Көчөлөрдүн көркүн бузган
шайлоо көрнөк-жарнактары жана
коошпогон кооз сөздөр…
(Башы өткөн санда)
9-сентябрь түнү борбор шаарыбыз Бишкекке кагаз-чүпөрөктөрдөн жасалган "бомба" түштү. Партия лидерлери бул жарнактарды 10-октябрдын таңына "жетпей калчудай болуп", 9-сентябрь түнү менен көчөлөргө, имараттарга, бактарга, автоунааларга, дубалдарга, жада калса дааратканаларга чейин, туш келди, ой келди чаптатышты. Кудай бетин нары кылсын, бул "бомбанын" элибизге зыяны түздөн-түз тийбегени менен, психологиясына начар багытта ойноп турат. Бул көрүнүш 19 жылдан бери оголе көп жолу кайталанган, "тажатма, кайталанма" көрүнүш экенин эч ким жокко чыгара албайт. Эл деле көнүп, тажап калган, кадимки эле адатта боло келчү көрүнүш. Бирок ошентсе да бул жолкусу өзгөчө болуп турат. Себеп дегенде, парламенттик республикага айлануунун бир белгиси катары көчөдөгү көрнөк-жарнактардын мурдагыга салыштырмалуу эки, үч эсе көп болуп кеткендигин айтсак болот. Буга сарпталган каражат дагы бир нече миллионду гана эмес, миллиардды чапчып жыгылды. Карачы, кагазга, чүпөрөккө корогон кайран каражат десең… Ошол эле партиялардын лидерлери башка пайдалуу иштерге (маселен, кайрымдуулук иштерин алалык) мынчалык көп каражат жумшабасы белгилүү. Мандат алууга келгенде, акча ысырапкерчилик менен колдонулуп жатканы албетте, өкүнүчтүү. Ушуга улай эле, ал жарнактарда жазылган кооз сөздөрдүн 95 пайызы партиянын өзүнө жана лидерине да эч коошпой калганы ачыктан-ачык эле көрүнүп турат. "Уялбагандан өзүң уял" болуп, элдин көпчүлүгү ал көрнөк-жарнактардын жанына жеткенде "көздөрүн жумуп" өтүп жаткан учурлары да жок эмес. Эмесе, бул маселеге колдон келишинче калыс карап, учкай талдоого алалы…


"Бригада"
"Ата-Журт"
партиясы
Бул партия элдин "аллергиясын" карматкан бир нече партиялардын ана башында болуп, алардан "ат чабым" алыс баратат. Булардын борбор көчөлөрдү "кара тумандай" каптаган көңүл айныткан көрнөк-жарнактарынан мурда да, партиянын аты элге жакпады. Себеп дегенде, булар ыйык Ата-Журтубуз ооруп турганда, Ата-Журтту ойлошпой, Ата-Журтубузду ачыктан ачык эле ар кандай жолдор менен илдетке чалдыктырып, аеосуз оорутушкан Бакиевдерди эки колу, эки буту менен колдошуп, мамлекеттик жооптуу кызматтарда турган кездеринде миллиондорду сол чөнтөктөрүнө урушкандыгы ачыкка чыкса да, эч жоопко тартылышпады. Анан ушундай булганган адамдар ыйык Ата-Журтубуздун атын булгашып, "Жаман иттин аты бөрү басар" деген сөздүн өтөсүнө чыгышып, партиясынын атын "Ата-Журт" коюп алышканы көпчүлүктүн күйбөгөн жерин күйгүздү.
Ал эми ата-журтчулардын көрнөк-жарнактары Бишкектин көчөлөрүнүн көзгө басар жерлеринде жайгашып, саны да бир топ. Бул партия көрнөктөрдү көчөлөргө жайгаштыруу маселесин биринчи максат кылышып, баягы оңой жол менен сол чөнтөккө солошкон миллиондордун бир топ бөлүгүн жумшап жаткандыгы ачык эле көрүнүүдө. Ал көрнөк-жарнактардын сапаты өздөрүнө өлө жакканы менен, элге жаккан жок. Айрыкча, чоң коррупционер делинген Нариман Түлеев тууралуу жазылган көрнөктөр адамдын ачуусун келтирип турат. Аларды мисалга тартсак: " Ата-Журт" Түлеевди Бишкекке кайра алып келет"- деген көрнөгү бишкектиктердин жинин шакардай кайнатып, ал жарнактарды "өрттөйбүз, тытабыз, жоготобуз" деп чамынып турушкандыгы ачыкка чыкты. Бишкек Наримандын менчиги беле? БШКнын ата-журтчулардын мындай кадамга барышына эч чара көрбөй, көрмөксөнгө салып, "тултуюп" олтургандыгы элдин нааразычылыгын күчөтүүдө. Мындан тышкары, Наримандын: "Бишкек сенин жулуулугуң мага дем берет", "Сиздер бар үчүн, мен бул жактамын" деген ураандары оозуңду Ошту каратып коет экен. Албетте, кыргыз бийлигинин алсыздыгынан, чыныгы кылмышкерлерди жоопко тарта албагандыгынан, Бекназаров өңдүү чиновниктердин ашкан айкөлдүгүнүн кесепетинен улам, кебетеси кеткен байкуш Бишкек шаарынын жылуулугу кылмышкерлерге, коррупционерлерге, криминалдарга түздөн-түз тийүүдө. Ошондуктан Нариман эски бийликтин эркелери муздак түрмөдө олтурбай, күнөстүү Бишкектин өтө жылуулугунан "энергия" алып, болушунча жыргап жүрүшөт. Ал эми Наримандын: "Сиздер бар үчүн, мен бул жактамын" - деп чын жүрөгүнөн айтылган сөзү, жаңы бийликтин жооптуу кызматтарында олтургандардын арасында али да болсо Бакиевдерди колдогондор жана акча дегенде жанын бергендер көп экенин тастыктап турат. Алардын атын кайра-кайра атай берүүнүн кажети жоктур, биз айтпасак да алар элге дайын. Болбосо, Нариман Бишкекте эркин учкан куш эмес, капаска түшкөн "кылмышкер" куш болуусу зарыл эле.
Кыскасы, "Ата-Журттун" буга окшогон ураандары улутту убайымга салып турат.

