"Ак шумкар" Россияга канат сермеп...
Шайлоо жакындаган сайын саясий партиялардын шаштысы кетип, саясий упай топтоонун ар кандай амалдарын издеп келишет. Бирөөлөрү элди кыдырса, бирөөлөрү тымызын дос-тамыр, куда-сөөк, илик-жатыштарын тартып, бир кездеги унутуп калган досторуна кайрадан кол сунууга аргасыз болушууда. Ал эми айрымдары саясий технологдордун кеңеши менен жаңы кадамдарды да жасап жибергени байкалат. Айталы, жакында өткөн "Ак шумкар" партиясынын шайлоо алдындагы курултайын Россиянын бир катар телеканалдары көрсөтүп, Темир Сариевди сүйлөтүп жиберишти. Муну көргөн кошоматчылар көз ачып жумганча, "Россия Сариевге ставка коюп жатат, ушул партияны сүрөгөнү, Темикени премьер-министрликке көтөргөнү жатат" деген ушакты тездик менен таркатып жиберишти. Кызык, биз канча айтып келе жатабыз, Кыргызстандын саясатына Россия ачык кирише албайт, биз Украина сыяктуу эл эмеспиз, өз киндигибизди өзүбүз кесебиз деп. Бизге удаа эле айрым саясий серепчилер да Темикенин бул кадамын "кезектеги саясий технологдордун саясий упай топтоо үчүн кылган жүрүштөрү. Ал телеканалдарга калың каражат төлөп берүү менен саясий упай топтоп, элдин көңүл борборунан түнөк табууга аракет жасашты" кыязында сыпаттама жиберип жатышат. Анткени коомчулукта Россиядан колдоо күткөн адамдар да аз эмес...


Сен баргын, мен баргын!
Жакында шайлоо кампаниясынын үгүт иштери башталганы турат. Буга байланыштуу ат чабышка түшүп жаткан партиялар эл менен жолугушуу боюнча өз божомолдорун иштеп чыгып, стартта турган кези. Узун кулактардын айтымында, баягы "Ата-Журт" партиясынын ичинде да ошол үгүт иштерине байланыштуу "чп" чыгып басылыптыр. Талашкандары үгүт иштери боюнча Нарын, Көл, Талас жана Чүй аймагындагы эл менен жолугушууга эч кимиси даабай, "Сен бар, мен бар" болушкан имиш. Кызык, бир кылгандары болбосо элден эмнеге качышат? Курун мойнуна салып, эл алдына барып, айтчуларын ачык эле айтып, күнөөлөрү болсо мойнуна алып, "ырас, Бакиевдин камчысы болгонубуз чын, ал иттигибизди кечиргиле, экинчи кайталанбайт" - деп ыйламсырап коюшпайбы?! Эл деле кечиримдүү, айкөл келет эмеспи, "алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деп, балким кечирип, Адахамчасынан кубалабай, сылык-сыпаа узатып жиберээр. "Ата-журтчулардын" дагы бир ыйламсыраган жагы, учурдагы бийлик бу партияга ар кандай кысым жасап жаткан имиш. Кандай болуп кетти десек, алардын коргогону кадимки экс-мэр Нариман Түлеев менен казиночу корей Роман Шин экен. Эми койсоңор боло, ал экөөнүн ким экенин атпай журт, силерсиз эле жакшы билишет. Айрым жаңы конуштардын мектеп менен бала бакчага деген жерлеринен тартып, жол салына турган жерлерден бери саттырып жиберген Нариман менен кумар оюндарын жайылтуунун анабашы болуп, кайсы бийлик менен болбосун "коюндашып" кетүүчү, ата-жотосун тааныбай көпкөн Шинди "ата-журтчулардын" ак дегени мурдуна бок сүйкөп алып, "аяймын" деп турган жаш баланын жоругуна окшоп туру...


"Ата Мекенден" атпай журттун көбү "откез" бериштиби?
Акыркы убактарда карт тарыхы бар "Ата Мекен" саясий партиясынын айланасында жакшы да, жаман да пикирлер арбып барат. Айрыкча, партиянын акыркы курултайындагы кабыл алынган программасы Украинанын социалистик партиясынын программасынын көчүрмөсү деген кеп партиянын репутациясына доо кетирди. Анан дагы партиянын парламентке талапкер катары бекиткен адамдарынын тизмесинде кечээ эле Бакиевдин коррупциялык бийлиги менен бирге болгон, акчасы сапырылган, авторитети жок адамдардын пайда болушу бир топ колдоочуларды ирээнжитип жатыптыр. Көрсө, шайлоо алдында саясат чындап сасыктыгын айгинелеп, "акча" деген балакет принцип, позиция дегендериңди уруп ойнобойт окшоп калды...


