Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 oҮңүлгүлө, тизмеге үңүлгүлө...

Партиялар парады...
Шайлоонун шайтан оюндарына саналуу күндөр калды. Парламентке ат салышчу 29 партия Боршайкомго депутаттыкка талапкер болгондордун тизмелерин тапшырышты. Партиялардын тизмесин тигиле карасаң "кой аксагы менен миң" деген сыңары, учурунда Бакиевдин арыгын чаап, көлдөлөң болуп төшөлгөн Ак үй, Көк үйдөгү экс-атка минерлердин дээрлик бардыгы депутат болмокчу болуп, ар кайсы партиянын чапанын жамынып антаңдап жүрүшөт. Бакиевдин тушунда үлкөн кызматтарды аркалап, министр, депутат болуп турушканда бир нерсе жасаганды мындай кой, Бакиевдердин элге каршы жасаган саясатына ооз ача албай, тескерисинче кол куушуруп колдоп, ичип-жеп табакташ болгондор, беттерин табактай кылышып депутаттыкты көксөп турушкандыгын ачык эле айтып коёлу. Ошондон улам абийир, ар-намыс болбосо айла жок тура дейсиң. Албетте, баарына эл тараза. Ошентсе да эки жүздүү жандимилер кайсы партиялардын колтугуна баш катып алышып, шайлоого баратышканын элге тааныштырып коюу учурдун бирден-бир талабы болуп турат. Сөзүбүз куру болбос үчүн парламентке ат салышмакчы болушкан "Ата-Журт", "Ар-Намыс", "Бүтүн Кыргызстан", "Содружество", "Республика" ж.б. дагы үч-төрт партиянын Боршайкомго тапшырышкан тизмелерине көз жүгүртсөк, бакиевчилер дүңү менен шайлоого аттанышканына күбө болобуз. Анда сөз башынан болсун...


"Ар-намыс"
партиясы
Курманбек Бакиевдин "тандемдеши" экс-премьер-министр Феликс Кулов "ар-намысына" карабай, караганга жарабай, үй-бүлөлүк бийликтин ырын ырдаган, сырын сырдаган кудайдан жөө качкан көптөгөн бакиевчилерди топтоп алып, уялбастан "парламентте 20 орунга илингенибиз - утулганыбыз" деп, "Ар-намыс" партиясынын көч башында туруп алып "айкырык" салууда. Кара тилин кайраган менен калкка кадыры жок, Бакиевге жагынып жүрүп, вице-премьер-министрлик кызматка жеткен Акылбек Жапаров Куловго куйрук улаш орун алыптыр. 2009-жылдагы президенттик шайлоого жакын Малазияга элчи болуп көрүнбөй кетип, 7-апрелде пайда боло калган Турсунбай Бакир уулу үчүнчү тизме менен баратат. Эң эле кызыгы эч ким тааныбаган Гусаров Игорь Константинович деген неме Бөдөш Мамырова менен Анвар Артыковдон кийинки "Ар-намыстын" алтынчы тизмесине илиниптир. Астыдагы алтынчы орунга илинген бул кайдан чыккан "көзүр" экенин иликтеп көрсөк, Словакия Республикасынын Кыргызстандагы консулу Гусаров Игорь Константинович деген маалымат чыкты. Балким, бул жөн гана окшоштуктур. Андыктан бул Игорь деген неменин ким экенин, кайсы өлкөнүн жараны экенин БШК иликтейт дечи, бирок мындай дал келүүчүлүк кооптонтпой койбойт экен. Ошол себептен БШК "бармак басты, көз кысты" кылбай, "кой терисин жамынып алгандарды" кылдат текшерүүгө алышы милдет. Себеби бөтөн элдин жараны деле мамлекетибиздеги үлкөн кызматтарды аркалап, каалаганча ичип-жеп жүрүшкөнү тууралуу буга чейин деле далай сөздөр жүрчү эмес беле. Буга Гуревич, Елисеевдерди күбө тартсак жарашат. Ошондуктан бул маселеге өтө аяр мамиле жасоо зарыл.
