Ош базарды
шаардын четине көчүрүү зарыл…
Борбор шаарыбыздын чок ортосунда жайгашкан Ош базарында иштешкен жүздөй адам Киев менен Бейшеналиева көчөсүндөгү кадам сайын жайгашкан кичи дүкөндөрдүн алынып салынышына нааразы экендигин билдиришип, мурда күнү митингге чыгышты. Алар Ош базарынын айлана-тегерегинде иштөөгө уруксат берүүнү талап кылышкан.
Митингге чыккандар менен шаардын мэри Иса Өмүркулов жолугуп, аларга аталган жерде иштеп турууга бир жылга уруксат берди. А, негизинен, Ош базарынын тегерегин тазалоого Ленин райондук администрациясы санкция берген экен.
Коомчулук көптөн бери Ош базардын тегерегин тазалоо боюнча катуу талаптарды коюп келишкенине карабастан, бул маселе жогорудагыдай чечилип калды. Чынында эле адамдар көр оокаттын айынан, айла жок барууга мажбур болушкан ирети жок башаламан Ош базары качан тазаланат? Керек болсо, Ош базарынын өзүн башка бир жерге, маселен, шаардын чет жагынан атайы жер бөлүп, ошол жерге тез аранын ичинде көчүрүү кажет. Болбосо, ансыз да көркү кетип турган шаарыбыздын чок ортосунда Ош базарынын жайгашуусу өтө эле ылайыксыз.

Байболов мырза,
журналисттердин патриоттуулугуна шек келтирип…
ИИМди жетектеп жаткан Байболов мырза, "Учур" гезитине эки бет интервью берип, сөз арасында журналисттердин огородуна таш ыргытты. Маселен, "Силер менден өткөн патриот боло албайсыңар, менин өмүр баянымды карап көрбөйсүңөрбү,"-деп өзүн Ата-Журттун абдан өткүр патриоту катары көргөзүп, журналисттерди четке сүрө бериптир. Мейли, Кубат мырза ылайым эле патриот болсун дейличи, бирок патриот болсо да, журналисттердин огородуна таш ыргытпай эле, патриот боло берсе… Болбосо, эл деле билет да, кимдин канчалык деңгээлде патриот экенин…

Намыстуу партия деген ким?
КРдин шайлоо Кодексине ылайык, үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин эч бир партия өз үгүт, жарнама иштери менен алектенүүгө акысы жок. Бирок өздөрүн мыйзамдын атасындай сезип, акчасынын көптүгү менен ал ченемдерди чемичке чаккандай көрбөгөндөр көбөйдү. Алсак, айрым радиолордон "60 күндөн кийин эмне болот? Шайлоо болот, балам. Биз намыстуу элбиз, намыстуу партияга добуш беребиз" сыягында жарнама кулактын кужурун алууда. Сыртынан билинбеген ал жарнама "Ар-Намыс" партиясыныкы экендигинен эч ким деле шекшибейт.
Анан калса, коомчулукта бир шыбыр жел менен кошо тарап жатат. Ошол "Ар-намыс" партиясынын катарын жалаң эле "Ак жолдун" акчалуу депутаттары толуктап, ачык эле алдыдагы жарышта акча менен добуш сатып алуу генпланы иштелип чыккан имиш. Тар чөйрөнүн ушул багытта стратегиялык багыттары аныкталып, "Азырынча биздей акчалуу партия жок, кам санабагыла, адам башына бир уучтан акча карматабыз" дегендей сөздөрү кимдир бирөөсүнүн оозу аркылуу сыртка чыгып кетти дешет. "Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, чындап эле ары да, намысы да тебеленген эргулдар акчадан кайык жасап, чоң саясаттын дайрасына кирүүгө белсенип турушкандай... Бирок акча менен алдоо афёрасы алдыдагы жарышта аброй алып келбесин унутушпаса...
Айтмакчы, өткөн сандарыбызда "Куловдун Барктабасого тиешеси барбы?" деген куш тилиндей кабар жазган элек. Ал кабарды Кулов мырза окуп алып, "бул маалымат жалган"-деп так секириптир. Көрсө, чын эле жалган окшобойбу, ылайым эле ошондой болсун дейли.


Зарылбек Рысалиев,
ИИМдин Бишкек шаардык иш башкармалыгынын жетекчиси:
"Элдик генерал кылып, каалаган акчаңды берем" - деген…

