Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бир конкурстун тарыхы…

Сулуулукту баалоо -
чоң чеберчиликти талап кылат

Тарыхы
Жылына бир жолу өтүүчү дүйнөлүк "Мисс Вселенная" сулуулар конкурсу учурдагы эң популярдуу жана престиждүү конкурстардын бири болуп эсептелет. Аталган конкурс 1952-жылы Америкада негизделген. 1951-жылы "Мисс Америка" сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү Иоланда Бетбезе "Pacific Mills" компаниясынын чыгарган "Catalina" купальниги менен чыгуудан баш тарткан. Ошондо аталган компания 1952-жылы "Мисс Америка" конкурсун каржылоосун токтотуп, "Мисс США" жана Эл аралык "Мисс Вселенная" сулуулар конкурсун негиздеген. Биринчи жолу "Мисс Вселенная" сулуулар конкурсу Лонг-Бичте өтүп, "Мисс Вселенная" титулуна финляндиялык Арми Куусела аттуу пери татыган. Конкурс 1955-жылдан тартып телекөрсөтүүдөн көрсөтүлө баштаган. 1971-жылга чейин "Мисс Вселенная" дүйнөнүн сулуулар конкурсу АКШда өткөрүлүп келген. 1972- жылдан баштап конкурс жыл сайын ар башка мамлекетте өтө баштаган.


Талапкерлерди тандоо…
"Мисс Вселенная" дүйнө сулуусу конкурсуна катышууда сырткы сулуулук гана керек эмес. Конкурска талапкер кыздын жашы 18 жаштан жогору, билим деңгээли жана аткаруу чеберчилиги бийик болушу шарт. "Мисс Вселенная" конкурсуна катышуучуларды ар бир өлкө өздөрү тандап жөнөтүшөт. Коррупция табигат тартуулаган сулуулук бааланган жерде да өз өкүмүн жүргүзбөй койбойт экен. Кээ бир маалыматтарга таянсак, сулууларды тандоодо чыныгы сулуулук, жогорку билим эмес, айрым учурларда тааныштык, паракорчулук да роль ойноп, татыктуу талапкерлер көмүскөдө калып келет.



"Мисс Вселенная - 2010"
Салтка айланган "Мисс Вселенная - 2010" сулуулар конкурсу 23-августта Американын Лас-Вегас шаарынын "Mandalay Bay Resort and Casino" отелинде болуп өттү. Аталган конкурска 83 өлкөнүн менменсинген сулуулары ат салышып, "Мисс Вселенная - 2010" титулуна мексикалык 22 жаштагы Химена Наваррете аттуу сулуу татыды. Хименага "Мисс Вселенная" конкурсунун негизги белгиси болгон алтын таажыны "Мисс Вселенная - 2009" сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү венесуэлалык Стефания Фернандес ыйгарды.



Акылдан адаштырган алтын таажы
"Мисс Вселенная" конкурсунун жеңүүчүсүнө алтын таажыдан сырткары белгилүү суммадагы акча каражаты, кымбат зергер буюмдар жана бир жылдык окуусуна стипендия берилет. Жеңүүчү бир жыл бою бүткүл дүйнөнү кыдырып, коомчулукка дүйнө элин түйшөлтүп ойго салган оор, коркунучтуу, жугуштуу оорулар туурасында туура маалыматтарды жайылтуусу шарт.
"Мисс Вселенная" конкурсунун биринчи жеңүүчүсү Арми ээ болгон алтын таажы бир жарым миң бриллиант менен кооздолгон. Ошол кездеги таажынын жалпы салмагы 300 каратты түзгөн. Убакыттын өтүшү менен конкурстун шарттары өзгөртүлүп, жеңүүчүлөргө ыйгарылган таажынын түзүлүшү да өзгөргөн. Учурдагы алтын таажы дүйнөдөгү эң кымбат, табылгыс ак жана сары алтындар жана миңден ашык кымбат баалуу таштар менен шөкөттөлөт. Бул таажыны "Мисс Вселенная" сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү толук бир жыл алып жүрүүгө укуктуу.


Россия жеңүүчүлөрү…
"Мисс Вселенная" сулуулар конкурсуна Россия 1994-жылдан бери катышып келет. 59 жылдык тарыхы бар конкурста Россиянын сулуулары бир гана жолу жеңүүчү болгон. 2002- жылы белгилүү теле алпаруучу Оксана Фёдорова "Мисс Вселенная" титулуна ээ болгон. Тилекке каршы, Оксана конкурстун шарттарын толук сактабагандыгы үчүн алган наамынан ажыратылган. "Мисс Россия - 2010" конкурсунун жеңүүчүсү Ирина Антоненко "Мисс Вселенная - 2010" конкурсунда алдыңкы орундарга илине алган жок. Россиялык сулуу Ирина 15-орунду багындырып келди.



Конкурстун катышуучулары көбөйүүдө…
1996-жылдан тартып аталган конкурсту америкалык белгилүү бизнесмен Дональдом Трамп каржылап өткөрүп турат. "Мисс Вселенная" конкурсуна акыркы 10 жыл ичинде бир топ мамлекеттер катыша баштаган. 2002- жылы Кытай, Албания, Вьетнам, 2004-жылы Латвия, Грузия, Эфиопия, 2005 -жылы Казакстан мамлекеттери кирген.



Конкурстун шарттары
Конкурстун шартына ылайык конкурска катышкан кыздар алгач улуттук жана шөкөт кийимде, андан кийин купальникчен калыстардын алдына чыгышып, өз өнөрлөрүн тартуулашат. Акырында конкурска талапкерлер калыстардын суроолоруна жооп беришет. Белгилей кете турган нерсе, "Мисс Вселенная - 2010" конкурсунун жеңүүчүсү мексикалык Химена жеңишке дал ушул калыстардын берген суроолоруна мыкты жооп бергендиги үчүн жетишкен. Сулуулар конкурсуна катышууда сырткы келбет гана эмес, акыл менен билим да керек экендигин "мен сулуумун" дегендер эстерине ала жүргөнү оң.



Ким канча наам алган…
59 жылдык тарыхы бар "Мисс Вселенная" дүйнө сулуулар конкурсунда биринчи орунда жети жолку жеңүүчүсү менен Америка турат. Экинчи орунду алты жолу таажыга ээ болгон Венесуэла ээлесе, үчүнчү орунда беш жолу "Мисс Вселенная" титулун багындырган Индия өлкөсү турат.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??