Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Атамбаевдин
сапары же Кремлдин назары
Шайлоо жакындаган сайын, шайлоого ат салыша турган партия лидерлери адатынча ары-бери чапкылап калышат эмеспи. Акыркы жумада аттуу-баштуу партия лидерлеринин көпчүлүгү Маскөөгө барып кайтышты. Алардын негизги максаты - Кремлге ким жакын экенин далилдөө далалаты десек жаңылышпасак керек. Кыргызстандан барган партия лидерлеринин бирин коргоо министри Анатолий Сердюков кабыл алса, дагы бирин администрация башчысы Сергей Нарышкин, үчүнчүсүн Николай Бордюжа кабыл алган. Ал эми, социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевди Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин кабыл алганын, анысын Орусиянын бүт телеканалдары көрсөткөнүн айтсак, Кремль ишенген адамды издебей койсок деле болот. Айта кетүүчү дагы бир жагдай, аз гана убакыт мурун, "Атамбаевди Путин менен Назарбаев жаман көрүп калыптыр" деген ушакты бирөөлөр атайын уюштурушту эле. Эми минтип, ал ушакты айтып жүргөндөр ай караган текеге айланып калышты.


Сооронбай Жээнбеков нааразы болууда
Ош областынын губернатору Сооронбай Жээнбеков Алай районунун айрым айылдык округдарынын башчыларынын жасап жаткан иштерине канааттанбагандыгын билдирди. Маалыматка ылайык, Сооронбай мырзанын айылдык округдун жетекчилерине нааразы болуп, ичи чыкпаганынын себеби алар канча салык топтогондорун, жергиликтүү бюджетте канча акча калгандыгын билбегендери, жасаган иштерин айтып бере албагандыктары болгон. Ошондон улам облус жетекчиси ишин так аткара албаган айыл округдарынын башчылары менен кийинки айда жолугушуп, аткарган иштерин кайрадан текшерээрин, эгер дагы ушундай катачылыктарга жол берилсе, алар менен коштошорун билдирип, катуу эскертүү берди.



Кызматтан чегинүүнүн сыры эмнеде?
Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси Ишенгүл Болжурова өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканы туурасында Роза Отунбаевага арыз жазды. Ишенгүл айымдын кандай себептерден улам бул кадамдарга барганы азырынча түшүнүксүз. Башка бакиевчилер кызматтан кетпей, кетсе да, кайра ортого абройлуу кишилерин салып, кайрадан эле майлуу кызматтарга келип жатышса, бул айымдын ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетиши ар түрдүү божомолдорду жаратты. Биринчиси, парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт түзүлсө, баары бир кызматтан алып салышат деген ой менен эртелеп кызматтан чегинген арызын жазып берип, мындай кадам аркылуу кийинки жаңы түзүлчү өкмөттөн орун алып калуу жагын караштырышы ыктымал. Экинчиден, Беларусияга элчи кылып дайындаган, учурда аталган өлкөдө баш катып жаткан Курманбек Бакиевден кандайдыр бир кысым болушу мүмкүн…



"Ичкендер" кутулуп, "жалагандар" тутулабы?
Техникалык өкмөт көпчүлүккө анча жага бербеген "балит технологиясын" дагы баштады. Мамлекетке ири суммада зыян келтирген, казынабызды какшытып, эл байлыгын уурдап-тоношкан эски бийликтин эргулдарына мунапыс жарыяламай болуптур. 1-октябрга чейин камчысын мойнуна асып, "ичип-жегенимди кусуп берет элем"- деп кечирим сурап келген экс-чиновниктер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат экен. Алардын казынабызды канчалык каңтарып кетишкенин мамлекеттик комиссия иликтеп чыгат имиш. Кандай болгон күндө да мындай кадам калкыбызга карата жасалган кара ниеттик, чыккынчылык деп ачык эле айтып койсок болот. Казынабыздын түбү тешилип, каржылык жагынан каржалып турабыз деген жок шылтоону бетке кармабай эле ичип-жеген "экстерди" мунапысы жок эле камап, кустуруп алсак болмок да. Айтор, бийликтин бул аракети көпчүлүктүн көңүлүн оорутуп отурат. Тоок уурдагандарды тутуп, миллиондорду кымыргандарды кутулткан мындай "боорукерлик" мыйзамдын автору болду-болбоду баягы Турдумамбетов, Чудиновдорго "эркиндик" берген, вице-премьер министр Азимбек Бекназаровдун эле ойлоп тапканы болсо керек дегендер четтен чыгууда.



