Күздүн кыркынчы көз ирмеми…

Партияларды байкап көрүп…
(Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн казык ташы: бир толгоо, бир төлгө жана тобокел...)

Кыргызстан учурда демократиянын "балалык чагын" жашап жаткан кези... Демократиябыз, демократиялык маданиятыбыз, демократиялык катышуу, шайлоо маданиятыбыз, демократиялык институттар жана жарандык активдүүлүк, шайлоого катышуу маданиятыбыз - жок, жокко эсе! Элин-жерин сүйгөн ар бир патриот жаран добушун жылкы союп, курсагын тойгузганга, коррупционерлерге, ичип-жегичтерге эмес, элге-жерге чындап кызмат кылган уул-кыздарына, таза адамдарга, профессионалдарга, татыктууларга берүүсү керек! Ошондо гана коррупционерлер, жегичтер жоголот, Кыргызстан өнүгөт, кан төккөн революциялар кайталанбайт, энелер ыйлабайт! Бул багытта, кайсыл партияда таза, профессионал, жаш кадрлар көп болсо, ошол партиялар шайлоодон утуштуу чыгышат. Кыргызстандагы партиялар - кечээги, майда, күчсүз! Парламенттик система - бул (теориялык түрдө) күчтүү партияларды негиз алган система. Негизинен, Европадагы парламенттик өлкөлөрдүн тажрыйбасында байкалгандай, турмушта (практикада) да дал ушундай: партиялар канчалык күчтүү болсо, өкмөт ошончолук күчтүү болот (мүмкүн болушунча тек партиялуу өкмөт). Күчтүү өкмөт - бул конструктивдүү реформаларды жасоо, өнүгүү, стабилдүүлүк! Өкмөттү кураган коалициялык партиялар канчалык көп болсо, өкмөт ошончолук күчсүз, ыдыраган, алсыз, реформаларды жасоодо ошончолук жөндөмсүз болот! Мындай жагдайда өкмөттөр тез-тез алмашып, стабилдүүлүк болбойт, өлкө өнүкпөйт! Ошондуктан шайлоого майда, күчсүз 15-20 партия ат салышпай, мүмкүн болушунча программалары, идеялары жакын партиялар биригип, күчтүү блоктор (бир партиянын негизинде) кургандан кийин гана шайлоого барса (мисалы шайлоого 6-7 партия барса), ошондо гана бул партиялар жеңишке жетишип, өздөрү үчүн гана эмес, өлкө үчүн да пайдалуу болмок! Жалпысынан, Кыргызстандагы партияларды 3-4 классификациялык топто карасак болот:


