КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН АЗЫРКЫ КӨРӨҢГӨСҮ ЖАНА ӨТӨЛГӨСҮ
Тээ илгертеден ыр жандуу, улуу сөздөрдүн кунун, барк-баасын бийик баалаган кадырман калың журтубуз сөзгө конок берип, жүйөлүү калыс кепке хан менен бектерине чейин баш ийип, "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деп, колго түшкөн душманынын сөзүнө да кулак төшөп, сөздү сыйлаган элден эмеспизби? Нечендеген манасчыларыбыз "МАНАС" баянын айтышып, төкмө акындарыбыз, жорго сөздөрдүн чеберлери өздөрүнүн санат-насыят, терме ырлары менен толгон муун-урпактарды Мекенди сүйүүгө, керек болсо аны кашык каны калганча кас-душмандан коргоого, элибиздин жазылбаган мыйзамдары менен сакталып келген салт-нарктын чегинен чыкпоого, айлана-чөйрөнү жөнү жок булгабай таза күтүүгө, укум-тукумдун ыйман, адеп-ахлак, моралдык жактан улуу адамгерчилик сапаттарга жетүүсүнө, жетим-жесирге карамдуу болууга, айкөлдүккө, калыстыкка, ант-шертке бекем турууга, ынтымак-биримдикке үндөп келишкен.


Алардын кийинки эле өкүлдөрү - манасчылар: Сагымбай, Саякбай; акындар - Молдо Кылыч, Калыгул, Арстанбек, Тоголок Молдо, Токтогул, Эшмамбет, Барпы, Калык, Осмонкул, Алымкул, Жеңижок; ошондой эле соңку замандаштарыбыз - Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай, Замирбек өңдүү ата-агаларыбыздын эл-журтубузга белгилүүлөрүнүн Алтын казына, асыл мурастарынын баркы баа жеткис! Кыргыз тилибиздин Хан салык-казынасына окшоп, азыркы урпактарга, бизге өтөп жаткан кызматы тоодой. Төкмө акындар өз мезгилинде болуп өткөн чоң аш-тойлордо айыл-айылды аралашып, жар чакырышып, элге төбөсү көрүнгөн адамдардын жакшы жагын чыгарып, кемчилдиги болсо сындашып, ошол коомго азыркы журналисттердин милдетин аткарышкан. Азыр элибиздин ичинен суурулуп чыккан,акындык улуу салтты улантып жатышкан жаш, өнөрлүү төкмө акындарыбыз - Элмирбек, Жеңишбек, Амантай, Аалы, Азамат ж.б. инилеримдин кадырын журналисттердин алдында кемитейин деген ойдон алысмын. Керек болсо, алар бүгүнкү жашообузда элибиздин моралдык жүгүн аркалашып, даражасы депутат, мамчиновниктерге караганда бийик турган чыныгы элдик инсандарыбыз! Кечээ жакында, 7-апрелде болуп кеткен мүшкүл, кайгылуу окуяларда эл-журтубузга кайрат айтып, кайгыларын тең бөлүшкөн ушул төкмө акындар болду. Элим дегенде оозунда "бал-шекери" бар, элге каршы душмандарга "калемпир-мурчу" бар бул өнөрлүү инилериме Теңирден келген касиеттүү өнөр энчиленген, аларды Кыдыр даарыган... Болбосо, мындай өнөр ким көргөнгө эле берилип, баарыбыз төкмө акын болуп кетпейт белек?
Советтик доордо акын-жазуучулар, алдыңкы журналисттер коом алдында өздөрүнө тагылган зор милдеттин өтөөсүнө абийирдүүлүк менен чыгышкан.. Оозунда элге айтар сөзү, Жараткандан берилген талант-шыгы бар, азыр да биздин арабызда жүрүшкөн жана көздөрү өтүп кеткен залкар ата-агаларыбыздын, эжелерибиздин жасаган иштери, өтөгөн кызматтары азыркы биз үчүн үлгү, өрнөк. Өз убагында В.И.Ленин "Учкундан-жалын тутанат" деп, "Искра" гезити адеп жарык көргөндө массалык маалымат каражатына чоң маани берген. Анын сыңары, күнкорсуздукка жеткен азыркы коомубузда эмнелер болуп, жашоо кайсы нукка түшүп баратканын жөнөкөй жарандарга караганда ылдам туюп, баа бергендер - журналисттер.Акын агабыз Шайлообек Дүйшеевдин бир ырында: ...Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт,
Көрөйүн дейт, жандагандар көнүш-пөйт... - деген саптарда айтылгандай, өнүгүүнүн нагыз жолун "май баскан" көздөрү менен көрө албаган, жанындагы кошоматчыларынын айынан да (баарысы эле "все под контролем" дей берсе) эл-журт кандай күндү башынан кечирип жатканын билбеген, өздөрүн Теңирдин "баласындай" сезип алышкан бийлик ээлерине ачуу чындыкты жеткирүүдө чыныгы элдик журналисттердин өтөп келген жана азыркы жасап жаткан кызматтарынын мааниси зор. Журналисттер түшүнгөндөргө эл менен бийликтин ортосунда "көпүрө" болуп кызмат кылып, элдин көйгөйлөрүн жогору жакка дайын кылып турушат. Кийинки 20 жылдын ичинде эл-журтубуз кандай күндү баштарынан кечирип, чайналышып, кыйынчылыктарды тартышкан болсо, андай жашоо журналисттер чөйрөсүнөн кыйгап кетпеди. Тескерисинче, элдин таламдарын талашып, бийликтегилерге каяша кылгандыктары үчүн баштарынан чоң сыноолор менен кыйноолорду да өткөрүштү. Заман көңтөрүлүп, астын-үстү болгон азыркы чаташ жашообузда "акты ак, көктү көк"- деп турган акыйкат, чындыкты туу туткан инсандар, жүрөктүүлөр азайып кеткен ушул коомубузда бийликтин кемчилдигин көзгө сайып айтып турууга да майышпаган, саясий Эрк керек! Каяшачыларды, сөз эркиндигин колунан келишинче муунтуп, "кыңк дедирбей коюуга" бийликтегилердин аракети жылдан-жылга күчөдү. Мындай көрүнүш айрыкча Бакиевдин тушунда өз апогейине жетип, 60тай чыгаан журналисттер өлкөбүздүн чегинен чыгып, башка жактарга баш калкалап кетүүгө мажбур болушту. Көп сандаган буйрутма өлтүрүүлөргө туш болгон мекендештерибиздей журналисттердин ичинен бийликке "жакпаган тапандар"- Алишер Саипов, Алмаз Ташиев жана Геннадий Павлюктар жырткычтык менен киши колдуу болуп набыт болушту. Ошол иштердин бети алигүнчө ачылбай, табышмак бойдон калууда. Ал эми ур-токмокко алынып, коркутуу-үркүтүүлөргө карабай, эски бийлик менен кармашып келген, калайык-калкыбызга болгон чындыкты айтып, элди апрель ыңкылабына көтөрүп чыккан оппозициялык маанайдагы басылмалардын бир нечеси моралдык-материалдык чыгымдарга учурап, бийликтин "кол толгомою" менен жабылып, 7-апрелден кийин кайрадан иштерин улантып жатышат.
Өткөөл мезгилдин оош-кыйышын, күңгөйү менен тескейин күзгүдөй буруу-терүүсү жок чагылдырып, элибизге дулдулдай жүгүрүп, булбулдай сайрап, кызмат өтөп жүргөн таланттуу, аналитик-журналист агаларыбыз: Алым Токтомушев, Кенжалы Сарымсаков, Бөкөнбай Боркеев, Эртабылды Аттокуров, Баратбай Аракеев, Түгөлбай Казаков, Султанбек Абдырахманов, Болотбек Макетаев, Бейшенбек Бекешовдорду кайсы кыргыз атуулу билбейт? Алардын "суу кошулбаган" ар кыл темадагы материалдары, телеберүүлөрү көпчүлүк үчүн - эне тили, тарых, санжыра, салт, нарк-насил, өнөр адамдары, адам укугу жана башка жаатта агартуучулук милдетти да өтөп жатканы чын. Булардын артынан талант-шыктуу, көрөңгөлүү жоон топтун, журналистиканын оор жүгүн көтөрүүгө бел байлаган жаштардын келатканы да жүрөк толкутат. Алар "Демократия" деген түшүнүк Батыштан эмес, көчмөндөр түзгөн цивилизациянын көч башында турган байыркы, Улуу кыргыз элинен тарагандыгын жакшы түшүнүшөт. Акыйкаттык, чындык, эркиндик үчүн эзелки бабалардын жолун улаган, хандан-бектен кайра тартпаган кайраттуу элибизге кызмат өтөйлү деп, белсенип турушат. Ушуга тушташ эле, бийликтегилерге жагынгандар, элин сатып, Арзымат болуп жалынгандар журналисттердин чөйрөсүнөн көп эле чыкты. Бирок алардын "суу кечпеген эмгектери" бийлик алмашкан сайын тарыхтын "таштандысы" менен кошо кетип, элдин эсинде, жадысында деле калган жок.
Союз маалында болсо, китеп, гезит-журналдар мамлекет эсебинен каржыланып, калемгерлер үчүн азыркыдай "баш оорулар" жок эле. Бардык тиричилик базар мамилелерине өткөн ушул жашоо келгени газеталар да "товар" катары милдет өтөп калган чакта эл-журтубузга ыймандык, адеп-ахлактык тазалануу, бийик идея алып келмек тургай, Батыштын ыплас, киндиктен ылдыйкы айбандык инстинктин карманган "шалпыма журналист сөрөйлөр" көбөйүп, алардын жазгандары (орустар "пошлость" дешет го) өзгөчө жаштарды жеңил ойлуулукка, бузукулукка түртүп жаткандары кимдин болсо да көңүлүн иренжитет. Ансыз да коомубузда ажырашуулардын саны арбып, баш кошкон жаштарыбыз үй-бүлөнү сактоого далалат кылбай, чыныгы арзуу, таза махабат деген эмне экенин түшүнүүгө чамасы келбей, "тоок сүйүүгө" берилип, ажырашуу намыс болбой калган ушу кезде, андай уятсыз, наадан "жазмакерлерге" Батыштан келген аудио-видеолору жетишпей жаткансып, элдин жан-дүйнөлөрүнүн кирдегени эмес, гезити өтүп, акча таап турганы кызык. Андай "жазмакерлер" журналист деген бийик наамды булгашып, түгөнбөгөн фантазияларын "ойнотуп", "алигисин" көтөрүп чаап, жазып түгөтпөй, баягы жылы "КТР Обо" гезитине белгилүү публицист-журналист кызыбыз Кален Сыдыкова жазып чыккандай "журналист-көтөнист" болуп алышкан. Коомубуз идеологиясыз калып, ваакумга кептелип турган ушу тапта мамлекеттин цензурасынын жоктугунан пайдаланып, "чала молдо дин бузар" болушуп, өткөөл мезгилде "арзан товардын" милдетин аткарган ар кандай жазмакерлердин "эмгектери" да көбөйүп кетишет тура... Өлкөбүздө өздөрүн "жылдыз" атап алган бир ууч ырчылардан башка адам калбай калгансып, алардын "ажатканага баргандан" башкасын, жашоолорунун аки-чүкүсүнө чейин жаза берип, элди тажаткан саны арбын, тиражы көп, жаандан кийинки "козу карындардай" басылмалар да элдин эсебинен жан сактап келатышат. Атай, Муса, Мыскалдай жандуу үн менен обон созуп, уккан кулактын моокумун кандырбай, компьютер менен шөкөттөлгөн ырларынын экөөсүн фонограмма менен аткарып, он теңтушун чакырып, концерт берип, акчага тунган ал ырчыларыбыздын көрөңгөсү канчалык? Бул жөнүндө гезиттер жазбаса да, сыналгыдан күндө көрүп жүргөн элибиз жакшы билишет.
Азыр "шайлоонун шайтан оюндары" көпчүлүктүн, өзгөчө саясатташып кеткен эл-журтубуздун жаш-карысынын бүйүрүн кызытып, журналисттер жамаатын сенсациялык материалдарды издетип, күн тынымын, түн уйкусун алып жаткан учур. Орусия башчылары айтмакчы, "тырмоолорду" кайра-кайра баса берип, чекелери "томуйган" элибиз үчүн кайсы партияларда баягы эски бийликтин "шыйпаңбай куйруктары", итти жесе да, битти жесе да тоюнбаган "ачкүсөндөрү" жаңы бийликке кыпчылууну көздөп, элдин көйгөйүн чечиш үчүн эмес, өз "көмөчтөрүнө күл тартып", калк эсебинен дагы эсепсиз байыгысы келгендер шайлоого аттанып баратышканын ачык-айкын жазып, маалымдап туруунун мааниси чоң. Аларың "сүткө түшкөн коңуздай" көрүнүп турушса да, алган "садага-зекет тыйыны" үчүн таманы үзүлгөнчө жүгүрүп, ошолорду "Апендинин кызындай" мактап, башкалар менен кызыл-чеке болгон Арзыматтар да толтура.