Сыр маек…

Дамира Ниязалиева,
экс-министр:
"Алмаз Атамбаевди улут лидери катары эсептейм"
"Кыргызстан эркин өлкө болгондон кийин, тышкы саясатты да так ошондой жүргүзүшүбүз керек. Башка мамлекеттердин бизге болгон сунуштары, кеңештери мамлекетибиздин, улутубуздун кызыкчылыгына төп келгендей саясат жүргүзүшүбүз абзел. Кайсы бир мамлекеттин эле айткандарына, талаптарына макул боло бербестен, улуттук кызыкчылыкты карманып..."


- Мамлекетибиз жаңы системага кадам таштап жатат, өлкөбүздү алга сүрөп, элибиздин жашоо-турмушун оңдоочу улуттук лидер катары кимди айта аласыз?
- Өлкөбүздө партиялык система өкүм сүрүп жаткандыктан, ар бир партиянын лидерлери бар. Бирок баарысын улуттук лидер катары кароо жарабайт. Албетте, улуттук лидер - кемчилиги жок, телегейи тегиз болбойт. Адам болгондон кийин мыкты да, начар да сапаттар болот. Ошондой болсо да эл ишеним арткан, урматтаган инсандар ар дайым болгон, болуп келет. Ошондуктан азыркы тапта улуттук лидер катары мен Алмаз Атамбаевди айтар элем.
Биринчиден, Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин элге каршы жүргүзгөн саясатына каршы туруп, элдин таламын талашып, эки бийликтин тең коркутуп-үркүтүүлөрүнөн майтарылбай, өз күчүнө, тазалыгына ишенип, ар дайым чындык үчүн күрөшүп келди. Ооруп турганына жана бийликтин кысымы өтө зор болгонуна карабастан "өлсөм да элим үчүн өлөйүн" деп, өмүрүн тобокелге салып, кыйналганына карабай, кыргыз элинин, Кыргыз мамлекетинин жаркын жашоосу үчүн күрөшкөнүн токтоткон жок. Революцияны да Алмаз Атамбаев башында турган биздин партия менен БЭК, жалпы эл жасады. Ушул кишинин деми, күчү менен элдик бийлик орноду деп айтсак болот. Революциядан кийин бийликке келгенде да каражат маселесинин тегерегинде жаманатты сөздөр жүрүп, Алмаз Шаршенович коомчулукка маалымат жыйын өткөрүп, эл үчүн иштеген тазалыгын далилдеди.
Экинчиден, Алмаз Атамбаев экономист, өндүрүшчү катары Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү чоң.
Үчүнчүдөн, түз сүйлөгөн, адилеттикти туу туткан, калкка карамдуу адамгерчиликтүү жөнөкөй инсан. Ошондуктан мен Алмаз Шаршеновичти улут лидери катары эсептейм. Мекенибиз эң оор абалда турганда Алмаз Шаршенович өлкөнү жетектеп, мамлекетибиздеги экономикалык жана саясий курч кырдаалдан чыгарганга тажрыйбасы, эрки да жетет. Бакиевдин тушунда экономиканы оңдойм деп премьер-министрликке барып, бюджетти мурда-кийин болуп көрбөгөн "профицит" менен чыгарган.
- Учурда Кыргызстан тууралуу ар түрдүү көз караштар айтылууда. Биз тышкы саясатыбызды кандай өңүттө жүргүзүшүбүз зарыл?
- Кыргызстан эркин өлкө болгондон кийин, тышкы саясатты да так ошондой жүргүзүшүбүз керек. Башка мамлекеттердин бизге болгон сунуштары, кеңештери мамлекетибиздин, улутубуздун кызыкчылыгына төп келгендей саясат жүргүзүшүбүз абзел. Кайсы бир мамлекеттин эле айткандарына, талаптарына макул боло бербестен, улуттук кызыкчылыкты карманып, мамлекетибиздин пайдасына карап иш жүргүзүүнү милдетибиз катары туу тутушубуз зарыл.
- Ири державалардын кысымы менен улут кызыкчылыгына каршы келген чечимдер кабыл алынган учурлар орун алып келе жатканы туурасындагы сөздөргө кошуласызбы?
- Албетте, мурунку бийликте ошондой учурлар болгондур. Бирок азыр андай көрүнүштөр кайталанбайт деп ишенем. Анткени жасалган ишке жооп берчү мезгил эртедир-кечтир келерине баарыбыз күбө болуп жатпайбызбы. Учурда Роза Исаковна өтө чоң жоопкерчиликти аркалап жатканын жакшы билебиз. Ошондуктан ар бир ишти миң ойлонуп, толгонуп, таразалап жүргүзүп жатат деп ойлойм. Бир жагынан президенттин туура багытта саясат жүргүзүшү үчүн кеңешчилери, командасы жүз пайыз иштин көзүн билген, саясий, экономикалык, аскердик жактан болобу, ар тараптуу жөндөмгө ээ болушу кажет. Ошондо гана туура багытта саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кеңири болот. Эл да туура кабыл алат.
