Кара Дуба
Молдонун махабаты
Биздин айылда Жаке деген кыякчы жигит бар. Жаке жаш кезинде тойлордо, туулган күндөрдө, жигиттерибизди аскерге узатуу аземинде, үйлөнүү үлпөттөрүндө кыягын сыздатып, өзү да үнүн кубулжутуп, булбулдай сайрап тойлордун көркүн ачат эле. Тойлордон башы чыкпаган Жаке акыры аракка да берилип кетти, үй-бүлө да күтпөдү. Арадан жылдар өтүп, Жакеден эл тажап, тойлорго ырдатууга чакырбай да калышты. Аракка берилип калган айлакер Жаке, өлүм-житим болгон жерге өз демилгеси менен өкүрүп бергич болуп да иштеп алыптыр. "Эсил кайран энекем, же эсил кайран атакем, бир боорум" - деп, Жаке какап-какап, үнүн келиштирип, мунканып, өкүрүк салып ыйласа, карап тургандын баарынын муундары бошоп, көз жаштарын токтото албай Жакеге кошулуп ыйлашат. Талант деген талант тура, таланттуу адам өлбөйт, кандай болсо да талантынын жардамы менен жанын багат. Жакенин өкүргүч өнөрү айылыбыздын эң кадырлуу карыясы, башкарма атабыз кайтыш болгондо көрүндү. Башкарма атабыз көп жылдар бою биздин колхоздун башкармасы болуп иштеп, колхоздү түптөп, Союз мезгилинде аты алыска угулган атактуу адам болгон. Кудай сүйгөн башкарма атабыз токсон жаштан аша жашап, дүйнөдөн өтөт, аза күтүү аземине алыстан адамдар келип, эл көп чогулат. Ошондо өкүргүч Жаке күнү-түнү уктабай, өкүргүч милдетин аткарып, 200 граммдан улам-улам басып коюп, кейиштүү, муңдуу үнү менен келген элдин бардыгын ыйлатыптыр. Айылдаштарыбыз Жакенин бул кызматына ыраазы болушуп, улам-улам баса куюп бере беришкен экен. Жаш кезинен көпчүлүк топтолгон жерде жүрүп көнүп калган Жаке аза күтүү аземи экенин унутуп коюп, аяк жагында обондорду созуп, ырдап да жибериптир. Ошол жоругунан кийин айылдаштарыбыз Жаке менен кеңешпестен эле өкүргүч кызматынан бошотуп коюшту.
Жумушсуз калган Жаке айылда ары-бери сандалып, ар кимди арак алып бер деп кайырчы болуп жүрүп, акыры акылына келдиби, кудай жалгап, кудай жолуна түшүп беш маал намаз окуп, өз жолун тапкандай болду. Жаратылышынан таланттуу Жаке динди тез эле өздөштүрүп, бат эле айылыбызга имам болуп чыга келди. Ырдаса үнү кубулжуган, өкүрсө өкүрүгү өлө келишкен Жаке куранды да кырааты менен окуп, окуган куранын уккан адамдар да ыраазы болуп, "молдо болсоң ушундай бол, Жаке молдо куран окуганда элди уктатып коёт" - деп уламыш кепке айланды. Сакалын коё берип, ак көйнөк, ак дамбал кийип, оозунан келме түшпөй Жаке молдо мурун элди арак алып бер деп тажаткан болсо, азыр элди күнөөгө баттыңар, беш маал намаз окугула, Кудайдын каарына каласыңар деп, артынан кубалап кулак мээлерин жеп тажата баштады. Жакенин мурунку бөтөлкөлөш досторуна Жаке молдо келе жатат десе, кирээрге тешик таппай качып, жашына башташат.
