КСДПнын мааракелик X съезди:
Кыргызстандын өнүгүп-өсүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар!
Съезд 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы кандуу окуяларда курман болгондорду бир мүнөт эскерүү менен ачылды. Андан соң съезддин тиешелүү органдары шайланып, делегаттардын тизмеси такталды. Жыйынды ачуу менен КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев шайлоо алдындагы партиянын платформасына токтолуп, ошондой эле учурдагы кырдаалдын күңгөй-тескейине кенен токтолду. Ал буга чейинки айтылып келген ой-пикирлерди, ошондой эле ушул съездде айтылган сунуштарды эске алуу менен партиянын шайлоо алдындагы программасы дагы толукталып, сентябрь айында конференция аркылуу бекитилээрин белгиледи.
Партия лидеринин айтымында аталган программа орчундуу үч багытка негизделген. Алар экономикалык өнүктүрүүгө шарт түзүү, калктын социалдык жактан корголушун күчөтүү жана коопсуздук, коргонуу деңгээлин арттыруу."Мына азыр ар кандай күчтөр атайын сөздөрдү чыгарып, Кыргызстан экономикалык жактан сазга батты, ресурстарын жоготту, мындан ары жашап кете албайт деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Мен буга кошулбайм. Ошол бир нерсени, бир экономикалык чоң ресурсту унутуп жатышат. Ал ресурс - Кыргызстан бир үй-бүлөнүн башкаруусунан, бандиттик, кландык башкаруудан, уурулардын башкаруусунан кутулду. Демек, мамлекеттеги бардык ресурстар эми элге, мамлекетке жумшалат" ,-дейт лидер. Аны менен бирге учурда пенсионерлер менен жаш балдар, мамлекеттик кызматкерлер мамлекет тарабынан корголмок тургай, кордолуп келгенин, мамлекет эми алардын жашоо-шартын жакшыртып, коомдогу ордун, кадыр-баркын бийикке чыгармайын ар тараптуу өсүштөр болбой турганын белгилеп кетти. Ошондой эле үчүнчү багытка токтолгон Алмаз Шаршенович "Акыркы Кыргызстандагы окуялар Кыргызстандын коргонуу жана коопсуздук жактан артта калганын ачык делилдеди. " Мурдагы бийлик армияны эки эсеге кыскартып, ИИМдин ички аскерлери дагы эки эсеге кыскартылган. Элдик генералды кызматтан алып, аскердик техникаларды иштен чыгарып салыптыр. Милиция дагы чабал болгон. Айткылачы, 2000 сом алган милиция коопсуздукту коргойбу же акча табыш үчүн башка жолдорго барабы?",- деген суроолор көп экенине токтолду. Анын айтымында, аскерге жашы жеткен жигиттерди жапырт аскерге тартуу, бул жердеги ар кандай коррупциялык элементтерге жол бербөө башкы максаттардан. "Кыргыз жоокер эл болгон, кыргыз жигиттери бел чечпей элдин, жердин бүтүндүгүн коргогон. Биз ошого кайра кайрылышыбыз керек. Ал үчүн, албетте, коопсуздук жана коргонуу тармагын кайра баштан реформалап, алардын социалдык жактан камсыздалышына каражат салууну ишке ашырабыз", -деп билдирди КСДПнын жол башчысы.
Андан аркы сөзүндө ал партия негизинен өкмөттүн кризиске каршы программасынын негизги жоболорун колдоорун, бирок тышкы донорлордун көзүн карап отура берүүгө макул эместигин билдирди. "Өлкөбүз дайым эле суранып-тиленип жүрө береби? Эңшерилген бюджетти кантип эле өз күчүбүз менен толтурууга болбосун? Болот! Биз анын жолун билебиз. Мисалы, мен экономикабыздын бардык ресурстары буга чейин бир үй-бүлөнүн же бир ууч топтун чөнтөгүнө гана иштетилип келгендигин айтып келгем. Жүзүкара системаны кулатуу үчүн токсондон ашуун мекендешибиздин жаны кыйылбадыбы. Жексур бийликти кулатуу - баарыбыздын жеңишибиз! Биз мындан ары экономиканын бардык ресурстарын бир үй-бүлөгө эмес, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү, элдин жыргалчылыгы үчүн иштетебиз", - деп сөзүн жыйынтыктады А. Атамбаев.
Анын соңунан талкуу сөзгө чыккан генерал Исмаил Исаков өзү жетектеген "Азаттык" партиясы КСДП менен бир тизмеде шайлоого барууну чечкендигин билдирди. "Анткени социал-демократтар өлкөдө акыйкат жана демократия үчүн күрөшүү жагынан эң зор тажрыйба топтогон. Партиянын лидери Алмаз Атамбаевдин эки бийлик менен күрөшүүдө туруктуу позицияда болгондугу, ошондой эле иш билги мамлекеттик кызматкер катары да өзүн көрсөтө алганын биз жакшы билебиз. Айталы, Алмаз Шаршенович Өкмөт башчысына келгенде Кыргызстандын бюджети биринчи жолу таңсыктыгы жок кабыл алынып, экономикалык жылыштар башталган. Бир гана мисал ошо кезге чейин жабык иштеп келген тигүүчүлүк тармагы ачыкка чыгып, мамлекетте канчалаган кыз-келиндер иш менен камсыз болушту", - деген Исмаил Исаков "Азаттык" партиясынын программасы КСДПнын программасы менен дал келээрин айтып, эки орчундуу сунушту кошумчалап өттү. Алар "Улуттук фонд түзүп", ал аркылуу Кыргызстанда төрөлгөн ар бир жаш ымыркайды камкордукка алуу, мамлекеттик энчисин берүү жана мамлекетти толук электр энергиясы менен камсыздап, коңшу өлкөлөрдүн газынан баш тартууга жетишүү. "Бул албетте, ишке ашырууга мүмкүн болгон программалар. Биз ушул багытта бардык аракеттерибизди көрөбүз, андыктан шайлоого ийгиликке жетишүүгө чакырам", - деп сөзүн жыйынтыктады генерал.
Андан соң КСДПнын мааракелик X съездин куттуктаган "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев саясий айдыңда КСДП өз позициясы, өз санаалаштары бар, жалаң чиновниктер менен акчалуу адамдардан эмес, негизги тамырын карапайым калк түзгөн солчул партия экендигин айтып келип: "Социалисттик солчул кыймылдар менен күчтөр азыр дүйнө жүзүндө да, Кыргызстанда да улам көбүрөөк колдоого ээ болуп жатат. Акыркы беш жыл ичиндеги дүйнөдө болуп өткөн экономикалык кризис көптөгөн мамлекеттердин көзүн ачып, "жарабай калды" делген социалистик өнүгүү багыты учурда экономикалык да, социалдык да өнүгүүнүн реалдуу жолу экенине ынандырып келе жатат", - деп айтты. Ал сөзүнүн аягында СДПКга чоң ийгиликтерди каалап, парламентте кызматташууга жана мамлекетти өнүктүрүү программасын биргеликте иштеп чыгууга чакырды.
Ошондой эле конок катары чакырылган "Ата-Журт" партиясынын төрагасы Ахматбек Келдибеков КСДПны мааракелик съезди менен өз партиясынын атынан куттуктап өттү. "Мен силердин жыйыныңарга байланыштуу эки ооз сөз айта кетейин. Качан Кыргызстанда өнүгүү болот, качан ынтымак болот? Качан Кыргызстандын ар бир жараны жерин, элин урматтаганда, сүйгөндө болот. Мамлекетибизде идеологиянын иштебегени, мыйзамдын иштебегени, мыйзамдын ар ким аркылуу каалагандай жазылганы, ар бир жетекчи өзүнө карап мыйзам жазганы мыйзамсыздыкты күчөттү. Жана Алмаз байкем айтпадыбы, тырмактын башындай элбиз деп. Мен кошулам, ынтымакты сактайлы. Мына союз таркаганы бийликти мыйзамдуу өткөрүп берүү болгон жок. Докладда жакшы айтылып кетти, эки президентибиз качып кетти, Конституциябыз он жолу өзгөрдү деп. Мен КСДПнын таза шайлоо демилгесин колдойм", -деди Келдибеков.
Негизги баяндаманы талкуулоого бардык облустардан келген делегаттар катышып, бир катар омоктуу ойлорун, ошондой эле ар бир аймакка мүнөздүү болгон маселелерди айтып өтүштү. Талкуу жандуу түрдө өтүп, суроо-жооптор менен коштолду.
Алыскы Баткендин элинин ишеничин мойнуна артынып, КСДПнын атынан парламент депутаттыгына талапкер болгон Карамат Орозова өрүкзарлуу Баткенден ысык салам айтуу менен КСДПнын айымдары өздөрүнө берилген жүктү толук алып кетээрин партиялаштарына ишендирип кетти. "Баткен облусун дотациядагы облус деген сөздү укканда, мен аял башым менен намыстанып кетем. Анткени биздин Алтын-Жылгадан алтын чыгат, Сүлүктүдөн көмүр чыгат, Кызыл-Кыядан көмүр менен цемент чыгат, Кадамжайдан газ менен нефть чыгат. Баткендин өзүндө дүйнөдө кездешпеген өрүгүбүз гүлдөп турат. Бирок кайра иштетүү өнөр-жайынын жоктугунан улам бардык өндүрүш токтоп, элибиз кыйын күндө жашап келет. Ошондо да баткендиктер ачууга алдырбаган, сабырдуу, токтоо эл экенин көрсөтүшүүдө. Биздин Социал-демократтар партиябыз Кыргызстандагы партиялардын анабашы, элге жакын партия экендигин да эч ким танбайт. Чындык үчүн окко да, чокко да төшүбүздү тосуп, камакка да, куугунтукка да чыдап, эки бийликтин тең кызматтан кетишине биздин партиянын эмгеги зор болгон. Мына ушул эле Баткенден чыгып жаткан биздин талапкерлер да ушул алыскы район, шаарлардын көйгөйлөрүн мамлекеттик деңгээлде чечүүгө жардам берет деп мен сиздерди ишендире алам. Анан дагы бир айтаарым, алдыдагы шайлоодо атаандаштар жигитче атаандашка чыксын. Жеңилгени, кызматтан кеткени элди көтөрүп чыкпастан, митингге чыкпастан жеңилгенди да моюнга ала билели", -деди талапкер Карамат Орозова.
КСДПнын мүчөсү, депутаттыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн интеллектүү жигит Койлубаев Шайлоо партиянын жалындуу жаштарынын атынан жалындуу сөздөрдү айтып өттү. "Биз, КСДПнын жаштары, партияда 2005-2007-жылдан баштап активдүү иш алып барып жатабыз. Бирок бул иш алып баруу оңойго турган жок. Бир нечебиз камалдык, коркутууга, куугунтуктоого алындык. Бир нечебиз чакан бизнестерибизден кол жуудук. Бир нечебиз окуубузду бүтө албай, дипломсуз калдык. Бирок биз күрөштү токтоткон жокпуз. Биз жеке Бакиев үчүн же башка адам үчүн кармашкан жокпуз. Биз ата-бабадан калган жерди саткан, элди саткан бийликке, системага каршы күрөштүк. Мындан ары да ошол максатыбыздан тайбай, Кыргызстандын бүтүндүгү менен өнүгүшүн камсыздоого жардам беребиз", -деди жаш лидер. Ал ошондой эле эртеңки мамлекеттик казынанын, каржынын башы бүгүнкү партиялык бюджеттин ачыктыгынан башталаарын айтып, партиянын бюджетинин шайлоо убагындагы колдонулушу бардык мүчөлөр үчүн ачык-айкын болуусун суранып өттү. "Биз мыйзам чегиндеги бардык аракеттерибизди жасап, эл менен жакын болуп, элдин көйгөйлөрүн чечүүчү программаны сунуштайлы. 10-октябрдагы шайлоодо социал-демократтар утуп чыкпасак, 7-апрелдеги төгүлгөн кан бекер кетет. Биз жанагы "кара пиар" дегенди колдонбой, таза шайлоого баралы. Атаандаштарга керек болсо өзүбүз таза шайлоону камсыздап берели. Утсак таза уталы, утулсак таза утулалы", -деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Жалал-Абад облусунун энергетиктер шаарчасы болгон Каракөл шаарынан келген КСДПнын активдүү мүчөсү, парламентке депутат катары талапкер болгон Айна Бакасова да партиялаштарын мааракелик съезд менен жалпы Жалал-Абаддагы партия мүчөлөрүнүн атынан кызуу куттуктады. "Биздин партиянын программасында алды менен калктын социалдык абалын жакшыртуу, өндүрүштү ордуна коюп, экономикалык коромжуларды кыскартуу жана каржы уурдоолорду токтотуу, энергетикалык тармакты тездик менен өнүктүрүп, калктын кайсы тармактагы ишмердиги болбосун толук кандуу электр энергиясы менен камсыздоо тапшырмасы турат. Башкалардан айырмаланып, биздин партиялаштар да энергетика жана экономика тармагынын адистери болгондугу бул программанын ишке ашышын шарттап турат. Менин кайрылуум, биринчиден, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап, элдин ынтымагын бириктирген тууну бийик көтөрөлү. Экинчиден, өндүрүштү, айрыкча электр энергиясын өндүрүүнү камсыздайлы. Жалпы элдин жашоосунун жакшырышына жабыла эмгек кылалы. Жашасын анык элдик Социал - демократиялык партиясы!", -деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Аягында КСДПнын атынан алдыдагы парламенттик шайлоого аттана турган 120 депутаттыкка талапкерлердин тизмеси тааныштырылып, делегаттардын жашыруун добушу аркылуу бекитилди.
Алардын арасында Алмазбек Атамбаев, элдик генерал Исмаил Исаков, экс-министр Рыскелди Момбеков, мурдагы элчи Болот Отунбаев экс-депутаттар Асылбек Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Дамира Ниязалиева, Тайырбек Сарпашев, ишкер Чыныбай Турсунбеков баштаган таанымал инсандар бар. Тизмеден жыйырма беш орун жаштарга бөлүндү. Ошондой эле Кыргызстанда жашаган ар улуттардын өкүлдөрү да татыктуу орундарга ээ болушту.

Даярдаган
Тынчтык Алтымышев