Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Баарыбыз бир атанын балдарыбыз
Деги биз кыргыздар, кайда баратабыз? Жаштарыбыз карыяларды, карыяларыбыз жаштарды күнөөлөп эле келе жатабыз. Айткылачы күнөө кимибизде?

Алыска барбай эле кечээки Ынтымак курултайында президентибиз К.Бакиевди жерге-сууга тийгизбей жанынын барынча "улуу урматтуу президент" деп сүйлөгөн карыяларыбыз, бүгүн кайра жамандаган сөздөр менен кайрылышууда. Муну уккан-көргөн жаштарыбыз "дежур чалдар" деп, бүт карыяларга акаарат айтышууда. "Башкы көч кайда барса, арткы көч да ошол жакка көчөт", "Агын суунун башталышы кандай болсо, аягы да ошондой болот" деген эл сөзү да бекеринен айтылбаса керек. Кудайдан коркуп, пендеден уялып, элди карап, эл менен бирге жашасын деген ойду айтмакчымын.
Эй мусулман-туугандар, бар бололук, бир бололук!
"Бөлүнгөндү бөрү жейт" деген накыл сөзгө да маани берелик. Ал эми түндүк-түштүктү тообуз бөлүп турат. Ушуну да саясатка аралаштырып мен түндүктөн, сен түштүктөн, мен чоң багыш, сен кичине багыш, сарбагыш, бул мундуз, бугу, кутчу, кыйчан, кыргыз ж.б. деп бөлүнөбүзбү? Бул бөлүнүү айрыкча жаштарыбызга тескери таасирин тийгизип жатат. "Бөлүнбө кыргыз! Баары эле бир кыргыз" деген идеология менен жаштарыбызды тарбияласак. Идеологиясыз коом алдыга жылбайт. Идеологияны жоготсок, өзүбүздү жоготконго барабар. Бөлүнөбүз деп жүрүп, кандай гана чыгаан эр-жигиттерибизден айрылдык.
Буларды колдогондун ордуна кайра бут тосуп, канчасын жок кылдык. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери атайын заказ менен канча адам өлтүрүлдү. Канчасы дайынсыз жоголду, бейкүнөө канчасы капаска түштү, канчасы чет өлкөлөрдө качкын болуп жүрөт. Бул тууралуу мурдагы легендарлуу парламенттин экс-депутаты Бегиш Ааматов: "Бул калыбында кыргыз эч качан оңолбойт" -деп күйгөнүнөн айткан да.
Элин темселетип-тентиреткенин мындай коёлу, Манас атабыз нечен жактан көздүн карегиндей бапестеп сактап келген жерлерибизди уялбай-этпей сатып жибергенине кантип зээниң чыдайт. Ал эмес, Каныкей энебиз, Алманбет да үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, кыргыз элинин келечегине кам көрүп келбедиби. "Пейил-ыйман оңолмоюнча элде береке, кут, ырыскы болбойт" деген сөз бар.
Менин көз карашымда колдогу бар ырыскыбызды талаага чачып, башкаларга өткөрүп жибердик. Сөзүм куру болбосун үчүн, айрым бир далилдерге кайрыла кетейин.
Токтогул ГЭСи бүтүп, жерибизди суу басып, ал жердеги жыландар үйүр-тобу менен журт которуп, Казакстанга өтүп кетишти. Жыланды үйдүн үстүнө ак чачып, ун чачып жакшылык тилек менен чыгарчу эле. Жыланды түшүндө көрсөң - ал кенч, байлык, ырыскы деп карыяларыбыз түш жоручу эле...
Чет элден келген конокторго башыбыздагы ак калпакты кийгизүү, бул салтка айланып калды. Ак калпакты кыргыздар гана кийишет. Эр жигиттин белгиси, башындагы калпагы, колундагы камчысы ыйык деп эсептелет. Бул жерде жатпайт, үйдүн үстүндө илинип туруусу керек. Кыргыздын калпактары көчөдө, мончолордо кор болуп тепсендиде жатат деп Москвадагы, Россиядагы жана башка жакта жашаган кыргыздар айтып келишүүдө.
Жерибиздин аянты 198,2 кв. км. болгондугуна карабай бир четтен сатыла баштады.
Турдакун Усубалиев аксакал бийликте турганда, азыркы Советабад (Ханабад) шаарынын берилген убактысын бүткөнүнө карабай кайра Өзбекстанга кармата берди. Ошол мезгилде эл арасында далай-далай ызы-чуу түшүп кала беришти.
