Урматтуу кыргыз элим, угуп койгулачы мени!!!
Кээде "элим" деп сүйлөйбүз, бирок элдин арасында эл эмес эле макоолор да бар. Эгер алар макоо болбосо азыркы бийликке каршы чыкпас эле. Автомат эмес, таяк асынбас эле! Эгер дүйнө элине шылдың болбойлу десек, Роза Исаковнанын жана анын жаңы өкмөтүнө каршы чыкпайлычы, тескерисинче алардын кемчилигине карабай жардам береличи! Оо кыргыздар, жардамга келеличи!!! Азыр аларга да оңой эмес, аябай оңой эмес!
Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттарды айтпайлы, мынабу жаныбыздагы эле Каримов менен Назарбаевге ишенсек болобу? Болбойт! Сыртынан "Саламатсызбы?" деп жагалданганы менен ичинде парламенттик башкаруу ылайым тоголонуп кетсе экен деп кудайдан тилеп отурушат, бирок Кудай азыр биз тарапта! Эч кимге ишенбей өзүбүзгө гана ишенгенде, ишенимдүү эл боло алабыз!
Өзбекстан да, Казакстан да, Кыргызстанга эч жакшылык кылбайт. Кылбаганы ушул - 1931-жылкы улуу трагедияны көп казактар унутту. Казактар тентип, көчө-көчөдө өлүп жатканда тирүүлөрүнө тамак-аш, кийим, өлгөндөрүн терип кетип, жерге бергендер ким эле? Кыргыздар эле! Ошол жакшылыкты булар билдиби? Билмек түгүл унутту! Азыр Казакстанга барып иштегендерди бу кашайгырлар "Кыргыз" атабай "кул" аташат экен. Мына боор кесээр боордоштордун кылганы.
Өзбекстандагы миңдеген кыргыздар паспортторуна зордук менен өзбек болуп жазылып, өзбек болуп кетишкен. Алардын бирөө да республикада депутат болмок түгүл, өзбек депутаттарына кароолчу кылынбайт экен. А Кыргызстандагы өзбектер үчүн бардык шарт түзүлгөн. Ошого карабай кыргыз бийлигине каршы чыгып, Кадыржан дегени күнөөсүз өзбектерди, күнөөсүз кыргыздарга каршы үгүттөп, бирок бүгүн өз элин кырып, отсуз очок боюнда боздотуп коюп, өзү өлүмдөн коркуп, качып жүрөт.
Ошон үчүн айтаарым бул:
1.Жакынынан айрылуу бул дүйнөдө өтө оор, өтө кайгылуу азап! Ошого карабай бул урушту ким биринчи баштады? "Yчүнчү күч" дей бербей, ошону кармоо керек! Кармоо керек ошону! Күйүттү ичине жутуп, күнөөлүү күнөөнү моюнга алып, эл алдында тизелеп отуруп, кечирим сурашы керек. Ошондо гана элдин көксөөсү канып, эки эл жарашууга макул болот.
2.Кимде-ким чындыкты бетке айтып, эл тарабында болсо (албетте, макоолорго эмес) ал акылдуу киши. Акылдуу киши кекчил болбой, кечиримдүү болот!
3.Сөздөн жутаган азыр эч ким жок, тескерисинче тажап бүткөн! Кыскасы, Кадыржанды эл алдында асуу керек! Ошондо гана эл тынчыйт!

Көчкөн Сактанов,
"Руханият" жана Т.Сыдыкбеков атындагы сыйлыктардын ээси, жазуучу




  Көкөй кести

Туубуз бар, туурубуздан уча албадык...
Ошентип, 19-жолу эгемендигибизди майрамдаганы турабыз. 19унчу. Бир карасаң, ошол артта калган 19 жыл ичинде Кыргызстан эгемендигин колуна кармаган боюнча бир орундан жылбай, кудум "оңко турган" кийиктей катып калгандай сезилет. Бир карасаң, 19 жылдын ичинде Кыргызстан коомдук ар кандай окуялар өтө тездик менен өтүп, кайталанып, аркы жээк менен берки жээкке урунуп, чамынып-чарпылып тынч ала албай жүргөндөй элес калтырат. Эмнеси болсо да 19 жыл өтөөрүн өттү. Ошол эгемендикти алганда жаңы көз жарып, жарык дүйнөгө келген Кыргызбектер, Эркинбектер, Азатгүлдөр азыр керилген кер мурут жигит, келишкен сулуу кыздардан болуп, бой жетишти. Ошондогу жалындуу жаштар азыр чачтарын ак аралаган карылардын катарын толуктап туру.

