Кадам ушул

ШАЙЛОО, ТАМАКТЫ МАЙЛОО ЖАНА МЫЙЗАМДЫ ЖАЙЛОО…
Адам баласынын тарыхына акырын саресеп салсаң кызыгы аябай көп. Маселен, мыйзамдын баарын өздөрү кеңешип-таңашып, жети жолу, керек болсо жетимиш жолу өлчөп туруп бир кесип туруп кабыл алышат да, анан ошол мыйзамын эртеси эле бузуп кирет. "Бул деген кол тийгис мыйзам, муну бузууга дегеле болбойт" делген олчойгон мыйзамдарды, маселен, Конституцияга чейин бузушат да турушат. Мыйзам кабыл алып, аны кайра бузуп туруу адам баласынын бузулгус мыйзамы болуп саналат окшобойбу. Бул жаатта эки жексур - Акаев менен Бакиев мыйзам бузгуч кылыктары менен сонун мисал болуп бере алат эмеспи…

Карасаңыз, шайлоо кодекси дурус жазылган: шайлоочу менен шайлануучунун укугу бузулбаш керек, шайлап жаткан адам да, шайланып жаткан партия да баары бир укукта, баарынын бирдей милдети бар, бийлик тарабынан эч кимиси колдоого алынбайт, кодуланбайт, акча жана башка каражаттар менен шайлоочунун добушун сатып алууга катуу тыюу салынат, бир шайлоочу бир гана добушка ээ, бюллетендердин пачкасы менен салууга болбойт, шайлануучу тарап такталбаган фактылар менен экинчи тарапты сынга албайт, агитация белгилүү мөөнөткө чейин гана жүргүзүлөт ж.б.у.с. Көрдүңүзбү, шайлоочуга да, шайлануучуга да эч кандай тоскоолдук жок, бар дагы каалаган партияңа добушуңду берип жылуу-жумшак кете бер. Баары жөнөкөй. Айтылгандын баары мыйзам менен түптөлгөн нерсе, аны таптакыр бузууга болбойт. Бузсаң жооп бересиң. Азыр муну президентибиз да, БШК да айтып жатат, катуу эскертип жатат.
А реалдуу турмушта жагдай кандай? Бул өтө коркунучтуу суроо жана анын жооптору андан өткөн коркунучтуу көрүнүштөрдү, окуяларды жаратып турат. Шайлоочуну акча менен сатып алууга мыйзам катуу тыюу салат дегени азыр тескери тегеренип, бай партиялар көз көрүнөө эле акчаларын таратып жатат, "элден бата алабыз" деген нерсеге жамынып алып жылкы, койлорду союп, этке ныксыратып, арагына мас кылып жатканы жашырын да болбой калды…
"Бул шайлоо деген эркин өтөт, ачык-айрым өтөт, акчага добуш сатып алуу болбойт, депутаттыкка жөнөкөй адамдар көп өтөт" сыяктуу жарымы жалган, жарымы чын сөздөр айтылып жатат. Анан анын чын-бышыгын тактай келсең иш башкачараак болуп чыгат. Маселен, бир топ партиянын депутаттык тизмесинин алдыңкы сабында жөнөкөй адамдар жокко эсе. Көпчүлүгү капчыктуулар, ашынган коррупционерлер, элдин эсебинен байыгандар, дагы дааналап айтсак, элин эзип келгендер. Анан келечектеги парламенттин тагдырынан да санааркайт экенсиң.
Окуп жатып жадап бүттүк го, Октябрь социалисттик революциясынан кийин жаңы бийликке келгендер эски бийлик ээлерин жаман-жакшысына карабай кырып-жоюп салган. Ал көрүнүш трагедия эле. Антүүгө болбой турганын тарых көзгө сая көрсөтүп койду. Азыр орустар Николай падышасын да, адмирал Колчагын да… жоктоп олтурушат.
Ал эми бизге келе турган болсок, Бакиев бийлигин кутуртуп жүргөн, жанында кошо уурдашып жүргөн адамдардын баары азыр койкоё басып, бир тобу парламенттен орун эңсеп жаткан кези. Ооба, Бакиев бийлигине кызмат кылган миңдеген чиновниктер бар, аларды күнөөлөп болбойт, алардын иштегенден башка айлалары жок эле да. А, бирок Бакиев менен теңтайлаша элдин канын соргон, элин эл деп эсептебей көпкөн немелер да көптүн бири болуп, кылган иштерине жооп бермек турсун, кайрадан көбө баштаганына не деп жооп издеп куурадык?! Эми ошолор акчаларынын күчүнө салып тигил же бул партияга өтүп, депутаттык мандатты эңсеп турушпайбы.
