Көйгөй
Кийинки мезгилдерде кыргыздар жоголуунун алдында турган улуттардын катарына кирет деген сөздөрдү угуп жүрөбүз. Эч бир кыргыз улутунун жоголушун каалабагандыгы айдан ачык. Кыргыз улуту эч качан жоголбойт. Кыргыздын кылымдар бою өнүккөн, ар кандай жагдайларды элестүү, кооз макал-лакаптары менен так, даана чагылдырган тили бар.

Кыргыздардын орус тилин терең өздөштүрүп, таза сүйлөп, орус тилинде терең ой жүгүртүүгө жетишкендиги кубана турган, колдой турган эле маселе. Кыргыздар башка улуттардын тилин деле билсе, сонун эле болбойбу (англис, немец, француз, испан, кытай ж.б. тилдерди). Бирок көйгөй - кыргыздын өз тилин билбей калгандыгы, билсе да өз тилинде сүйлөбөй калгандыгында болуп жатпайбы. Ушундай болуп калышына кыргыз эли күнөөлүү эмес, мурунку кылымдарда пайда болгон шарт ушуга алып келди.
Союз мезгилинде Фрунзе шаарында жалгыз №5 орто мектеп, Пржевальскиде - 1, Нарында -1 кыргызча билим берүүчү орто мектеп бар эле. Ошто, Жалал-Абадда кыргыз тилинде билим берген бир да мектеп жок эле. Ошондуктан кыргыз тилиндеги көйгөйлөр өсө баштады.
Өмүрбек Текебаевдин жетекчилигинде жаңы Конституциянын долбоору талкуулана баштаганда комиссия мүчөлөрүнүн бирөө да Башкы мыйзам деп айткан жок. "Баш мыйзам" эле дей беришти. Ошентип, БАШ эле болуп калды. Басмаканада БАШ болуп басылып калбаса экен деп, билимдүү, тилди мыкты билген тааныштарыма жолугуп да, телефон менен да чара көргүлө деп кайрылсам: "Биздин тилибизди алышпайт", - деп жооп беришти. Тил албаганы эмнеси? Сөздү туура сүйлөгөнгө бирөөнүн макулдугу керекпи? Ошентип, Баш мыйзам (голова закон), Баш редактор (голова редактор), Баш врач (голова врач), Баш машыктыруучу (голова тренер), Баш катчы, баш салыкчы ж.б. болуп БАШтар көбөйдү.
2010-жылдын 6-августунда Топчубек Тургуналиев телеберүүдө алып баруучунун Урмат Барктабасов жөнүндө суроолоруна: "Барктабасов үч талап койду... Үчүнчү талабы - Барктабасов Баш министр болуш керек экен" - деп жооп берип жатпайбы. Министр да Баш болуп калды.
Союз мезгилинде министр-комиссар, министрлик-комиссариат деп аталчу. 1946-жылдан тартып, премьер-министр деп аталып калды. Премьер деген сөз чет тилде биринчи дегенди эле түшүндүрөт да. Бизде азыр БАШ деп колдонуп жатат.
Кыргыз тилде кээ бир сөздөргө мүчө уланбай жалаң эле уңгу түрүндөгү сөздөрдөн түзүлгөн сүйлөмдөр пайда болду. Көбүнчө ат атоочтун мүчөлөрү колдонулбай жүрөт. Кыргыз тил (кыргыз язык), эне тил (мать язык), кыргыз жер (кыргыз земля), кыргыз тайган (кыргыз тайган (собака), айыл кеңеш (село совет), эл пикир - народ мнения деп колдонулуп жүрөт, мындай көрүнүш көп кездешет.
Таандык атоочтун мүчөсү уланса, кулакка жагымдуу угулуп, түшүнүктүү болуп жатпайбы: Кыргыз тили, эне тили, кыргыз жери, кыргыз тайганы, айыл кеңеши, эл пикири десе туура болот да.
Дагы бир көйгөй- кабыл алынып, колдонулуп жүргөн символикаларыбыз жөнүндө кээ бир жарандарыбыз туунун түсү кызыл болбой, көк болуш керек эле дешти.
Гербде Ак шумкардын канаты туура эмес болуп калыптыр деп эле жатышат. Эң эле көңүлгө жакпаган, туура эмес сөздөр гимнибиз жөнүндө айтылып жүрөт. Гимнди мектеп окуучулары (бала бакчасындагы балдар деле), баарыбыз эле билебиз. Мындай терең маанидеги кыргыз элинин анык жүзүн көрсөткөн гимн мурда болгон эмес. Кээ бир жарандарыбыз "Бейкутчулук" деген сөз туура эмес бул жаман болсо керек). Кыргызча тежик (кераяк, өз билгенин бербеген) деген сөз тажик деген сөздөн чыкса керек, тилин түшүнбөгөндөн чыкса керек. Мунун бейкутчулук, бейкуттук деген кой үстүнө торгой жумурткалаган жыргал заман дегенди түшүндүрөт.
Бейкут заманда тышкы коркунучтар болбойт, бир жактан кол салуу болушу мүмкүн деген болбойт, жаратылыш кырсыктары жөнүндө деле коркунуч болбойт, эл ичинде ынтымак, достук өкүм сүрөт. Бейпилдик айрым үй-бүлөдө болсо да жалпы элде болбойт. Бир айылда бейпилдик болсо башка айылда болбошу мүмкүн.
Маселен, Бакиевдер канчалык бейпил, бейкапар жашашса да, бейкуттук аларда болгон эмес. Бул сөздөр синоним деле эмес, ар биринин мааниси башкача. Бейкапар деп эч нерсени байкагысы келбеген адамды деле айтышат.
Жыйынтыгында, кыргыз тилинин абалы боюнча болгон көйгөйлөрдү азыркы шартта эл өзү чече албайт. Бул маселелерди өкмөт өзү мамлекеттик деңгээлде чечүүнү колго алыш керек. Жанагы кыргыз тилинин өнүгүшүнүн 20 жылдыгын майрамдаган уюм жигердүү иш жүргүзүш керек. Же булар 20 жыл эмгек акыларын алгандыгын эле майрамдады беле. Кыргыз тилиндеги мектептерди көбөйтүү керек. Бала бакчалар кыргыз тилинде иштеши керек. Жамандын коногу билет болбой, конокторубуздан да Кыргыз элин сыйлаганды, кыргыз тилин үйрөнгөндү талап кылышыбыз керек. Балдарынын кыргыз тилин окушу зарыл экендигин түшүнүүгө жеткизүү керек. Башка улуттар, өзгөчө орус улутундагылары саламдашканды билишпейт, же калппы? Дүйнөдө көп улуттар конок улуттардын жашаган өлкөсүнүн тилин билишин талап кылышат. Орус мамлекети орусча билбегендерге: иш жок, өз тилинде сүйлөбөсүн, улуттук кийим кийбесин - деп жатышат, же бул калппы?
Жогоруда айтылган кыргыз тилиндеги каталар калыптанып жатса да, көпчүлүк эл катасыз туптуура эле жазышат, туура сүйлөшөт. Гимнде (кайырмасында):
Алгалай бер, кыргыз эли азаттыктын жолунда, - деп, кыргыз эл дебей ырдалышы керек.
Ука Идрисова,
эл агартуунун отличниги,
эмгектин ардагери




