Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Кандуу жылдар
...Канга чыланган Токенди көрүштү. Кан чыланган башы эле көрүнөт. Макан да, Бекен да машинесинин бүгүлө жапшырылгын эшигин тытмалай, кайра Токендин башын кармалай бакырып турушту, боздоп турушту. Энесинен эчтекесин калтырбай кимдир бирөөлөрдү сөгүп, алардын түбүнө жетерине карганып, "кайраным" деп бакырат Макан, "байкелеп" Бекен жер чапчыйт. Аз өтпөй кыйратып салчудай үн чыгарып, төбөсү жалт-жулт этип милийсанын эки бирдей машинеси келди. Андан түшкөндөр тал сүзгөн машиненин ар жак-бер жагына чыгып, котологон элден сураштыра башташты. Булардын эч кимиси эч нерсе көргөн эмес, өтүп баратып бири карандай эле кызыгып, бири жардамым тийбесин деп токтогондор. Милийсалар Макан менен Бекенден бир нерсе сурашмакчы болду эле, алар сөз уккан да жок, боздоп турушту, ичтеринен кан өтүп, кектери кайнап турган...
***
Токен көп адамга колдон келген жардамын берип, эч кимге жаман сөз айтпаган, ууртунан дайыма жылмаюу кетпеген айкөл жигит эмес беле. Аны койгон күнү эл батпай келди. Айыл ичи иномарка, жөнмарка аралаш толо машине, ат арабалар, казганактаган эл. Орустун муңдуу музыкасын ойноочу топту чакырбай, кубаттуу магнитофондон "Көкөй кести" боздоп, боздогон жакындарын коштоп турду. Байкел карыя бүлкүлдөй кайгысын тереңине катып, көздөн ээ бербей куюлган жашты жашыра аарчып, күйүп-өрттөнүп, ар кимдин көңүл айта сунган колун кармап нарктуу отурат. Тээ көкүрөктүн тереңинде ушул уулуна чексиз сыймыктанып, аны менен бирге алда-кандай болот деп түпөйүл санаага батып, уулунун өмүрүн жараткандан сан ирет тилеп, тобосун ооздон түшүрбөй жүрбөдү беле. Кимге болбосун жардам бергиси келе берген ак көңүлдүгүн эстейт. Ар дайым келип чучугун баш кылып, ой-бойго койбой жедирип кетчү тамагын эстейт; азыркыча кийиндирем деп алып келчү кийимдерин эстейт; "ата, быйыл сени ажы кылам, Мекеге барабыз" дегенин эстейт; айылда наны жок отургандарга мүшөк-мүшөк түшүрүп берчү унун эстейт; ал келгенде үйдү айланып кетпей, аракты кенен алдырып иччү алкаштарды эстейт; энесин кучактап, бубак чачынан жыттап, "чачың агарып кеткен тура, боетолубу же парик эле сатып берейинби" деп аны чычалатканын эстейт; "буюрса айылдагы колунда жоктордун тың балдарынан туура онду тандап окутуп алам" дегенин эстейт... Жакшылык кууган, ыйман жылоологон кылыктарын эстейт, эми жок уулунун жүрөк жибитчү кылыктарын... Боору эңшерилет, бу дүйнөңдүн бар-жогу ажырымсыз, бу дүйнө көзгө жаман көрүнөт, суук... каргашалуу... каралуу дүйнө...
Макан боздойт буулугуп, өзүн күнөөлүү сезет. Жалгыз досун сактай албады го. Анын тилин албай эле кошо жүрсө эмне?! Баарын баамдап жүрүп жалгыз таштаганы эмне?! Досунун өлүмүнө ушул өзү күнөөлүү. Байкел атанын да, Бекендин да көзүн тик карай албайт... Анан каны дүүлүгүп, тиштене кубарат, муштумдары таштай түйүлөт...
Итиңди да, битиңди да, баатырың менен каапырыңды койнуна алчу жер ошол күнү Токенге жай берип тынды...
***
Токенди жерге берип тынышты ошентип. Макан бир жума бою Бекен менен Байкел карыянын жанынан чыкпай, алардын кайгысына ортоктош болуп турду. А, балким алардын кайгысынан аша кайгыргандыр...
