"Камбар-Ата 2" ГЭСи бир облусту
камсыз кылууга кудуреттүү...
30-август күнү салтанаттуу түрдө Токтогул районунда жайгашкан "Камбар - Ата 2" ГЭСнин биринчи агрегатынын ачылышы болуп өттү. Бул иш-чарага президент Роза Отунбаева жана бир катар министрлер, элчилер, эл аралык уюмдун өкүлдөрү, партиянын лидерлери, ошондой эле жергиликтүү эл катышты. Ошентип, көптөн көп күтүлгөн ГЭСтин биринчи агрегаты ишке берилди. Эске сала кетсек, Союз мезгилинде бул ГЭСтин 30 пайыз курулуш иштери бүткөн. Андан кийин элин атып, кудайдан жөө качкан эски бийликтин эгеси Курманбек Бакиев 2007-жылы бул ГЭСтин курулушун улантып кура баштаган болчу. 7- апрелдеги революциядан кийин Убактылуу Өкмөт өлкөбүздөгү саясий толкундоолорго, ар кандай тоскоолдуктарга, карабастан мурда белгилеп айтылгандай эгемендүүлүк күнүнө карата ГЭСтин биринчи агрегатын ишке берүүгө үлгүрүштү.


Аталган ГЭСке 2007-жылдан бери бюджеттен 9 миллиарддан ашуун ашык каражат сарпталган. Жалпы жонунан алганда, эми "Камбар-Ата 2нин" бүткөрүлө турган 20 пайыз гана иши калды. Баса белгилей кетчү нерсе, бул ГЭС эгемендүүлүк жылдардан бери Кыргызстан өз күчү менен бүтүрүп жаткан алгачкы ГЭСи болуп саналат. Бул ГЭСтин бир чоң өзгөчөлүгү Токтогул ГЭСиндей суу толуп кетсе, "жарылат, ашат" деген коркунуч жок. Себеби ГЭСке суу толгон кезде, ашыкча сууну башка нукка кое бере турган атайы жайы бар. Бирок ал "өзгөчөлүгү" учурда курулуп жаткан кези.
Өлкөбүздөгү эң кубаттуу ГЭС болуп эсептелген Токтогул ГЭСи 1200 МВт ток чыгарат. Жаңыдан гана жарым-жартылай ишке берилип жаткан "Камбар-Ата 2нин" кубаттуулугу болсо, үч агрегат биригип иштегенде суткасына (ар бир агрегат 120 МВт) 360 МВт ток чыгарат. Демек, бул ГЭС Токтогул ГЭСине салыштырмалуу алда канча кичинекей. Ал эми "Камбар-Ата 2" ГЭСинен 13 чакырым алыс жайгашкан "Камбар-Ата 1" ГЭСинин кубаттуулугу 1900 МВтка жетмекчи. Бирок бул аталган ГЭСти Кыргызстан өз күчү менен кура албастыгы айдан ачык. Отунбаева ГЭСтин ачылышында "Камбар-Ата 1" ГЭСин Россия мамлекети менен бирдикте куруу үчүн учурда мурдагы (эски бийликтин) сүйлөшүүлөрдү кайрадан жаңы өңүттө карап, жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандыгын жалпыга жар салды. Ошондой эле Роза Исаковна бул ГЭСтин курулушуна толук катышкан бир нече адамга "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген курулушчусу" жана президенттин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Төмөндө биз бул иш-чаранын жүрүшүндө сүйлөшкөн президентибиз баш болгон айрым адамдардын сөздөрүнөн кыскача бермекчибиз.

