Алмазбек жана акыркы кеп
Алмазбек Атамбаевдин социал-демократтар партиясы алдыдагы парламенттик шайлоодо арбын добуш алаары, башка партияларга караганда марага карай ат чабым алыс барары, азыртан байкалып калгандай. Анткени, аталган партияга аттуу-баштуу алты партиянын кошулганынын өзү эле, жогорудагы божомолубузду жокко чыгарбаса керек. Алайлык генерал Исмаил Исаковдун КСДПнын тизмеси менен шайлоого бара турганы ачыкталгандан кийин, белдүү беш партиянын лидерлери Алмазбек Шаршеновичке кирип чыгышып, бирге бара тургандарын бир ооздон билдиришкен. Мындай биригүү көпчүлүктүн көңүлүн көтөргөнү менен, бара турган башка партиялардын башын шылкыйтып салды. Буга чейин "биринчиликти алабыз" деген сдпкчылар, эми "элүү пайызды алабыз" деп калышты. "Бакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз" демекчи, баягы "барабыз" деген партиялардын көпчүлүгү көчүгүн кысып, алды аткез берип башташыптыр. "Чабал өрдөк эрте учат" дегениң чын окшобойбу. Ошентип, башынан баарын байкап, аргасыз башын чайкап келе жаткан Алмазбек мырза, аягында баарысынын башын катырды.


Отунбаеванын ооматы артып...
Армениянын ордо калаасы Ереванда 20-21-август күндөрү Кыргызстан, Армения, Казакстан, Тажикстан, Орусиянын өлкө башчылары катышкан ЖККУнун бейформал саммити болуп өттү. Түзүлгөндөн бери 4-ирет өтүп жаткан бул саммитке кыргыз президенти Роза Отунбаева алгачкы ирет катышып, Еревандагы эл башчыларынын бул жолугушуусунда Кыргызстандагы кырдаал дагы да болсо көңүл чордонунда болду. Башкы өнөгүбүз аталган Орусия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанга кандай гана жагынан болбосун көмөктөшүүгө даяр экендигин эжекебизге ишенимдүү түрдө айтып, күйүүчү май, эгин-тегинден тышкары көп өлчөмдөгү курал-жарак, ок дары жагынан каралашууга убадасын берди. Мында эки-үч эле ай мурун Кыргызстандын мамлекет катары сакталып калышынан күмөн санап, өлкөбүздүн келечегине Ооганстандын тагдырын салыштырып ийген орус президенти, бүгүн ал оюнан кайтып, күн өткөн сайын бутуна туруп келе жаткан мамлекетибизге ар тараптуу жардамын берүүдөн тышкары, июндагыдай тополоңдор кайталанса Орусия чечкиндүү сөзүн айтаарын кошумчалады.
Айтмакчы, июлдун башында Астанада өткөн Евразестин саммитинде өгөйлөнүп аткан Роза Отунбаевага бул жолу адаттан тыш мамиле жасалды. Орус президенти Дмитрий Медведевдин сунушу менен ЖККУ төрагасы Бордюжадан кийин эле эң алгачкы сөздү Роза эжекебиз алды. Анча байкалбаганы менен кыргыз президентине жасалган мындай мамиле эски мекендештерибиздин Кыргызстанга ою түз экендигин ачыктап койду.



Алиев, партия, шайлоо...
Акыркы кездерде "Россия бир ФСБшникти даярдап жатыптыр, Кыргызстанга президент кылат экен" деген кептерге бышыкулак болуп, көнүп деле калганбыз. Ал арада Россияда аскер кызматчысы болгон Бахтияр Алиев деген кыргызстандык атуулдун бар экендигин, бирок ал мындан үч жыл мурун эле кызматтан алынгандыгын да ММКлар шардана кылышкан. Эми парламенттик шайлоо жакындаганы ошол каңшаар кайрадан козголуп чыкты. Саясатташкан элдердин айтымында, ушу тапта дагы бир Алиев Кубан аттуу кыргыз жигит Россия тарабынан жиберилип, кайсы бир капчыктуу партиянын шайлоо штабында күжүлдөп иштеп жатыптыр. Ал тургай "кыргызчаны суу кошпой сүйлөп, көзү менен он кишини бирдей тиктеген ФСБшник жигит бир катар шайлоонун жаңы ыкмаларын чийип отурганын" көргөндөр көп экенин да эшитип жатабыз. Деги бул табышмактын жандырмагы качан ачыкка чыгып, "ачыла элек сандыктагы, көрүлө элек Алиевди" качан көрүп калаар экенбиз?..


