Кыргыз тили империянын тили болгон
Менин байкашымча, биздин ордо калаада мурунтадан бери эле жазылбаган эреже, мыйзам жашаган тартип бар. Себеби эмнеде экенин болжош кыйын. Жана мындай көрүнүштү жоюп жиберүү да мүмкүн эместей. Көп эле жерде же мүдүр, ачандик сөрөй кыргыз болуп туруп кыргызча сөзгө орусча жооп беришет. Буга китепканалардагы, же мындайраак жердеги жетекчи аялдарды, алардын кол алдыларындагы кыздарды кошууга болот. Эмне үчүн?

Кавказда, Балтика мамлекеттеринде мындайлардын тилин кесип кетишет. Өзбекстанда, Түркмөнстанда, атүгүл, казактарда мындайларды токтотпой иштен айдап жиберишет. Себеби ал элдер өздөрүнүн тилинин баркын да, өздөрүнүн кадыр-баркын да билишет. Бизде гана төбөгө чыгууга болот. Сезилип турат, мындайлар кыргыз эмес. Кыргыз тилин, кыргыздын өзүн жек көргөнү, теңсинбегени көрүнүп турат. Мындай түбү башка улут болуп аргасыздан кыргыз болуп жазылып калгандар толтура экендигин эми гана байкалууда. Каны бөлөктүгүнө барышат экен го. Булар менен өздөрү сыяктуу тымызын аёосуз күрөш жүргүзүү зарыл. Жөнөкөй алгылыктуу жол менен. Чекесинен чертпей туруп эле андайларды иштен айдап салуу керек.
Тарых айтып жатпайбы, мезгилинде кыргыздар Батыш менен Чыгышты камтыган зор каганат түзгөн деп. Мурда божомол сыяктуу эле, азыр кадыресе далилдер менен тактап, ырастап жатышат. Ал каганат чачылып кетсе да, ортоңку эле кылымдарда ошол каганаттын күүсү менен кыргыз тили империялардын тили болуп турган. Темирландын да, Чыңгызхандын да заманында чагатай тили делип. Ал тил азыркы кыргыз ичкилигинин диалекти болуп саналат. Өзбек, казак, түркмөн биздики деп талаша албайт. Кичине акча, дөөлөт (пешенелерине Назарбаев туш болуп калып) жуккан азыркы казак туугандарыбыз өздөрүн Орто Азиянын өзөгү деп тарых жазып алышканы менен алаштарынан ары өтө алышпайт. Алаштан ары карашса эле монголдордун тамырын көрүшүп, арыласа монгол болуп кетишкени турбайбы. Муну алар билишет. Түбү кыргыздан тарагандыгын да билишет. Бирок моюндарына алганга куру намыстары жол бербейт. Качанга чейин? Монголдор казактар менен насили бир элбиз, казактарды монгол мырзалары гана башкарган деп дүйнөгө ачык айтканга чейинби? Өзбек эл акыны Миртемир " биздин бабабыз кыргыз, түбүбүз кыргыз" деп тээ Союз убагында эле, Рашидовдун көзүнчө ачык айтып, ошондой маектерин биз окуганбыз.
А жапондор биз силердин тууган-дарыңарбыз деп далилдегенге аракет кылып жатышат. Башка элге эмес, кыргызга. Ал эми Түркиянын мурдагы президенти Сулейман Демирел мырза болсо Кыргызстандан барган расмий жетекчилердин алдында "биз Ала-Тоодон келгенбиз, баарыбыз бириккенде 75 миллион кыргызбыз" деп айтканын укканбыз. Анан бизге деги эмне керек? Өзүбүз жөнүндө айрым сын айтып (ал деле керек), андай-мындай дегенибиз менен биз, кыргыздар, башкалардан кескин айырмабыз бар экендигин бир аз сезип деле жүрөбүз. Биздин алдыбызда бизге баш ийбеген кыйынчылык деле жоктой. Биз бүт дүйнө жүзүн көрүп турабыз. Алардын жетишкендиктери бизге тааныштай, колдон келчүдөй. Биз кыргыздын кайра жаралуу доорунун алдында тургандайбыз. Ошону жаратууну тагдыр, Теңирим бизге, бардык кыргыздарга чоң-кичинесине, ишенгенди вазийпа кылып ушуну ыраа көргөндүр деп да ойлоп кетүүгө болот. Эгер андай болсо бул бизге азыркылар үчүн эң чоң сыймык болмок. Биз кыргызды, кыргыз мамлекетин бардык жагынан эң алдыңкы өлкөлөрдүн элдеринин катарынан көргүбүз келет, же жалганбы?
Анда эмне тоскоолдук? Тоскоолдук деле жоктой. Жалгыз гана бейпилчилик керек. Көч жүрө барып түзөлөт. Анда биз каалаган максатка жетүүгө мүмкүн болуп жүрбөсүн? Мүмкүнчүлүк бар. Андан башкача болбош керек. Кыргызстан бардык жагынан чатыраган улуу мамлекет болот. Биз эмитен буга көнүп, катуу ишенишибиз керек. А өзүнө бекем ишенүү - динден да күчтүү.
Yсөн Сарыбаев,
сүрөтчү.