Тээ революциядан аз өтпөй эле Бекназаров ошондойлордун чарасын көрөм деп катуу киришкендей болду эле, анысы куру кыйкырык экени күндөн-күнгө далилденип жатат. Ошондойлордон бирди-жарымын жоопко тартып темир тор артына камап туруп анан катып койсок сонун болбойт беле. Антиштин ордуна баштарынан сылап калбадыкпы…
Урматтуу шайлоочум, Бакиевдин куйруктары кирген партиялардын бирине да добуш бербешиңиздер керек. Андай болгондо жексур Бакиевдин бийлигин эңсеген болуп каласыңар, жанагы революцияда курман болгон азаматтарыбыздын арбагын сыйлабаган болосуңар, жана да эл душмандарынын тилектеши деген атты аларсыңар. Бул курулай чакырык эмес, азыркы кыргыз турмушунун чындыгы ошону талап кылат!
БИРӨӨНҮ ЖООПКО ТАРТКЫЛАЧЫ, КӨРҮП, КАТЫП КОЕЛУ
Оо, ошондо Акаевди кулатып, жакшылыктын баары бир болсо ушунда деп Бакиевди такка олтургузуп жалпы журт эйфорияга алдырып турган убакта алдыдагы, ошол эртеңки эле турмуш жыргализм көрүнүп, түптүз эле бейишке чыгып кеткендей болгонбуз. Ал деген иллюзия экен, ар адамдын башына келип турчу алдамчы сезим экен. Анан Бакиевди көрдүк дейсиң…
Ошентип, Акаев кулаганда Генпрокурор болгон Бекназаров жеп-ичкен акаевчилердин чарасын көрүп, жегендеринин баарын бир тыйынына чейин кустурам деп катуу күпүлдөгөн эле, жыйынтыгын билебиз…
Анан абийирсиздигинин айынан татаал тагдырын өзү жасап алган Бакиев Беларусияга качып кутулганда Бекназаров үкөм дагы айкырык салды: "Бакиевчилердин баарын жоопко тартам, жегендерин кустурам" - деп. Ага да ишенип турдук. "Айранды үйлөп ичкенди" дайыма унутабыз да турабыз. Анан бакиевчилер четинен кармалып, кээси азга камалып, ден соолуктары "иттей начарлап кетип" үй камагына чыгарыла баштады. Мамлекеттик төңкөрүш жасайм дегендер да чыгып кетишти. Азыр бир дагы желмогуз сот жообуна тартыла элек. Тартылабы деги деген суроо килейе ийрейип турган кези.
Мурун "кылмышкердин орду - түрмөдө" деп айтылса, аны Бекназаров "кылмышкердин орду - үйүндө" деп оңдоду да койду. Жогоруда айтканымдай бирде-жарым ашынган бакиевчилерден камап туруп, анан катып койсок мактанганга дурус болбойт беле…
Мына, аз күн мурун Максим Бакиевдин эң жакын адамдарынан болгон бир кылмышкерди соттон актатып таштады эле, ал алды-артын карабай ошол эле күнү Англиясына кире качты. Эпадам, таза болсо шашпай кетмек. Эми ал эч качан куйругун карматпайт. Былжырак экенбиз го бир!
Мен эле "кан күсөп" жаткан жерим жок. Бирок элин эл деп санабаган, элинин байлыгын тартып алган, көпкөн айбандар мына бүгүн түрмөдө олтуруштун ордуна депутат болом деп суксуңдап турганына ичим ачышат, кыжырым кайнайт дейинчи. Бакиев менен тилектеш болуп, бирге ичип-жешип жүргөн немелер парламентке келсе ошол кутуруп куулган диктатордун идеясын улантат эмеспи, анда кандай абал болот?! Жообуңуздар барбы Бекназаров жана башкалар? Баарынан өкүнүчтүүсү ошолор депутат болсо, "мени деген эл шайлаган" деп төш кагат эмеспи! Аттиң деп дал ушул жерде айтыш керек!
Азыр Бакиевдин куйруктары кадимкидей эле легалдаша биригип, кайрадан кутура баштады. "Жоо аяган жаралуу" деп тээ атам замандан айтылып келатпайбы, жалганы болсо, ошончо убак өмүр сүрмөк эмес! А биз аны элес албай жатабыз!

Баратбай АРАКЕЕВ