"Ар-намыстын" тизмесине кайрадан үңүлсөк, аты аталган жогорудагылардан сырткары: Мамытов Токтокүчүк, Узакбаев Талант, Бекбоев Замир, Осмоналиев Каныбек, Молдогазиев Айбек, Ибраимов Эрмек сыяктуу эски бийликтин "сүймөнчүктүү" жоон топ көптөгөн атка минерлери менен атын атасаң тилиң сынчу тили буруулардан башың адашат. Айтор, Кулов башында турган "Ар-намыс" партиясынын тизмесинде кимдер бар да кимдер жок…
"Ата-Журт"
партиясы
Акчасы самандай сапырылган, капчыктуу партиялардын алдыңкысы делинген "Ак жолдун", кечиресиз, "Ата-Журттун" талапкерлер тизмесин аралап көрсөңөр аттары акыркы беш жыл ичинде таанылган, үй-бүлөгө чаң жугузбай, үлгүлүү жүрүш-туруштары үчүн Бакиевдер чекесинен сылап-сыйпап жүргөн азаматтарыбызга кабылабыз.
Бул партиянын аты эле башка болбосо, заты баягы Бакиевдин Акжол деген баласынын атынан коюлган үй-бүлөлүк партиясынын көчүрмөсү экен, башкача айтканда "ата-журтчулардын" 90 пайызын "Бакиевдин батальону" десек деле жарашчудай. Ишенбесеңиз, "Ата-Журттун" атамандарынын тизмесине үңүлүп көрүңүз. Тизменин башында кадимки Азикенин кан кудасы, ИИМдин илгерки ачендиги Мыктыбек Абдылдаев турганы менен "Ата-Журттун" рулун Бакиевдин тушунда бакыйган мансаптарга манчыркап жүрүшкөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри Камчыбек Ташиев, экс-башкы салыкчы Акматбек Келдибеков, Коррупцияга каршы агенттиктин мурунку чоңу Садыр Жапаров, Финансы министрлигинин экс-башчысы Марат Султановдор баш болгон "бригадачылар" башкарышат. Калгандары деле Бакиевдин ишенимдүү кадрлары. Алсак, кошоматты коштоп айтып, уят-сыйытты жыйыштырып коюп Курманбек Бакиевди "атакелеп" ийген ордо калаабыздын мурунку башчысы Нариман Түлеев, өзүнүн орун басары, экс-вице мэр Элмира Иманалиева менен тизменин 4-5-кезегинде жүрөт. Ошондой эле Бакиевдин тушунда баар таап, бакыйган чиновникке айланышкан экс-атка минерлерге көңүл бурсак, төрт "бригадирди" санабаганда, мурунку Транспорт министри Нурлан Сулайманов, Аскердик сотту башкарып, кийинчерээк Юстиция министри болгон Курмантай Абдиев, ТИМде кеңешчи болуп иштеген Курманбек Осмонов жана анын Мамлекеттик салык кызматында чоң мансапта иштеген кызы Нурзат Осмоноваларды көрөбүз. Айтмакчы, Нурлан Сулайманов менен Нариман Түлеевдерге кылмыш иши козголгон.
"Ата-Журттан" парламентке аттанабыз деп турушкандардын калгандарын карасак, арасында: илгери Чүйдүн губернатору болгон Азамат Кангелдиев, "Курманжан датка" деп аталган фонду бар Жылдыз Жолдошева, "Ак жолго" эки күн депутат болуп кеткен врач Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси Дастан Жумабековдор жүрөт.
Андан ары араласак, Нургазы Айдаров, Нарынбек Молдобаев, Бишкектеги бир топ казинолордун кожоюну Роман Шин, кыргыз элинин эмес, "Ак жолдун" солдаты экенин ачык айтып жүргөн Ибрагим Жунусов, Хаджимурат Коркмазов, Зиядин Жамалдинов, Жаныш Кудайбергенов, ЖКнын аппарат жетекчиси Жусуп Иманалиев, Ажибай Калмаматов, Азамат Арапбаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Суракматов Азиз сыяктуу "Ата-Журттагы" "ак жолчу-азаматтарыбызга" жолугабыз. Баса, 7-апрелдеги окуялардын чыгышына себепкер болгон, экс-премьер Данияр Үсөновдун жубайы, "Ак жолдун" айымдарынын алдыңкысы, "Итек Эйрдин" ээси Динара Исаева да кур калбай, "Ата-Журттун" алдыңкы тизмеси менен алдыдагы парламенттик ат салышка аттанам деп турат.