- Роза Исаковнанын кеңешчилери сиз айтып жаткандай сапаттарга ээ деп ойлойсузбу?
- Жүз пайызга талапка жооп берет деп айтуу кыйын. Анткени алардын ар биринин жогорку деңгээлдеги адис экенин жана жүргүзгөн иштеринин үзүрүн эл өзү таразалап, баа берет.
- Эл аралык полиция күчтөрүнүн өлкөбүзгө киришине карата көз карашыңыз кандай?
- Ырас, бул маселе туурасында элдерде бир түрдүү көз караштар бар. Биз сырткы күчтөрдүн жардамысыз эле, бардык иштерди өзүбүз чечебиз деген куру намыстык орун алып жатат. Менин жеке пикиримде полициялардын кириши туура эле. Анткени алардын жетишкендиктери, тажрыйбасы чоң. Эмнеге биз алардан үйрөнбөшүбүз керек? Анан дагы бир айта кетчү жагдай, келген полициялар эч кандай чечим кабыл албайт. Чечимди биздин жетекчилер кабыл алышат. Эң негизгиси алар биздеги көйгөйдү өз көздөрү менен көрүп, балким, гумжардам, каржы жаатында дагы да жардам берүүгө кеңири жол ачылмак.
- Бүгүнкү күндө бийликке нааразы болгон кимдерди оппозиция деп эсептейсиз?
- Жаңы системага кадам таштап жаткан соң, албетте, кемчиликтер болот. Анан ошол кемчиликти конкреттүү түрдө көрсөтүп, сунуштарын айткандарды оппозиция деп эсептейм. Баарына - эл тараза. Эл кандай чечим кабыл алса ошондой болот. Анан жөндөн-жөн эле азыркы бийликке, бийликти бизден алып алды деген ич күптүүлүк кылып, тиш кайраган туура эмес. Мындайларды оппозиция дегенге болбойт.
- Алдыда шайлоо өнөктүгү турат. Кандайдыр чыр-чатактар болуп кетет деген кооптонуу жокпу?
- Чынында, азыр биринчи кезекте элибизге тынчтык керек. Шайлоого катышчу партиялардын негизги максаты элдин тынчтыгы, мамлекеттин бейпилдиги болсо, эч кандай деле ызы-чуу чыкпайт. Утулган партиялар утулганын моюнга алып, жеңилгенин татыктуу көтөрө билиши кажет. Эгерде утулуп калганына чычалап, жеке кызыкчылыктары үчүн элди козутуп көчөгө алып чыгышса, анда жигитчиликке жатпайт. Ким утса, ким утулса да атаандашын сыйлаш керек.
- Маегибиздин багытын өзгөртсөк, сиз өзүңүздүн кемчилигиңизди билесизби?
- Эмоцияналдуулугум өзүмө жакпайт. Анткени саясатчы болгондон кийин сабырдуу болуш керек. Мен дароо ачууланам, бирок бат эле тарап кетет. Кекчил да эмесмин. Таарынсам тез жазылам. Бирөөлөрдүн айтылган сынын туура кабыл алып, өзүмдүн жаңылыштыгымды мойнума алып, туура жыйынтык чыгарганга аракет жасайм.
- Буга чейин кандай иштерди, ийгиликтерди жарата алдыңыз?
- Башынан эле Жогорку Кеңеште иштеп жүргөндөн тарта социалдык маселелерди чечүүгө аракет жасап келем. Менин негизги максаттарымдын бири да ушул. Депутат болгон кезде бир топ мыйзамдарды жаздым. Бирок ал учурда биздин көп демилгелерибиз өтчү эмес. Ошондой эле тоолуу жана жашоо шарты оор райондордун тизмесин кайра карап чыгуу үчүн көп жумуштарды жасап, тилекке каршы аягына чыкпай калдым. Эгерде конкреттүү түрдө айтсам, медицина кызматкерлеринин маяналарын көтөргөнгө чоң салымымды коштум. Мурун жетимиш беш жашка чыккан карылар акысыз дарыланса, менин демилгем менен бул чек жетимиш деген жашка түштү. Мындан сырткары сырттан келген гумжардамды катуу көзөмөлгө алып, керек эмес, сапаты начар, мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды өлкөгө алып киргенге бөгөт койгонго шарт түздүм. Баатыр энелерге болгон жеңилдиктер туурасында көп иштерди жүргүздүк. Кандуу окуя учурунда жарадарларга жардам берүүдө кесиптештеримдин жардамы, кудайдын колдоосу менен алдыбызга койгон максаттарбызды толук кандуу аткардым десем жаңылбайм.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу