Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Атка минерлердин жүрөктөрү болкулдады
Өлкө башчысы Роза Исаковна 4-сентябрда полиграфтын (Калп детектору) иштөөсүн көрсөтүү иш-чарасында бардык тармактагы маселе боюнча "Калп детекторунан" өтүүгө даяр экенин билгизип, келечекте бул техниканы өздөштүргөн соң, мамлекеттик кызматка келчү бардык чиновниктер аталган полиграфтан өтүшү керектигин, эгер өтпөйм дегендер болсо кызматка алуу маселеси каралбастыгын билдирди. Мунун себеби катары Роза айым Кыргызстан паракордук боюнча дүйнөлүк тизмеде 180 өлкөнүн ичинен 166-орунда турганын, бул көрсөткүч мамлекетибизде коррупция өтө эле жогору деген фактыны билдирерин айтып келип: "Биз азыр өзүбүздү өзүбүз тазалашыбыз керек. Биз өзүбүздүн адам ресурсубузду жогорулатып, өзүбүздүн байлыгыбызды таза, элге керектүү пайдалануу боюнча иш алып барышыбыз керек. Бул багытта полиграфты ишке киргизүүгө аракет жасап жатабыз" - деп маалымдады. Мамлекет жетекчисинин мындай демилгеси канчалык деңгээлде ишке ашат аны убакыт көрсөтөт дечи. Ошентсе да Роза айым көтөргөн демилгеден соң учурда үлкөн кызматтарды кучактап отурушкан төбөлдөрдүн жүрөктөрү болкулдап эле калды го… Эмнеси болсо да ичип-жеген жемекорлордон эртерээк кутулсак болгону…


Облус губернаторлору бекиди
Президенттин жарлыгы менен облус губернаторлору бекитилди. Жарлыкка ылайык буга чейин губернатордун милдетин аткаруучу болуп иштеп келгендердин баарысы өз ордуларында калышты. Бектур Асанов Жалал-Абад, Мирбек Асанакунов Ысык-Көл, Койсун Курманалиева Талас, Сагынбек Абдрахманов Чүй, Султанбай Айжигитов Баткен, Сооронбай Жээнбеков Ош, Турдубек Мамбетов Нарын облусунун губернатору кызматына бекитилди.


Эски жүздөрдү көргүң келеби?..
Демейде унутта калчу элди эске салган шайлоонун шайтан оюндары башталарына саналуу күндөр калды. Амбициясы аттын башынан чоң атка минерлердин шайлоо деп уктап, шайлоо деп ойгончу мезгили келди. Бийлик кумары, шайлоо далайлардын анык жүзүн дагы бир ирет сыйрымай болду. Дегенибиз, Бакиевдин элге каршы жүргүзгөн саясатын колдоп, ичип-жегенине табакташ болгон жоон топ экс-министр, депутат сөрөйлөр депутаттыкка ат салышмакчы болуп, ар кайсы партиянын этегине жамынып дүңү менен дүрбөп алышты. Министр, депутат болуп турганда иштеп жарытпаган немелер, эми жыргатчудай болушуп "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан", "Содружество", "Ар-намыс", "Республика" партияларына толуп алышып, уялбай-этпей шайлоого баратышат. Аталган партиялардын тизмесине көз чаптырсаң кимдер гана жок. Жок болсо бир гана "иттин уулу Байгара" жок. Ишенбесеңер жогорудагы аты аталган партиялардын тизмесине үңүлсөңөр, чындап түңүлөсүңөр.


Күн тийген жердин күкүгү пайда болду
Күн тийген жердин күкүгү болгон Зайнидин Курманов 7-апрелден кийин куйругун түйүп кургуйга кирип кеткендей жок болду эле, эми шайлоого жакын "Содружество" партиясынын чапанын жамынып пайда болду. "Уялбагандан өзүң уял" деп ата-бабабыз бекер жеринен айтпаптыр. Кудай абийир, намыс, ынсап бербеген кишиде, караманча уят болбойт тура. Зайнидин Курманов да жаралганда эле адамдык касиетти аныктоочу сапаттардан куру жалак калган өңдөнөт. Болбосо аз жасаган иштери үчүн жооп бербесе да, бети-башын кызартып уялымыш болмок. Тилекке каршы, Үзөңгү-Куушту кытайлардыкы, Каркыраны казактардыкы деп энчилей салган, кыргыз тилине ар дайым каршы туруп келген Зайнидин уялганды мындай кой, депутаттыкты көксөп Москвада чалкалап жатат. Кенедей жакшылыгы жок, ушундай мансапкорлордон тазаланмайын ишибиз эзели оңолбосун эсибиздин чыгарбашыбыз абзел.