Ош борбор боло албайт

Эмне үчүн? Биринчиден, Ош тарап коогалаңдуу болуп келе жатса, 1990-жылдагы июнь айында болгон кыргыз-өзбек жаңжалынан калган кусмат быйыл дагы 2010-жылдын так ушул июнь айында кайталанып, ошол эле элдин айыгышкан кандуу кыргынынан жүздөгөн кырчын өмүрлөр кыйылып, миңдеген турак-жайлар, баалуу курулуштар өрттөлүп жок болуп, бул аймакта тынчсыздык сакталып турса, жараттары айыгып, өзбек-кыргыздардын бири-бирине болгон, чыныгы ишенимдери жарала элек жатса, али да болсо, тымызын тирешүүлөр турса.

Экинчиден, кулатылган бийликтин чабактары эле кармалып, алардын киттери чет мамлекеттерде жашап жүрүшсө, алардын мындагы куйруктары арабызда ыңгайлуу учурду күтүшүп, жылчыктан шыкаалашып карашып турушса, "жаман айтпай жакшы жок" дегендей, саат-мүнөтү жетилип калса, тып келип гана борборду басып албайт деп ким кепил боло алат? Тополоң учурунда Ош да, Жалал-Абад да колдон-колго өтүп турганын жалпы журт күбө болуп турдук го. Анан кантип борбор боло алат? Ушуларды көрбөй биздин көзүбүз качан сокур болгон. Борборду көчүрүү деген идеянын артында дагы кандай жашыруун сыр жатканын болжолдоого болот. Мамлекеттин борбору деген чек арага жакын жайда эмес, өлкөнүн чок ортосунда конуш алып турушу керек. Ошол үчүн жана да коогалаңдуу болуп келе жаткандыктан Ош шаары борбор боло албайт.
Суу кечпеген жөө жомокторго баш оорутуунун кереги не. Эзелтеден эле Аллаа Таала пенделерине ыроолоп багыштаган борбор калаа Бишкек болгон, болуп турат жана боло берет.
Жыргалдуу калайык калкыбыз, жумурай журтубуз ыйык кыргыз мамлекетибиздин бейкуттукта жашоонун бирден-бир гана жолу Россиялык аскер базасын түштүккө жайгаштыруу бүгүн аба менен суудай зарыл болуп турган убагыбыз. Ушундан кийин гана ички-тышкы душмандар, түрдүү толкундар житип жок болушат.
Апыш Жылкыбаев,
УАМСтын ардагери, Жеңиштин Москвадагы 55-жылдык параддын, Бишкектеги 60-жылдык параддын катышуучусу, Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу.