Султанбек АБДЫРАХМАНОВ:
"Кыргыз кыйынчылыкта баш көтөрүп,
азапта акылына келген эл"
Абдырахманов Султанбек Арстанбекович "Доор аяны" автордук теледолбоору аркылуу кыргыз тарыхына өз салымын кошуп келе жаткан адис. Ала-Тоодон Алтайга сапарга аттанган мекендештерибизге кошулуп, тарыхчы- журналист катары иликтөө аракетин жасаган.

- Султан агай, Алтай сапарынан адис катары кандай таасир алдыңыз?
- Рахмат Нургазы, Алтай аймагына менин ушуну менен үчүнчү ирет барышым. Адамзат тарыхынын өзөгүн түзгөн сырдуу, табышмактуу өрөөнгө ар бир кыргыз атуулу зыярат жасап туруш керек деген ойдомун. Себеби Алтай менен Ала-Тоо аймагы киндиктеш, туташ экендигин танууга болбойт. Кечээ 15-16- кылымдарда калк катары түптөлгөн бүгүнкү замандаштарыбыз Ала-Тоо менен Алтайдын тагдыры бир улуу элдин колунда тургандыгын эске алгылары келбегендиги өкүнүчтүү. Бул касиеттүү мейкиндерди байыркы жана орто кылымдарда атагы ааламды солкулдатып турган Кыргыз бабаларыбыздын кадам издери бирдей жемире басып тургандыгын биз эмес, дүйнөлүк атак-даңкы бар изилдеп-иликтөөчүлөр эчак далилдеген. Бул маалыматтарга кызыккандар өздөрү издеп таап, окушса болот.
Болгону, биздин өзүбүздүн өзүбүзгө ишенбей ким эмнени айтса ошого жетеленген, өз дөөлөттөрүбүзгө сыймыктана албаган көрпенделигибиз кендирибизди кесүүдө. Ал эми атабыздын киндик каны тамган деген маалымат айтылып жүргөн ыйык жайга болгон сапарбыз байсалдуу болду. Кайсыл манасчы кандай айтпасын бардыгынын өзөгү Анжияндан Алооке жалпы кыргызды тентиретип кууганда мүңкүрөп, сандалган элдин муңун угуп,
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй… -деп сыпатталган Айкөл Шерди- Жараткан Алтайга келип баш калкалаган Ороздун он уулунун бири Жакып канга эмес, жалпы кыргызга берген. Ошондуктан атабыздын киндик каны тамган жерге, ата арбагын ыраазы кылуу үчүн баруу милдетибиз болгон.
Мына ушундай улуу ишке уютку алтайлык "кыргыз баатыр" Акай Кине мырза болгондугу далай айтылбадыбы. Мен аны баатыр деп айтып жатканымдын биринчи себеби, 250 жылдан ашуун убакыттан бери орустардын кол алдында болуп келген алтайлыктардан алгачкы болуп, он беш жылдан ашуун убакыттан бери "улутум кыргыз" деп жашырбай айтып, Манастын ураанын чакырып турганы болду. Азыркы учурда сексен миңге жетип, жетпеген саны бар Алтай калкынын качанкы унутулган өзөгүндө эмес, бүгүнкү уруу-уруктарга бөлүнгөн ата-салтында да кыргыз насили сакталганына карабай, өзүн кыргызмын деп эмне себептен атай албагандыгын тарых сыйлагандар жакшы билишет. Акайдын артыкчылыгы, ошол тоскоолдукту жеңгендигинде. Экинчи себеби, Алтайдын эле эмес, Ала-Тоонун да кыргыздары көр тирлик деп жанталашып, бийлик, байлык бөлүштүрүү, бири-бирине тыңсынуу менен алек болуп жатканда, Кыргызстандагы мекен ээлери коноктордон кордук көрүп, гүлзарлуу өрөөндөр канга чыланып турганда бардык жоопкерчиликти мойнуна алып, Тоолуу Алтай Республикасынын жетекчилиги саксактап турганына карабай жоон топ тилектештерди Манас атанын киндик каны тамган ыйык жайына алып барып, арбагы улук инсандын Рухун ыраазы кылгандыгы болду.
- Сиздин баатыр атаганыңызды Акай Кине өзү уктубу?
- Уккан үчүн айтып жатам да. Болбосо ал жалпы коомчулукка бакшы деген аталыш менен таанымал инсан. Ошол Алтайда аны менен жүз көрүшкөндө, Тоолуу-Алтайдын жетекчилигинин терс мамилелерине карабай жасап жаткан иштерин көргөн соң ушул пикирди айткам. Өзүнө жаккан үчүн унчукпай калды го. Болбосо, Акай өтө чечкиндүү, бардыгын бетке айткан, жалтанбаган жигит экен. Баатырдык менен бакшылык бирдейлигин сезди да. Анын үстүнө бүгүнкү мертинип турган элибизге бакшылыктан баатырдык, эл кадырына жеткен көйкашкалык зарыл болуп тургандыгы ачуу чындык. Алтайлык кыргыз баатырында Ала-Тоодо элге тирек болобуз деген эрендерибиз үйрөнчү сапат арбындыгын сездим. Менин бул айткан Акай баатыр дегеним бир топ массалык маалымат каражаттарына жарыяланып кетти.
