Канттик эми…

Кардыма эмес,
кадырыма ыйлайм...

7- апрелден кийин айтылуу "Шоро" компаниясынын президенти Эгемберди Табалдиев менен революцияга катышкан "Эл бийлиги үчүн" кыймылынын жаштары биргелешип курман болгон балдардын урматына, "Супра" кафесинде арбактарды эскерип бир жылкы союп, өмүр бою эл сыйынан түшпөй алдыңкы саптарда келе жаткан акындарыбыз С.Эралиев, С.Жусуев жана төбөсү көрүнгөн саясатчылардын жоон тобун Б.Ааматов, А.Салымбеков, Т.Казаков, К.Абылов ж.б. чакырып, куран окуткан эле. Алгач, акындарыбыз С.Эралиев менен С.Жусуев чыгып, бийликтин кетирген кемчиликтерин саймедиреп келип, жаш кеткен уландардын ата-энелерине көңүл айтып эскерип өтүшкөндөн кийин революцияга катышкан жигиттерден бир жаш жигит чыгып революция кантип башталып, кантип Ак үйдүн алдында Бакиевдин канкорлору менен кармашып, жолдошторунун неченинен ажыраганын айтып келип, күйүтүнө чыдабай кетти көрүнөт, же калыстыктан тайган билермандарга көпчүлүк кыргыз элиндей эле ич күптүүсү бар белем, агынан эле жарылып: "Ушул жерде отурган аттуу-баштуу саясатчылар, эл ишенген эргулдар эмнеге 24-мартта курултайга бардыңар?! Баргандан кийин көчүгүңөрдөгү креслону ойлобой, элди ойлоп, Бакиевди бетке тээп, чындыкты айтпайт белеңер! Аксакалдардын аксакал сыягы жок, эми келип алып, андай болсо болмок, мындай болсо болмок дешип, уялбай ушул жерде отурушат. Акыйкаттык, адилеттик деген жок. Аксакалдарды, эл башчыларын да эмне келдиңер, бир кесим эт жегенге келдиңерби? Ошо жерде жаштар өлүп жатканда Бакиевдин алдына барып калыстыгыңарды айтып бир экөөңөр өлсөңөр болмок" - десе болобу.
Эченди көрүп эскирген сакалдууларыбыз да, жагалданып курултайга барган жагалмайларыбыз да, кошомат кылып бийликте жүргөн билермандарыбыз да "Ой бала сен туура айттың, сен натура айттың" деп эч кимиси жооп бере албай эстери эки болуп отуруп калышты. Бул эмне деген сөз да, эмне деген көрүнүш! Качан эле кыргызда бешиктен бели чыга элек жаш бала бир кылым жашайын деп калган карысына кандай күндө болбосун акаарат айтып, өлүп калбайсыңбы демек түгүл алдынан кыя өтө алышчу эле? Андайга кыргыздын даанышман акылгөй карылары өздөрү деле жол беришкен эмес эле да. Эми эмне болдук катыгүн!
Сөз деген сөз экен. Айтылгандан кийин кайта албайт. Же тиги кан күйгөн Ак үйдө жолдошторунан ажырап, бычактын мизинде, кылдын кырында жылаңач төштөрүн окко тосуп, бийликти оппозицияга алып беришип, өздөрү ара чолодо калган революционер жигиттерди шүк дей албай, же эли кырылып, кызыл кыргын болуп жатса, эки ооз калыс сөзүн айта албай бийликти кылчактап караган карыларыбызды күнөөлөй албай осол болдук да калдык. Ырасында, 7синде эсибизди жыйгыча дейли, 8-9 элге кадыр-баркы бар эл башы, журт башылары теледен кайрылуу жасап, калыс сөзүн айтат деп, революцияда жүргөн жигиттер эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли акыйып күтпөдүк беле. Акылга бай, даанышман, турмуштук тажрыйбасы мол, акыйкат, адилет, калыстыкты бек тутат деп ишенген карыларыбыз картайганда калжаңдашып, саясатка аралашып, бийликтин терс иштерин, оң-кемчиликтерин ийгилик катары баалашып, калыстыктан тайып, куучуңдашып курултайда отурушса, угаарыбыз кайсы? Анан калса ажолорубуз ала салдырып улам алдап, жөн да кетпей атып, өлтүрүп, кыйын душманыбызга айланып алышса. Эл ишенген эргулдарыбыз бийликке келсе эле байлык, бийликтен башканы көзү көрбөй, кайра-кайра катын алып, кутурган төөдөй элине карай түкүрүп калса, жаштарыбыз кимге карап оңолот да, кимге карап түзөлөт. "Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартып" туура кылдың деп, жаштарды колдоюн, же өткөндү козгоп, жаратты тырмайын дегеним жок. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат...
Кыргыздын эли байыртадан көчмөн турмуш аркалап, дээринен тарбия таалимдүү башка элдерден өзгөчөлөнгөн салт-санаасы менен эл башкарып, журт башкарып бирде азайып, бирде көбөйүп, эчендеген кылымдарды басып жок болуп кетпей урпактардын алдында өз жоопкерчиликтерин сезип, бир ууч кыргызды сактап келген баатыр кыргыз болсо, бүгүнкү кыргыз нарк насилин, улуттук салт-санаасын курутуп, акылгөй көрөгөчтүгүн мокотуп, ар-намысын жоготуп,аксакалы жайкалган карылары десе ойго салган башчылары эл кадырына жете албай, келечек муунду кой, эртеңки күнгө жооп бере албай турат. Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм дегендей, улуу муундарыбыз жөнүндө сөз кылганда кадыр-баркы тоодой, ак сакалы жайкалган, оозунда алтын кеби бар кадырман, куттуу карыларыбыз деп сыймыктанар аксакалдарыбыздын саны азайып, улуубуз урматтан, кичүүбүз ызааттан калып, мажирөө кыргыз болуп баратканыбызга ичим ачышат.
Клара Бектурова




