"Улуттук университетиндеги
аскердик кафедра калтырылышы керек"
Жаңы окуу жылы башталганы өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуган студенттерибиз менен окутуучулар жамаатынын маанайы анча эмес. Мунун бирден-бир себеби ЖОЖдордогу аскердик кафедралардын биринин артынан бири жабылып жаткандыгы болууда. Быйылкы окуу жылынан баштап, Кыргызстандагы бирден-бир кадыр-барктуу университеттерибиздин бири, жогорку билим берүүнүн флагманы аталган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде да аскердик кафедра дээрлик жоюлуптур. Дээрлик дегенибиздин себеби, 27 миң студент билим алган бул окуу жайынан Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин аскердик кафедрасында окууга КУУнун эң мыкты окуган 100 гана студент жолдомо ала алат экен. Эң мыкты делингени менен, бул 100 орунга таанышы күчтүүлөр менен акчасы ашып-ташыган байлардын балдары илинээри айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Областтардагы жергиликтүү университеттерди айтпай эле коелук, ордо калаабыздагы чоң-чоң окуу жайларыбыздагы мындай абал студенттердин гана эмес, окутуучулардын да зор нааразычылыгын туудурууда. Учурда көптөгөн студенттердин жана алардын ата-энелеринин жүрөк өйүгөн маселесине айланган дал ушул маселе боюнча мурунку коргоо министри, генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун пикирин угуп көрүүнү эп көрдүк.

- Эми бул маселе көптөн бери талкууга алынып келе жаткан маселе да. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги аскердик кафедранын жоюлгандыгы жөнүндө мен дагы кечээ-мурдагы күнү уктум. Бул чечимди мен студенттерге каршы иштелген туура эмес чечим катары кабыл алдым. КУУнун ректору бул жерде көрөгөчтүк кылган эмес. Эмнеден улам мындай чечим кабыл алгандыгын чынында түшүнгөн жокмун. Башкасы го башка, бирок Кыргыз улуттук университетинде аскердик кафедра калтырылышы керек эле.




Ээн ооздорду эпке келтирчүлөр барбы?
Кыргызстанга, өзгөчө кыргыз улутундагыларга жек көрүүчүлүк маанайы бар экендигин жашырбаган "Фергана.ру" деп аталган маалымат сайтына Кыргызстанды эчак эле Ооганстан, Палестинага айландырып, мамлекеттүүлүгүбүзгө ачыктан-ачык эле шек келтирген макалаларын байма-бай жарыялап жүргөн, өзүн саясий серепчи эсептеген Александр Князов олчойгон маек бериптир. Кыргыз жеринде жашап, кыргыздын суусун ичип жүргөн "мекендешибиз" Александр Князев берген маегинде азыркы бийликтегилерден, позициялык, оппозициялык саясатчы-журналисттерден баштап, бирөөнү жөн койбой, улутчул-шовинисттер деп күнөөлөп, элибизге баштан-аяк жугундуну куйган экен. Анысы ал болуптур, баарынан да кыжырыбызды кайнатканы - Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө доо келтирген төмөндөгүдөй былжырак кептери болуп отурат. Кыргызчалабай эле сөзмө-сөз берелик:
"Территориально Киргизская ССР - абсолютно придуманное, спроектированное явление, созданное без учета хотя бы малейших экономических, коммуникационных, этнокультурных оснований. Ош, Джалал-Абад, Узген, Кара-Суу, Наукат, Базар-Курган, Сузак - это все исконно узбекские города и населенные пункты. До 1917 года основную массу населения Оша составляли узбеки. Киргизов в Оше в 1900-1910 гг. было около 1000 человек, русских - 915, притом, что общая численность жителей Оша, по данным Всероссийской переписи населения 1897 года, составляла 34,2 тысячи человек.
Фергана (имеется в виду Ферганская долина. - прим. ред.), частью которой является нынешняя Южная Киргизия, никогда не была "древней киргизской землей", первое упоминание о киргизах в Фергане относится к XV веку, а появились киргизские племена в Фергане в XVII веке, когда убегали от наступавших джунгар, предков сегодняшних калмыков. Киргизы тогда заняли горы и предгорья в Ферганской долине, но ненадолго: после победы объединенных узбекско-киргизских войск над джунгарами большинство племен вернулось на север нынешней Киргизии"
Канчалаган бейкүнөө карапайым кыргыз, өзбек туугандарыбыздын кырчындай өмүрлөрүн алып кеткен "Июнь окуяларынын" келип чыгышына да дал ошол байлыгы ашып-ташып, акчасын кайда коротоорун билбей калган өзбек саясатчыларынын автономия, өзбек тилине мамлекеттик статус талап кылган былжырак кептери себеп болбоду беле? Сыйрылган жарабызды дарылай албай турганыбызда, жакындарынан айрылган миңдеген мекендештерибиздин сай-сөөгү сыздап, кара кийимин чече электе Александр мырза мындай кептери менен эмне мураска жеткиси келип атат? Бул ачыктан-ачык чагымчылык эмеспи? Күч органдарыбыз каякты карап отурушат? "Кыргызстанды Ооганстанга салыштырып" оозуна келгенин оттоп атышкан Князевге окшогон ойрондордун "оозун басып койсо" болбойбу?
Князев гана эмес, ага окшоп кыргыздардын эртеңки келечегин "көргүсү келбегендердин" катарына ошол эле "Фергана.ру" сайтын жана анын башкы редактору Даниил Кисловду, "Белый Парус" интернет-гезитин жана анын кожойкеси Елена Авдееваны, казакстандык "Центразия.ру" маалымыт булактарын кошсок болчудай.
Албетте, бийликти, саясатчыларыбызды боктосо боктой беришсин, бирок Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө шек келтиргенге аларга ким укук берди? Булардын маалыматтарында, акырында жазылган окурмандарынын комментарийлеринде (окурмандар экендигин ким билсин?...) жогорудагыдай өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирген сөздөр, кыргыздарды шылдыңдаган, мазактаган пикирлер дээрлик баардык макалаларында кездешет. Же алардын ишенген кожосу, таянган тоосу ушунчалык эле күчтүүбү? Ошондой да болушу мүмкүн, себеп дегенде "Центразия.ру" маалымат булагы кайсы бир өлкөнүн атайын кызматы тарабынан "иштетилет" деген маалыматтар айтыла калып жүрөт. Кандай болгон күндө да, "маалыматтык коопсуздук" боюнча биздеги жер жайнаган күч органдарыбыз тийиштүү чара көрүшү керек эле го.
Тиленбек Азык