  Партиялар парады

КСДП партиясы
Кыргызстандагы эң кубаттуу, күчтүү, 16 жылдык карт тарыхы бар партиялардын бири - Кыргызстан социал-демократиялык партиясы. Бакиевдердин огунан да, сотунан да тайманбай, аягына чейин кармашкан эки партиянын бири КСДП, 7-апрелге чейинки оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирип, аларды баштап жүрдү. Бакиевдердин балит саясаты күндөн-күнгө күч алып, оппозиция лидерлерин камап, сабап, бир-бирден "сындыра" баштаганда КСДПчылардын лидери Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен оппозиция кайрадан жанданып, акыры эски бийликти оодарып түшкөнүн жалпы журт жакшы билет. Апрель окуяларынан кийин да амбициясы ашып-ташыган айрым партиялар калкыбыз кара кийип турганына карабай партияларын жарнамалап, үгүт иштерин эртелеп баштап ийгенде, жалгыз КСДП гана мыйзамды сактап, карманып турду. БШКнын уруксатын али күнчө күтүп отурат.
Анда эмесе, КСДПнын атынан алдыдагы аламан байгеге түшчү азаматтардын аты-жөнүн тизмектеп, тараза ташына салып көрөлүк.
Айтмакчы, башка партиялардан айырмаланып, бул партиянын тизмесинде элге жек көрүндү "ак жолчулар" дээрлик жокко эсе экен. Баса, бирөө бар экен Сакебаев деген, бирок ал деле Бакиевдер ашынып киргенде, арызын жазып, эчак эле "Ак жолдон" өзүнүн жолуна түшүп, "Абдыш-Ата" деп аталган футболдук клубун башкарып, жай турмушу менен алектенип келиптир.
Жакшылап байкап көрсөк, КСДПнын алдыңкы тизмелеринен капчыктууларга караганда карапайым калкыбыз, иш десе ишке тойбой турган жаштарыбыз көбүрөөк орун алышыптыр. Быйылкы апрель окуяларында, былтыркы Балыкчы окуясында Бакиевдер менен өлүү-тирүүсүнө карабай кармашкандар, камалгандар, кыскасы, жүрөгү кыргыз деп соккон, таза, билим деңгээли туура келген жөнөкөй эле жарандарыбыз партиялык тизменин алдыңкы жагында жүрүшөт. Мисалы, былтыркы президенттик шайлоодо адилеттик, акыйкаттык үчүн ак жеринен камалып чыккан катардагы эле мекендешибиз, инженер кесибиндеги Жамгырчиева Гульнара аттуу айым тизменин 8-сабынан орун алган. Адатта башка партияларда бул орун жүз миңдеген долларлардын башын жутаарын жакшы билебиз. Ошондой эле КСДПчылардын катарын кыргыздын сыймыктуу уулдарынын бири, өз элинин чыныгы патриоту, элдик генерал атыккан Исмаил Исаков партия лидери Алмаз Шаршеновичтен кийинки экинчи тизмеден орун алган. Июнь айындагы каргашалуу окуяларда каармандык көрсөтүп, аты алыска таанылган Ош облустук ИИБинин начальниги Курсан Асанов да социал-демократтар менен кыргыз элине эмгегин тартуулаганы турат (13-тизме).
Бакиевдердин үй-бүлөлүк бийлигине каршы катуу салгылашкан экс-Маданият министри, "Форум" гезитинин шефи Рыскелди Момбеков, "Айат пресстин" кожойкеси Жылдыз Мусабекова, "Азаттык" үналгысынын Ысык-Көлдөгү атайын кабарчысы Рита Нурманбетова өңдүү кесиптештерибиз да КСДП партиясы менен эл сынынан өткөнү турушат.
Ошондой эле тизмеде парламентте ажыдаардай туш-тушунан тап берген "ак жолчулар" менен тайманбай кармашып келишкен КСДП фракциясынын мурдагы депутаттары Асел Кодуранова, Дамира Ниязалиева, Айбек Азыранкулов, Галина Скрипкина, Ирина Карамушкиналар да тизменин ар кайсы жагына жайланышышкан.
"Ата-Мекен" партиясы
Көп жылдан бери кыргыз саясатынын "ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүргөн", кубаттуу партиялардын бири албетте, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев жетектеген "Ата-Мекен" партиясы. Социалисттик маанайдагы бул партиянын алдыдагы "аламан байгеде" жарышка түшчү талапкерлерин карап көрсөк, бул жерде деле аттуу-баштуу саясатчыларыбыз менен катар карапайым калк арасынан чыккан мыкты уул-кыздарыбыз тизменин алдыңкы саптарынан орун алышкан экен. Биринчи болуп "ата-мекенчилердин" атасы Өмүрбек Чиркешович өзү баратса, экинчи сапта Бакиевдердин балит саясатына каршы элдик көтөрүлүштү Таластан баштап берген кыраандарыбыздын бири, экс-ИИМ министри Болот Шер баратат. Кийинкилеринде Акаев бийлиги тушунда бир топ жооптуу кызматтарда иштеп кеткен Жоомарт Оторбаев, жаш болсо да эки бийликти кулатууда ат көтөргүс эмгеги бар Жоомарт Сапарбаев, Медет Шеримкуловдун уулу Кунай Шеримкулов, сыймыктуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова, белгилүү бизнесмен Өмүрбек Абдрахманов, экс-элчи, Маммүлктүн мурунку башчысы Равшан Жээнбеков, маданият өкүлдөрүнөн Асылбек Өзүбеков, Гүлшайыр Садыбакасова, теле алпаруучу Ассоль Молдокматова сыяктуу белгилүүлөр орун алышкан.
"Ата Мекендин" тизмесине Бакиевдик бийликтин камчысын жакшы эле чабышкан экс-министр Султан Раев менен Уланбек Момуналиевдин кошулуп калганы эле болбосо, башкасында кеп жок.
"ФОРУМ" пресс








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??