Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Каныбек ИМАНАЛИЕВ
САЯКБАЙ
(Гений жөнүндө баллада)
Миртемирди таңгалтканда
44. Өткөн кылымдын 60-жылдары кыргыз эл акыны Кубанычбек Маликов менен өзбек элинин чыгаан акыны Миртемир Чолпон-Атада чогуу эс алып калышат.
Ошондо К.Маликов "Манас" китебин жарыкка чыгаруу боюнча редколлегия мүчөсү, ал эми Миртемир болсо "Манас" эпосун өзбек тилине которуп жүргөн экен.
Эки залкар улуу дастан жөнүндө сүйлөшүп отуруп, бүтпөс теманы улам-улам кызып уланта беришет. Өзбек элинин залкар таланты "Манасты" которуп жүргөн менен эч убакта "Манасты" манасчынын өз оозунан угуп көрбөптүр. Кубанычбек Маликов китептен окуган эпос менен манасчынын өзүн көрүп, өзүнөн уккан эпос такыр башка экенин айтат.
Анан ары-бери сураштырып отуруп Саякбай манасчыны таап алдырып, "Манас" айттырышат. К.Маликов С.Каралаевге Миртемир акынды эпосту өзбекче которуп жаткан таланттуу инсан катары тааныштырат. Эпосту өзбекче которуп жатат деген сөз Сакеңе абдан жагат.
- Манас - айкөлүм, бу таза дүйнө. Ага таза, аруу ниет менен гана киришкен адамды өзүнө кабыл алат, - дейт Саякбай, баягы С.Липкинге айткан кебин кайталап.
…Сакең табында экен. Ачылып Манас айтып берди. Могулстандын жапайы арстандары өлүп жаткан кезеңди айтты.
Карындары дардайып,
Ат өлүгү андан көп.
Муруттары сербейип,
Эр өлүгү мындан көп.
Төрт-беш саат нөшөрдөй төгүп Манас айтып бүткөн соң мейман Миртемир бир саамга сөз баштай албай турду.
Адатта Сакең эпос айтып бүтөөрү менен эч ким даап бара албай, анан кичине сууй түшкөндө гана аны менен кадыресе сүйлөшүүгө боло турган. Анан Саякбай терин аарчып, өзүнө келип, бир чыны чай ууртаган соң гана мейман сөз баштап, суроо салды:
- Мынча сан ырдын баарын жан адам жаттай албайт, сиз кантип жаттап алдыңыз?
- Оо кагылайындар, мен жаттамак түгүл, "А" деген арип тааныбайм. Мен Манасты көксөп, көктөн тилеп айтам, анан көкөйүмдө өзүнөн-өзү чыгат.
- Анан анча саптын баарын кантип, качан ойлонуп уйкаштырганга жетишип атасыз?
- Ой, мен эзели сөздү уйкаштырып убара болбойм, оозума өзү кесек-кесек болуп даяр түшөт, - деп Сакең а кишини ого бетер таңгалдырат.
- Ал эми обонун өзүңүз чыгарасызбы?
- Кагылайындар, обон чыгарып мен Молдокең болуп кетиптирминби (Карамолдону айтып жатат). Манастын обону Манас жаралганда эле кошо жаралып атпайбы.
…Эртеси күнү азиз мейман эртең менен эрте туруп көл жээгинде басып жүрүптүр. Кубанычбек Маликов басып барып, ал-акыбалын сураган соң:
- Биз сиз экөөбүз дүйнөлүк поэзия менен жакшы таанышпыз. Бирок анын бири да манасчы жараткан поэзия менен тең келбейт го. Кечээки чымыр денелүү, алыска үн салып Манас айткан манасчыны уккан соң, дагы деле түн бою үнү кулагыма угулуп, эпос айтып жаткандагы кыймыл-аракети көз алдыман кетпей койду. Манас эпосу эң зор поэтикалык чыгарма экенин билчү элем, эми дагы башка биз билгенден да терең улуу касиети бар чыгар, - деп ойго батып, кечээ Манас жөнүндө сурап атса, эми бүгүн Саякбай тууралуу улам-улам сурап, бир Кыдыр алейсаламдын өзүн көргөнсүп, сыйкырдуу дүйнө тапкансып, кийин да бул эзели сыр түйүнү ачылбаган Улуу Дастандын тегерегинде гана көп түйшүк тартып, калемин алып котормолоп жүрдү.
…Сакең ошондой болчу. Жөн жүргөндү таң галткан, таң калганды тамшанткан бир сыйкырдуу талант эмес беле. Адамдан башкача жаралган жан эле го.

