Күч тармактарына күмүш сырга:
Иштегиле, иликтегиле, издегиле!..
Курманбек менен Жаныш колдогон партия - кайсы партия?
Учурда коомчулукка Бакиевдерге жан тарткан партиялар кайсы партиялар экени ачык эле көрүнүп калды. Бул маселеде элге мугалим болуп, биринчи класстын окуучусуна тамга үйрөтүп жаткандагы түйшүктүн кереги жок. Азыр кыргыз элинин саясий сабаттуулугу өтө жогорку деңгээлде. Маселен, Кыргызстанда жашаган (улутун эске албаганда да) он адамдын тогузу кыргыз саясатчыларынын ар биринин саясий бейнесин бешке билет. Андыктан "тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт" деген кыргыздын ташка тамга баскандай айтылган учкул сөзүн эске алуу менен бирге, биз сөз кылып жаткан бакиевчил партиялардын атын ачык атабай эле, аларды кылган иштери жана кулк-мүнөздөрү менен сүрөттөп жазууну эп көрдүк. Минтип жаткандыгыбыздын дагы бир чоң себеби, азыр ал партиялардын атын ачык атап чыксак, эртең эле алардын: "Силер бизге кара пиар жүргүзүп жатасыңар"- деп кыйкырып чыгары бар. Ошентсе да, чындыкты четке кагууга жана жерде калтырууга болбойт.
7-апрелден кийин Акаевдин доорунан бери эле "кошоктолгон эчкилердей" чогуу жүрүшкөн, коррупциялык иштерге кокосуна чейин малынышкан белгилүү төрт саясатчы, адамзаты үчүн ыйык болгон нерсенин атын жамынып алышып, партия ачып алышкандыгы баарыбызга белгилүү. Качкында жүрүшкөн Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиев дал ушул партиянын лидерлерин колдоп-буттап, бул партиянын парламенттик шайлоодо көп мандат алышын кудайдан көптөн-көп тилеп жатышкан экен. Бул партиянын ички сырын да, чатагын да "косягын" да жакындан билген ишенимдүү, белгилүү адамдарыбыздын маалыматына таянсак, Бакиевдер бул партияга эки айдан бери этап-этабы менен бир нече жүздөгөн миллион долларларды Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн, (ээси аял киши) өтө чоң жана өтө бай адамдын банкына шакылдатып которуп жатыптыр. Себеби бул партияда Бакиевдин "Ак жол" партиясынан депутат болгон, жан дили Бакиевдики болуп калган 8 адам алдыңкы тизмеде экен. Мындан тышкары Бакиевди "ата" деп жүргөн дагы бир эргул саясатчы жана башка өңчөй экс-министрлердин көбү ушул партиянын тууруна конгондугу Курманбекке майдай жагып жаткан экен. Эгер бул партия шайлоодо чындап эле жеңилип калган күндө да, Бакиевдер бар аракетин көрүп, бул партиянын таламын талашууга чыккан элге акчаны "суудай агызышарын" убада кылышкан имиш. "Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, чынында эле бул партия акчанын ушунчалык көптүгүнөн улам, акчаны өтө ысырапкерчилик менен колдонуп жатканы көрүнүп турат. Айтсак, аталган партия үгүт иштери баштала электе эле, бир күндүк иштерине 80 миң доллардан, 100 миң долларга чейин сарптап жатышкандыгы тууралуу сөз болгон эле. Азыр бир күндүк чыгымы ал кездегиге салыштырмалуу 10 эсе көптүк кылып жатса керек. Балким, мындан да көптүр… Кызыгы, БШК партиялардын үгүт иштерине сарптап жаткан каражатынын так эсебин коомчулукка ачык айта алышар бекен? Ай ушуга шегим бар… Эгер так эсептешсе, бул партия менен бирге, дагы бир канча партиянын үгүт иштерине короткон каражаты белгиленген суммадан ашып кеткендиги белгилүү болмок. Эми бул башка маселе. Буга кийинчерээк кенен кайрылабыз.
Курманбек менен Жаныш жогоруда айтып жаткан партияга миллиондорду которуп гана тим болбостон, ал партиянын лидерлерине өздөрүнүн кызыкчылыгына төп келген бир катар талаптарды катуу коюп жатышкан экен. Маселен, мен гезитибиздин өткөн санында Бакиевдин "Ак жол" партиясынан депутат болушкан 30га чукул адам кайсы партиялардан парламенттик шайлоого ат салышып жатышкандыгы тууралуу учкай жаздым эле. Кудайдан жөө качкан Курманбек менен жан кечти Жаныштын талаптарынын бири ошол 30 ак жолчу экс-депутат "балдарынын" канчасы депутаттык мандатка жетсе, алардын башын кандай жолдор менен болсо да бириктирип, аларды өздөрүнүн позициясында гана кармап, ортолорундагы ынтымагын күчөтүү маселеси. Себеби Бакиевдер ал партиянын лидерлерине: "Эгер менин "ак жолумдан" депутат болгон азаматтарым силердин бул иш аракетиңерге каршы чыга турушкан болсо, аларды ийге келтирүү жагын бизге койгула, алар биз эмнелерге жөндөмдүү экенибизди жакшы билишет. Аларга деле жан таттуу эмеспи"-деген "план-сырын" айткан экен. Алардын бул "сыры" минтип, бизге өз каналдарыбыз аркылуу жетип, биз ал "сырды" коомчулуккка жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп олтурабыз. Аталган партиялардын лидерлери жана андагы ак жолчу депутаттардын тобу Бакиевдердин бул тапшырмасын "жан" деп аткарууга убада беришкен имиш. Айтор, бул партиянын башкы талапкерлери Бакиевден көргөн жакшылыктарынын акыбетин кайтарууну башкы максат кылып, алар менен тыгыз мамиледе болуп жаткандыгын карапайым калкка кабарлап коюу биздин милдетибиз.