- Бардык нерсе ишенимге келип такалат эмеспи?
- Нургазы мырза, Султан агайыңды "теңирчи болуп кеттиңизби" деп айтканы турат окшойсуз. Жок, бир нече кылымдан бери ата-бабабыз туу тутуп, ишенип келген ислам жолунда жүргөн адамын. А бирок, бабаларыбыздын баскан издерин, киндик каны тамган жерлерин унутпай урпактар үчүн эскерте албасак, арбакты улуктап, аталардын атын ардактап, аздектей албасак акыл-эстин эмне кереги бар. Биз өткөнүбүзгө кайдыгер болсок, эртеңки муун бизден үлгү алаарын унутпашыбыз керек. Ошондуктан ата арбагын ыраазы кылуу үчүн барып келдик. Ал эми теңирчилик байыркы бабаларыбыздын исламга чейинки жашоо жолу, өзөктүү философиясы. Биз ар бирибиздин көкүрөгүбүздөгү ыйык нерсеге шек келтирүүгө акыбыз жок. Ар кимибиз өз жолубуз менен Манас атабыздын киндик каны тамган жерден тиешелүү жөрөлгөлөрдү жасап кайттык.
- Уюштуруучулар жөнүндө айта кетсеңиз?
- Бул сапарды уюштуруу демилгеси жазуучу Асыкбек Оморовдон чыккандыгы жалпыга маалым. Ал эми штабдын жетекчилигинде жүрүшкөн журналист Темирбек Токтогазиев, өнөр инсаны Акылбек Мураталиевдер уруулар арасынан тандалган кырк чорого дем берип барып келгенге чейин чогуу болушту. Жалпы жетекчиликте кимдер болгондугу, демөөрчүлөр тууралуу басма сөздөрдө кабарлангандыктан ага токтолбой эле коеюн. Бул аракеттердин бардык түйшүгү парапсихолог, кыргыздын патриот уулу Мелис Карыбековдун жоопкерчилигинде болгондугун белгилей кетпесем болбойт.
- Максат ишке ашты деп ойлойсузбу?
- Толук ишке ашты десем жаңылышпайм. Ар бир нерсенин жакшы жагын көр, билбей сындаганга маш болгонбуз. Ошондон бийигирээк болушубуз керек. Эң негизгиси, ата арбагын ыраазы кылган бардык жөрөлгөлөр жасалды. Аны мен майдалап олтурбайын.
- "Кыргыздын кырк жигити Алтайдан ат минип келет"-деди эле?
- Жылкылардын келбей калган тагдыры, шериктеш мамлекеттердин чек араларындагы маселелерден улам болгондугу айтылып жатпайбы. Сапарлаш болгон бардык азаматтар башка мамлекеттердин жасаган мамилесин көрүштү. Албетте, бул өзүбүздү чыйралтыш үчүн керектүү нерсе. Кудай буйруса, Мелис мырза менен Акай мырзанын сүйлөшүүлөрү боюнча жылкылар бул жакшы башталыштын үчүнчү этабы катары Кыргызстанга алынып келинет деген тилек бар. Үч этап дегеним, бул иш-чаранын биринчи этабы Кудай буйруса аяктады. Экинчи этабында бабабыздын киндик аны тамган жерде өскөн кедр жаңгактарынан көчөттөрдү алып келүү иш-чарасы пландаштырылып жатыптыр. Ал эми үчүнчүсүндө Алтай тукумундагы жылкылардын тукумун көбөйтүү тилеги ишке ашат.
- Элге каалоо тилегиңиз?
- Ушул жасалып жаткан бардык аракеттер элибизде биримдик, ынтымак, бейпилчилик, токчулук болсун, ата-бабалардын арбагын ыраазы кыла жүрсөк ишибиз оңолоор деген тилек экендигин айта кетейин. Кыргыз кыйынчылыкта баш көтөрүп, азапта акылына келген эл. Эсирген кыялыбыздан кайтып бардыгыбыз эртеңкибизге жоопкерчилик менен карасак деген каалоону билдирмекчимин.
Маектешкен Нургазы Нарынбаев





Султан Абдырахмановдун сапар ирмемдеринен...
