Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Гүлкан Молдобекова,
КСДП партиясынын мүчөсү, жеке ишкер:
"…Саясатты бир ууч
адамдар кир кылат"
Молдобекова Гүлкан айым Таластын кызы, көл өрөөнүнүн келини. Кесиби педагог, үч баланын мээримдүү энеси, жолдошунун жароокер жары. Көп жылдык педагогдук кесипти аркалап, андан кийин жеке ишкердикке өтүп, эми саясат айдыңында бактысын сынаганы турат. 2007-жылдан бери КСДПнын активдүү мүчөсү. Ар кыл суроолорду берип, Гүлкан айымдан төмөндөгүдөй жооп алдык.


- Гүлкан айым, алгачкы эмгек жолуңузду эмнеден баштагансыз?
- Жогорку окуу жайдын математика бөлүмүн аяктагам. Студенттерге сабак берип, эмгегимди мугалимдик кесипке арнадым. 1998-жылдан тартып жеке ишкердик менен алектене баштадым. Эсепти жакшы билгендиктенби, айтор бизнес жасаган мага ыңгайлуудай көрүндү. Бир чети материалдык абалды чыңдоо, үй-бүлөлүк бюджетке салым кошууну ойлодум.
- Саясатка кызыгууңузга эмне себеп болду?
- Убакыт келди окшойт. Адамдын жашы улам өргө чыгып олтуруп, аң-сезим да калыптанып, жашоо, акыл чөйчөгү толгон сайын, элиңе, журтуңа пайда тийгизер жумуш кылууну ойлоно баштайт экенсиң. Азыр ар бир адам өзүнүн жан дүйнөсүнө жарашкан саясаты менен жашайт эмеспи. Ооба, саясатка чыйыр салыш үчүн биринчи кезекте кайсы бир саясий топко кошулуш керек болчу. Мен өзүм жеке ишкер болгондуктанбы, айтор бул жолду басып өткөн Алмазбек Шаршеновичтин партиясын тандап алдым. Катардагы партия мүчөсү катары 2007-жылкы парламенттик шайлоолордо СДПК партиясына бир чети демөөрчү, бир чети агитатору болуп Таласта жүрдүм. Ал эми 2009-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Алмазбек Атамбаевдин таламын талашып, Ысык-Көл облусундагы шайлоо штабдарында иштедим. "Балыкчы окуясынын" башында жүрбөсөм да, алардын арасындагы активдүү адамдардын бири болдум. Ак жеринен айыпталгандардын арасында бир тууган кайнагам да болду. Айтор, акыркы үч жылда саясаттын сазайын бир топ эле көрдүм. Тагдырдын буйругу ушул экен, бул жолу талапкер катары калк таразасына түшкөнү турам.
- Ишкердик менен саясаттын чөйрөсү эки башка эмеспи…
- Ал жагын жакшылап ойлонуп көргөм. Ишкердүүлүгүмдү учурда уулум улантып жатат. 2007-жылдан бери СДПКда жүрүп, коомдук иштерге аралашуум башталгандан кийин, ишкердик иштеримди токтотком. Бирок болбой эле анда-санда аралашып кетет экенсиң.
- Депутаттыкка ат салышууга белсенип турасыз. Алдыда чоң сыноолор дегендей, кандай ой пландарды багып жатасыз?
- Кудай буюруп депутат болуп калсам, болгон күчүмдү кыргыз элимдин жаркын келечегине, кызыкчылыгына жумшайм деген үмүтүм чоң. Кеменгер элбиз, кыргыз эли татыктуу уул-кыздарын тандап аларына ишенем. Саясатка аттанганымдын дагы бир себеби ушунда.
- Саясатты кир чөйрө деп коет. Аялзаттын жан дүйнөсү назик да. Ар кандай кырдаалды көтөрүп кетүүгө даярсызбы?
- Саясат чөйрөсүндө кечээ же бүгүн пайда боло калган жокмун. Андай учурлар мага тааныш. Жогоруда айтып өткөнүмдөй партиянын үгүт иштерин жүргүзүп, иштеп жаткан учурларда көп кырдаалдарды баштан өткөрдүм. Адамдын жашоосунда ансыз деле ысык-суук сыноолор өтөт. Буга аялбы, эркекпи татыктуу жол таап чыгып кетүүсү керек деп ойлойм. Саясат кир эмес, аны кир адамдар жаратып коет. И. Раззаков: "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" - деп айтканы бар. Ошол сыяктуу бир чөйрөнү мындай, тигиндей деп кесе айтуудан алысмын. Ар дайым айланабызда түрдүү кулк мүнөздүү адамдарды жолуктурабыз.
- Адам сапатын ажырата билүүдө педагогдук тажрыйбаңыздын таасири тийсе керек?
- Ал жагы да бар. Бизнесте жүргөндө деле көп кырдуу адамдарга туш болосуң. Жакшысы, жаманы бар дегендей.
- Кыргызга таандык деп, бут тосуу, көрө албастык сыяктуу терс сапаттарды айтып калышат сиз буга кабылдыңыз беле?
- Биринчиден, терс сапаттарды жалпы кыргыз элине таандык дей бергенге каршымын. Кыргыз байыртан ак көңүл, барбаңдаган шайыр эл. Кишинин кемчилигин жанытма, кыйыр түрдө айтып, уяткарышкан. Көрө албастык, ич күйдүлүктү бир ууч адамдар гана жаратып коюшат. Мен мындай абалга көп деле туш болбодум. Себеби өзүм бирөөгө карасантайлык кылбаймын.
- Депутат аялдар көп болгондо коомго кандай пайда тийгизе алат деп ойлойсуз?
- Албетте, салымы чоң болот. Эркектерге караганда аялдар жоопкерчиликтүү келет. "Аял-үйдүн куту" дейт кыргызда. Аял бар жерде чыр-чатак, башаламандык аз болот. Кайсыл чөйрө болбосун аялдардын аралашып жүргөнүн туура көрөм. Манасты Манас кылган Каныкей энебиз эмес беле. Журт башчылыкка аялзаты келгени да жакшы жышаан. Аялдардын коомго ар тараптан пайдасы зор экенин көрүп, билип келатабыз.
- Өлкөбүздө болуп өткөн кайгылуу окуяларды кандай кабыл алдыңыз?
- Бардык энелер сыяктуу адилеттүүлүк, чындык үчүн окко учкан эр-азаматтарга күйүп жаттым. Жүрөгүм сыздады. Алар өз өлкөсүнө жаркын заман орнотуу үчүн курман болушту. Арасында али жашоонун ачуу-таттуусун көрбөй кеткен жигиттер бар эле. Албетте, оор кабыл алдым. Эми өлкө башына келген бийлик ошол төгүлгөн канды унутпай, өлүп кеткен балдардын арбагын ыраазы кылып, элдин үмүтүн актаса деп тилейм.
- Yй-бүлөңүз тууралуу уксак, ашканада кандай кожойкесиз?
- Эки уул, бир кыздын мээримдүү энесимин. Келиним, неберем бар. Жолдошум ар тараптан колдоп, таяп турат.Таластын күлчөтайын катыра жасап, даамдарды көркүнө чыгара алам.
- Көп деле ачыла бербеген мүнөзүңүз бар экен, кечелерде кандай олтурасыз?
- Кеченин көркүнө чыгарып, курбуларымдын көңүлүн алып, шаңдуу элемин. Негизи көп сүйлөбөгөн адатым бар.
- Депутат болгондо көп сүйлөгөнгө туура келет…
- Аткарар ишти аз сүйлөп деле аягына чыгарса болот.
- Ырым-жырымдарга ишенесизби?
- Ишенбейм деп коюп коркуп кетем. Ишенбей коюуга да болбойт. Анткени кээ бирде ырымдарды пайдаланып коюу ашыкча болбосо керек. Бирок Кудайдан улук сүйлөбөйм. Баарыбыз Кудай деп жашап жүрөбүз да.
- Аялзатынан сүйүү тууралуу сурагым келе берет…
- Албетте, сүйүү бар. Жолдошум Мирбек менен экөөбүз окуп жүрүп таанышып, сүйүшүп баш кошконбуз. Сүйүүнүн арты менен Көлгө келин болдум. Бүгүнкү күнгө чейин сыйлашып, бири-бирибизди кадырлап, урматтап турабыз. Сүйүү жүрөктө өчпөй жашай берчү сезим.
- Кандай түстү жактырасыз?
- Кызыл түс адамга энергия тартуулап турат. Кызыл түстү жактырам. Белекке да кыпкызыл гүл алганды жакшы көрөм. Ошого жараша жай мезгили жагат. Жайында кызыл ачылган гүлдөр арбын болот.
- Жашооңузда эстен кетпей калган учур болгонбу?
- Бир жылы жаңы жыл майрамында Кытайда болуп калып, ошондо балдарым менен чогуу тоспой калдым деп өкүнгөм.
Маектешкен
Сахиба Кадырова







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??