КСДПга төрт партия кошулду
Буга чейин ММКлар Исмаил Исаковдун "Азаттык" партиясы Азимбек Бекназаровдун "БЭК" партиясына кошулганын жар салышкан эле. Исмаил Исаков көп өтпөй бул маалыматты четке каккандай болду. Себеп дегенде Исмаил мырза кечээ жакында өзүнүн партиясын Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясына кошту. Ошону менен бирге Исаков партиянын тизмесинде (Атамбаевдин кийинки) экинчи орунга жазылганы айтылууда. Албетте , Исаков мырза түптөлгөнүнө аз гана убакыт болгон партиясынын курамына "БЭКтей" партиядан бешти кошуп алса да, анчалык абройго жетише алмак эмес. Ошондуктан Исаков эң туура кадам таштаганын коомчулук да колдоп турат. Мындан сырткары, КСДПга Каныбек Иманалиев башында турган "Туран", Эмил Каптагаевдин "Улуу биримдик" жана "Асаба" партиясы да кошулганы маалым болду. Учурда дагы, бир катар саясий партиялардын жетекчилери КСДПга кошулуу үчүн Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканы айтылууда. Не демекчибиз, эки революциянын башында турган, 16 жылдык тарыхы бар КСДПнын аброю ылайым ушинтип көтөрүлө берсин!
Ал эми, Өмүрбек Бабанов баштаган "Республика" партиясы да элге белгилүү инсандар менен толукталууда. Тактап айтсак, аталган партияга буга чейин мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген дагы бир саясатчы аыймдарыбыздын бири Роза Акназарова "Республиканын" ардактуу мүчөсү болду.
Чынында азыр жайнаган партиялардын чачыранды болбой, бири-бирине кошулуп, биригүүсү - мезгилдин да, элдин да талабы экенин четке кагууга болбойт!


Кыргыздардан
Аламановдун алалбай жаткан кеги барбы?
Өлкө башчысы Роза Отунбаева Баткендеги "Чоң-Кара-Гүлчө" жана "Түндүк Сох" мунай, газ чыгуучу жайларды Өзбекстандан кайтаруу тууралуу чечим чыгарган эле. Роза айымдын мындай чечкиндүүлүгү коомчулукка майдай жаккан. Тилекке каршы, улут кызыкчылыгын көздөгөн мындай жакшы көрүнүш кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, качан болсо "биздики эмес" деп коңшуларга жер берүүдө астына ат салбаган Саламат Аламанов дагы "биздики эмес" "оорусун" карматып, аталган мунай кендерин кайтарып алуу аракети ал аймактардагы чек ара сызыгын тактоодон көз каранды маанисинде кыйкырып чыкты. Тактап айтканда, бул эргул аталган маселе туурасында: "Ошол аймактагы чек ара сызыгынын өтүшү тактала элек. Ошондуктан андагы жер тилкелеринин кимге таандыктыгы чечиле элек. Бул маселеде чек ара сызыгын тактап алмайынча, иштин чечилиши оор болот" - деп, бул көйгөйдү козгоп кереги жок, өзбектерде эле калсын таризинде көнгөн адатына салып, кыргызга кенедей жакшылыгы жоктугун дагы бир ирээт ашкереледи. Баткендеги аталган жерлердин Кыргызстанга караштуу, талашы жок жер экенин, болгону ал жерге союз маалында мунай, газ чыгаруучу скважиналар курулуп, ал учурдагы Москванын көзөмөлүнүн аркасында Өзбекстанга карап калганын Саламат билип турса да билгиси келбей жатканына кыжырың кайнайт. Деги эле ушул Аламановдун кыргыздардан алалбаган өчү, же кыяматтык кеги барбы, айтор "кыргыздыкы эмес" дегенди өмүрүнүн акырына чейин койбойт өңдүү. Кытайга Үзөңгү-Куушту, казактарга Каркыраны, Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты, тажиктерге Баткендеги Көк-Таш айылындагы стратегиялык мүнөздөгү көпүрө жайгашкан 250 метр жерди кармата берүүгө үлкөн эмгек сиңирген эргулдун буга чейинки жасаган иштерин кылдат текшерип, тиешелүү баасын бербесе, Кыргызстанды дүңү менен сатып жиберүүдөн кайра тартчу түрү жок. Кылмышка шектүүлөрдү үй камагына чыгарган Азимбек Бекназаров Саламат Аламановду жоопкерчиликке тартыш керек маанисинде көп айтчу эле, бийликке келгени эмнегедир үн катпай калды. Сыягы, "бармак басты, көз кысты" болуп кеткен окшойт. Пейил бузулса, арга жок тура…


Курманбек Бакиевге 1600 долларга жылкы сатып берген Курманбек Байтереков
Кечээ күнү Курманбек Бакиевдин эң ишенимдүү кадрларынын бири, Кочкор районунун акимдик кызматын Бакиевден 4 миллион сомго сатып алгандыгын ачык айтып келген Курманбек Байтерековдун Ысык-Көл обласындагы № 54 асыл-тукум жылкы заводунун жетекчисинен 1600 долларга таза кандуу жылкы сатып алып, аны 2006-жылы кышында эң жакшы көргөн "шефи" Курманбек Бакиевге белекке тартуулаганы ачыкка чыкты. Ошол белекке тартууланып кеткен таза кандуу жылкы ошол мезгилден тартып, аталган заводдо ижара төлөө келишими менен багылып келген. Бакиевдин ал жылкысын багууга бери дегенде 150 миң сом сарпталган. Бирок бул акчанын келишим түзгөн тараптан бир тыйыны да төлөнгөн эмес. Бул иш боюнча жетекчинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалагандыгы үчүн кылмыш иши козголду.


