Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Экономикалык мунапыс:
кимге, канча?
Азырынча мурдагы бийлик тушунда өлкөгө экономикалык зыян алып келгендердин саны канча, келтирилген зыян өлчөмү кандай экендиги тууралуу так маалымат жок.
Убактылуу Өкмөт мурдагы бийлик тушунда экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоодо. Мамлекетке ири өлчөмдө материалдык, каржылык зыян алып келгендер атайын комиссия аныктаган акчаны төлөп берсе сот жоопкерчилигинен бошотулуп, беш жылга чейин жооптуу кызматка жолобос болушат. Өкмөт мындай кадамга өлкө кабылган каржылык оор абалдан чыгыш үчүн барып жатканын айтууда.

Акча кайтаруунун дагы бир аргасы
Кийинки ай башына чейин иштей турган президент жарлыгы "Экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс берүү жөнүндө" деп аталат. Азырынча мурдагы бийлик тушунда өлкөгө экономикалык зыян алып келгендердин саны канча, келтирилген зыян өлчөмү кандай экендиги тууралуу так маалымат жок. Мурунку бийлик жетекчилеринин көбүнө кылмыш иштери козголуп, издөө жарыяланып, миллиондогон сомдордун дарек-дайны иликтенип жатканы жайында өткөрүлгөн маалымат жыйындарында гана кабарланып келатканы болбосо коррупция токоюнун карааны дагы эле бараандуу турат. Камакка алынып, же үйүнөн сыртка чыкпай отургандар арасынан, болбосо из жашыруун качып жүргөндөрдүн канчасы келтирген зыяндарынын ордун толтуруп, акчасын кайтарып берүүгө макул болору да азырынча белгисиз.
Өлкөнүн экономикалык абалынан улам апыл-тапыл чыга калган жаңы мунапыстын тагдыры ошол эле Курманбек Бакиевдин тушунда кабыл алынган каржылык мунапыс мыйзамынын кейпине түшүп калбайбы деген суроосу да турат. Белгилүү коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахмановдун пикиринде, мурдагы бийлик тушунда экономикалык кылмыш жасагандарга минтип мунапыс жарыялоо саясаты жаңылардын принциптен тайып баратканын гана көрсөтчү көрүнүш. Буга чейин коммунисттердин, андан соң акаевчилердин, эми болсо бакиевчилердин кылган иштерине саясий баа берилген жок. Мунун натыйжасы системадагы болгон кемчиликтин баарын бир кишиге жүктөп салып, калгандары мурдагысындай эле жооптуу кызматтарды ээлеп калышына алып келүүдө.
Өмүрбек мырза өз сөзүндө: "Министрлерди көрдүм, 200 миң долларга "Жип" машинесин сатып алышыптыр. Жөнөкөй министрлер, 400 доллар айлыгы барлар. Эми алардын канчалык жегенин ким айтып чыгат? Эч кандай тергөө жүрбөй, текшерилбей, коомдук пикир жаралбай, анан ага мунапыс берип койсо бул деген саясий принциптин жоктугу, саясий багыттын жоктугу болот. Бул баягы эле эски турмушка келебиз, бийлик алсак эле болду, деген макулчул позицияны түшүндүрөт. Мындан эч кандай жыйынтык чыкпайт" -дейт.
Эскилер менен жаңылардын чөнтөк тиреши
Бийлик алмашылгандан кийин мурункуларды кодулап, кыйласына кылмыш ишин ачып, дүйнө-мүлкүн кийинкилерден тартып алышы Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес. 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин А.Акаевдин жакындарынын жыйган-тергенин К.Бакиевдин жанындагылардын тартып алышы көпчүлүктүн көз алдында өткөн. Бул ирет да Бакиевдерге тиешелүү делген дүйнө-мүлктүн кыйласы мамлекет ээлигине өткөрүлүп, калгандарынын маселеси азырынча арасат калууда. Белгилүү ишкер Чапырашты Базарбаев экономикалык мунапыс айла жоктон жасалып жаткан иш деп эсептейт. Анын айтуусунда, эгемендик тушунда экономикалык оор кылмыштары үчүн катуу бир да жетекчи жоопко тартыла элек. Бул туурасында ал: "Мунун баарын сот, прокуратура, тергөөчүлөр өздөрүнчө мамлекеттин акчасын тиги кишиден сыгып алышат. Анан ал шарттуу түрдө же сотто далилденбегени үчүн деген сөздөр менен шылтоолонуп чыгып кетип жатат. Бул эми айласыздан болуп жаткан иш. Бирок "жегениңди кусуп берсең ошол замат жоопкерчиликтен бошоносуң", дегендин өзү тигилерге жол ачкандык болуп жатпайбы" - дейт.
Бир айга жакын убакыт ичинде экономикалык кылмыштарга шектүү делгендердин текши баары курун мойнуна илип, кимдин канча акча төлөрүн аныктачу комиссия алдына келеби же баштатан келаткан көнүмүшкө салып тааныш-тамыр, илик-жарманы ошол эле күч кызматтардын өзүнөн издейби - бул суроо да азырынча ачык калууда. Анткен менен экономикалык кылмыш жасагандарды чөнтөгү аркылуу жазалоону жактоочулар деле бир топ. Президент Роза Отунбаева экономикалык мунапысты мамлекеттин уурдалган акчасын өз ордуна тынч-аман кайтарып алуу аргасы катары мүнөздөйт. Мамлекет бюджетин толтуруу үчүн өкмөт эми мунапыстан башка дагы кандай арга издейт болду экен?
Бекташ Шамшиев
"Азаттык" үналгысы