Ооба, мезгил өз огунан тайбай өтө берди, жылдар жылга алмашты. Бирок кубалашкан убакыттын ичинде Кыргызстан эмнеге жетишти? Эмнелерди жоготту? Бул чоң суроолорго жооп табуу өтө кыйындыкка тураары чын. А дегенде эле бетибизге кармай турган нерсебиз, 19 жылдын ичинде болгону эгемендигибизди жоготпой кармап турабыз. Бир канча сырткы күчтөр ар кандай максатта алдыртан көз артканы менен Кыргызстан мамлекет катары коопсуздугун сактоонун аракети менен келе жатат. Дагы бир айта турган нерсебиз коомчулуктун социалдык болбосо дагы саясий деңгээли 19 жыл мурдагыдан жогорулап, кургак демократиядан чыныгы демократияга аз да болсо кадамдап баратабыз. Ошондой эле капитализмдин негизги куралы болгон базар экеномикасынын жолоюн чапканга акыл-дараметибиз аздап болсо да жетип, эл соода-сатык, чакан жана орто ишкерликти жолго коюуга умтулуп жатыптырбыз. Унутта калтырбай айта турган дагы бир өзгөрүш бүгүн Кыргызстан тышкы коомчулук менен болгон байланыш жагынан жетилип, каалаганабыз кайсыл жол менен болбосун кайсы каалаган мамлекетибизге барууга, ал жактан билимибизди улантып же иш менен камсыз болууга жарап калдык. Буга кошумча улуттук ар-намысты, улуттук дүйнө таанымды, эне тилибизди колдоого жана коргоого кайдыгер карабаган жаштардын мууну түптөлүп келе жаткансыйт. Ошентип, 19 жыл ичинде мактанаарлык кылган ишибиз болгону ушул.
Ал эми жоготкон нерселерибизге келсек, узун тизмек сөз. Айталы, биз кыргыз эли ошол демократия деген "улуу сапарга" аттанып жатып, бир эмес эки жол башчыбызды жоготтук. Элестетип көргүлө, сапарга бара жатсаң жол башчыларың өздөрү тетири жол баштап, адашып калып, ага кошулуп бүтүндөй журт адашып, сандалып жаңы жол издеп, жандалбастап калдык. Биринчисин адашкан жагына калтырып, экинчисин өтө шашылыш шайлап жибердик эле, аныбыз аркысынан өткөн билимсиз, бирок аркысынан өткөн кашкөй, амалдуу чыгып, жаңы жолду издемиш болуп, мурдагысынын изи менен кетип калбаспы! Ал ортодо жол башчыларыбыздын чабалдыгынан жолдон чыккан ар ким бүт элдин ырыскысына көз артып, ар кандай талаптарды коюп, сунуштарды киргизип, сырттан өздөрүнчө башкарып туруп алышты. Кыскасын айтканда, "атынан калган эр карып, ажосунан калган эл карып" болдук.
Мына тайсалдабай эле айталы, 19 жыл ичинде эл, биз, өзүнүн теңин жоготуп алуу коркунучуна кептелди. Кыргызстандын бийлиги 19 жыл ичинде "саясат" деген продукциядан башка эч нерсе өндүрө албай койду. Бардыгы жапырт эртеден кечке чейин баш көтөрбөй иштеп, "саясатты" пачкалап чыгарып туруп алышты. Базарга кирсең деле саясат, үйгө кирсең деле саясат, үналгы, сыналгың деле саясат, талаага чыксаң деле саясат. Карасаң саясаттан арзан неме жок, бирок саясаттан курсак тойбойт экен, кийим бүтөлбөйт экен. Ошонун айынан эл арып-ачты, бүтүндөй улут саламаттыгынан жабыркап, жашоодон кыйналып, жан багар айласын таппай турду. Капиталистик доордун айныксыз аксиомасы - ошол эле убакта бийликтүүлөр менен байлыктуулар ошо элдин көз жашынан, кайгысынан акча жасап, жыргап-куунап дооронду сүрө беришти. Бирок алар бир ууч гана топ болду. Айталы, азыр Кыргызстанда 70 пайыз эл жакырлыктын сазынан чыга албай, кол сунуп турат. Бул деген бир үй-бүлөөдө он бала болсо, үчөөнүн кийими бар, калганы дырдай жылаңач чуркап жүрөт дегенди билдирет эмеспи. Демек, 19 жылдын ичинде Кыргызстан социалдык төмөндөөдөн арыла алган жок. Анын айынан тышкы миграциянын кел-кели келип, Кыргызстандын төрттөн бир калкы жакынкы мамлекеттерге "бакыт" издеп чыгып кетишти. Бөтөн элдин жумушун жасап, бөтөн жерди иштетип, турмуштук нечен сыноолорду баштарынан кечирип, бирок ошо мигрант боорлорубуз бул жактагы түндүктү түшүрбөй, коломтону өчүрбөй түтүн булатып отурган бизге керек болсо мамлекеттен да көп көмөк көрсөтүштү. Миңдеген чакырым алыс жүрсө да алар бизге нан, чай жөнөтүп турушту.
Экинчиси, эгемен болгондон бери биз эч кандай кыйын кыстоосу, догурунган доочусу жок эле ата-бабаларыбыз канын-жанын аябай коргоп келген бейиштей жерибиздин чекесинен кертип, коңшуларга белектеп жибердик. Эми ал жерлерди бир гана кадимки Манас атабыз тирилип келип кайрып бербесе, кан жайлообуз Каркыра, кооздугу көз жоосун алган кулпурган Үзөңгү-Кууш кайрылып кайра келбестир. 19 жыл ичиндеги кыргыз эли үчүн бул жоготуу орду толгус болду. Ошол жер үчүн журттун нечендеген жигиттери окко учту, канчасы камалып, ден-соолугунан ажырады. Мындан тышкары бүтүн эл дүйнө коомчулугунун алдында пас болду, алсыз болду, айрымдарга шылдың болду.
Дагы айтсак, 19 жылда Кыргызстан Кудай берген бир канча табигый кен байлдыктарынан, жаратылыш байлыктарынан кол жууду. Мейли "Кумтөр" алтын кенин алабызбы, мейли аскалардан боо болуп кырылган аркар-кулжаларыбызды алабызбы, мейли коңшулаш өзбектер пайдага туйтунуп жаткан нефтибизди алабызбы, көрүнгөн тоонун капталып эңшерип жаткан кытай коңшуларыбыздын майда кум, шагыл, кирпич чыгарган заводдорун алалыбы, баарысы биздин элдин турмушу үчүн болуп жатпаганы чын. Бирок мунун баары элдин ырыскысы болчу, ырысыбызды алдырдык...
(Уландысы кийинки санда)
Тынчтык Алтымышев