Максим Бакиев менен Борис Березовский кайсы партияга "ставка" койду?
Англияда орустун айтылуу олигархы Борис Березовскийдин колтугунда жыргап жаткан Максим Бакиев да учурда жөн жата албай, 7-апрелден кийин түзүлүп, акчанын күчү менен тез эле белгилүү болуп бараткан бир партияга укмуш колдоо көрсөтүп жаткандыгы да ачыкка чыга баштады. Максимдин бул иш аракетине олигарх "атасы" Березовский дагы ар тараптан колдоо көрсөтүп, саясий кеп-кеңештерди божурап жаткан имиш. Максимдин бул партияга "симпатия" кылып жаткандыгынын бир катар жүйөөлүү себептери бар дешүүдө. Маселен, бул партиянын башкы талапкерлери бизнесте биттин ичегисине кан куйган адамдар экени белгилүү. Ал бизнесмен талапкерлердин жок эле дегенде бирден чоң компаниясы, же бир чоң фирмасы бар. Булардын арасында ак жолчу депутаттар, экс-министри дагы тизменин алдына тизилип алышкандыгы Максимди айда кубанткан экен. Себеби Максим бул партиядагы башкы талапкер болгон адамдар менен учурунда шилекей алышкан дос болуп, бизнес жана саясат маселелерин тегерек столдо бирге чечишип жүргөндүгү көпчүлүккө маалым. Максим бул партиянын башкы талапкерлеринин кулк-мүнөздөрүн, саясий позициясын, эмнени жакшы көрүп, эмнени жаман көрүшөрүн беш колдой билет экен. Убагында баш ийбегендеринин далайынын жүрөгүнүн сары суусун алган дешет. Себеби бул партиянын алдыңкы тизмедеги талапкерлери Максим Кыргызстанды калчап турганда анын таламын талашкан командасы болушкандыгы чыркыраган чындык эмеспи. Айтор, Максим менен Березовский алыскы Англияда жатып алышып, бул партияны тымызын колдошуп, "мүшөк-мүшөк" жашыл акчаларды жогоруда айткан (ээси аял) банк аркылуу эки-үч ирет которгондугу белгилүү болду. Максим менен Березовскийдин бул партиянын өтө бай, жаш лидерине: "Элдин добушун кандай жол менен болсо да сатып ал, акчаңды аяба, жетпей баратса эле, бизге кабарла. Биз каалаган суммаңды которуп беребиз"-деп баалуу кеңештерди айткан экен. Ансыз да бай партияны бул эки эргулдун убадасы шердентип салгандай. Себеби бул партия азыр үгүт иштери боюнча бардык партиялардан ат чабым алыс бараткандай элес калтырууда. Дегеним, партиянын барган жеринин баары той-тамаша. Элге да тутам-тутам акча тараткандыгы да ачык эле айтылууда. Башка партиялардын лидерлери эл менен жолугууга кадимки эл баскан кара жол менен барып жатышса, бул партиянын лидерлери асмандан "аэроплан" менен түшүп, карапайым элдин "жүрөгүн түшүрүп" жатышат. Көчөлөргө, имараттарга илинген көрнөк-жарнактарынын чоңдугу да, кооздугу да жана анда жазылган ураандар бир укмуш десең…
Макс менен Боке (Борис Березовский) бул партиянын Кыргызстандын булуң-бурчуна жүргүзүп жаткан укмуш үгүттөрүнүн бардыгын интернет аркылуу салып жиберишкен видео тасмалардан көрүшүп, кол чабышып, абдан кубанып жатышкан экен. Макс партиянын ураандарындагы жазылган сөздөрдү талдоого алып: "Булар менин 7-апрелден кийинки Кыргызстандын саясатындагы тосмону жарып чыгышкан, "жаңы адамдарым" болот. Кудай буюрса, булар парламентте бир топ орундарга жетишсе, саясаттагы жана бизнестеги "кадамдарыбыз" кайрадан бирге болот" - деп кубанычы койнуна батпай турган кези дейт.
Эл биле элек бул имиштер канчалык деңгээлде чын болду экен? УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев бул тууралуу билет болду бекен? Эгер билбесе, биз Кеңешбек мырзанын кулагына күмүш сырга илдик дейли. Мындай кептердин чын-төгүнүн тыкыр иликтеп чыгышсын. Деги эле күч тармактары шайлоо учурунда, шайлоонун эртеси да Бакиевдердин ушуга окшогон "сүйрү приздерин" алдына алууга бар аракетин күнү-түнү көрүшү зарыл. Элдин ишенимине татыгыла, иликтегиле, иштегиле, издегиле…
Айбек Шамшыкеев