  Педагог турмушунан…

"ГЕЗИТ ЭЧ НЕРСЕ КЫЛА АЛБАЙТ" ДЕЙТ АЖЫКОЖОЕВ

Аты аталган деректир мырза жөнүндө биздин гезит эки ирет материал басты, биринчисин Ажыкожоев деректирлик кылган Караколдогу №4 мектептин мугалими Ш.Абдышева, экинчисин мен жаздым. Экөө тең Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакуновго багышталган.


Макаланын мазмуну: мектептин деректири Ажыкожоевдин педагогдукка жатпаган иштери, жүрүм-туруму, жеп-ичкени айтылган. Азырынча жогорудгы эки жетекчи тең эч кандай реакция жасай элек, бир чара көрөт деген ишеним, албетте, бар.
Эки макала жарык көргөн соң, Ажыкожоев биздин редакцияга, башкы редактор Эрнис Балбаковго телефон чалып "бул макала курулай жалаа жабуу" экенин, "кагаздарды даярдап сотко бере турганын" айткан экен. Уялып калуунун ордуна ушинтип бет тырмарлык кылып жатпайбы.
Азыр мурунку сиз кош колдоп колдогон "Ак жолуна" мугалимдериңиздин баарын айдап кирген Бакиевдин заманы жок, урматтуу Ажыкожоев. Мурун биздикиндей эркин гезиттерди бакиевчилер баса калчу, азыр баса калбайт, сотко бериңиз, соттошуп көрөлү, сиздин "былыктарыңыз" дагы да дааналанып өзүңүзгө өзүңүз акыркы соккуну урарсыз. Анткени менин колумда сиздин педагогдукка туура келбеген абийирсиз иштериңизди айгинелеген материалдар толуп кетти, мен аларды сурап жаткансып бүгүнкү күнгө чейин ташып жатышат.
"Гезитке чыгарышты эле, гезити эч нерсе кыла алган жок" деп көрүнгөнгө мактанат экенсиз, гезит деген жазалоочу орган эмес, гезитке абийирсиздерди, наадандарды, коррупционерлерди, бузукуларды, ушакчыларды, чагымчыларды, аңгилерди, ишин жөндөй албагандарды жана башка антиподдорду жазып, элге жарыя салабыз, ал эми кызматтан түшүрүү, же түшүрбөө ошол адам иштеген тармактын жетекчилеринин иши. А биз болсо, сизди кызматтан түшүрүү үчүн эмес, педагогдукка туура келбеген ишиңизди элге жарыя салып койдук. Ишиңизден болсо министрлик түшүрөт болуш керек…
Мага келип жаткан кайрылуу каттардын азын окуйлу да. Бул жерде кагазда кандай жазылса, оңдоп-түздөбөй жазылган боюнча берип жатабыз жана кээ бир катты кыскарта чабабыз. Анткен менен орус бизге жакын эмеспи, биринчи ошолордун катынан баштайлы: "Мой муж работал №4 школы охранником директор Ажиходжоев ударил моего мужа причины мы не знали. Катоую он давал работу мы выполняли добросовесно. Мой муж с Аким диектором работать ни захотел и уволился он ни хороший человек.
Каторые матерьялы пубиковала газеда все правда. Он всегда грозил что мы люди русские и нам к рукам ничего подлижит. И постоянно аскарблял нас ницинзурной бранью. С вчерашнего дня приежает к нам домой просит адрис изнасилованной уборңицы наверно хочет замозать диньгами свои проделки я написала это что немогу больше тирпеть Веригина Татьяна, Кудашев Валера" - деп колдору коюлган. Дагы айтам, орфография, пунктуация жана стилине тийген жокпуз.
Экинчи кат: "Мен Асанбеков Какенович кат жазган себебим Ажыкожоев Нурсадыкка абдан нааразымын, себеби ал мени куугунтуктаган болбгон күнөө үчүн 1996-1997 окуу жылында үйүнө көп жолу ишеткен бекер (лай салдырган, шыбаткан) эмгек акыны мектептеги алуучу зарплатымды берген. Сабакты ердирбей үйүнөн итетти. Мен каршы болсом мени иштен бошотту" - деп колу коюлган. Дале болсо катты оңдогон жокпуз.
Мектептин ремонтуна деп окуучулардан акча чогулттурган экен, ошондой окуучулардын түшүнүк каттары да менин колумда турат. Аларды жарыялап, жаш балдардын мазээсин албадым.
Ажыкожоевдин үстүнөн арызданган каттар колумда батпай турат: ата-энелер комитетинен, ардагер мугалимдерден, мектепти мурунку жылдары аяктап кеткен окуучулардан ж.б.
Кээ бир маалыматтарга караганда Ажыкожоевди облустук администрациянын билим берүү тармагын тейлеген Осмонбаева менен Каракол мэриясынын вице-мэри Оморова колдойт экен. Эгер ошол факт туура болсо, анда тиги экөөнүкү уят иш деп билели…
Баратбай АРАКЕЕВ