... Кайсы бир кезеңдерде кабылан Манас бабабыз мына ушул күндүн табына жылынып, тээ тереңдеги мейкиндерден ата-бабалары куулуп кеткен Ала-Тоосун, "Жаңгагы бышып, дөң болгон, Алмасы чирип, көң болгон" Анжиян, Периканы өрөөндөрүн, эстеп сагынычка баткандыр. Журтка караан болуп,сан миң душманга сес көрсөтүп, Теңир-Тоо койнунда уютку сактаган Кошой бабасынын караанын издегендир. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу журт туткалары тууралуу акыл калчагандыр. Ошол мезгилде береги, чечмелей келгенде "ыйык дарак" аталган, кедр көчөтүндөй тээтиги мейкиндеги дарактар жаңыдан гана бүчүр ачкандыр. Мына ошолордун арасында Алтайы алашалбырт жаз, жай болсо, алтайы тунуп турган ак карга чулганган терең Алтай бийиктигине катылган алмаздай курчуп, бой жеткенче суук көздөн, суктуу сөздөн сакталгандыр Манас ата...
***
...Ырас, ар бир кыргыз баласы, тирүүсүндө кадырлай албаса да "жоголгон бычактын сабы алтын" дегендей, ордун сыйпалап таппай калган соң ата арбагын ыраазы кылуу деген эмне экендигин жакшы түшүнөт. Манас бабабыз тууралуу улуу баян талашка түшпөгөндө, бул маселе дагы деле болсо кечеңдеп жүрө бериши мүмкүн эле деген бүдөмүк ой жаралат. Жараткандын буйругу менен тээ кезегинде кан жөткүрүп, тизе бүккөн журт ээлери кадырына жетчү иш жасап жатканда гана ойгонду кыргыз, Ошондо гана ойлонду кыргыз. Айткан ою Ат-Башыдан ары өтпөсүн, Эркеч тамдан узабасын сезип турса да, тээ байыркы Манас бабабыздын дымагы менен өз короосунда ээ жаа бербей опурулуп алды, жалпы кыргыз. Мына ошол опурулуу каткан музду эритип, көр тирликке азгырылган кул мүнөздү кутмандуу дөөлөт катары көрүп, байлык үчүн жерин эмес, энесин саткан эссиздиктен ооздуктап, нарк катылган напси тоңун жибиткендей болду. Бири-биринен бийлик талашкандан кыргыз кандай чачылаарын, бирин бири "катын" деп басынткандан башкалар кандай баш көтөрөөрүн эскертти. Тилин жээрип, дилин саткандар, өздү түртүп өзгөгө жүгүнгөндөр, тууралыктан кетип өз көмөчүнө туткандар кандай болооруна жаңы баян болду, Манас бабабыз...
***
... Башкаларды туурап, же болбосо өзгөлөргө жагынуу максатында кечээ эле Манас бабабыз жомок деген тарыхчылардын далай маалыматын укканбыз. Ошого бардыгыбыз баш ийкеп туура көргөнгө аргасыз болгонбуз. Себеби текке астейдил мамиле кылгандардын ар биринин башында кандуу союл тургандыгы белгилүү болчу. Азыркы күндө да ошол ойдон арыла албаган замандаштарыбыз арбын...
***
...Ырамандан ырчы уулунан, кечээги үнү тасмада калган Саякбай атабызга чейинки Манасчылар болбосо, бүгүнкү жабырап көчөттөй өнүп келе жаткан жаш өнөр инсандарыбыз көкүрөгүнө кыттай уюган Айкөл баянын айта жүрбөсө, учуру келгенде өрттөлүп, тытылып жок болчу кагаздан көрө эл-журт тагдыры катылган таберик чындыкты көөдөндө сактоону ыйык көргөн баба салты болбосо ,башкалар биздики десе ошого кошулуп, кол куушуруп, чындык деп, ошондо айрылмакпыз Манас бабабыздан...
***
...Кандай болгон күндө кабылан Манас бабабыздан калган таберик мурасты аздектеп, алуу ар бир кыргыздын ыйык парзы экендигине эскертүү болду, бул сапар. Ооз толтура айтууга жарытылуу тарыхы жок элдер улуттар канча. А биз болсо өз тарыхыбызды желге сапырганды эрдик ойлоп жүргөнүбүз да жашыруун эмес. Манас бабабыздын нарктуу баянын муундан муун улап, устаттан шакиртке өткөрүп мурастайбы, же болбосо акыл-эстен жогору турган аян менен баяндын ширөөсүнөн табабы, кандай болгон күндө да ата арбагын ыраазы кылуу аракети жасалып жаткандыгын, Улуу баянды эсирип, унута баштаганыбызда кайсы бир замандашыбызга түйшүк артып, Жараткан жасатып жаткандыгына шек келтирүүгө акыбыз жок. Болгону, тээ алмустактан бери, кылым бүктөмдөрүндө калып кетпей, Кыргыз болуп сакталып келген уңгулуу улуттун уюткусун бөксөртпөй, бири-бирибиздин көкүрөгүбүздөгү улуу ыйыктыкка ыкыс таштабай, Кыргыздын тилегинен жаралган Манас бабабыздын баскан изин уласак, жоготкон жогубузду табаарбыз, журтубуздун бүлүнгөнү бүтөлүп, элибиздин эңсегени ишке ашаар...