Болот Юнусалиев
45. Сакең адамдын жакшылыгын унутпаган пакиза адам эмеспи. Адатта Манаска жакшылык кылган адамдарда атынан айтпай, "кагылайын, садагасы" деп эркелетип, аларга шербет сөзүнөн агызып күлдүрүп, ал эми ошондой көңүлүнө жакын адамдарды мактаганда көбүртүп-жабыртып, жомоктотуп иймейи бар эле. "Болотпу, Болот - ал накта көк жал эмеспи, Айкөлүмдүн доору болгондо "асманда жүрсө бүркүттөй, жерде жүрсө түркүктөй" кырк чоронун бири болмок, кеч төрөлүп калганын карабайсыңбы", деп жамбашын чаап каткырып калаар эле.
Сыягы баягы 1952-жылы "Манаска" чабуул башталганда эпосту эң биринчилерден болуп эр жүрөктүүлүк менен коргоп чыккан Б.Юнусалиев экенин унутпаса керек.
Бирок ошол 1952-жылдагы окуя Саякбай Каралаев үчүн эң кескин таасир бергенин окумуштуу Болот Юнусалиев каңырыгы түтөп минтип жазып атпайбы.
…Манасчынын кесиби бул арада эл оозунда кара сөз менен айтылып жүргөн жомокту поэмага айландырган жазуучунун эмгегине окшош.





  Шай - Доот:

Мезгил Сабактары

Мезгил cабактары азыркы күндө болуп жаткан адамзаттын ар кыл кыйынчылыктарынын себептери, көпчүлүк адамдардын рухий дүйнөсүндөгү өзгөчө туюм-сезимдердин жаралуу негизи жана ушул күндө аалам түпкүрүнөн Жер планетасына келип жаткан айрыкча кубаттуу энергетикалык таасирлери тууралуу маалымдайт. Ал таасирлердин кубаты адамдар дүйнөсүнө жакынкы келечекте кандай өзгөрүүлөрдү алып келери баяндалат. Эгер сизди бул маалыматтар кайдыгер калтырбаса, аалам сырларын ачып берген мезгил сабактары менен таанышып, жаңы доорго бурулуш жасаган адамзаты менен кандай кубулуштар болору тууралуу үзбөй окуп туруңуз.