- Зарылбек мырза, сиздин баамыңызда учурда борбор шаарыбызда кырдаал кандай абалда?
- Азыр кырдаал өтө туруктуу деп айтууга толук негиз жок. Мына, учурда БУУнун алдында бир нече адам, Жогорку Кеңештин алдында Турсунбек Акундун жумуштан кетишин талап кылган топ адамдар да пикетке чыгышууда. Коомчулук 15, 20 жылдан бери чечилбей чогулуп калган бир топ көйгөйлөрдү ушундай өткөөл мезгилден пайдаланып, тез аранын ичинде чечип калгысы келип жатат. Бирок бул маселе, тилекке каршы, алар ойлогондой тез аранын ичинде чечиле калбайт. Бир топ убакыт талап кылынат. Мындан сырткары азыр такталбаган ар кандай ушак-айыңдар элдин тынчын алып атканын айтышыбыз керек. Мисалы: "тиги адам келсе, мындай өзгөрүү болот экен, муну кылат экен, тигини кылат экен" - деген сөздөр элдин психологиясына ойноп жатканын жашырууга болбойт. Ошондой ушак-айыңга шерденип, элдин тынчын алып жаткан адамдар азыр арбын. Буга өткөндөгү Барктабасовдун окуясы жакшы мисал болуп берди.
- Сиз ал окуяны басууга башчылык кылып жүрбөдүңүзбү, окуяга учкай токтоло кетсеңиз?
- Бул окуяга Балыкчы тараптан 1500 адамдай чыкса, Бишкектен 700дөй адам көтөрүлгөн. Тартипти сактоого Балыкчы тарапка 450 милиция жөнөтүлсө, Бишкекте 1000ге чукул милиция кызматкери тартылды. Негизинен, Барктабасовдун минтип элди көтөрүп чыгууга моралдык укугу жок эле. Себеп дегенде бул кишинин үстүнөн бир эле эмес, бир нече кылмыш иши козголгон болчу. Бирок убагында сот тармагынын шаалакылыгынан уламбы, айтор ал адам жоопко тартылбай келди. Анан ушундай "кылмышкер" адам мамлекеттик деңгээлдеги өтө маанилүү талаптарды коюшу акылга сыйбас иш экени ар бир адамга түшүнүктүү. Өзүнүн: "Мени өкмөт башчы кылгыла, мага козголгон кылмыш иштерди жойгула"-деген талаптарын биринчи Топчубек Тургуналиевге айтты, андан кийин мага жолукканда, ал мени сатып алууга аракет кылып: "Давай, мен тарапка өт, сени элдик генерал кылып, каалаган суммаңдагы акчаңды берем" - деп атпайбы. Мен ага: "Урмат, акылыңа келсең, мындай жол менен эч кандай муратка жетпейсиң, анчалык кыйындыгыңды көрсөткүң келсе, жок дегенде 7- апрелде өлгөн балдарга мал союп, куран окутуп, жок дегенде, бирөөсүнүн ата-энесине там алып берчи"- деп айтсам, айтканынан кайтпай койду. Көгөрүп олтуруп, эмнеге жеткенин баарыбыз көрдүк го.
- Коомчулукта бул опурталдуу ишке, министр Байболов өзү эмне себептерден улам башчылык кылган жок, мурда-кийин мындай окуяларга министрлер өзү баш болуп чыкчу эле деген пикирлер жаралууда. Сиз бул маселени коомчулукка кандайча түшүндүрө аласыз?
- Негизинен, бул өзгөчө жасалган операция болду. Байболов бул операцияны Бишкекте туруп, жалпы жонунан көзөмөлдөп турду. Ал эми биз болсо, министрдин тапшырмасы менен окуя болуп жаткан жерге бардык.
- Жетекчи катары айтсаңыз, кылмыштуулуктун деңгээли кандай болуп жатат, салыштырмалуу түрдө айтып берсеңиз?
- Мисалы, бир сутканын ичинде эң көп катталганы 180, 200гө чейин жетип кетет. Ал эми орточосу 100дүн тегерегинде болот. Бул кылмыштардын ичинен бир сутканын ичинде 10, 15нин бети ачылат.
- Эң көп кайсы багыттагы кылмыштар катталат?
- Эң көбү - бул талап-тоноочулук. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айта кете турчу нерсе, азыр милиция кызматкерлери республикабыздын булуң-бурчунда кез-кези менен болуп жаткан саясий окуяларда тартипти сактоого тартылышып, өздөрүнүн бул жактагы тапшырмаларды аткара албай калып жатышат. Биз милиция кызматкерлеринин 7- апрелден берки саясий окуялардан улам, духу түшүп, чүнчүп кетишет го деп ойлогонбуз. Бул оюбуз, тескерисинче болуп чыкты. Азыр милиция болгусу келген жаштарыбыз көбөйүп, бизге кайрылып жатышат. Бирок биз иштеген тармакта чынында татыктуу кадрлар аз экенин жашырбашыбыз керек. Жашырган менен, эл баарын көрүп, баарын таразалап турат го. Андыктан иштин көзүн билген кадрларды тандоо мезгилдин да, элдин да негизги талабы. Азыр биз элге болушунча ачык иштегенге аракет кылып, бул боюнча бир катар аракеттерди көрүп жатабыз.
- Милициялардын айлык маянасы да аз экени байма-бай айтылып калчу эле. Буга сиздин пикириңиз кандай?
- Маяна маселесин айта турган болсок, чынында эле аз. Азыр биздин кызматкерлер 6 миң сомдон тартып, (жетекчилерге чейин дейли) 12 миң сомго чейин алышат. Албетте, азыркы заманга бул аз. Талапка ылайык эсептей турган болсо, бир офицерге азыркыдай 8 500 сом эмес, 35 миң сом керек. Ал эми "милициялардын айлыгын көбөйттүк, мынча коштук, тигинче коштук" деген кеп болбогон кеп. Себеп дегенде, кайсы министр келсе, айлыкты көбөйтөбүз" - деп, милициялардын санын азайтат. Ишти билсе да, билбесе да реформа кыла баштайт. А чынында, бизге милиция кызматкерлери жетишпейт. Мисалы, бизде бир милиция 100 чакырымга чейинки жерди көзөмөлдөйт. Албетте бул бир милиция үчүн абдан көп. Ошондуктан бул да, ойлоно турган маселе болуп турат.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев