Алмаз Атамбаев,
КСДПнын төрагасы:
"Экономикалык өнүгүү, социалдык коргоо жана коопсуздук - биздин негизги максатыбыз!"
24-августта Бишкекте өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Х мааракелик съездиндеги партия төрагасы Алмаз Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү. (Кыскартуулар менен берилди).

Саламатсыздарбы урматтуу
делегаттар жана коноктор!
Партиябыздын съезди Мекенибиздин өтө кыйын мезгилине туш келип отурат. Апрелде үй-бүлөлүк бийликти кулаткан кезде, андан кийин июнда Түштүк жергебиздеги кагылыштарда жүздөгөн мекендештерибизден айрылдык. Алардын урматына бир мүнөт туруп эскерүүгө чакырам.
Урматтуу жолдоштор!
Апрель революциясы кыргыздын көкжал, баатыр эл экенин тастыктады. Хандык бийлик орнотом, элди кул кылам деген аракетке элибиз эч качан жол бербесин далилдеди. Уурулукка, өз туугандары менен жакындарын бийлик башына, майлуу орундарга отургузуу көрүнүшүнө элибиз жабыла каршы көтөрүлдү. Бийликти жеке менчигине айлантуу, каяша айткандардын көзүн тазалоо, мамлекеттик казынаны каалагандай талап-тоноо, көз карандысыз журналисттердин оозун жабуу сыяктуу кыянат иштер элдин чыдамын түгөттү.
Эми "2005-жылдын мартынан, 2010-жылдын апрелинен сабак алабызбы, алакандай жерибизде адилет коом кура алабызбы?" - деген бакыйган суроо турат. Же кайра эле бир уурулардын ордуна экинчи уурулардын заманы орнойбу? Албетте, адилеттикке, демократияга негизделген, ачык коом куруудан башка жолубуз жок.
Урматтуу жолдоштор!
Июндагы Түштүк каргашасы, тилекке каршы, Кыргызстандын бетине чиркөө болду жана мамлекетибизди толтура түйшүккө батырды. Дини менен тили бир эл чагымчы жана арам күчтөрдүн аракети аркасында бири-бирине кол көтөрдү, ок атты. Бир жагынан сепаратисттик, экинчи жагынан улутчул маанайдагы лидерлер отту ого бетер күчөттү.
Азыр Түштүк жергебизде аз да болсо тынчтык орногондой болду. Бирок бул бизди сооротууга тийиш эмес. Көкүрөк-көөдөнгө терең баткан жараны сакайтууга көп мезгил керек. Ачыгын айтсак, чоң өрттүн дүрт этишине себептер мурдатан эле жетилип келаткан. Анын бир себеби: 1990-жылдагы этникалык кагылыштарга үстүртөн гана саясий баа берилип, негизги себептери изилденбеген. Андан бери бийлик улуттар аралык саясатты көбүнчө жеке максаттарына ылайыктап гана жүргүзүп келген. Расмий жыйындарда кыргыздар менен өзбектердин ысык мамилеси тууралуу айтылган менен көмүскөдө бир жагынан сепаратисттик, экинчи жагынан улутчулдук ураандар күч алып, алдыртан элдин канын кызытып отурушкан. Ага Түштүктөгү социалдык-экономикалык жагдай кошумча болгон. Жер-суунун тартыштыгы, туташ жумушсуздук, мамлекеттик органдарда, күч структураларында кызматтарга коюуда адилетсиздик көрүнүштөр - мына ушунун баары нааразылыкты тереңдеткен.
Анын үстүнө Ала - Тоо жергесин мекендеген этникалык жамааттардын бардык эле өкүлдөрү өздөрүн Кыргызстандын жарандары катары сезишкен эмес. Бул жагдайды да бүгүн ачык айтууга тийишпиз.
Өлкөнүн экономикасы ушул оор окуялардан кийин олуттуу начарлаганы таң калычтуу эмес. Оштогу, Жалал-Абаддагы жана Бишкектеги кагылыштардан үч миңге жакын үй-жай, үч жүздөн ашуун маданий-тиричилик багыттагы объектилер талкаланды жана жабыр тартты. Түштүктө миңдеген адамдар качкын болуп калышты. Башаламандыктар уланат деп чочулаган көптөгөн инвесторлор капиталын чыгарып кете баштаганын ачык айтуу абзел. Жаңы инвестициялардын агымы токтоду.
Калкыбыздын үчтөн бири кедейчиликте жашаары тууралуу жакында Өкмөт кабыл алган антикризистик программада айтылды. Өлкөнүн социалдык-экономикалык кырдаалы тууралуу бул документтеги кабатыр баага КСДП да кошулат. Ошондой эле документте белгиленген негизги багыттарын негизинен жактайбыз. Эң биринчи кезекте качкындарга, үйү жок калгандарга жардам берүү зарыл. Кышка камдануу үчүн, пенсиялар менен пособиелер үчүн тез арада каражат бөлүү талап кылынат.
Бул программаны биз жалпысынан колдойбуз. Бирок антикризистик программанын бир олуттуу кемчилиги бар. "Каржылоо булактары" деп аталган бөлүктө сырткы заёмдорго жана гуманитардык жардамдарга негизги үмүт артылат. Ага улай келечекте да Кыргызстан донорлордун колун карамакчы деп жазылган. Мындайча айтканда, өлкөбүз мындан ары да алаканын жайып алып, кайырчыдай дүйнө кезип жүрүш керек дегендей болуп калыптыр. Ушуга макул десек болобу? Өз күчүбүз менен казынанын бөксөсүн толтуруу, экономиканын чөгүшүн токтотуп, өнүгүүгө карай бурулуу чын эле мүмкүн болбой калдыбы? Албетте, андай эмес! Баарын жасоо колдон келет. Биз анын жолдорун билебиз!
Ошондуктан биз, биринчиден, мамлекеттеги уурулук менен коррупциянын масштабын азайтууга киришүүгө тийишпиз. Ууруларды тыйсак эле биз келерки жылы бюджеттин киреше бөлүгүн 1,5 - 2 эсеге көбөйтсөк болот. Мен муну 2007-жылы премьер кезимде Бакиевдин үй-бүлөсү бут тоссо дагы өзүм иш жүзүнө ашыргам.
Дагы бир резерв: Акаевдин үй-бүлөсү топтогон мүлктү Бакиев өзүнө тартып алган. Бирок бул жолу өлкөнүн, элдин эсебинен жыйылган мүлк мамлекетке алынгандан кийин ачык жана адилет сатылып, андан түшкөн каражаттын бардыгы бюджетке кайтарылышы шарт!
Экинчиден, чакан жана орто бизнести рейдерликтен, чиновниктердин зомбулугунан, ошондой эле көмүскө структуралардын тоноолорунан коргой турган мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Ачык эле тоноочулук менен коштолгон туш-туштан текшерүүлөрдөн ишкерлер жапа чегүүдө. Ошондуктан текшерүү органдарынын санын мыйзам жолу менен кыскартуу керек. Андан тышкары текшерүүчүлөр менен текшерилгендердин укуктарын жана милдеттерин тактап жазуу кажет. Антпесе, бүгүн ишкерлерди иттин баласы Байгара да текшерүүдө. Андайлар өзүнчө эле түмөн армия болуп кетти!
Негизинен, Кыргызстандагы салык режими Борбор Азия боюнча эң либералдуу деп саналат. Ошентсе да салыктардын кыйла бөлүгүн чогултуу мүмкүн болбой жатат. Бул чакан жана орто бизнестин айланып жаткан каражатынын көп бөлүгү көмүскөдө калып жаткандыгы менен байланышкан. Айлык маянаны катып берүү, салык алынуучу базаны азайтып көрсөтүү - биздин өлкөдө кадыресе көрүнүш. Анткени көптөгөн ишканалар бюджеттен тышкары текшерүүчүлөрдүн да, уюшкан кылмыштуу топтордун да чөнтөгүнө салык төлөөгө аргасыз. Бир эле учурда чиновникке да, рэкетке да, мамлекетке да төлөө мүмкүн эмес да. Мындай көрүнүштү тез арада жоготуш керек.
Үчүнчүдөн, кен байлыктарды иштетүү-дө ачык жана улуттук кызыкчылыктарга гана таянган саясат болууга тийиш. Ушундай саясат менен Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын өздөштүрүүгө жаңы инвесторлорду тарта алабыз жана бюджетти толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Биздин жергебизде жүздөгөн миллиард долларлык жаратылыш байлыктары катылып жатат. Ушунча байлыктын үстүндө отуруп алып, анан кайыр сураганыбыз туура болобу?
Ири кен байлыктарына мурда берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун териштирүү керек, эгер мыйзам бузулганы аныкталса, аларды артка кайтаруу зарыл. Андан кийин лицензияларды ачык тендерлер аркылуу берүү абзел. Ушунун өзү эле бюджетке кыйла каражат алып келет.
Кайсы гана инвестор болбосун, айрыкча ири салымдарды талап кылып, өзүн өзү көп жылда актаган тоо-кен секторундагы инвестор үчүн эки нерсе абдан маанилүү. Бул деген - оюн эрежелеринин өзгөрүлбөшү жана ачыктыгы. Эгер Кыргызстан ушул эрежелерди камсыз кыла алса, анда инвесторлор бизди туш-туштан каптайт эле. Ошондуктан инвесторлордун Кыргыз мамлекетине карата ишенимин кайтарууга жетишүү керек.
Төртүнчүдөн, экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жагы аксап калган. Мында эң маанилүү багыттардын бири - инфраструктуранын өнүгүшү. Экономиканын кан тамырлары - жолдор, байланыш, электр линиялары. Биздин транспорттук коммуникациянын азыркы абалы жан кейитет. Мисалы, айрым областтардын керек болсо өлкө борбору менен байланыштырган кадыресе жолдору жок.
Азыр электр энергиясын иштеп чыгарып жаткан кубаттуулуктардын 90 проценти өлкө түштүгүндө жайгашкан. Ал эми иштелип чыккан электр энергиясынын 60 проценттен ашыгын Түндүктөгү ишканалар керектейт. Ошол эле учурда Түндүк менен Түштүктү байланыштырган түз электр линиясы жок! Бүгүн электр түйүндөрүнүн 60-70 пайызынын эскилиги жеткен жана жаңыртууну талап кылат.
Энергетикага өзгөчө көңүл бурулушу зарыл, анткени ал өлкөбүздүн келечеги. Кыргызстандын суу-энергетикалык байлыктары Борбор Азиянын экономикасында бизге стратегиялык салмак берет. Электр энергиясын экспорттоо аркылуу эл чарбабызды өнүктүрүүгө кеңири жол ачылат. Бул жерде бир эле зор электр станциялары жөнүндө гана сөз жүрүп жаткан жок. Чакан жана орто гидро-электр станцияларды да ар тараптан колдоо керек.
Айтор, өндүрүштү өнүктүрүү үчүн өлкөдө көп резерв бар!
Урматтуу делегаттар!
Калкыбыздын дээрлик көпчүлүгү айылдарда жашайт. Ошондуктан агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү, биринчи кезекте айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү - өкмөтүбүздүн негизги максаттарынын бири. Кыргызстан Борбор Азияда айыл чарбасы өнүккөн өлкө боло алат жана болууга тийиш. Бүгүн өлкөдө 200 миңден ашуун фермер бар, алардын көпчүлүгү бир гектар же андан аз жерге ээ. Ушул бизди катуу өксүтүп жатат. Анан эң оболу биз дыйкандар өндүргөн азык-түлүктү, жер-жемишти сыртка сатуу маселесин чечишибиз керек. Бул мамлекеттин максаты болууга тийиш.
Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө төмөнкү процент менен узак мөөнөткө кредит берүү жагы ишке ашууга тийиш. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө каражат салгандарды колдоо зарыл. Айыл чарбасы бүт дүйнөдө дотация алат. Биздин мамлекет да дыйкандарга өзгөчө камкордук көрүүгө милдеттүү.
Ирригациялык системалардын абалы өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Сугат жерлерди өнүктүрүү - айылдагы жашоо деңгээлин көтөрүүнүн, анын социалдык маселелерин чечүүнүн негизги жолдорунун бири. Азыр сууну керектегендер өз каражаты менен ирригациялык курулуштарды калыбына келтире алышпайт. Аларга мамлекет колдоо көрсөтүүгө тийиш. 2007-жылы иштелип чыккан ирригацияны өнүктүрүү программасы жүзөгө ашырылышы керек.
Аталган иш-чаралардын натыйжасында өлкөдө он миңдеген кошумча иш орундары пайда болуп, кендирибизди кесип жаткан кедейчиликти кескин кыскартууга өбөлгө түзүлмөкчү. Дагы кайталайын: биздеги бардык жаманчылыктын башаты - кедейчилик, аны жойбой туруп, ийгиликке жол ача албайбыз. Чынында, өлкөбүздө көйгөйлөр көп, анын баарын бир жыйында айтып бүтүү мүмкүн эмес. Бирок ар бир адамга, ар бир жаранга таандык маселелер, аларды чечүүнүн жолдору биздин программада кеңири камтылмакчы.
Урматтуу делегаттар!
Колдогу ресурстарды натыйжалуу колдонсок эле өлкө тез арада кризистен чыга алат. Ошондо бюджетке түшкөн кошумча киреше аркылуу жакыр жарандарыбызга мамлекеттик колдоо көрсөтүү - биздин милдет. Ошондой көйгөйлөрдүн айрымдарына гана токтолоюн.
Пенсионерлер тууралуу. Алардын саны өлкөдө жарым миллионго барабар. Өмүр бою эмгек кылган карыябыз алган пенсиясы менен жанын бага албаса, анда бул - мамлекет үчүн, улут үчүн уят. Бардык пенсиялар жашоо минимумунун деңгээлине чейин көтөрүлүүгө тийиш.
Мугалимдер тууралуу айтсам, эң биринчи кезекте алардын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө тийишпиз. Байыркы заманда улуу диндердин негиздөөчүлөрү болгон Мухаммед пайгамбарга да, Иисус Христоско да мугалим деп кайрылышчу экен. Ошол мугалим деген сөздүн мааниси кунунан кетип калды.
Билимге өзгөчө басым жасоо аркылуу гүлдөп өсүп-өнгөн Түштүк Кореянын мисалы эле эмнени көрсөтөт? Кыргызстан башынан бери эле калкынын билим деңгээли боюнча оозго алынып келген. Ал деңгээлибизди эч качан түшүрбөшүбүз керек.
Мугалимдерге татыктуу айлык төлөө, айылдык педагогдорго кошумча социалдык кепилдиктерди берүү, өз кесибинин мыктыларына мамлекеттик гранттарды бөлүү зарыл. Дээрлик отуруп калган кесиптик-техникалык билим берүү системасын кайра жаратуу - азыркы замандын талабы. Медициналык кызматкерлер да, педагогдор сыяктуу эле медиктер да азыр айлыктарын көтөрүүгө муктаж. Биздин медицинанын эң ири проблемаларынын бири - бул кадрлар маселеси. Мамлекеттик гранттар аркылуу медиктердин чеберчилигин арттырууга, чет өлкөлөрдө кайра даярдоого болот. Биз ошондой эле жаш врачтын депозитин айына 4 миң сомго көтөрүүнү сунуш кылабыз. Ал эми жеке менчик клиникалардын өнүгүшү үчүн аларга уруксат берүү системасын жөнөкөйлөтүү керек.
Жаштарга келсек, алар өлкө калкынын дээрлик жарымын түзөт. КСДП сөзү менен гана эмес, иши менен да алардын таламын талашып келатат. Биздин демилге менен Жаштар министрлиги түзүлдү. Бирок бул башталышы гана. Биз бул министрликтин алдында атайын фонд түзүүнү сунуш кылабыз. Ал болсо гранттык система аркылуу жаштардын негиздүү демилгелерин колдоого алып турат эле.
Маданият жана руханий маселелерге токтолсок, адилетсиз башкаруу, материалдык байлыктын биринчи орунга чыгышы, кедейчиликтин айынан үй-бүлөлөрдүн ыдырашы, аракечтик, баңгилик жана кылмыштуулук элибиздин жан-дүйнөсүнө тескери таасирин тийгизди. Кыргыздын улууга урмат, кичүүгө ызаат, ыйбаа кылуу, сөзгө туруу өңдүү касиеттери, эч бир элде жок улуу салттарыбыз жок болуп баратат. Биз тез арада улуттук маданиятты жана руханий дүйнөнү кайра жаратуу программасын иштеп чыгууну сунуш кылабыз. Бул маселе боюнча биздин мыкты адистер иш жүргүзүүдө.
Кыскасы, келерки жылы эле ар бир кыргызстандыктын турмушунда оң жакка өзгөрүүлөр болууга тийиш. Жок дегенде жакшылыкка үмүтү жанып, бийликке ишеними жаралуусу керек. Жарандарыбыз мамлекет алардын кызыкчылыктарын коргой аларына көздөрү жеткенде гана Кыргызстан өсүп-өнүгүү жолуна түшмөкчү.
Акыркы окуялар өлкөнүн күч органдары реформага муктаж экенин бышыктады. Атайын кызматтар менен милиция кандуу кагылыштарга алдын ала бөгөт коё алган жок деген сындардын жүйөөсү бар. Аларды канча сындасак, сөксөк да жарашат. Бирок сабырдуулук менен айрым цифраларга сереп таштайлычы. Акыркы жылдары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жана ички иштер аскерлеринин саны дээрлик эки эсеге кыскарып кеткен. Алган акчасы баскан-турганынан, ичкен ашынан ашпаган милиционерге жана аскер адамдарына курал карматып, кызматка чыгаруудабыз. Дагы ошого кайыл болуп, кызматын өтөп жаткандарына ырахмат!