Кулак ушаламай
Учурдагы президент Роза Отунбаеванын администрация башчысы Эмил Каптагаевдин акыркы кездердеги ишмердиги тууралуу оголе көп сөздөр тарап жатат. А киши канчалык актанайын дегени менен, негедир чындык башка жакта тургандай таасир бар. Мактанайын десе, анчалык кыйраткан иш жасай элек, болгону кадрлардын чүмбөтүн алмаштырып, экс-мекстерди кызматка тартуу менен чектелип турат. Өзү жөнүндө ар кандай кептерге акыры жаны кашайып баратабы, айтор Эмил мырза азыр Убактылуу Өкмөттүн мурдагы жетекчилерине телефон чалып: "Баланча деген гезит мени шыбап жатат, артында ким турат, тыйып койгулачы" - деп албарстыдай жалынып жатканын дагы угуп жатабыз. Андан да пайда чыкпаганда өзү батыл кадамга барып: "Президенттик администрация башчысы эркин гезиттердин башкы редакторлору менен жолугушуу уюштуруп жатат, жолугуп кеткиле" - деп, жардамчыларын чалдырып жатыптыр. Бирок Эмил Саламатовичтин башкы редакторлор менен "отдельно" жолугушууга чакырганы, "каалаган убагыңарда келсеңер болот" деп ийкемдүү болуп турушунда кандай сыр бар? Айта турган сөзү болсо маалымат жыйынын курбайбы деп ойлоп турган учурубуз...


Кеминдин
акими пара менен кармалды
Өткөн жумада Кемин районунун акими Асанов Бекжан кол алдындагы бир кызматкерге "ордуңда калтырам" деген убада берип, андан 45 миң сом пара алган. Бул иштин чоо-жайын билишкендер, негедир Чүй облусттук ички иштер бөлүмүнө кайрылышпастан, Бишкек шаардык иш башкармалыгына кайрылышкан. Аталган башкармалыктын тергөөчүлөрү учурда "паракор" Асановду суракка алышууда. Эми Асанов мыйзам чегинде жоопко тартылабы, же ишти тергеп аткандардын чөнтөгүн кампайтып бошоп кетеби? Мындай балээ баскан ишти аягына чейин көзөмөлдөп туралы. Болбосо, биздики көндүм адат менен көмүскөдө калып калчу эле.


Кутман курак кут болсун!
Өлкөдө оор кырдаал өкүм сүрүп, мен-мендеген мырзалар мамлекет тизгинин колго алуудан качып, тайсалдап турганда, аял башын эр кылып, коркпой-үркпөй туу кармап, журт башында турган ажо айым Отунбаева Роза Исаковна келе жаткан дүйшөмбү 23-августта 60 жашка толот. Алтымыш жаш кутман курагын Роза айым мурунку ажолор сыяктуу казынадан миллиондогон каражат коротуп ар тараптан эл чакырып, "Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык" кылып дүңгүрөтпөстөн, уул-кызы, бир туугандары менен гана өткөрө турганы маалым болду. Ушунун өзү эл башкарган эр көкүрөк эжебиздин атак-даңкты, курулай кошоматчылыкты жактырбаган жөнөкөйлүгүн айгинелейт эмеспи. Кыйын кырдаалда эл жүгүн моюбай аркалап, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн талбай күрөшүп келаткан ажо айым Роза Отунбаевага болгон элдин ишеничи зор. Мына ошол эл ишенимине, колдоосуна ар дайым ээ болуп, чың ден-соолукта калкыңызга ак кызмат өтөп бар болуңуз. Ары татаал, ары түйшүктүү, жоопкерчилиги күчтүү ишиңизди ийгилик жылоолоп, эл урматында болуңуз. Кутман курагыңыз кут болсун!


Азык-түлүк каатчылыгы болбойт
Кыргызстанда азык-түлүк каатчылыгы болбой турганын биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев каатчылыкка каршы өкмөттүн планын айтып жатып билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт азык-түлүк коопсуздугун сактоо чаралары менен алектенүүдө. Быйыл Кыргызстан Казакстандан адаттагы көлөмдө жана АКШдан 50 миң тонна ун алат. Күзүндө өлкөдө 800 миң тонна буудай жыйналаары күтүлүүдө. Өкмөттүн каатчылыкка каршы планы 90 иш-чарадан туруп, эки баскычта жүргүзүлөт. Анын ичинен азык-түлүк коопсуздугу, өлкө коопсуздугу, энергетика тармагын жакшыртуу, бюджеттеги чыгашаны кыскартуу сыяктуу 54 иш-чара жакынкы убакта ишке ашырылат. Айтылгандар ишке ашабы, жокпу аны мезгил көрсөтөр…