Сиз жок кезде кыргыз элиң муңканат…
Сүрөт карайм, сүйлөшөмүн, жооп күтөм,
Неге мынча телмиресиз, тиктейсиз.
Эмне болду, өзүм дагы бушайман,-
Көптөн бери түшүмө да кирбейсиз.

Алыс жакта жүрдүңүзбү сапарлап,
Күткөн бекен окурмандар катарлап.
Көңүл калып чолосу жок бийликтен,-
Кеттиңизби же болбосо атайлап.

Өткөн бийлик кадыр- баркка жетпеди,
Эсиңизде болсо керек... кектеди.
Рухуңуз тур, маселени чечпеди,-
Эскерме жок, эстелик, жок кечтеди.

Бизде болсо элдик Жеңиш болгондой,
Бакыт кушу элибизге конгондой.
Талкаладык, ойлободук, тонодук,-
Манкуртпузбу сезимибиз ойгонбой.

Жеңилдедик, жеңдик дедик, кубандык,
"Калыс бол"- деп жаңы Өкмөттөн сурандык.
Баягы эле ат минерлер башкарып,-
Жер карадык, жер жүзүнөн уялдык.

Билбейм неге революция жасалды,
Эки-үч күнгө Сыдыковдор камалды.
Өзбектер "бөлүнсөм" деп кыргыздан,-
Маалыматтар ачык-айкын таралды.

Өзүңүз жок, сөзүңүз жок баягы,
Элдештирип, айыктырган жараны.
Бакиевдер, чагым салган күчтөр бар,-
Азыр дагы пайда кылат санааны.

Кайсы жолдо, кандай жолдо барабыз,
Үмүт өчпөйт, үзүлбөйт да - жанабыз.
Партия көп, достор болсо сатышып, -
Кастык менен ажырымдайт арабыз.