Азимбек Бекназаров
"БЭК"
партиясы
Бул партияны Бекназаров мырза айтылуу Бириккен Элдик Кыймылдын атын ачык эле "уурдап" алып түзгөндүгү белгилүү. Партиянын белдүү жана белгилүү талапкери бир гана экс-депутат Мурат Мукашев. Бул партиянын көрнөк-жарнактары көчөлөрдө анчалык деле көп болбогондугу менен, жарнакта жазылган ураандарынын дымагы чоң. Маселен, Мукашев мырза өзүнүн сүрөтү менен "БЭК элдин абийири" деп, элдин көңүлүн өзүнө жана бул партияга бургусу келген. Албетте, Бириккен Элдик Кыймыл Бакиевдин тушунда чындап эле элдин, кыргыз мамлекетинин абийири болуп келгендигин жокко чыгарууга болбойт. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, Мукашев мырзанын, ошол кезде БЭК элдин чыныгы абийири болуп турган кезде, БЭКтин курамында аты эмес, жыты да жыттанган эмес эле. Андыктан Мурат мырзанын, мындай ураан менен жар салып чыкканы коошпой калганы көрүнүп эле турат. Ал эми бул партия азыр "элдин абийири" деп айтууга ооз барбайт. Анткени элдин абийирине төп келген эч бир иш аткара элек. Аткарары да чоң суроо астында турган маселе. Себеби бул партиянын "атасы" Бекназаровдун саясаттагы ишмердүүлүгүнө элдин басымдуу бөлүгү ичи чыкпай турат. Эл деле партиянын ээсине карап түздөлөт эмеспи. Анан калса, "БЭК коррупциянын тузагы, ыймандын турагы" деген урааны "боорду эзип" койду. Себеби бул сөз башка партиянын лидерине коошсо да, Бекназаровго эгерим коошпосу белгилүү. Айтор, "БЭКтин" көрнөк-жарнактарындагы ураандардын бири да улуттун кызыкчылыгына төп келбей турат. Бекназаров, тизмеде үчүнчү болуп бараткан баласы Руслан, жана Мурат Мукашев мындай ураандар менен не муратка жетет болду экен? Көрө жатарбыз...

Феликс Кулов
"Ар-Намыс"
партиясы
Калк арасындагы кадыры эчак кайтыш болуп кеткен Кулов мырза да өзүнүн аты бар, заты жок "Ар-Намысы" менен: "Биздин партия парламенттен 25, 30 орун алса, анда утулганы"-деп чоң амбиция менен чыккан эле. Албетте, анын бул айтканы жалаң куру кыялдан түзүлгөн сөз деңизчи. Ошого карабастан Кулов көчөгө илдирген көрнөк-жарнактарында андан өткөн укмуш сөздөрдү эч нерсеге карабай туруп, шурудай тизип койду. Маселен, анын Бишкектин бир нече жеринде турган "Темир калкан" деген көрнөгү, элдин көңүлүн көтөрбөстөн, тескерисинче чөктүрүп жиберди. Себеби ал көрнөктүн дал ортосуна калкандын сүрөтү турса, ал калкандын тегерегине Кыргызстандын картасы бакырайып тартылган экен. Кызыгы, ал картада алты облустун аты туура жазылса, Ысык-Көл облусунуку Каракол деп берилген. Дагы бир чоң кемчилиги Жалал-Абад облусу Кыргызстандын картасына кирбей, өзүнчө бөлүнүп Өзбекстандын аймагында турат. Кулов Жалал-Абад Кыргызстандын бакыйган бир облусуна кирерин билбейби? Билбесе, билгендерге кайрылса болмок экен. Кулов мырза бул жарнагы менен эмнени түшүндүргүсү келгени белгисиз. Кыязы, бир кездеги "темир генерал" деген элдин эсинен эчак чыгып кеткен атын элдин эсине салып коёюн десе керек да. Бирок анын бул аракети текке гана кетет. Себеби Кулов азыр эл үчүн темир эмес, желим генерал! Ал бул атты Бакиевдин колтугунда жүрүп, "таап" алган. Өкмөт башчы болуп турганда эмне үчүн мыйзамдын темир калканы боло албады? Ошондо мыйзамдын темир калканы боло албаган, эми кайдан болмок эле? Кулов мырзанын башка бир жарнагында: "Асыл ой, ак сөз, адал иш" деп ураан чакырган сөзү да күлкү келерлик. Анткени Кулов кайсыл асыл ой, кайсыл адал иши менен элге алынды? Бакиев менен тандем болуп, өкмөт башчы болуп турганда, Бакиевди коргоп, оппозиция тарапка өтпөй койгондогу эрдиги мененби? Деги эле Кулов мырзанын бул ураандагы сөздөргө төп келчү иштерин бирөө-жарым билээр бекен? Аңды-дөңдү сүйлөй бербей, жылкыбызга карап ышкырсак жакшы болмок…
Айбек Шамшыкеев