Кайсы бир гезит мурдараак "Ата-Журт" күнүнө үгүт иштерине 80 миң долларын садага чабат деп жазып чыкты эле. "Бригадачылар" баш болгон тизмедеги талапкерлерге көз салып отуруп, "Ата-Журтта" атактуусунан дагы акчалуулары арбын экенин көргөн соң, бул сумма асмандан алынбаганына аргасыз ишенип отурабыз. Акыркы жылдары элибиздин жону эмне эле жукаргандан жукарып баратат десе, көрсө "Ата-Журттагы" азаматтар "кара күнгө" деп, капчыктарын эчактан бери эле кампайтып жүрүшкөн окшобойбу?...
"Ак Шумкар"
партиясы
Бул партия КСДП менен "Ата-Мекенге" салыштырмалуу алда канча жаш партия. Кубатбек Байболов бул партияны түзүүгө чоң салым кошкон инсан болуп эсептелет. Бирок Кубат мырза "Ата-Мекенге" кеткен бойдон бул партияга кайрылып келбеди. Ошентип, Темир мырза "Ак шумкардын" эки тизгин, бир чылбырын өз колуна алып, партия лидери болуп чыга келди. Эски бийликтин тушунда бул партия атактуу "ак жолчуларга" абдан эле катуу сын айтып, аксынып келишкен эле. "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" деп кыргыздар айтмакчы, алдыдагы шайлоого тээ ала жаздан бери эле катуу камынып келатышкан бул партиянын тизмесине көз чаптырып көрсөк, жарымы калк арасындагы кадыры эчак кайтыш болуп кеткен инсандар экен. Темикең негедир партиясынын тизмесине атактуу "ак жолчулардан" анча-мынча кошуп алыптыр.
Маселен, партиянын тизмесинде өзү биринчи болуп турса, экинчисин Абдыганы Эркебаев ээлептир. Үчүнчүсүндө болсо, кыргызга аты - жыты белгисиз Пономарева Татьяна аттуу кесиби дарыгер айым турат. Бул айымдан кийинки орунду дагы да болсо коомчулук тааныбаган Тагаев Богдан аттуу бизнесмен ээлептир. Ал эми тизмеде бешинчи болуп, "Ак жолдун" атактуу айымы буга чейин "Ата-Журт", "Акыйкат" жана "Содружество" партияларына кирип, көп өтпөй кайра "качып" чыккан Дербишева Гульнара. Ал эми алтынчы орунду басып жыгылган Нурдинов Бейшеналы экен. Бул мырза Бакиевдин "Ынтымак" курултайынын ардактуу делегаты болгон, жеке ишкер адам. Жетинчиде турган Абдыкадыров Эмилбек Бакиевдин тушунда КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Сегизинчиде Абдрахматова Атыр аттуу айым. Бул айым 2007-жылы "Ата-Мекен" партиясынын атынан депутаттыкка ат салышып, кийин Темикеңди тегеректеп кеткен экен. Мамлекеттик кызматтарда иштегени тууралуу маалыматтар жок. Маалым болгону эле, бул айым кайсы бир депутаттын жардамчысы болуп жүргөн неме экен. Ал эми Акаевдин тушунда ИИМди жетектеген министрлердин бири болгон Субанбеков Бакирдин тизмеде тогузунчу болуп ат салышууда. Онунчу болуп "Арпа" сыра заводунун коммерциялык жетекчиси Кулбараков Автандил турат.
Мына бул партиянын тизмесиндеги көзгө басар он адамы ушулар. 2007-жылы КСДПдан депутат болуп шайланып, бирок көп өтпөй мандаттыгын тапшырып кетип калган Жураев Мурат бул партиянын тизмесинде 26-орунда. "Ак жол " партиясынын дагы бир депутаты (мамлекеттин айтылуу душманы Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы) Айдаров Нургазы бул партиянын тизмесинде 75инчи болуп жүрөт.
Кыскасы, "Ак шумкар" партиясынын "бычакка саптуулары" ушул талапкерлер десек болчудай. Темикең саясатка бизнес жаатында жүрүп кошулгандыгынан уламбы, айтор тизмесинин жарымынан көбүн жеке менчик ишканалары бар күркүлдөргө "брондоп" берген. Бирок ошентсе да саясий сабаты жогорку деңгээлде жоюлуп калган элибиз деле кимдин ким экенин жакшы билет эмеспи.
"Содружество"
партиясы
Россиянын саясатын жүргүзөт деп айтылып келаткан "Содружество" партиясынын тизмесин да эски бийликтин арыгын чаап, адыраңдап жүргөндөр "оптому" менен толукташыптыр. Тизменин башында Москванын ишенимдүү өкүлү делген КРСУнун ректору Нифадьев Владимир бакыят. Бакиевге жагынуу жагынан эч кимди астына салбагандардын бири, "Содружество" партиясын "Ак жолго" кошо коюп депутат болуп, кайра мандаттан баш тарткан Нифадьев, эскирген экс-министр, депутаттарды чогултуп депутаттыкка аттаныптыр. Экинчи тизмени Бакиев менен бир урушуп, бир табышып иштешкен, 7-апрелден кийин "Ата -Журт" партиясына кирип, кайра чыккан Өмүрбек Субаналиев ээлептир. Ата-бабабыз тааныбаган Санта-Клаустун кыргызстандык болгонун коомчулукка түшүндүрө албай катуу түйшүк тарткан Мамашов Турусбек үчүнчү орунга илиниптир. Курманбек Бакиевдин ишенимдүү кишиси катары Экономикалык тескөө министрлигин жетектеген экс-министр Байгутиев Жеңишбек 7-орунду басып жыгылыптыр. "Ак жолдон" депутат болгон Сыдыкова Лейла сегизинчи орунда болсо, кыргыз тилинде бир ооз сөз билбегенине карабастан Кыргыз эл Баатырлыгын алган "Ак жолчу" Эрнист Акрамов он төртүнчү тизмеге илинсе, Бакиевдердин жүргүзгөн саясатын коргоп, парламентте ким экенин көрсөткөн Бегалы Наргозуев Акрамовго куйрук улаш он бешинчи тизмеге жайгашыптыр. Дагы бир көрүнүктүү "ак жолчу", экс-спикер Зайнидин Курманов дагы депутаттыкка "Содружествонун" чапанын жамынып жөнөп калыптыр. Кыскасы, Зайнидин Курмановго окшогон бакиевчилерди баштан-аяк санай берсең, аталган партиянын тизмесиндегилерди бүтүндөй атап чыкчудайсың.
Чынын айтканда "Содружество" партиясынын көрүнүктүү делген "эрендерин" жалаң чылгый "ак жолчулар" түзүптүр. Бир сөз менен айтканда уят, абийир дегенди билбегендер кайрадан дүрбөп алышыптыр. Кудум "эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болушуп, ар кайсы партиянын этегине кирип алышып, эптеп бийликке жетүүнүн камылгасын көрүп, жандалбасташканын көргөндө жакаңды кармап, аргасыз баш чайкайсың. Албетте, бакиевчилер кайсы партиянын колтугуна жашынып алса да, шайлоодо эл өздөрү таразалап, баасын берет. Ал күн алыс эмес.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы
Илгери Данияр Үсөновго таандык болуп, акыркы эки-үч айдан бери Данчиктин кан досу Адахам Мадумаров башчылык кылып аткан "Бүтүн Кыргызстандын" партиялык тизмесине абай салып көрсөк, "эшегине жараша тушагы болуп", ал жерде деле эски бийликтин эрендери тизмектешип алган экен.
Болгондо да Бакиевдердин "оорун колдон, жеңилин жерден алып" жүргөн Улукбек Ормонов, Рашид Тагаев, Кулбаев Абдрейим, Төлөнов Арапбай, Исанова Мария сыяктуу "Ак жолдун" атамандары, Адахамдын арты менен эски кызматтарын ээлөөнүн айла-амалын көрүп отурушат.
Адахамдын "Бүтүн Кыргызстанындагы" Бакиевдердин батальону муну менен эле бүтпөйт экен. Жакшылап үңүлүп көрсөк, Бакиевдин басма сөз катчысы жана кеңешчиси болуп жүргөн Нурлан Шакиев, Өзгөчө кырдаалдар министринин мурдагы орун басары Акыл Айтбаев, 7-апрелдеги кыргында кырчындай жигиттерибизге ок чыгарган Жаныш Бакиевдин Мамлекеттик күзөт кызматындагы (СГО) орун басары Төлөгөнов Кулупбек, Финансылык чалгындоо кызматынын экс-төрагасы Садыров Максатбек, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Наватова Айгүл ж.б.у.с. эски бийликтин сөзүн эки кылбаган "эр-азаматтарыбыз", "эл өкүлү болот элек" деп эдиреңдеп жүрүшөт.