Токен өлөрүн билгенби, же жөн эле алдын-алганбы, керээзин жазып нотариуска бышыктатып кетиптир. Анын иш столунан бир көчүрмө, сейфинен экинчи көчүрмөсүн табышты. Эгерде өзү өлсө, же бир кырсыкка кабылса фирмага иниси Бекен менен аялы Жакин укугу тең башчы болуп калышарын, түшкөн кирешенин он проценти Маканга тиешелүү болорун айтыптыр...
Өлгөндүн артынан кетмей жок, тирүүлөр ошол тирүүлүк парзын аткарышы турулуу. Жан-дүйнөсү эңшерилип, бир боорунан айрылган кайгысы денеге сыйбай, буулукканы басылбай, көксөөсү суубай турганы менен Бекен Токендин ордуна отуруп иш жүргүздү. Алган билими жок болгону менен жараткан берген жөндөмү барбы, ишин жакшы алып кетти. Анын үстүнө бүт иштин аки-чүкүсүн беш колундай билген, мүнөзү кебез сындуу жумшак, тирүү жандын бирине зыяны тийбес Токендин орун басары Турганбек Бекенди көп нерсеге үйрөттү, үйрөткөнү уланат. Жакин балдары менен үйдө.
Бир күнү Бекен фирмадагы керектүү адамдарды жыйнап чогулуш өткөрүп жатты эле, Макан кирди.
- Бу жерде чогулуш болуп жатат, - деди Бекен анын киргенин, киргенде да суроо-сопкуту жок киргенин жактырбай.
- Иш бар болсо кирем да, - деди Макан азга кызыраңдай. - Эмне, бу жерге кириш үчүн атайын уруксат керекпи?
- Керек! - Бекен катуу зоңк этти. - Ишиң болсо анан кел!
Отургандар бир туугандай болгон бул экөөнүн эч күтүлбөгөн кер-муруна таң кала, ыңгайсыз болуп түйшөлүп, уккан кулагы менен көргөн көздөрүнө ишенбейт.
- Сен эмне, атайын уруксат менен киргизгендей президент белең, же министрсиңби?!
- Президентмин, фирманын президентимин, уктуңбу?!
- Урдум сенин президенттигиңди сени кошо урдум! - Макан шарт бурулуп эшикти омкоро таштачудай жаап чыгып кетти...
- Айбан! - Бекен кубарып турду.
Ошондон соң Макан фирмага жологон жок. Фирманын коопсуздугун сактоо милдетин Бекен төрт жигиттин бирине жүктөдү, дагы бир жигитти ошол ишке алды...
"Макан Казакстанга кетип калыптыр, жок, Россияда дейт..." деген сөз фирманы аралап кетти...
***
Ром ошол Токен жерге берилгенден бир ай өтүп калганда Барсты чакырып бир эле сөз айтты:
- Эми кайгырып деле бүтүшкөндүр, жанагы өлгөндүн инисине учурашып кел.
- Кеттим, - деди Барс, айтканды алеки саатта бүтүрөрүн билдирип.
Барс түз эле Бекендин фирмасына келип, анын кабинетине кирди:
- Салам!
- Алеки, - деди Бекен, - айта бериңиз.
Барс Бекендин столунун маңдайында узатасынан коюлган столго отуруп шашпай айтты:
- Менин зарыл деле жумушум жок, сүйлөшүп койчу маселе бар.
- Кулак сизде.
- Фирмаңызды ар түрдүү кырсыктан, болбосо зордукчу бейбаш балдардан сактайлы дедик эле.
- Кырсыктан Кудай сактасын... Бейбаш балдардын деле келген жери жок. Келип калса койгула деп айтууга өзүбүз деле жарайбыз го деп ойлойм.
- Эгерде жарабай калсаңарчы?
- Анда... Анда башка салганын көрөбүз да.
- Башка салганын көрөбүз деген сөз баары ойрон болот, бүттү деген сөздөн айырмасы жок го дейм.