Ошон үчүн майда-мажес журналист "сөрөйлөрүбүз" элди бөлүп-жарып, ансыз да коомубуздан кырк жарака кетип, жашообуз бычактын мизинде турган учурда эне тилибиздин "сөз куржунунан" кур жалак калган тантык тилде (мамлекеттик тилибиздин кедергисин кетиришип) жазгандарынын бизге тийип жаткан моралдык кесепети да оңой эмес. "Той болоор, тойдун эртеси да болоор" дегендей, "шайтан оюндар" да бүтөт. Бүгүн "Суудан өткөнчө энемди берейин" дегендер, шайлоо өткөн соң, -"эмнемди берейин?" - деп, далай жазмакерлерди бири-бирине, элге-журтка "суук тумшук" кылып чыга беришет. Өлкөбүз ичинде журналисттер жамааты талаша турган, өз ара ынтымактан кетип, итче "ыркырашып" жаакташа турган эч нерсе, талаш маселе жок. Ошондуктан эмоцияга алдырып, тажаал, урушчаак, жаман аялдардын деңгээлине түшүшпөй, журналист ага-инилерим жигитчиликти карманып жүрүшсө дейм. Кудайдын жолу, бийик адамгерчиликтин чеги менен болуп, бул турмушта кастар бир кезде дос, достор кас болуп да калаарын эске алып, андыктан аша чаап кетпей, бир ууч топтун эмес, Мекенибиздин, элибиздин кызыкчылыктарын туу тутушса, мамлекетибиздин бүтүндүгүнүн сакталышына салым кошушса деген тилегим бар. Элибизде: "Көч бара-бара түзөлөт"- дейт. Бирок убакыттан уттуруп жаткан калкыбыз оң жолго түшкөнчө башканы кой, коңшуларыбыз ат чабым эмес, өтө алыстап, бизден бардык жагынан озуп кетип, өзүбүз ынтымак-ырашкерликтен тайып, "ит арка" жашоодо бир жерди таптап тура бергенибиз, жашоонун барган сайын кымбатчылыкка кабылганы кооптондурат. Балдарымдын, неберелеримдин жашоолору айкын, келечектери жаркын болгой эле! - деп түйшөлөсүң...Улуу көчтөн бери келаткан "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген накыл кеп бар элибизде. Анын сыңары, Түштүгүбүздө болуп өткөн жосунсуз, кыргын-сүргүн, кайгы-капсалаң иштерге кыргыздар гана күнөөлүү деп, чындыкты бурмалап, чет өлкөлөрдүн алдында улутубуздун бетине көө жапканга үлгүргөн бир катар ММКлар - "Фергана Ру", Россиянын, башка чет элдик басылмаларына кыргыз элинин атынан объективдүү жооп кайтарбай, журналисттерибиз "шок" абалда болуп калгандары көпчүлүктү ойго салды. Жеткен шовинист В.Жириновский Ысык-Көлүбүзгө келип эс алып, элибиздин туз-даамын татып, сыйын көрүп, кыргыздардын айкөл, кең-пейил эл экенин түшүнүп турса да оозуна алы жетпей: - "Кыргыздар чечендерден ашкан кан ичкичтер тура" - деп, Кудайды карабай каралаганы, Орусияда иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттарына тескери таасирин берип жатканы да белгилүү. Ушундайлардан кийин кыргыз журналистикасы өз "казаныбызда эле кайнай бербей", дагы бир бийик деңгээлге көтөрүлүп, "маалыматтык согуштардан" жеңилип отуруп калбай,
...Жети атаңдын кимин бил,
Жетимиш элдин тилин бил!" - деп, "МАНАС" дастаныбызда айтылгандай, орус, чет тилдерин да мыкты өздөштүрүп, ошол тилдерде "катылгандардын катыгын бергенге" жарап туруулары да мезгилдин талабы экен! Антпесе, башка улуттар, мисалы, "Вечерний Бишкекте" иштегендер улутубуздун намысын эч убакта коргоп беришпейт. Тескерисинче, аларың - "Ашыңды ичейин, кадырыңа ......."-дегендер. Коомубуздун өзүн-өзү тазалап, өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшүүсүнө, элибизде ынтымак-биримдиктин бекемделишине журналисттер чөйрөсүнүн кошкон салымы, таасири өтө зор. Ошондуктан Элим үчүн кызмат кылам, улутумдун келечеги үчүн жүгүрөм!- деген ар бир алдыңкы калемгер-журналист өзүнүн элинин алдындагы өтөөчү вазийпасын айкын сезе билип, ага ыйык мамиле кыла билүүсү абзел!
Кадырман калың эл-журтубузга жөнөкөй эмес, татаал кырдаал учурунда чындыкты, акыйкат-адилеттикти жеткирип, чыгаан журналисттерибиз жакшылыктын жарчысы, ынтымак менен биримдиктин данакери болушуп, калемдеринин курчуй беришине тилектешмин!
Сапарбаева Айканыш
Керим кызы