Сандан-санга

Каныбек ИМАНАЛИЕВ
САЯКБАЙ
(Гений жөнүндө баллада)

...Ошо кезде биздин дирижерубуз ЗИМ деген машинасын айдап келип калды, дарбыз-коонду болсо аябай салып алган. Концерттен кийин ал бизди үйүнө келип түшүрдү. Анан ал конуп кеткиле деди. Сакем айтты: "Айланайын, ракмат, сен балдарды коноктой бер, мен Ыбыкемдикине барып жатам" - деп болбой койду. Анан ал киши бир жакка чыкканда өзү менен кошо чып этме мылтыгын, куржунун ала жүрчү. Ошолорду көтөрүп биз да жөнөдүк. Жаштардан комуз чертет деп Бейшеке Жандаров деген баланы жаныбызга алып алдык. Барып түшкөндө эле Сакем Ыбырайга, "Сен баланча деген күү чыгарыптырсың"-деп айтып калды. Адегенде ошол күүнү укту.
Анан Сакем "Манасты" түнкү саат 11лерде баштады го, кайта саат түнкү 2-3төрдө бүттү. Койдун эти тартылып, эт желгенден кийин, Сакем кайра эле "Чоң Казатты" айта баштады. Ошентип олтуруп таң атып калганын да байкабай калыптырбыз. Беш-алты аксакалдан башканын баары уктап калыптыр. Сакем болсо чапанын желбегей жамынып алып кичинеден чай ичип, "Манасты" жарык киргенге дейре айтты. "Эс ал, эс алып ал" дегенди уккан да жок, кайта күчөнүп олтуруп түшкө чейин айтып токтоду. Анан барып эс алды. Эми ушуну карасаң, өзү атайы барып Ыбырайдын күүсүн угуп, "Манасты" таң атканча бир айтып, түшкө чейин бир айтып.
Оркестр кечке келди. Сакем өзү кызыганда айтып олтурбайбы, мына мен да жыргап калдым кенен айтып деп. Мына азыр өнөрпоздор "Манас" ордени кимге, буга деп чуркап жүрүшөт. Ал эми Саякбай башкача болчу, атак-даңкты сүйчү эмес. Ал "Манасты" айтаарда, мисалы "Чоң Казатты" же "Алмамбет менен Чубактын чатагын" айтабы, биринчи өзү окуяны чечмелеп, анан барып токтобой айта берүүчү. Ал эми азыркы манасчылар "Оо-оо-оо" деп шыр эле баштап айта беришет. А Сакем Каныкейдин Тайторуну кантип чапканын, ага эмне себеп болгонун, кыскасы, санжырасын чечип айтчу. Эми Сакем бул уникалдуу адам, классик манасчы да. Укмуштуу адам эле. Азыр санжыра десек эле "баланчадан баланча" деп эле санап кете беришет.

Улуу залкар кичинекейлер менен
50. Ошондогу коммунисттик партиянын бир үлгү тутарлык жагы бар эле. Белгилүү адамдар менен жаштардын, мектеп окуучуларынын жолугушууларын байма-бай уюштуруп тураар эле. Анын тарбиялык мааниси өтө терең. Саякбай Каралаев да мектеп окуучулары пионерлер, комсомолдор менен жолугушууларга барып, "Манас" айтып, алардын да кызыккан суроолоруна жооп берип кайтчу экен. Кээде коңшу Казакстанга да барып, андай окуяларга каарман болгонуна төмөнкү макала күбө. Бул гезитти улуу адам тууралуу материал топтоп жатып учураттым ("Кыргызстан пионери", 1964-жыл, 29-апрель).
22-апрель күнү улуу жолбашчы атабыз В.И.Лениндин туулган күнү Курдай районундагы Георгиевка селосундагы № 2 он бир жылдык мектепте эки республиканын, башкача айтканда, кыргыз жана казак пионерлеринин достук майрамына Саякбай Каралаев да катышты. Ал жүздөгөн пионерлердин алдына чыгып "Каныкейдин Тайторуну чапканын" айтып бергенде жаш ленинчилер дүркүрөтүп кол чабышып, карыяны ардактуу пионерге шайлашты. Саякбай Каралаев өзүнүн пионерлерге кайрылган сөзүндө: "Лениндей эмгекти, элди сүйгөн адамдардан болуп өскүлө. Мага таккан жагооңор мени силердин катарыңарга кошту. Бүгүндөн баштап өзүмдү пионер деп эсептеймин. Жетимишке чыксам да силер менен барабан, сурнай артып Ленин түзгөн өлкөмдө жашап жүрө беремин" - деди.
Дагы бир ирет пионерлер менен болгон жолугушууда ошол замандын салты-шарты менен от (костёр) жагылып, С.Каралаев төмөнкү ырды айтып берет ("Кыргызстан пионери", 1963-жыл, 14-сентябрь).
Каарлууга кактырбай,
Камчылууга чаптырбай.
Ушул орус келгенде,
Элди жөнгө салыптыр.
Бирге конуп, бир жайлап,
Бир дос болуп дан айдап,
Жарык күндү бир көрдү,
Калганда кыргыз карайлап.
…Улуу залкар ошол доордун өкүлү катары Совет өкмөтүнө, СССРдин урабас мамлекет экенине жана коммунисттик партия - чыныгы элдик партия экенине ишенген. Себеби, анын Манасты аруу туткан жүрөгү абдан таза, назик жана эч кимге, эч нерсеге арам санабаган жан эле.