- Ойрондотор биз деп эле ачыгын айтпайсызбы анан.
- Ачыгын да айта алабыз, ойрондотчу мына мен деп айтсам да болот.
- Кандай кылсын дейсиз?
- Мунуңуз жакшы сөз болду. Сиздерди сарсанаа болбой иштесин десек айына төлөп турушуңар керек.
- Канча?
- Жыйырма процент...





  Сандан-санга

Катаал чечим
Люба бир нече мүнөттөн кийин эсине келип, араңдан зорго ордунан туруп, эс-учун билбей, нары жакта бети-башы канжалап жаткан Мамбетке темтеңдеп басып келди. Жанына келип, чөгөлөп олтура калып, Мамбетти жулкулдатып канча ойготконго аракет кылганы менен, аны такыр ойгото албай койду. Олтура калып, кулагына:
- Мамбет вставай, ну хватить вставай. Пошли домой… - деп бир нече ирет кайталады. Жалдырай карап, жооп күттү. Бирок эч бир жооп болгон жок. Акыры тажады. Жата калып, жүрөгүн тыңшады. Жүрөктүн кагышы араң-араң угулат. Кээде угулбай да калып жаткансыйт. Айтор, Люба Мамбеттин жүрөгү кагып же какпай жатканын жакшы ажырата албай койду. "Өлүп калган экен"- деген ойго такалды да, айлананы элеңдеп карап:
- Ой, люди, помогите, здесь человек умирает - деп, үнүнүн болушунча бакырып алды. Кыйкырыктан эч пайда болгон жок. Эч ким келген жок. Жолдо көрүп өтүп бараткан автоунаалар дагы токтободу. Люба эмне кыларын билбей, нес болуп Мамбетти карап бир азга олтурду да, кайра өйдө туруп, ыйлаган бойдон кайдадыр белгисиз тарапка эле жардам издеп, бакырып жөнөдү.
Мамбет кыймылсыз абалда көпкө жатты. Люба келгенче, көк муштум болуп тоңуп да бүттү. Буту-колу кыймылдан калып баратты. Денесине муздак абдан өтүп кеткендиктен уламбы, же ушунчалык үшүп, чыйрыкканынанбы, айтор ал бир кезде жаш балача чукуранып, көзүн ачты. Мурдунан аккан кан эчак эле сербейген муруттарына кыпкызыл муз болуп тоңуп калган экен. Тилин күрмөөгө дарманы келбей, бүт денеси таштай муздап чыкты. Ордунан козголуп оодарылууга да, чамасы келбей койду. Өзгөчө колу-буту абдан үшүп, уламдан улам кыйналгандан кыйналып баратты. Жылаңач колдору козголууга жарабай, кызарып чыгып, эч нерсени сезбей, такыр эле жансыз калгандай болду. Буттары кичине да кыймылга келбей муздай зыңкыят. Кайда, эмне болуп жатканын деле билбейт. Көзүнө ар нерселер көрүнө берип, ансыз да алсыз согуп жаткан жүрөгү лакылдап оозуна кептеле түштү. Кайдан, жайдандыр капкара болгон топ чөөлөр аны тытмалап, талап жеп жатышкансыды. Ал топ чөөлөрдүн арасынан эң чоң чөө оң бутун омуруп жулуп алып, тизеден ылдыйкы бутту тиштеп көтөрө качты, жол бойлой жорголоп. Денесинен шорголоп агып чыккан кызыл-кочкул кан айлана-тегеректеги аппак карды кызылга боёп, каптап жатты. Дагы бир кандектей болгон чөө тытмалап жатып, сол колун жулуп алды. Мамбет өзүн чындап эле накта тозокто жаткандай сезди. Кыйкырайын дейт, тили буулуп калгандай, үнү такыр чыкпайт. Айтор, өлүм менен өмүрдүн ортосунда калганга окшоду. Бул каргаша окуянын өңүндө же түшүндө болуп жатканын ажырата албады. Айлана болсо, адаттагыдан бир башкача жымжырттыктын кучагында мемиреп, мээримсиздиктин белгисин билгизгенсип, мелтейип турат.