Ал аз келгенсип, милициянын, мамлекеттик коопсуздук комитетинин, коргоо министрлигинин чечүүчү орундарына Бакиевдер өз адамдарын дайындашкан. Атайын кызматтар мамлекеттин коопсуздугуна, бүтүндүгүнө шек келтирген тымызын иштерди чалгындап, этникалык же диний жаңжалдарды алдын алуу менен эмес, бийликке каяша айткан оппозицияны аңдуу, коркутуу жана куугунтуктоо менен алек болуп келишкен.
Түштүктөгү каргашалуу окуялар маалында күч органдарынын алсыздыгын мен өз көзүм менен көрдүм. Жада калса ИИМде курал-жарак жок экен, армиянын болсо бронетехникасы бузук экен. Биздин жерге, байлыктарыбызга суук көзүн арткандар көбөйгөндө, колтугубузда террорчулук, баңгизат, экстремизм коркунучу күч алып турганда армия менен милицияга, башка коопсуздук органдарына бөтөнчө көңүл бурууга тийишпиз. Буга байланыштуу "Өз армиясын бага албаган эл-душмандын армиясын багат" деген ылакапты эске сала кетем.
Жолдош делегаттар!
КСДПнын программасы сиздердин бүгүнкү сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен сентябрда атайын конференцияда бекитилет. Андан кийин программабыз бүт өлкө боюнча шайлоочулардын тапшырмаларын эске алуу менен толукталат. Бүгүн болсо биздин адистер бүт экономиканы сүйрөп кете турган "алга жирөөчү" программалар үстүндө иштеп жатат. Ушул жол менен кетсек өлкөбүз кризистен чыгып, элибиздин келечеги ачылат деп ишенем!
Кымбаттуу жолдоштор!
Учурдан пайдаланып, мен бардык партияларды, алардын лидерлерин шайлоо маалында сабырдуулукту көрсөтүп, таза, адамгерчиликтүү эрежелер менен иш жүргүзүүгө чакырам! Алакандай элибизди бөлүп-жарууга, бири-бирибизди душман тутуп, каралоого жол бербейли. Ич ара тиштешип, тебишпейли. Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калуу маселеси - бүгүнкү күндө биздин эң негизги урааныбыз. Эгер биз керт башыбыздын жыргалчылыгын, жеке бийликти мамлекеттен жогору койсок, анда бизди тарых кечирбейт.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздердин регионго кайсы саясатчы келсе да, орой мамиле кылбайлы деп суранар элем. Кыргыз эли душманын да күтүп алып, сыйлап туруп, аттандырчу эмес беле? Ошондуктан, атадан калган нарк-насилди, касиетти, сабырдуулук менен акылмандыкты көрсөтөлү.
Биздин бүгүнкү курултайда башка партия лидерлери жана өкүлдөрү катышып отурат. Көз карашыбыз ар башка, кала берсе келишкис позициядагы партия башчылары да биздин чакырыкты кабыл алып, жыйыныбызга келишти. Алар да Кыргызстандын эртеңи, эл-жердин бүтүндүгү деп санаага батып жатканынан шек санабайм. Эч бир бийлик, эч кандай амбиция Кыргызстандын тагдырына тең келбейт. Биз эки революцияны баштан кечирдик. Үчүнчүсү Кыргызстандын мамлекет катары жок болушуна алып келет. Азыр партияларды, алардын лидерлерин кагыштыруу аркылуу өлкөбүздү ыдыратуу проекти тымызын жүргүзүлүп жатат. Биз анын курмандыгы болбойлу.
Ооба, шайлоодо жеңүүчүлөр да, жеңилгендер да болот. Жеңилгендер ызага алдырбай, атаандаштарынын колун кысууга үйрөнөлү. Мен парламент ар кандай багыттагы, көз караштагы саясий партиялардан куралганы туура деп эсептеймин. Жогорку Кеңеште оппозиция сөзсүз болууга тийиш. Эгер оппозиция парламенттен орун албаса, ал көчөлөргө, майданга чыгып кетээрин апрель окуялары тастыктады.
Мен кудай деген адаммын. Кудай деген кишиге көп нерсенин деле кереги жок. Бала-чакасы кашында болсо, дос-жоролору амандыгын сурап кирип-чыгып турса, жан-дүйнөсүнө жаккан иши бар болсо, дагы эмне керек? Дүнүйө, бийлик, байлык - колдун кири.
Ошондуктан урматтуу делегаттар, коноктор, сиздерге узун өмүр, ден соолук тилеймин. Алакандай жерибиздин, ак калпак элибиздин багы ачылсын! Бар бололу, бир бололу!
Көңүл бурганыңыздарга ырахмат!
Даярдаган
Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