Роза Отунбаева,
Кыргыз Республикасынын Президенти:
- Урматтуу замандаштар! Бүгүнкү иш-чара тарыхыбызда кала турган абдан маанилүү иш. Себеп дегенде, элибиз жаз айларынан бери, эски бийликтин тийгизген терс таасиринен улам не деген кыйынчылыктарды башынан өткөзүп келатат. Бизге ички жана тышкы душмандарыбыз мамлекетибиздин жоголуп кетишине кызыкдар болуп, ал үчүн жаналакетке түшүп, болгон күчүн жумшашты. Бирок кайраттуу кыргыз эли ал кара ниет адамдардын тилегин ташка кагып, өзүнүн улуу эл экенин аныктап койду. Биз өлкөбүздө болуп жаткан ар кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан элибиздин келечеги үчүн, бар аракет менен иштеп жатабыз. Бул сөз куру сөз эмес. Бүткөрүлүп жаткан бир топ иштердин катарында бүгүнкү иш-чараны айта кетсек болот. "Камбар-Ата 2нин" иштеп чыгарган электр энергиясы мага адистер түшүндүрүп айтышкандай бир облусту толугу менен камсыз кылат. Бул ГЭС ишке толук берилсе, бир топ артыкчылыктарга жетишебиз. Мындан тышкары биз жогорку өткөргүчтүү линияларды курсак, буйруса жайкы мезгилдерде экспорттоо көбөйүп, Пакистан, Афганистан сыяктуу өлкөлөр бизден электр тогун алып башташмак. Буйруса, бул ишти келечекте иш жүзүнө ашырабыз. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе, 2025-жылга чейин Жылан-Арык, "Камбар-Ата 1" ж.б. бир нече ГЭСтерди куруу долбоорлору иштелип жатат. Россия мамлекети менен бирдикте "Камбар-Ата 1" ГЭСин куруу боюнча жаңы өңүттө сүйлөшүүлөр жакын арада башталмакчы. Жакында алардын жогорку тепкичтердеги жоон топ өкүлү ушул маселени талкуулоо үчүн бизге келишмекчи.
Урматтуу мекендештер, мурунку заманда жакшы бир салтыбыз бар эле. Айтсак, мамлекетке чоң пайда келтире турган мекемелердин ачылышы - чоң майрамдарга карата ачылышы болчу. Учурда да пайдасы чоң бул ГЭСтин эртеңки эгемендүүлүк күнүнө карата ачылганы абдан жакшы көрүнүш. Элибизде ар дайым эле жакшылыктын үстүнө жакшылык, жетишкендиктин үстүнө жетишкендик боло берсин! Элибиз бар болуп, бай болсун! Эң башкысы элибиздин саламаттыгы чың болуп, элибизде токчулук, молчулук болсун!

Осмон Качкынбаев,
"Нарынгидроэнерго курулушунун"
жетекчиси:
- Мен бул тармакта эмгектенип келатканыма 13 жыл болду. Ал эми 3, 4 айдан бери "Нарынгидрокурулушту" жетектеп келатам. Бул ГЭСти биз аябай күжүрмөндүк менен кыска убакытта куруп жатабыз десек болот. Союз учурунда да мындай ыкчамдык болгон эмес. Себеп дегенде, ал учурда азыркыдай техника жок болчу. Жалпы жонунан алганда "Камбар-Ата 2нин" бүтө элек 20 пайыз иши калды. Эгер өкмөт ГЭСтин курулушуна сарптала турган калган каражатты өз убагында бөлүп турса, буйруса экинчи, үчүнчү агрегатты да бир жылга жетпеген убакытта ишке беребиз. Бул ГЭСти курууга жалпысынан алганда 2 миңден ашуун адам тартылды. Учурда 1000дей адам иштеп жатат. Ал эми бул ГЭСтин курулушунун сапаты тууралуу сөз кылсак, негизги талаптарга жооп берет деп ишенимдүү айтсак болот. ГЭСтин 95 пайыз моторлору, тетиктери Россиядан алынып келди. Бирок чынын айтканда бизге деңгээли жогору адистер жетишпей турат. Бул ГЭСти курууда, айрым иштерин бүтүрүүгө Россиядан адистерди чакырдык.
- Айтсаңыз, бүгүн ачылышы болгон биринчи агрегат толук талапка жооп берет деп айтууга негиз барбы, же кандайдыр бир себептерден улам кемчиликтери да барбы?
- Толук негиз бар деп 100 пайыз айтууга азырынча эрте. Себеп дегенде, биринчи агрегатыбыз азыр дурус иштеп бергени менен, анын дагы майда-чүйдө жасала турган иштери бар. Дагы бир айта кете турган нерсе, агрегаттын айрым тетиктери мурда Союз учурунда эле сатылып алынган экен. Биз аларды дыкаттык менен текшерүүдөн өткөздүк. Кудай буйруса, жакшы эле иштейт. Негизинен, кандай болгон күндө да кемчиликтердин баарын жоюп, бул ГЭСтин калганын чыдап, куруп бүтүрүшүбүз керек. Себеп дегенде, бул курулушка канча көп каражат жумшалганы менен, ГЭС аны тез эле актайт жана пайдасы да жогору болот.