Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Конституциялык кеңештин төрагасы Ө. Текебаевге
БШКнын төрагасы А. Сариевге
Коррупция менен күрөшкөн бардык жамааттарга

Кайрылуу
Мамлекеттин жана улуттун өзөгү борбордо болсо, тамыры айылда. Ушул кезге чейин (7-апрель, 2010-жыл) борбор, айыл элине жеткиликтүү маани бербей келет. Борбор борбордо эле кайнап, папке талаш, кызмат орун менен кызыл кулактык кылуу сыяктуу балит иштер баалуу болуп, айыл эли тамырына суу жетпеген дарактай болуп турган кези.
Демек, мыйзам Күн сыяктуу эмес, себеби күндүн жарыгы менен илеби жер бетине бирдей тийбейт.
2008-жылдын 12-августунда күчүнө кирген "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу КРнын мыйзамына ылайык анын 5-статьясынын, 1-бөлүгү "Жергиликтүү Кеңештин депутаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда тура албайт" деп жазылган. Себеби жергиликтүү Кеңештин депутаты жергиликтүү маанидеги муниципалдык кызматтарда тура албайт, -деп жазылган. Себеби жергиликтүү Кеңештин депутаты жергиликтүү маанидеги муниципалдык жана мамлекеттик менчиктердин мыйзамдуулугун көзөмөлдөйт. Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматкер депутаттык мандатка ээ боло алса, анда кызматын өткөрүп бериши керек.
Эми ушул жакшынакай жазылган мыйзам толук кандуу аткарылбай, иштебей келет. Себеби БШК жеткиликтүү иш жүргүзбөй келет. А жергиликтүү бийликтерге өздөрүнө көз каранды кызматкерлердин депутат болуп тургандары ыңгайлуу. Ошон үчүн муниципалдык жана мамлекеттик кызматка кимди киргизип, кимди чыгарып коюшту өздөрү эле чечип алышат. Мыйзамды көзөмөлдөгөндөр мыйзам баарына бирдей деп айтышат. Ошондой эле мыйзам баарына түшүнүктүү жазылышы керек. Мыйзамда кыйыр көрсөтүлгөн түшүнүк болбошу керек. Мисалы, биз, айылдыктар, мал баккан кишилерди жалпысынан малчылар деп коебуз. Алардын ичинен уй бакканын уйчу, кой бакканды койчу деп тактап өз аттары менен атайбыз. Муну шаардык ак сөөк кыргыздар кайдан түшүнөт.
Эми кепти ток этер жеринен уласак. Муниципалдык жана мамлекеттик деген кандай кызмат. КРнын БУУнун өнүктүрүү программасы Демократиялык башкаруу программасы тарабынан атайы жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн тренингдин материалдары деген китепте (Бишкек 2007, авт. Дүйшөнбаев А.) муниципалдык кызмат жарандарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү жана аткаруу тескөө органдарындагы кесиптик жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылуучу иши деп берилиптир. Демек, бул аныктама боюнча жергиликтүү маанидеги мамлекеттик жана муниципалдык менчиктердин (мектеп, ФАП, токой, энергетика, архитектура ж.б.) кызматкерлери муниципалдык кызмат ээси делинет (түшүнгүсү келбеген түркөй чиновниктерге дагы бир жолу айылдыктарча айтканда уй баккан киши уйчу дегендей түшүнүк). Демек, бул сыяктуу кызматтагылар депутаттык мандатка ээ болуп калса, анда мыйзамга ылайык өз кызматтарын өткөрүп бериши керек. Мен бул маселе боюнча ойлорумду ортого салардан мурун БШК менен ( 22.01.2010 ж. саат 14:00) 65-51-86 номерлүү телефону аркылуу байланыштым. Алар БШК законго толкование бербейт деген сыяктуу жооптор менен кош көңүл 62-08-29 номерлүү телефонго кайрылуумду өтүнүштү. Ал жерде олтургандардын айтуусу боюнча жогоруда биз маселе кылып, кеп кылып жаткан (мектеп, ФАП, токой, энергетика, архитектура ж.б.) кызматкерлердин муниципалдык жана мамлекеттик кызматка кирер-кирбеси республикалык жана жергиликтүү бюджетке көз каранды экен.
Мыйзам бюджетке көз каранды болгону бул - маанилүү мыйзамдын чийкилиги. Коррупция жыттанган мыйзам. Улуттук идеологиянын тили менен айтканда карышкырга кой кайтарткан мыйзам.
Мына, эми чогуу айылдыктарча логикалык ой жүгүртүп көрөлүчү. Мисалы, ошол жергиликтүү Кеңештин мектеп маселесин караган сессиясында: токойчу-депутат, директор-депутаттан эмнеге окуучу балдардын булочкасынын жарымын жеп алдыңар деп кине койсо, директор-депутат силер карагайларды бүкүлү эле сугунуп жатпайсыңарбы деп кайра тиш кайрыйт. Анан булар акылына келишет да табакташ болуп алышат. (Биздин Жети-Өгүз районунун кээ бир айыл округдарынын депутаттарынын көпчүлүгү муниципалдык кызмат ээлери. Эки тизгин бир чылбырды колго кармап отурушат). Карга карганын көзүн чукубайт.
Кийин айыл өкмөттүн райондун акими көрсөтүп депутаттар шайлайт деп өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген бийлик Конституциябызды каалагандай калчап, төмөндөн жогору карай башкаруу деген демократиялык централизмдин прициптерине карама-каршы келген жогортон төмөн карай, баары бири-бирине көз каранды болгон коррупциялык, диктаттык система өкүм сүрүп келет.
Бийлик элге калыс кызмат кылышы үчүн бийлик ошол элге көз каранды, милдеткер болушу керек. Демек, айыл өкмөтү 15 депутатка эмес, жалпы элине көз каранды болушу керек. (8 депутатты сатып алып, өз билгендерин жасап жаткан өкмөттөр толтура) айыл өкмөтүн жалпы айыл эли шайлашы керек.
Урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Сизди апрель революциясынын лидерлеринин бири, о. э. Конституциялык Кеңештин төрагасы катары жогоруда биз жергиликтүү Кеңештердин статусу жөнүндөгү мыйзамдын, 5 - статьясынын 1 - бөлүгү боюнча мыйзамдын ушул кезге чейинки толук кандуу аткарылбай келатканы тууралуу кайрылып жатабыз. Эми ушул жерден мындай бир мыйзамдуу суроо туулат. Жогорудагы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөй турган БШК бар. Алар ал кызматы үчүн өкмөттөн эмгек акы алышат. Демек, алар ал эмгек акыны мыйзамсыз алып келишкен. Себеби өкмөттүн коюлган милдетин аткарган жок. Демек, ошол сыяктуу көрүнүштөр аткаруу бийлигинин башка тармактарында да бар. Эгерде биз Эмгек кодексине эмгек акы боюнча кичине толуктоо киргизип койсок, биздин билимдүү кызматкерлерибиз бизге толук кандуу, жоопкерчиликтүү кызмат кылып беришер эле.
Рысбек Исмаилов,
"Айтыш" фонду уюштурган республикалык 2006 -жылы "Мыкты аңгемелер" сынагынын жеңүүчүсү.