Аскар Акаевич да алакандай жерибиз болсо, жер соорусу Үзөңгү-Куушту Кытайга тартуулап жиберди. Ошол жердин Калинин колхозунун башкармасы, ал жердин мал-жайытын, көк-кашка суусу аккан дарыяларын, Совет мезгилинде курулган көпүрөлөрдүн өтүп кетишине ыйлагандай болуп радиодон айтканын уккан элем. Буга ачкачылык жарыялап жаш өмүрүнөн ажырап Шералы Назаркулов кете берди. Азимбек Бекназаров да бул тууралуу түрмөдө не деген кордуктарды башынан өткөрдү.
Сенден мен каламбы деп, Курманбек Салиевич да Каркыраны, ага кошуп көлдөгү 4 пансионатты, 59 гектар жерди, 49 жылга ижарага казак баурдастарга белекке берип жиберди. Муну бир эле Бакиев эмес, жанындагы кошоматчылары да кошо ат чаап, кол чаап жатып калышты. Бул Каркыра жайлоосунда кыргыздын тарыхы калган Көкөтай бабабыздын ашы өткөн касиеттүү жери эмес беле.
Кечээ эле Нариман Түлеев мэр болуп турганда так борбор шаарыбыздын аянтына илгертен кыргыздын элдешпес кас душманы болуп келген теги, калмак, кытайлардын баатырларына эстеликти тургузууга, кайсы акмактар, кайсы маңкурттар жол берди. Аргасыздан жаканы кармап "тооба" деп баш чайкайсың. "Бул дүйнөдө не карып" десе, - "Калыс бийлиги болбосо, карайлаган эл карып" -деген экен бир акылман.
Биз, мугалимдер, кыргыз адабиятынан, кыргыз тарыхынан окуучуларга, булар кыргыздардын илгертен бери келе жаткан душмандары деп окутуп келбедик беле. Эми буларга эмне деген жоопту айтабыз?
Буга жоопту Топчукенин жообу менен жооп берейин: "... Бул кимдин буйругу менен курулду, кайсыл акмак, даанышман муну ойлоп тапты. Кыргыз эли Манасты, Бакайды, Көкөтайды, Кошойду, Каныкейди, Алманбетти, Чубакты, Сыргакты ж.б. көкжалдарды дүйнөгө даңазалоону күтүп жатса, бул бийликтеги, маданияттагы маңкурттар Кыргызстандын так борборундагы аянтка кыргызга кыргын салган, кыргыздын эки дүйнөдө элдешпес душмандары - Коңурбайга, Нескара, Шыпшайдарга, Жолойлорго эстелик тургузуп улутка чуу салышты. Ошол Бакиев, Досбол Нур уулу, Нариман Түлеев, Султан Раев, Тургунбай Садыков баш болгон маңкурттар сот алдында, эл алдында жооп бериши керек" (Форум №15, 05.03.2010-ж.).
"Мына ушулардын кесепетинен Манас атабызды да кытайлар ЮНЕСКОго өткөрүп алышты. Буга журт башындагылар көрмөксөн-укмаксан болуп туруп беришти. Манас атанын каарына калбас бекенбиз" - дейт парапсихолог Мелис Карыбеков.
"Өз элин-жерин саткан, өз ата-энесин саткан" - деген эл сөзү да туура айтылган. Эгерде чыныгы патриот кыргыз болсо, буга каршылык көрсөтө алган жок.
Бир гана өз убагында Жогорку Кеңештин спикери болуп турганда Өмүрбек Текебаев "матрешка" окуясына байланыштуу Бакиев жана анын жоокерлери менен тил табыша албай кызматын таштап чыгып кетти. Роза Отунбаева да каршылыгын көрсөтүп бийликтин эшигин катуу жаап кетти.
Кыргыздын бактысына чыныгы ушундай эр-жүрөк чыгаан кыргызым деп күйгөн улуттук лидерлер келер бекен? Кыргыз мамлекеттигин бекемдеп, улуттук сыймыкты, ар-намысты бийик көтөрүүгө багытталган, айрыкча элдин жаш муундарынын атуулдук сезимин ойготуп, башка улуттардын өкүлү сезгендей, ыйбаа кылгандай, саясат жүргүзө алар бекен?
"Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" эмес, "Кыргызстан - менин мекеним" - деген улуттук идеология менен жашообуз керек. Америкалыктар "АКШ - биздин мекенибиз" деген туура жолду тандап алышкан. Коңшулаш Өзбекстан да: "Өзбекстан - өз ага Ватанимиз" - деп жашап келе жатышат. Биз да ушул коңшулаш Өзбекстандан көп нерселерди үйрөнүп алышыбыз керек.