Жаш кезинен үй-бүлө күтпөй бой жүргөн Жаке, үйлөнгөн жаштарга нике кыйып, нике дубасын окуп, үй-бүлө куруп ынтымакта жашап, бекем үй-бүлө куруу жөнүндө кеп-кеңештерин айтып, айылыбызга кызматын аябай эле аткарып жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде айылыбызда бир жигит үйлөнүп, молдо жаштардын никесин кыйсын деп, той ээлери Жаке молдону чакырышат. Жаратылышынан таланттуу Жаке молдо күйөөгө чыгып жаткан кыздын өз эрки, өз көңүлү менен турмушка чыгып жатпаганын байкап калат, эзэли аялзатына жакындап көрбөгөн Жаке молдо жаңы келген келинге ашык болуп калат. Ашыктык азабына кабылган молдоке түн уйкудан калып, ашыктыктын алоолонгон отуна арбалат. Акыры айласын таап, ошол келиндин башын айланттыбы, же бир эбин таптыбы, же чын эле молдоке менен жаңы келиндин ортосунда махабаттын оту жандыбы, айтор ал бизге белгисиз. Жаке молдо жаш келинди алып, айылыбыздан качып кетти, ал экөөнүн кайда качканы эч кимге белгисиз. Ал эми биздин айылда али күнчө имам жок. Мечитибизди кара кулпу кайтарып турат. Махабаттын отуна молдоке да туруштук бере албасына биз катуу ишенип калдык.
Эркингүл
Мен азыр тажрыйбалуу парапсихологмун, жогорку билимдүү психологмун, психология бул өтө татаал, тактыкты талап кылган илим жана жооптуу оор кесип. Ар бир элдин өз психологиясы бар экен, бирок дүйнөдө кыкеңдерден ашкан психолог эл жок окшойт. Мынтип айткан себебимди далилдеп бериш үчүн тээ балалык алыскы күндөрдөгү бир окуяны айтып берейин. Менин бала кезим алыскы Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында өттү, биз бала кезде, биз менен бирге ат кылып чыбык минип, айылдын чаңдуу көчөсүн чаңдатып, чүкө ойноп, эшек минип эртеден-кечке жаны тынбаган айылдын балдарынын бири болгон Эки деген бала бар эле. Толук аты Эркинбек болсо керек. Эмне себептен ата-энеси Эки деп эркелетип койгонун биз кийин гана түшүндүк. Көрсө, чын аты Эркингүл экен. Эркинбегибиз эркек эмес эле Эркингүл деген кыз экен. Эки, бала кезинде ашатып сөгүнсө астына адам чыгарбайт, кызыл чеке болуп мушташканга да кыйын, качан гана Эки бойго жетип көкүрөгүндө алмалары чоңоюп арабызга кошулуп жүрө албай калгандан кийин мектепке биринчи ирет окуучу кыздар кийген форма фартук кийип келди. Бизден алыстап кыздарга кошулуп, кыз болуп калды. Мына кызык, кыргыздын ырым-жырымы. Көрсө, Эркингүл жети-сегиз кыздын эң кичүүсү экен. Ата-энеси ырымдап, артынан эркек бала келсин деп, Экини эркекче кийинтип, сен эркексин деп эркек кылып салышыптыр. Айылдын тентек балдары биз, каз катар тизилип, даарат ушатсак, Эки бизди карап тура берет эле, ушул гана жерден Эки толук эркек боло албай калды, Экини эркек кылып салган ата-энесинин күчтүү психологдор экенине азыр абдан таң калам. Адамдын жан дүйнөсү канчалык татаал экенин изилдеп жүргөн мага, аял затынын, эненин жан дүйнөсү кандай назик, кандай татаал экенин жакшы белгилүү. Эркингүл кандай аял, кандай эне болду экен.
Мен азыр абдан таң калам, таланттуу психолог эл болгонубузданбы, бири - бирибиздин психологиябызга же аң-сезимибизге катуу таасир беребиз. Кыргызда, азыркы учурда эмне көп, көзү ачык көп. Ар бир үчүнчү киши көзү ачык. Ар бир экинчи киши касиеттүү. Сени баланча дубалап салыптыр, ошону үчүн ишиң жүрбөй бактысыз болуп жүрөсүң деп диагноз коюлбаган адам азайды. Биздин жан дүйнөбүзгө, нукура кыргыздын аң сезимине туура келбеген диний агымдар толуп кетти, бир үй-бүлөдө эки бир тууган болсо бири мусулман, бири баптист, атасы атеист. Мунун баары аз келгенсип, эми ар кандай саясий партияларга бөлүнө баштадык. Бул Кара Дуба. Биздин эл өз башатына кайтып келмейин, коомубузда баш айланткан адашуу көп болот. Мунун акыры улутубуздун жок болушуна алып келет. Биздин башат, биздин нукура энергиябыз - Манастын энергиясы.