***
Аймончок бүгүн үйгө сабактан эрте келип, сабагын эрте окуп бүтүп коюп, төрдө ойлуу олтурган чоң апасынын алдына эркелеп жата кетти. Чоң апасы кызынын чачынан сылап, чекесинен жыттап:
- Эмне болду садага кетейин? Бүгүн күндөгүгө караганда сабактан эрте келдиң го? Сабагың аз беле?- деп сурады.
- Ооба, апаке, үч эле сабак болду. Ошон үчүн эрте келдим.- Аймончок апасынан өткөндү, айрыкча чоң атасы экөөнүн кантип баш кошконун уккусу келип, ошол тууралуу сөз козгоду - Апаке, сиз чоң атам менен кантип баш коштуңуз эле?
- И, кызым, аны эмнеге сурап калдың?- деди апасы бир аз таң калгандай болуп.
- Жөн эле, окуудан эжейибиз ушул жөнүндө билип келгиле деп, тапшырма берген болчу.- Аймончок апасына калпты айтып, тамашага салды.
- Койчу ботом, ошентип да тапшырма берет бекен? Ал кандай мугалим өзү?- Ырыскүл апа, кызынын тамашасын сезе бербей, чындап эле ишенип кетти. Муну байкаган Аймончок апасына карап:
- Тамаша кылам апаке, мен жөн эле билгим келип, сурап жатам, -деп көп созбой чындыкты айтты.
Ырыскүл апа кызын бир сыйра тиктеп, ичинен өзүнүн ушундай жапжаш курагын эстеп, тамшанып алгандай болду. Анан Аймончокту көпкө күттүрбөй, тамагын жасап сөздү кырааты менен баштады.
- Ал заман менен азыркы заманды салыштырып такыр болбойт. Айырмасы жыл өткөн сайын асман менен жердей эле болуп барат. Мен сага окшоп, бир үйдүн жалгыз кызы болчумун. Атам колхозду курган активдердин бири эле. Эл ичинде кадыры абдан жогору болчу. "Атанын кадыры менен кыз өтөт болуп" мен он беш жашка чыкканда эле, биздин үйгө жуучулар көп келишчү болду. Атам алардын бирине дагы тыңгылыктуу жооп айтпай: "Кызымды турмушка эмес, борборго окууга жиберем" -деп сылык-сыпаа узатып койчу. Бирок өз көңүлүндө мени Жолдошбек деген досунун баласына бергиси келип жүргөнүн апамдан эчак эле угуп алгам. Мен аябай эрке өскөм, айылдагы өзүм курдуу кыздар-балдар артымдан ээрчишип, баары менин айтканым менен болушчу. Кантсе да, бардар кишинин кызымын да, анан калса чырайлуу да болчумун. Балдардын арасында менден бир-эки жашка улуураак бир бала бар болчу. Ал күн өткөн сайын эле мага тийишип, оңтою келе калган жерден бетимен өөп качып кетчү. Жылдызы жанган, келишимдүү жигит эле. Негедир, мен да аны барган сайын көп ойлой баштадым. Туура бир айдын ичинде экөөбүз кыз-жигит болуп чыга келдик. Айлуу түндөрдө ак чөлмөк ойноп, селкинчек тээп, алты айдан ашык сүйлөштүк. Бир айдан соң, баш кошолу деп камданып жатканбыз. Анан...
- Атаңыз, апаңыз сиздин жигитиңиз бар экенин билишчү беле?- Аймончок апасынын сөзүн бөлүп, суроо узатты.
- Жок, атам билчү эмес. Апам баарын билчү. Атам мени тиги досунун баласына бермек да, билип калса мени өлтүрүп коймок. Апам мага: "ал жигит менен сүйлөшкөнүңдү токтот"- деп канча какшаса да, эркелигиме салып, тилин албай койдум. Сүйлөшүп жүргөн жигитимди барган сайын жакшы көрө баштадым. Бир күндө бир көрбөсөм, кадимкидей капаланып, эч нерсени жактырбай түйтөңдөп калчумун.








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??