеничине киребиз деген ишеним бар.

Маектешкен
Тынчтык Алтымышев




Шарипа шайлоого
"Аялдын акылы алтымыш атка жүк" деген кеп бар кыргызда. Анан дагы алтымыш жаштан ары адамдардын акылы бышат деп коёбуз. Бу жагынан алганда атактуу Шарипа Садыбакасова апабыз катуу кетип баратыры. Бир кезекте ат-башылыктарды алдап, Жогорку Кеңешке отурса, экинчи жолу "Алга, Кыргызстан" менен алдыга озуп чыгууга аракет жасаган. Үчүнчүсүндө болсо, албетте, оңой эле, "Ак жол" аркылуу аткаминерге айланып калган. Эми ошол айым алтымыштын ары жагында да Жогорку Кеңештин бир үстөлүн баса жыгылам деп, белин түзөп, өз партиясы менен белсенип туру. Акча менен акылдын күчү ушу-Өмүрбек Суваналиев, Эльмира Ибраимова, Болот Марипов сыяктуу лидерлерди өзүнө тартып алыптыр. Дагы бир кептерге караганда бул жерге 7 партия биригиптир, шайлоо жарыялангыча ачыкка чыгышпайт деп жатышат. Кимдер болду экен, байкап туралы канчага барышаар экен?...


Спикерликти суутуп коюптурбу?
Эмитеден эле ээ-жаа бербей, шайлоонун шапарын тээп баштаган "АтаЖурт" саясий партиясынан дагы бир сипсивежий ушак уктук. Өздөрүнчө эле кажы-кужу болуп, эрдемсип, алдына ала көсөмдүк кылып жатышыптыр, "тигилердин иши бүттү, эл бизге ооду, парламентти алабыз" деп. Ошого оолжуп алганбы, айтор, атажуртчу Садыр Жапаров өзүнүн бир тар чөйрөсүндө мактанып, "Силер келечектеги спикер менен отурасыңар, так что?" деп мактанып ийгенин дагы эшитип жатабыз. Кызык, "кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту" демекчи, шайлоо келелекте спикерликке шашканына жол болсун! Анан да спикерликке отургундай олуттуу иш жасап койгонсуп, Садыр мырзанын күпүлдөгөнү кандай? Айтор, булар анык эле "сарт санаасы менен байыйт" болуп турушкансыйт...