Үндөө
Аалам кеңдигиндеги пайда болгон оң мүнөздөгү энергиялар аалам эволюциясына салым кошуп олтуруп өсүш жүрөт, алга жылуу же башкача айтканда эң таза бийиктикке көтөрүлүү болот. Ар бир пенденин кошкон салымы бул эволюцияда чоң ролду ойной алат. Ал эми адамдын менин кичинекей кадамым эмнени өзгөртмөк эле, же башка оң туура тартибим, жакшылыктарым жууп кетээр деген түшүнүгү чоң жаңылыштык. Ар бир оң жана терс кубулуштар ааламга тарап, балкыган энергиянын күчү, көзөмөлү менен текшерилип, теңделип иргелет дагы ар бир энергия өзү сымактуу отторго тартылышат, топтолушат. Дүйнөдөгү терс энергиялар, туура эмес жоруктар сөзсүз түрдө акыр түбү өзүн-өзү жоготууга (самоуничтожение) жоюлууга туш кылат. Башкача айтканда ар бир терс энергиянын сааты, убактысы жоюлууга туура келгенде бул энергиялар эң Жогорку акыл эс аркылуу ааламдан жок кылынат. Ошол себептүү бул энергиялар же жоруктар чеги жок жасала берсе болот экен деген жыйынтык - бул сокур түшүнүк. Материалдык (жесткий) энергиялар туура эмес иштердин, ойлордун, жоруктардын натыйжасында эң Жогорку акыл эстен келген балкыган энергияны түртүүгө келип кабыл албай калган чекке жеткенде туура эмес багыт талкаланып жоюлууга туш болот. Дүйнөдө бейиш орнойт деген түшүнүк, же аалам эволюциясына оң мүнөздөгү энергиялардын салым кошуп олтуруу кубулушу гана акыр түбү келээри, ишке аша тургандыгы ташка тамга баскандай шексиз нерсе. Ошентип, жүрөктөгү ыйык от менен иштей албай, иштөөнүн ордуна ал отту ансайын кабыктантып, каптап олтуруп материалдык туура эмес иштеп чыккан энергияларыңар менен УЛУУЛУКтан келген балкыган энергиянын шайкеш келүүсүн одоно түрдө бузуп, өзүңөрдү түбөлүк өчүрүүгө туш кыласыңар. Анткен себеби терс жоруктар балкыган энергиянын колдоосунан (одобрение) өзүн-өзү куру жалак калтырып, дүйнө элинин жорук-жоосуну аалам прогресси үчүн бир тыйынчалык мааниге ээ болбой калганда балкыган энергия аргасыздан өзүңөр аркылуу түртүлүп силерди таштоого туура келет. Ушул жорук ыйык оттун "ыйлап-сыздап" (плачевное состояние) ачылбай калганын элестетет. Өзүңөрдүн туура эмес аракеттериңердин натыйжасында, колуңарда турган силерди эч качан таштабаган, жүрөгүңөргө салынган ыйык отту пайдалана албагандыктын натыйжасында, силерди күтүп турган жаркыраган түбөлүктүү келечектен куру жалак кала берүүгө туш болгону олтурасыңар. Бул кубулуштун - акыр замандын ишке ашаары шексиз болгондон кийин , эң назик, эстүү, жука аң-сезими ойгонгон пенделер аз мезгил, кичине өлчөм калса да акыркы мөөнөткө чейин күрөшүп аалам эволюциясынын прогрессине колдон келген салымды кошууңар өтө зарыл нерсе. Эң жыйынтыгында энергиялар сөзсүз түрдө оң жана терс болуп иргелээрин Аллах кызматкерлери башкы кылымдардан бери үндөп келе жатканы анык нерсе. Кызматкерлер "иноземные служители" деп аталган б.а. жер ченеминен бийик турган -периштелер, оттор, энергия түрүндөгү улуу ыйык рухтар жана жер үстүндөгү материалдык дүйнөгө жаратылган пайгамбарлар, өзгөчө тапшырма менен келген олуя жана касиеттүү пендезаттар көзүңөрдү, көкүрөгүңөрдү ачуу үчүн, ыйык оттун иштөөсүн кыймылга келтирүү үчүн, ар заманда адамзатты коштоп келе жатышат. Тагыраак айтканда УЛУУЛУК адамзатты бир көз ирмемге таштабай материалдык дүйнөдө да, дил дүйнөсүндө да сүйүп багып, тамактандырып турганы шексиз нерсе. "Кормление богом должно пониматся в двух направлениях, отличающихся друг от друга необьяснимой границей". Бул эки түрдө багылуу адамзат аркылуу колдондубу? Дененин багылуусун жан дилиңер менен сүйүп калдыңар, "рахаттанып" сайрандадыңар. Бирок ошол учурда эң Жогорку акыл эстин көзөмөлдөп турганы (балкыган энергиясы менен) көпчүлүгүңөрдүн аң-сезимиңерден чыгып ач көздүк менен "аша тамактандыңар". "Кусуп" да жатасыңар. Бирок бул жоругуңар көңүлүңөрдү калтырган жок. Көрбөгөндөй көз жуумп келатасыңар. Дил тамактануусун кабыл албай суусап турган чөйрөнү ан сайын чаңкаттыңар. Акыры олтуруп ошол дүйнө суусап, түгөнүп, нымдуулукка да жетпей калганда силерди курчап багып турган материалдык дүйнөнү кыйроого туш кыласыңар.
Ошол себептүү оттуу доордун (куттун, нурдун доору) келүүсүн чакырды адамзат!
Эми оттуу доорго- ар бириңер менен жекече иштей турган доорго аргасыздан келгенден кийин, ар бир пенде өзүн ойготпосо анда бул ааламдагы адамзат тукуму эсирүүгө жеткени.
Ойгон адам уулу! Өз дилиңе үңүлүп көр! Аң-сезимди тазалап, күнөөлөрдү жууш үчүн аракет кылгыла! Жалгыз менин колумдан эмне келет деген сокур түшүнүктү ой жүгүртүүчү акыл-эстен ыргытып, аң-сезимдин аракетин жүрөгүбүздөгү ыйык оттун аракети менен шайкеш келтирип иштейли!
Жан дүйнөңө үңүлсөң Улуу Устатты табасың
Көзгө көрүнбөй берилүүчү турмуш сабактарын көрүнгөн нерселер аркылуу кабыл алгыңар келет. Жакшы болмок, эгер ушул төмөн турган түшүнүк деңгээлди өздөштүрүп олтуруп бийиктикке көтөрүлсөңөр. Улуулук колу ар дайым сунулуу! Сабак алуу үчүн акыл сезими эмес, көкүрөк - дил сезими даяр болуу керек. Дил сезими эң жука, назик жана өзгөчө өстүрүүнү талап кылат.
Дил тазаруусундагы негизги шарттар:
1. Ойлон: ичиңде оң жана терс бири-бирине карама-каршы турган эки мүнөздөгү маселелер бар. Аны адамдык акыл менен эң жакшы талдай аласың. Оңун ал. Тетирисин, карасын өзүңдөн алыстат.
2. Оң мүнөздө болсо да сени убараланткан ойлорду узак убакытка максатсыз талдай бербе. Акыл энергиясы таруудай чачылбасын...








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??