Эр Төштүк
Мен кыргызмын, уруум кыпчак, түпкү бабаларым Эр Төштүк. Эр Төштүк Манастын кырк чоросунун бири, кырк чоро кайыптан бүткөн кырк сырдуу энергия, кырк чоронун ичинен Эр Төштүктүн өзүнчө өзгөчө энергетикалык орду бар. Эр Төштүк жети жыл жердин астында болуп, жин перилер, дөө-машаяктар менен кармашып жеңип чыккан Манастын сырдуу баатыры. Мындан он беш жыл мурун чексиз касиеттүү күчкө ээ болдум, ал күчтү мен толук түшүнө албай, же ал күч менен толук айкалышып, чырмалышып кете албай өзүмдөн өзүм коркуп, чыныгы жүзүмдү элден жашырып башка бир адам болуп кубулуп, ыймандай сырымды ичиме каттым. Эмне ойлосом ойлогон оюм ойлогондой ишке ашып, эмне кааласам каалаганым каалагандай орундалып эбегейсиз чексиз күчкө ээ болдум. Өзүм менен өзүмдүн келишпестигим дал ушул эбегейсиз күчтүн түрткүсү менен келип чыкты, мындай болушу мүмкүн эмес. Жеке адам мындай күчкө ээ болсо, аркасы эмне менен бүтөөрүн мен толук билбейт элем. Мындай табышмактын жандырмагын белгилүү Вольф Мессинг да жандыра алган эмес экен, ал өзүнүн касиеттүү күчүн кандай себептен, эмнеден тураарын изилдеп тапканга аракет кылган, бирок жооп ала алган эмес. Вольф Мессингден айырмаланып, мен өз касиет-күчүмдүн табышмактуу жандырмагын таптым, менин касиеттүү-күчүмдүн табышмагы - Манастын энергиясы.
Манас бабабыздын айкөлдүгүндөй жан дүйнөмдө айкөлдүк болбосо, анда бул касиеттүү энергияны мен туура эмес пайдаланып алышым мүмкүн эле. Жан дүйнөсүндө айкөлдүгү бар адам Манастын энергиясын алып жүргөнгө акысы бар. Ичи тар, ач көз, майдачыл, кечиримсиз адамда айкөлдүк эч качан болбойт. Канчалаган оорулуу адамдарды айыктырдым, өз касиетимдин кереметин көрсөтүп, нечендеген адамдарды таңгалдырдым, мен киммин?дарыгер табыпмынбы, касиеттүү көзү ачыкмынбы, же олуямынбы? Ушул суроолорду өзүмө өзүм берип, он жылдан ашык убактымды короттум. Бул суроолорго азыр мен так жана чечкиндүү жооп бере алам, мен киммин? Мен Манастын тукуму, Манастын энергиясын жандандырып кыймылга киргизген касиетке ээ болгон Эр Төштүк бабамдын бир үзүмү боломун. Манасты, Эр Төштүктү жомок деп биздин аң-сезимге душмандарыбыз Кара Дуба киргизишип, нукура касиетибизден алыстатып салышкан. Манастын эли Кара Дубадан арылып, Манастын таза-тунук энергиясына чырмалышканда биздин элдин тилеги ишке ашат. Биздин элдин тилеги бейкутчулук, балдарыбыздын бактылуу келечеги, өнүгүп гүлдөп-өскөн Мекенибиз, таза-зирек урпактар. Ушундай максат тилекке жетиш үчүн биздин элге ынтымак, биримдик, улутчулдук, мекенчилдик керек. Ал эми биздин максатты толук ишке ашырыш үчүн Кара Дубадан арылып, Манастын энергиясын кыймылга киргизишибиз керек. Алтай-Ата-Тоо Манас жүрүшү, биз кылган көптөгөн аракеттердин бири. Биздин эл, же Манастын эли чексиз касиетке ээ, мен ага кепил болуп бере алам.
(Уландысы бар)
Мелис Карыбеков Асан теги,
Түгөлбай ата сыйлыгынын лауреаты