  Таанымалдарга таш күзгү

Исхак Масалиевге
(Компартиянын кожоюну, экс-депутат,
(Бакиевдер менен байланышы бар деп үй-түрмөдө отурат)
Жакшы атанын баласы,
Жасаган ишин карачы.
Мыйзамды бузсаң иничек,
Мыш болот түшкөн арачы.

Атаңдын баркын эл билет,
Атаңдай сага элжиреп…
Апсаматтай АДАМды,
Айтчу эмес кыргыз өлдү деп.

Сот чечет эми не дейли,
Соо болсоң "бокту" жебейли.
Айтылган имиш чын болсо,
Арман күн,
Апсамат бизге эми өлдү.

Тагдырдын татаал жолу бар,
Тамаша-чынды оюңа ал.
Иттигиң эгер чын болсо,
Исхактын атын булгабай
"Итибай" атка конуп ал!

Марат Кайыповго
(мурдагы Адилет министри. Көп катын алууну мыйзамдаштырсак деп ЖоКенин көп жолу тынчын алган. Азыр "Жаңы Кыргызстан" партиясынын "генерал секретары")
Бапке деп жанын камчылап,
Партлидер болуп бай чыгат.
"Козелдор" түшсө алдыга,
Коштогондор бар самтырап.

Сөөксүз кызыл тил экен,
Сөөдүрбай пенде миң экен.
Көп катын алчу Кайыпов,
Көп партлидердин бири экен.

Баарысы чогуу ок жонгон,
Бакиевге анык достордон.
Мураска калган партия,
Сыдыков менен Досболдон.

Кайыпов болсо Генсеги,
"Катын"- деп өлсө эркеги.
Жакшы эмес окшойт болжолу,
"Жаңы Кыргызстандын" эртеңи.

Антсе да Марат чамдагын,
Арманда кийин калбагын.
Кааласаң желек кылып ал,
Катындарыңдын дамбалын!!!

Адахам Мадумаровго
("Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, мурдагы бийликте "Ак жол" партиясы аркылуу ЖКда спикерликке чейин жеткен)
Сүйлөгөн сөзү таш жарган,
Сүрчүдөй баарын баштанган.
Күүлөнүп келип Адахам,
"Гүлсарат" болдуң акталган.

Мансапты сүйгөн манапсың,
Мансапка маска жанаштың.
Таш жолдо жүрбөй эл менен,
"Ак жолго" түшүп адаштың.

Талдаган сөздү изилдеп!
Ташбоо да муну түшүнбөйт.
"Крышасы" оогон бир айтат,
Кыргызстанды бүтүн деп.

Жеринен жатса жер кемип,
Эл тентип жүрсө сенделип.
Бетиң бет эмес бетон го,
"Бүтүн" - деп турсаң сен келип.

Булутка жетип куладың,
Бутуңа күмөн турарың.
Заманды оңдоор табылар,
"Заманаңа" бар, чырагым.
Кадырбек Керимбаев
(Саяковский)
Токтогул району, Торкен айылы.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??