I. Солчул социал-демократтар:
Жалпы идеялары бир болгон, сол багыттагы, социалдык нуктагы "буржуа" СДПК, "капчыктуу" социалисттик "Ата Мекен", СССРди эңсеген коммунисттер жана башка майда социал-демократиялык партиялар. Бул топтогулардын эң башкы эки лидеринин (Атамбаев, Текебаев) жеке лидерлик амбициялары гана болбосо, булардын бирикпөөсүнө эч кандай негиз жок! Бул биригүүдөн абдан күчтүү өкмөт да чыкмак! Белгилей кетүүчү нерсе, акыркы каргашалуу окуялардан кийин, өлкөбүздүн түштүк аймактарында таптакыр этибары түшүп кеткен "Ата Мекен" партиясы акылман тактикаларды жүргүзбөсө, түштүк округдарда (өзгөчө Ош шаардык округунда) регионалдык босогодо 0,5 пайыз өтмөктө "сагаалап калышы" да мүмкүн. Мындан тышкары бул топко Сэм авасынын "баласы" же батышчы атка конгон, Чоң Казатка жаш "байтал" менен аттанган Байсаловдун (Айкөл Эл) өзүн да кошсо болот.
II. Оңчул либерал-демократтар:
Ошол эле убакта, саясаттын оң багытында жайгашкан, программалары, идеялары жакын либералдык-демократиялык нуктагы партияларды бир топто кароого болот. Булар ары капчыктуу, ары (эски) калдыктуу делген, "жети айлык" болуп заматта туудурулган, "Республика", саясаттагы кечээги "бөлтүрүк", бүгүнкү "карышкыр" "бригаданын" "Ата-Журту", Ала-Тоонун чокусундагы ак мөңгүлөргө окшоп, мөңгүсү гана көрүнүп, калганы көрүнбөгөн (көрүнсө да Сары Өзөн Чүйдө гана көрүнгөн) "Ак шумкар" (Сариев) жана майда-чүйдө опортунист либеро-"чунактар" менен кунактар...
III. Ультра оңчул, улутчул-патриоттор:
Төңкөрүшчү кыймыл БЭКтен майда-чүйдө патриот "партияБЭКтерди" кураган (БЭКназаров), аркасынан жипсиз байланган, тагдырына нааразы болуп, Ак үйдү аңтара салгысы келип "баркталбаган" "Мекен Туусун" көтөргөн Барктабасов, былыткысы чыккан эски калдык жана чалдыктан калган 'Жаңы болбогон Кыргызстан' (Кайыпов), калгандары ЭрК-тер-мерктер (Бакир уулу), Жалал-Абадда "пачагы чыккан" "Эгемендер" (Асанов), "өрдөк жокто чулдук-Каптагай бий" (Улуу боло албаган Биримдик) каптаган токойдон куулуп люстрация "Эркиндигин") издегендер (Тургуналиев), капчыктуу эски лидерлери (Сарпашев) 180 градус бурулуш менен солчул СДПКга "бааланып" кеткен оңчул 'Туранчылдар' (Иманалиев)...
Мындан тышкары саясаттагы орду, социалдык-экономикалык көз караштары, программалары, идеялары оң же сол багытка жакын болуу менен бирге, олуттуу орток өзгөчөлүктөрү болгон партиялар да жок эмес:
IV. Авторитар - бюрократтар:
'Күчкө-күч' дешип, экөө жетпеди деп, үчүнчү "күчтүү" президентти эңсеген, бир лидерге "байлангандар" (лидер-партия): аймактык делген "Ар - намыс" (Кулов), "Бүтүн боло албаган Кыргызстан" (Мадумаров) "бейЭлдик арманы" (Ниязов) жана жаңыдан "коопсуздук" менен көз жарган "чалгынчы" Элдик-Демократиялык Партия (Медетбеков)
VI. Мульти-партиялыктар жана интернационалисттер:
Саясаттын "карышкырларынын" шилекейин куюлтуп ууга ээрчитип, олжонун жытын алалбай, саясаттагы позициясы белгисиз "Кыргыз Жерге" ( "Алга"лай бер, "ак жол дуу" Садыбакасова! ) жебелеп, андан ары жаңы "глас" боло калган "Элдик эмес үнгө" ( Байгуттуев ) аша чабалап, акырында Кыргызстандын канын соргон Максимдин бир ууч жөөттөрүнөбү же Ваня авасынабы, бирок Кыргызстанга кызмат кылаары белгисиз, бей-Шериктеш "Содружествого" (Н - адель - фадьеф?!) барып, жарга такалган супер "мульти" Субаналиев жана мандатты Маскөөдөн издеген ар кандай беймекенчил "эсэнгышник-мекенчилдер"...
Жогорудагы аты аталган бардык партиялар санаалаш партия жана топтор менен күчтүү блокторго бирикпесе, күзүндө өтө турган тарыхый маанидеги "Kөк бөрүдө" "Улак тартыш" болуп кетпей тургандыгы турган иш...


"Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт"-дейт кыргыздар...
Баарыбыздын орток мүдөөбүз - маарага ''кашаң, жаталак, уяң, капшырып жулуу жерде от менен жем жегенден башка эч нерсени билбеген, тиши түшүп, жоону жоогон, ашууга жарабаган, алсыз карт 'айгырлар' менен жайлуу жана жылуу конуштардын күкүгү болгон, дагы эле чала тоют, кунандан чыкма жылкы сөрөй 'качырлар' эмес, чындыгында элге-жерге жарамдуу, кезинде Манас бабабыздын Аккуласындай алып учса, кезегинде албууруп Акбоз аттай зымыраган, бирде Тайторудай таскактаса, бирде Чалкуйруктай жоргологон, кээде Гүлсарыдай чыдамкай жана жанга жакын элге дос, кээде Тайбуурулдай күчтүү жана ашууда алмаштыргыс, көбүн эсе жаш, жакшы тапталып далай жеңиштерге жетишкен профессионал күлүк аттарыбыз менен асыл тукум жорголорубуздун'' чыгышы!
Б. Токоев