Фаттаховдун жандимилиги…
Ош, Жалал-Абадда болуп өткөн кандуу окуяны иликтеген Улуттук комиссиянын мүчөсү Бахтияр Фаттахов аталган комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин "өзбек тектүү лидерлер калабанын башында турган" деп айтканы жалпы комиссиянын чечими катары кароого болбойт деп эсептерин белгилеп, өзбек лидерлери экс-депутаттар Кадыржан Батыровдун, Иномжан Абдрасуловдун жана Жалалиддин Салахуддиновдун катыштыгы болгонун "Мен өзүм уккан жокмун. Бирок ошондой болду деп айтышты" - деп, эки ача сүйлөп, ага карабай калабаны өзбектер баштаган эмес дегенди таңуулагысы келгенин көрүп, "иттен падыша койсоң да иттигин койбойт тура" дейсиң. Өлүмүш болгон Фаттаховдун аты аталган өзбек лидеринин үйүнөн курал чыгып, чагымчылык иштерди жүргүзгөнү туурасында массалык маалымат каражаттары байма-бай көрсөтүп, жарыялап келгенин "көрбөй-укпай" калганы анын Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана Жалалиддин Салахуддиновдон да ашып түшкөн, "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койчу" накта жандими экенин тастыктады десек жарашат. Анан ушундай адамды Улуттук комиссиянын катарына кошуштун кажети жок эле. Анткени "койдун терисин жамынган карышкырга, кой кайтартып" жаткандай болуп жатабыз. Ошондуктан Фаттаховго окшогон шылуундарды Улуттук комиссиянын катарына киргизмек түгүл, караанын көрсөтпөш керек болчу. Себеби булар "хоп, майли" деп коюшуп эле сыр алдырбай, жогорудагыдай кылып "жибек менен мууздай" беришет.


ЖККУ кагаз жүзүндөгү уюмбу?..
20-августта ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Ереванда өткөн бейформал саммитинде Кыргызстандагы кырдаал негизги маселе катары талкууланып, жыйында Кыргызстанга атайын аскердик техникадан жана гуманитардык жардам көрсөтүү чечими дагы бир ирет колдоого ээ болду. Бирок мындай чечимдердин ишке ашышы күмөн дешет айрым эксперттер. Саясий серепчи Орозбек Молдалиев бул туурасында Жамааттык коопсуздук келишим уюму постсоветтик өлкөлөрдүн арасында түзүлгөн уюмдардын ичинен таасирдүүсү болгонуна карабастан кагаз жүзүндө калган уюмдун деңгээлинен көтөрүлө албай жатканын билдирди. Мунун бир себеби катары июнь окуяларынан кийин Кыргызстанга бериле турган аскердик техникалар алигиче келе электиги менен түшүндүрдү. Ошондон улам Ереванда өткөн саммитте кабыл алган чечимдердин аткарылышы күмөн туудурарын белгилейт.



Ошентсек гана...
Россиянын белгилүү көзү ачыктарынын бири Кыргызстандын келечегине үңүлүп, бир катар жакшы маалыматтарды тараткандыгы тууралуу кептер арбыды. Аты-жөнү ким экендиги такталбаган ал көрөгөчтүн айтымында, алдыдагы 15 жылдын ичинде Кыргызстанда түз сызык эмес тик сызык боюнча экономикалык өнүгүү болуп, саясий-социалдык жактан катуу күчтөнөт экенбиз. Ошондой эле ошол 15 жылдын аралыгында Кыргызстан коңшу мамлекеттерге өтүп кеткен тарыхый жерлерин кайра алууга талап коёт имиш. Ылайым ошондой болсо гана... Балким, ынтымак менен тартипти, улуттук сезимди күчөтүп, жеп-ичкендерди желкелеп турсак, андай жашоого жетишибиз толук мүмкүн болуп жүрбөсүн?!


Барктабасов кайда?
Өткөндөгү жоболоңдуу жоруктары менен мурдагыдан да "аты" чыгып, УКМКнын абагына камалган Урмат Барктабасов тууралуу жаңы ушак тарады. Чын-бышыгы белгисиз бул кептерге караганда, Барктабасов ушу тапта абакта жок имиш. Ал учурдагы бийликтегилерге жигитче сөз берип, мындан ары амбицияга алдырбай, акылы менен иш кылаарын, парламенттик да, президенттик да шайлоолорго да катышпасын айтып, өкмөттүн шайлоо кампаниясын каржылоосуна каражат берүүнү сунуштап жатканын айтып жатышат. Ошондой эле ал, парламенттик шайлоодон кийин Ысык-Көл облусуна губернатор болууну суранып, "беш жыл ичинде Ысык-Көлдү Евразиядагы №1 туристтик аймакка айландырам" убадасын берүүдө дешет. Бул кептин чын-бышыгын тиешелүү органдар тактап беришээр...


Оторбаевдин ойлогону эмне
Кандай жетекчи келсе да кара жашик аталган УТРКнын багы ачылбас болду. Революция болгон сайын коомдук телеканалга айлантуу тууралуу сөз болот, же анысы ишке ашпайт. Эң кур дегенде кара жашик деген илдеттен арылбайт. Канчалаган жетекчилер реформа жасайбыз дешти, бүгүнкү күнгө дейре эч жылыш жок. Төңкөрүштүн шарапаты менен УТРКнын жетекчиси болуп дайындалган Кубат Оторбаев деле көзгө көрүнөрлүк реформа жасоого кудурети жетпей, нымтырайт. Реформасы курусун, ал түгүл КТРдин тарыхында болбогон көрүнүш дал ушул кыйын деген Оторбаевдин учурунда орун алып, "Ала-Тоо" маалымат программасы эфирге чыкпай калган учур болду. Анысы ал, эми болсо теле берүүдөн чыккан саясий лидерлерге өң-тааныштык менен мамиле жасап, көңүлүнө туура келбеген саясатчылардын айткандарын кестиртип салып, сурагандарга биздин көз карашыбызга туура келбей калды кыязында жооп кайтарат экен. Сөз эркиндигин кастарлаган Кубат мырзанын акылга сыйбаган мындай жоругун угуп, жакабызды кармадык. Сыягы "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" дегенден Оторбаев деле куру эмес көрүнөт. Минте берсе кулачы узарбайт го...