Мансапкорлор өз максатын өтөгөн,
Бийлик талаш мурдагыдан күчөгөн.
Согуш болду кинолордон көргөндөй,-
Жан кыйылып, үйлөр күйүп түтөгөн.

Чабыштырып эки элди алдуулар,
Качып кеткен, небак эле камдуулар.
Жашоо кыйын, алдамчылар андан көп,-
Басынтышат жансыздарды жандуулар.

Үчүнчү күч... эки эл кагышып,
Кээ бирөөлөр айры, союл алышып.
Өлүк деген батпай кетти үйүлүп,-
Бир тарабы курал менен атышып.

Адашабы, адашпайбы замана,
Ок жыттанат, кан жыттанат айлана.
Кеч коррупционер дегендер,-
Дале жүрөт баш көтөрүп шаңдана.

Анан кантип Чындык келет заманга,
Жолугушсак ар бир кадам жаманга.
Жыйырма жылда бир багытта боло албай,-
Жаралганбы кыргыз эли арманга!...

Сиз жок кезде кыргыз элиң муңканат,
Жер сатылып, алтын кендер уурдалат.
"Манасыбыз"... ага дагы ээ кылбай,-
Кытай тарап койду окшойт кулпулап.

Баары кетсе Кыргызстанда не калат,
Байлыгына чет элдиктер там салат.
Келечекте бирөөлөргө кул болуп,-
Кыргыздардын маңдайынан тер агат.

Биз ушуга макулбузбу атуулдар,
Токтолсун дейм элдин мүлкүн сатуулар.
Тазаланып Адилетке, Чындыкка,-
Тартип керек- эл көзүнчө атуулар.

Кетиришет маңкурт сымал айланы,
Жазбаптырсыз бекеринен "Тамганы".
Тазаланып арамдыктан арылса,-
Кыргызыңдын түбөлүккө жанганы.

Кыргыз, кыргыз кылымдарды карытаар,
Күбөлөгөн кытай жазуу - тарыхтар.
Сизди окуган, урматтаган, сыйлаган,-
Башчы болсо өлкөбүздү жарыктар.

Сиздин жардам наасат Акыйкаттуу башкаруу,
Эл мүдөөсүн, эл талабын аткаруу.
Бардыгы тең бийлик тарап умтулат,-
Ойлоп койбой сезими жок - апкааруу.

Анан кантип турмушубуз оңолот,
Ыдырап да, мамлекет да жоголот.
Кыргызстанда кыргыз үчүн жашоо жок,
Кыргыз элим кыргыз жерде кордолот.

Башка улут кыргыз тилде сүйлөбөйт,
Мүшкүл түшсө, башын катат үндөбөйт.
Атка минээр, бийлик ээси, билерман,-
Кыргыз элим бөтөн жерде гүлдөбөйт.

Айтматовдун Руху турса жаңырып,
Биз келебиз касиетти жашырып.
Чыга келди кызыкчылык ойлогон,-
Саясатчы Айтматовго жамынып.

Жаңы Өкмөт Сизге көңүл бурушаар,
Эл алдында абийир сактап турушаар.
"Айтматов" деп ураан турса алдында,-
Жаштарыбыз Адил заман курушаар.

Ошол мезгил келээр эртең жарк этип,
Жетишпестер, кемчиликтер бат кетип.
Кубанаарбыз Айтматовдун эли деп,-
Төбөбүз да жылдыздарга так жетип.

Көлүңүзгө, көлүбүзгө мен бардым,
Толкун урат, менден сурайт, сагынат.
Сүрөтүңүз турган экен фойеде,-
Карап турсаң эл көрүүгө агылат.

Кайда элеңиз, кайра бизге келиңиз,
Күтөт Сизди Ардак менен элиңиз.
Жаңы бийлик жаңы жасаар мамиле,-
Баарыбыздын түшүбүзгө кириңиз.
Абдылдажан Акматалиев