"Кыргызстан - жалпы үйүбүз" - деп ушул жерде туулган эч жакка кетпейм деген Силаев, Танаев, Чудиновдор ж.б. кана? Куйругун түйүшүп, "чу" деген бойдон көздөн кайым болушту. Ушул жерде нече жылдап, кылымдап жашаган немистер, жөөт-еврейлер, орустар ж.б. улуттар кетип жатышат. Ушул жерде жашаган ар бир жаран, улутуна динине, тилине карабай "Кыргызстан - менин мекеним" деген девиз менен жашоосу керек. Сен ким болбо, Кыргызстанда жашаган бардык жарандар тең укуктуу. Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп беришибиз керек. Мыйзамга баш ийип, жоопкерчиликти сезе билүү керек, сен Кыргызстан үчүн иштөөгө, Кыргызстанды коргоого, өнүктүрүүгө өз салымыңды кошууга милдеттүүсүң. Биз, кыргыздар, силер менен беш миллионбуз деп сыймыктанабыз, ошондуктан "баарыбыз" бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, улуттар аралык "Ынтымактуу Кыргызстан" деген ураан алдында жашайлы.
Эсил кайран Союздун убагында кызматка алганда, же КПССтин мүчөлүгүнө алганда анын ата-тегине, билимине, мамлекетке жасаган ишине карап алуучу эле. Азыркы бийлик да, кызматка алганда, анын байлыгына, акчасына, тууганчылыгына, кошоматчылыгына карабай, терең анализдеп, чыныгы кыргыз элине, жерине, кыргыз менталитетине толук түшүнүгү бар кыргыз тилин толук билген атуулдарды тандап алсак, мындай коопсуздук болбойт эле.
"Эл сөзү - элек" демекчи, Т.Усубалиевди, А.Акаевди калмак, Бакиевди дунган, Түлеевди кытай ж.б. деп айтып жүрүшөт, бир жагынан булардын жасаган иштерине карап ишенип да кетесиң.
Мындан мурунку эл оозунда айтылып жүргөн Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Апсамат Масалиев, Султан Ибраимов, Темирбек Кошоев жана башкалар ушул убакка чейин эл оозунан түшпөй келүүдө. Булардын атын улам-улам эскерип туруу биздин адамдык карызыбыз.
Экинчи бир айта турган сөз, азыркы символдорубуз да элдин купулуна анча толбой жаткандыгы баарыбызга маалым. Жаңы коомубузда мамлекеттик символдорубузду жаңылап оңдоп албасак, ишибиз да алдыга жылбай калды көрүнөт. Ар бир символ өз ичине купуя сырын катып материалдашып жатканын көрүп билип турабыз. "Эмнени эксең, ошону аласың" деген эл сөзү да туура айтылган. Бул жөнүндө канча сөздөр айтылды, бирок көңүл бурулбай келе жатат.
Туубузду алсак, ал күн караманын элесин берип турат. Азыркы күндөрдө аял-эркек дебей Абыке, Көбөш эки арам сыяктуу адамдар көбөйүп, зээниңди кейитет. Бийликтегилер да "акты ак, көктү көк" деп калыс сөзүн айта албай, тилдери кесилип, кошоматчылардын, калпычылардын заманы болуп калды.
Гербдеги ал куш эмес, "Кел, келе бер. Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деп канатын жайган көгүчкөн (кептер). Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, куудул Келдибек Ниязов: "Биз, кыргыздар, меймандос элбиз. "Кел, келе бергиле" деп борбордогу аянтка чоң бир кыргыз үйдү тургузуп, келген меймандарга төшөктү калың салып, төргө өткөрүп, жаткырып, өзүбүз тээ тоонун чокусуна чыгып кетебиз" - деген сөзүн ошол убакта эле көрөгөчтүк менен айткан экен.
Гимндеги "... бейкуттукту берет кыргыз элине..." деген сөз туура колдонулбай жатат. Бейкут бул ирандыктардын сөзү. Бейкут деп оорулуу адамдарды, ден соолугу начар жашагандарды айтышат. Буга профессор К.К.Юдахиндин, "Кыргызча-орусча" сөздүгүнөн бир-эки мисал келтирип кетейин. Мисалы: Конушуң куттуу болсун! Кудай кут кылсын! Атын атаса, куту сүйүнөт! Асмандан кут түштү! Куттуу болсун! Кут болсун! Жана башка сөздөр жакшылыкты каалоо иретинде гана айтылат. Ал эми "бей" деген кыргызча "сыз" деген куранды мүчө "жок" дегенди түшүндүрөт. Мисалы, Беймаал жолдо жүрбө. Беймаза сүйлөбө. Бейнамаз - намазсыз. Бейтартип - тартипсиз - тартиби жок дегенди түшүндүрөт.