Орусия ЕККУга эскертти
Өткөн жумадагы Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун кезектеги жыйынында Орусиянын бул уюмдагы атайын өкүлү Анвар Азимов: "ЕККУ уюмунун жетекчилигин жана бул уюмга кирген мамлекеттерди Кыргызстанга карата кысым кылуудан алыс болууга чакырат элем. ЕККУ жеке амбициясына эмес, Кыргызстандын гана кызыкчылыгына карап иш кылышса"-деген расмий Маскөөнүн пикирин айтты. Өлкөбүздө орун алган оор кырдаалдан Кыргызстан өз күчү менен чыгып кетерине ишеничин билдирген Орусия парламенттик шайлоонун алдында турган өлкөбүзгө дүйнө коомчулугун ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырып өттү.



Баракелде,
Байтемир мырза
Эсиңиздерде болсо керек, 2010-жылдын 15-мартында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Форум" гезитинин кезектеги саны 7000 миң нускасы менен тартып алынган. Башкы редактор баш болгон алты журналистибиз түнү бою суралып, түшүнүк кат жазып берип чыгышкан. Натыйжада гезитибиз 103000 сомдук чыгашага учураган. Мыйзамсыз, эч негизсиз гезитибизди тартып алышып, бизге материалдык жана моралдык зыян келтиришкен милиция кызматкерлерин жоопко тартып берүүнү суранып башкы прокурорубуз Байтемир Ибраевге арыз менен кайрылсак, акыйкаттуу деген ал кишибиз арызыбызды шаардык прокуратурага шилтеп жибериптир. Ал жердин орун басары Р.Исаев деген жигит бизге жооп жазыптыр. Окуп алып оозубуз ачылып калды. Көрсө, топтолгон материалдар УККнын борбордук аппаратынын 2010-жылдын 7-апрелиндеги №3454 актысынын негизинде жок кылынса, камакка алынган гезитибиздин нускаларын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен имиш. Урматтуу Байтемир мырза, биз сизден гезитибизди кайтарып бер деп эмес, чындыкты кайтарып бер деп суранганбыз. Күнөөлүү адамды таап туруп, жазага тартууңузду суранганбыз. Эгер күнөө бизде болсо, бизди тартыңыз. Эч кимди жоопко тарта албасаңыз, абийириңиз барында кызматыңыздан баш тартыңыз. Баш мыйзамды көзөмөлдөгөн адамдын баштаган иши ушул болсо, баракелдеден башка айтаарыбыз жок. Бар болуңуз жана бай болуңуз, Байтемир мырза!
"ФОРУМ"
гезитинин жамааты

Аксактын таскагы же….?

"Содружество" партиясынан депутаттыкка аттанган ички иштер министринин(Конгантиевдин) мурдагы орун басары Манас Акматбеков азыркы күндөрү Карабуура жергесин кыдырып жүрүптүр. Алты-жети машинаны артынан ээрчитип, шайлоо штабдарын ачып, асмандаган акчаларын чачып, айтор, жердештерине "берешен" көрүнүп жаткан имиш. Бирок, биз билгенден ушул эле жигит мындан туп-туура бир жыл мурун ал кездеги ажолукка талапкер Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларын кысымга алып, ит көрбөгөн кордукту көргөзгөндөй болду эле. Эми ошол кордук көргөн элине барып, колдоо сурап жүргөнү кызык. Карабууралыктар каражатка алданбай турганын, алса дагы андай адамдарга салбай турганын, тээ 2000-жылкы парламенттик шайлоолордо көргөздү эле. Бу жолу деле, буруксуган акчанын жытына бурулуп кетпесе керек эле. Ушундайда кайран Чубактын, "ыйман деген акчага алмашылбайт э-э-эй" деген ыр сабы ырдалып кетет экен.








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??