"Кыргызстан" банкынын автомашинасы кимге тийди?
Элибиздин эгемендик күнүндө "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу өткөрүлдү. Башкы демөөрчү катары "Кыргызстан" коммерциялык банкы "ВАЗ 2107" маркасындагы автомашинаны баш байгеге коюп берди. Мелдештин жыйынтыгында үчүнчү орун үчүн Нарындын "Дордой" командасы менен Таластын "Биримдиги" ат салышып, теңир-тоолуктар жеңишке ээ болушту. Оюндун жүрүшүндө таластын жигиттери мыкты болгону менен, аттары начар экендиги байкалды. Улакчылар канчалык жаналекет кылышпасын, майнап чыкпай турду. Көрөрмандардын арасынан: "убагында мыкты аттын баары Таласта эле, баарын сатып жиберишип, эми куруп атышат" - деген сөздөрдү кулагыбыз чалды.
Ал эми финалда болсо, айтылуу төрт жолку чемпион "Бөрүлү" менен Ысык-Көлдүн "Кабылан" командасы беттешип, 5:0 эсебинде бишкектиктер жеңишке жетишти. Ошентип, "Бөрүлү" бешинчи ирет катары менен Президенттик кубоктун ээси болуп олтурат. Бул команданын улакчылары да, аттары да бири-бирине төп келип, көргөндүн көзүн кубантаар оюн көргөзүштү. Өзгөчө Улан Насакеев деген жигит 4 ирет улак салып, күйөрмандардын черин жазды.
Аягында сыйлоо аземи болуп, ага президенттин администрация башчысы Э.Каптагаев келип катышты. Анын колунан "Бөрүлүнүн" жигиттери президенттик кубок жана жүз миң сом акчалай сыйлык алышты. Бүйүрдү кызыткан "ВАЗ 2107" автомашинасын "Кыргызстан" коммерциялык банкынын өкүлү келип тапшырды. Жеңишке жетишкен улакчылардын капитаны жаңы жигулини "Ак-Кула" ат майданын айландыра айдап, элдин алкоосуна ээ болду.
Ушундай маалда улуттук оюнубуздун өнүгүүсүнө өз салымын аянбай кошкон бул банкка ыраазычылык билдирип коюу абзел. Биздин билишибизче, "Кыргызстан" коммерциялык банкы белгилүү саясатчы, чыгаан ишкер Ө.Бабановго карайт. Бул жигиттин ата-бабабыздан бери келаткан эң негизги улуттук оюнубуз болгон көк бөрүгө демөөрчүлүк кылышы, албетте алкоого татыйт. Ылайым, мындай патриот уулубузду аталардын арбагы колдоп, иштерин ийгилик коштосун. Биз билгенден Өмүкең буга чейин деле көк бөрүгө зор салым кошуп, ар тараптуу жардам кылып келген. Мындан тышкары өзү да атка абдан жакын экендигин, атүгүл мыкты бир атты багып келерин да билебиз. Эмесе, бул уулубузга көз да, сөз да тийбесин демекчибиз.