Коркок билиштик менен
мамиле жасабайлы…
Өзбек чек арачылары 31-августтун кечинде Кыргызстандын чек ара кызматынын жогорку чиндеги эки офицерин (полковник З.Бегматов жана подполковник И.Анарбаев) эки өлкө чегиндеги бейтарап аймакка сүйлөшүүгө чакырып, өз аймагына күчтөп алып кирип кеткен. Ага удаа 1-сентябрь күнү Жалал-Абад аймагында Ала-Бука чек ара отрядында кызматын аткарып жүргөн жерден дагы эки кыргызстандык чек арачыны лейтенант М.Приев менен катардагы аскер кызматкери Н.Сарымсаковду Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен.

Мындай көрүнүштү Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков кыргызстандык чек ара кызматкерлерин кайтарып алуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип, "чек арачыларды атайын кармап кетти дегенден алыспыз" деп маалымдаган эле. Ал эми айрым саясий серепчилер Өзбек бийлигинин мындай кадамдарын мындан эки жума мурда мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстанда кармалган Өзбекстандын Улуттук кызматынын бир өкүлү жана үч бажы кызматкерин бошотуп алуу максатында жасалышы ыктымалдыгын белгилешкен болчу. Жыйынтыгында, серепчилердин айтканы туура чыгып, Өзбек бийлиги Кыргызстанда кармалган адамдарын бошотуп алуу үчүн, биздин чек арачыларды атайын кармап алып кеткени анык чыгып, Чолпонбек мырзанын коркок-билиштик менен жымсалдатып айткандары суу кечпей калды. Тактап айтсак, Кыргызстан УКМК Чек ара аскерлеринин башчысы З.Тиленов Өзбекстан Чек ара аскерлеринин жетекчиси Н.Усманбеков менен 5-сентябрь саат 22.00дө "Кадамжай-автодорожный" өткөрмө пунктунда жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Натыйжада өзбек тарап полковник Бегматов З.А., лейтенант Приев М.А. жана аскер кызматкери катардагы Н.Т.Сарымсаковду кайрып беришти. Подполковник И.Анарбаевди өзбек тарап Кадамжайда 30-августта белгисиздер тобу аркылуу кармалып кеткен В.Хабитовдун кайда экенин аныкталаары менен кайрып берүүнү убада кылышты. Өз кезегинде кыргыз тарап 21-августта Кадамжайда кармалган Өзбекстан жарандары И.С.Абдусаминов, Б.М.Тоштемиров, Турдалиев, З.Р.Сирожидиновду кайрып беришти. Чек ара аскерлеринин башчысы Закир Тиленовдун: "Чек ара кызматкерлери алмаштырылбайт, бардыгы дипломатиялык жол менен чечилет" - деп айткандары да жокко чыкты. Мына ушулардын баары коңшулар менен тең ата сүйлөшө албай жаткан алсыздыгыбызды айгинеледи. Качан биздин жетекчилер коркок-билиштик кылбай, өздөрүнө жараша мамиле жасаганга үйрөнөт айтуу кыйын.
"ФОРУМ" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??