Исабековдун бай партиялардан көңүлү калыптыр...
Мурдагы "ак жолчу", экс-вице-спикер, "Кумтөргө" тынчтык бербеген Кубанычбек Исабеков "бай партиялардан баш тартып, жакыр партиялардын бирине төрага болгондугун, анткени бай партиялар байлардын гана кызыкчылыгын көздөөрүнө көзү жеткенин" айтып, Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуп жүргөнүн эшиттик. Кембагал партиясы ким болду экен деп, дүрбү салсак, Кукебиз "Үй куруучулар" партиясы менен шайлоого аттанып жатыптыр. БШКга керектүү документтерин өткөзүшүп үгүт иштерине кам көрүп жатышкан имиш. Кызыгы, кечээ парламенттин төрагасынын орун басары болуп, оңду-солду удургутуп турганда ошол кембагал элдерди эске алып, ошолордун кызыкчылыгы үчүн канча мыйзам жазды экен деген эле ой?!


2 миллиард акчаны шайлоо аке "ап" эткени
туру...
Ырас, 2010 -жылдын 10-октябрында өтө турган парламенттик шайлоого 17 партия ат салышканы турат. Шайлоо Кодексинин беренелерине ылайык, ар бир шайлоого аттанып жаткан партиянын каржы фонду 100 000 000 сомду түзүп, күрөө катары да олчойгон суммалар чогултулат. Демек, орто эсеп менен алганда бери жагы 2 миллиард сомду бир айдын ичинде "шайлоо аке" "ап" этип койгону жатат. Өлкөдө болсо социалдык абал оор, Ош менен Жалал-Абадда жүздөгөн мекендештерибиз ачык асман алдында күн кечирип келе жатат. Ушуга утурлай, айрым эксперттер аттанып жаткан партиялар менен өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "аталган акчаны Ош менен Жалал-Абадды көтөрүүгө жумшайлы. Силерге болсо Улуттук канал менен мамлекеттик гезит-журналдардан, сайттардан бекер үгүт материалдарды жарыялоого мүмкүнчүлүк түзүп берели" деген сыяктуу диалогго барышы керек деп эсептешүүдө. Буга албетте, мыйзам жол бербейт деңизчи, бирок ошол талаага чачылган акчалар керекке жарап кетсе кандай жакшы болмок?!


"Ак жолго" киргенде да акча,
чыкканда да акча...
Закиржан Бакиевдин кол баласы болгон "Ак жол" партиясынан депутат болуу үчүн нечендеген байлар пачкалаган акчаларды ажону карай көтөрө чуркашканын баарыбыз билебиз. Партиянын тизмесине илинүү канчалык кымбат турса да, бийлик менен байлык кумары ошол "ак жолчуларды" аябай азгырган. Анан эптеп депутат болушту да ошол короткон акчаларын эки эселеп кайрып алышты. Кантип? Албетте мыйзам долбоорун кабыл алуу, Каркыра менен пансионаттарды казактарга берүү, министрлерди, аудиторлорду шайлоонун баары кызылдай акча турчу да.
Ошол аты да, заты да жок болуп бараткан "Ак жол" партиясынан бир кеп уктук. Фракциянын башчысы, партиянын саясий кеңешинин төрагасы болгон Табылды Орозалиев партиянын катарынан чыгып, башка партияга өтүүгө ниеттенген экс-депутаттарды жөн чыгарбай, ар кайсы шылтоолорду айтып, керек болсо акча талап кылып жатканын эшиттик. Ар бир партиядан чыккан депутатка чечим чыгарып берүү үчүн Такең 500 АКШ долларын кыйытканы анын бу жаңы бизнеске баш койгону эмей эмне?!


СССРди эч ким тааныбай...
Камактан чыкканы кайра эле саясатка киришип баштаган Ишенбай Кадырбеков "СССР" деген партияны ашадан-шаша түзө салып, парламенттик шайлоого бараарын билдирген эле. Кечээ кадимки партиялардай эле, сыр билгизбей, 120 адамдан турган талапкерлердин тизмесин БШКга өткөрүп, өзүн ишенимдүү кармап жатканын айтышууда. Бирок ошол СССРдин сан жеткис маселелери бар экенин, бери жактагылар айтып, шыпшынып турушат. Айталы, аталышы эски жыттанган бул партияга жан тартып, ага кучагын жайган эл коомчулукта жокко эсе. Укканыбызга караганда, Ош, Нарын, Талас, Көл аймактарында бул партиянын желегин илип, атын чакырууга жан адам макул болбой, ал тургай штаб кылууга бир бөлмө бербей жаткан имиш. Кадырбеков болсо кер мурутун сылап, кекенип турат. Кимге экени белгисиз... Бакиев го кетти эле, балким бу мырза өзүн катарына кошкусу келбеген партияларга тиштенип жатабы? Өзүнүн башындагы чөптү кантет?!