Ырас, биз, кыргыз эли, Манас атанын элибизби, анда борборубуздун атын да Манас атанын атынан койсок, Манас атанын руху да бизди колдоп ыраазы болмок. Бишкек да баатыр болгон. Ал Манас атанын урпактары. Ал "Манас-Манас" деп ураан чакырып, жоого кирүүчү деген Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин сунушун толук колдойм.
Борборубуздун аянтындагы түндүк кармаган аялдын айкелин (эстелигин) тез арада алмаштыруу зарыл. Качан гана эркек киши болбосо, ошондо гана аял киши түндүк көтөрөт. "Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык" деген нускалуу сөзгө терең маани берели. Ансыз да жаштарыбыз кетип жатат. Кудайга шүгүр, биз, кыргыздар, мусулман калкпыз. Кыбыланы карап намаз окуйбуз. Кыбыладан башка жакка карап окуган намаз кабыл болбойт. Иши оң келбей, иши жүрүшпөгөн адамдарды, анын кыбыласы тескери болуп калыптыр деп айтышат. Анын сыңарындай, биз өз менталитетибизди жоготуп, Европаны туу тутуп, ошолорду туурап калдык. Улуттук мораль, улуттук рух, улуттук этика деген кыргызда өчүп баратканга акылым жетпейт. Эл-журтубуз мунун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, чыдап келе жатабыз.
Кадырман эл-журтум! Мекен тагдыры да кыл учунда турат. Талашып-тартышууну, түндүк-түштүктү, уруу-урууга бөлүнүүнү токтотуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жашайлы. Келечек да ушуну талап кылып турат. Ошондуктан элибизде лидерлерди тандоодо, бөлүнүп-жарылбай нукура элим-жерим деп калктын келечегине кайдыгер эмес инсандарды, алар башкарган партияларды туура тандоо милдети турат.
Ал эми президенттин ант берүү аземине кайрылсак, ал конституцияга колун коюп, ант берип жатат. Бул конституцияны 1-класстын алиппесиндей эле, ар кимиси каалагандай өзүнө каратып бурмалап жатышат. Конституция бул куран эмес. Курандын бир тамгасын ала албайсың, бир тамга да кошо албайсың. Дүйнөдө эң бир ыйык нерсе - нан, туз, куран (Библия). Келген конокторду нан, туз менен тосуп алышат. Эң бир улук ошол нан, туз, куранга колун коюп, ушул антыман жансам: "Төбөсү ачык көк урсун, төбөсү туюк гөр урсун, төшү түктүү жер урсун" -ж.б. деп ант берсе, калайык калк да ишенип, ак батасын берип калмак.
Сөз аягында айтаарым, Кыргызстандын келечеги үчүн кечээ эле он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек уулдарыбыздын арбагынын жаркын элесин эч качан унутпайлы! Аларга арнап жана кыргыз элине кайып дүйнөдөн келип жаткан аян-кабар жакшылыктын жышааны катары жалпы журтубуз менен кабыл алышыбыз керек. Ал эми Манас элинин ынтымагынын жоктугуна бир гана себеп - "Кара дуба" дейт парапсихолог Мелис Карыбеков. Бул "Кара дубадан" биздин эл кутулмайынча, коомубузда баш айланткан адашуу боло берет. Мунун акыры улутубуздун жок болушуна алып келет. Биздин башат, биздин нукура энергиябыз - Манастын энергиясы.
Биздин Манас элибизге душмандар тарабынан кылынган "Кара дубадан" тазаланмайынча кыргыз элинин келечеги жок. Ошондуктан "Манас алтай" жүрүшүн бир добуштан колдойлу. Дүйнөнү дүңгүрөткөн реформалык ушул учурда кайра жаралуу доорунун башталышы болуп, келечектеги жаш муундарыбызга өз жемишин берсин! Ылайым касиеттүү Мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, өсүп-өнүгүү болуп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап, журтубузга оомат келишин тилейли!
Акматов Акы Жусупали уулу,
ардагер мугалим







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??