Булардан тышкары "Бүтүн Кыргызстанга" бир бүтүн болуп биригишкен "Эл арманынын" атынан Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов өзүнүн илгерки орун басары Вячеслав Ханды ээрчитип алып, тизменин "жылуу-жумшак" жагынан орун алышкан экен. Таң калганыбыз апрель окуяларына чейин Бакиевди жана анын "Ак жол, кара жолундагы" баардык бакиевчилерди мамлекетке жасаган кыянаттыктары үчүн жоопко тартыш керек деп агынан жарыла орусча да, кыргызча да макала-маектерин берип жүрчү кадимки Мирослав Ниязов бүгүн минтип, алар менен коюн-колтук алышып, алдыдагы парламенттик ат салышка даярданып турат.
Баса, карыганда "калжаңдап" камалып чыккан Үсөн Сыдыковдун "Жаңы Кыргызстанын" башкарып жүргөн, эки аял алуу мыйзамын кабыл алдыра албай арманда кеткен Юстициянын экс-министри Марат Кайыпов да "Бүтүн Кыргызстандын" 15-тизмесинде жүрөт.
"республика"
партиясы…
Парламенттик шайлоого катышууну көздөп, шашылыш түрдө түзүлө калган "Республика" партиясынын башында Бакиевдин тушунда оппозициядан өкмөт башчынын биринчи орун басарлык кызматына кетип калган, Кыргызстандын "мен" деген байларынын алдыңкы катарында Өмүрбек Бабанов турары белгилүү.
Өмүрбек мырза 7-апрелден кийин: "Мен партияма ак жолчуларды, бакиевчилерди киргизбейм"-деп күпүлдөгөнү менен, партиясынын тизмесинин басымдуу бөлүгүн жалаң бакиевчилер, "ак жолчулар" басып жыгылган. Бабанов мырза "чу" дегенде эле өзүнөн кийинки экинчи орунду "Ак жол" партиясынан Шаардык кеңешке депутат болуп шайланган, "Папан курулуш" фирмасынын ээси Алимбеков Нурбекке тартуулаган. Нурбек мырзадан кийинки орунду Бакиевдер менен жакшы "тил табышып" 2008-жылдан тартып, 7-апрелге чейин "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеп келген Бакиевдин "Ынтымак" курултайынын ардактуу делегаты Пирматов Исхак ээлеген. Тизменин бешинчисине Бакиевдин тушунда "Кыргызгаз" ишканасында жетекчилик кызматтарда жүрүп, 2008-жылдан тарта Токмок шаарынын мэри болуп келген Исаев Канатбек бекиген экен. Исаевден кийин тизмеде "Ак жол" партиясынын 2007-жылы ЖКга депутат болуп шайланып, 2009-жылдан 7-апрелге чейин ӨКМны (МЧС) жетектеп келген Бакыт Төрөбаев турат. Жетинчи болуп, "Ак жолдун" кнопка баскандан башканы билбеген, элге аты-жыты да белгисиз депутаты Сулайманов Алтынбек катталган. Тизмеде онунчусу Бакиевдин ишенимдүү кадрларынын бири болуп, борбор шаарыбыздын райондорунун Салык кызматынын жетекчилик тепкичтеринде көп жыл "үзүрлүү" иштеп келген Баатырбеков Алмазбек турат. "Республика" партиясынын тизмесинин алдыңкы орунунда турушкан тогуз адамы ушундай окшошкон немелер…
Ал эми тизменин нары жагын дале болсо бакиевчилер "басып жыгылган" экен. Маселен, Бакиев президент болгондон баштап, ушул жылдын кандуу 7-апрелине чейин Курманбек Байтереков дагы ушул партиядан бактысын сынап жаткан кези. Мындайларды эринбей "каза" берсең, кагаз түтчүдөй эмес.
Мындан тышкары баса белгилеп айта кетчү нерсе, "Республикадагылардын" көбү ири бизнесмендер…
"ФОРУМ" пресс








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??