Райкан менен
51. Улуу баяндын улукман айтуучусу С.Каралаев өзү айтмакчы:
Баатырлар менен жүрөктөш,
Балбандар менен билектеш,
Эрендер менен маңдайлаш,
Чечендер менен таңдайлаш,
жүрүп, көр тирликке майдаланбай, ары парасаттуу, ары кызыктуу өмүр өтөдү.
Чуңкур жерге уюп калган пас жердин киргил суусундай эмес, аска-зоонун мөлтүр булагындай туптунук жашады. Шаңдуу да, шайыр да.
Адам эмес, кушту...





  Шай - Доот:

Мезгил Сабактары
Мезгил cабактары азыркы күндө болуп жаткан адамзаттын ар кыл кыйынчылыктарынын себептери, көпчүлүк адамдардын рухий дүйнөсүндөгү өзгөчө туюм-сезимдердин жаралуу негизи жана ушул күндө аалам түпкүрүнөн Жер планетасына келип жаткан айрыкча кубаттуу энергетикалык таасирлери тууралуу маалымдайт. Ал таасирлердин кубаты адамдар дүйнөсүнө жакынкы келечекте кандай өзгөрүүлөрдү алып келери баяндалат. Эгер сизди бул маалыматтар кайдыгер калтырбаса, аалам сырларын ачып берген мезгил сабактары менен таанышып, жаңы доорго бурулуш жасаган адамзаты менен кандай кубулуштар болору тууралуу үзбөй окуп туруңуз.

(Төмөндөгү теманын башталышы "ФОРУМ" гезитинин №64,
21-сентябрында чыккан санында)

ААЛАМДАГЫ ЗОР ӨЗГӨРҮҮЛӨР КҮЧ
АЛЫП ЖАТАТ. БАРДЫК СФЕРАНЫН
ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КҮЧҮ ТАПТАКЫР
БАШКАЧА МҮНӨЗДӨГҮ АКЫБАЛГА
ӨТӨТ
Адамзаттагы өзгөрүш кубулуштарына
анализ :
д) музыка угуу системасы жаңы темпти алат. Дил өзөгүнө жетип, ага тамак берген гана ыргактагы музыкага өтүү башталат. Ал ыр-күүлөр Адамзат прогрессине гана кызмат өтөйт. Маанисиз музыка сферасы өлөт. Антидуховный цивилизацияга кызмат берген кара күчкө ээ ыр-күүлөрдүн заманы өчөт, шамы жагылат. Жаңы Доор күүсү, музыкасы кара энергияга ээ болгон музыка ыр-күүдөй эмес жана адамдын ички дүйнө гармониясын бузбайт, чайкабайт, антикристаллизацияга дуушар кылбайт.
е) жогоруда айтылган сфералардын синтезделүүсүнөн кийин адамзат ар бир кесиптин маңызын, касиетин, ыйыктыгын туят. Өнөрпоз инсандар өнөрчүлүк жолунда ыйык кереметке ээ буюм заттарды жасайт. Ал буюмдар накта ыйык өзөк энергиясына сугарылып жаралгандыктан, иштелип чыккандыктан адамдарга сүйлөп бере алат. Өнөрчүлүктүн касиетин туйдуруп, буюм менен алакалашкан инсандын бул сезими, кубанычтан көз жашына айланып ыйык жаш чыгарат. Ар бир ойгонгон пенде ар бир тармактын эмгегин дил дүйнө сезими менен баалайт. Жасалган буюм ээсинин бүт ички дүйнө кооздугун колуна буюм кармаган ошол буюм аркылуу туят. Эки инсандын ыйык касиет энергиялары айкалышат дагы Жаңы Доор прогрессине сонун гана энергияны берип, Улуулуктун Колдоосуна татыйт. Жаңы Доор адамы ар бир кадамынын, кыймылынын маңызын окуп туура гана негизде жашоого өтөт.
ж) сүйлөшүү азаят. Адам ою үнгө айланып сүйлөшкөн түшүнүшүү формасы өзгөрөт. Синтезделүү процессинен ийгиликтүү өткөндөр сөз менен баарлашпай, оюн - бул энергияны көзүнөн өткөзүп көз караш менен жана денеден бөлүнүп чыгып турган энергия менен пикир алышууга жетишет. Дене жакындоолоруна келбей туруп эле оюңарды энергия түрүнө айлантып аралыктан, телепатически-дистанционно мамиле курууга жетишесиңер. Жаңы Доор - ОттууДоор деп бекеринен аталып жаткан жок. Бул НУРЛАРДЫН АЛАКАСЫ тыгыз системага өтүү Доору. Бул энергия күчүнүн, албетте көзгө көрүнбөй туруп, катуу таасирге ээ экенин тааныта алган Доор. Ошентип, бул Жаңы Доордо үндөшпөй эле сүйлөшөсүңөр, аралыкта туруп сүйлөшөсүңөр. Аралык жана убакыт түшүнүктөрү бара-бара өчүп, булардан чыгасыңар. Бул Ааламдын кармалып Турушу, Улуулук Көзөмөлү, Башкаруусу энергия түрүндө гана болоорун дил дүйнө сезимиңер эң жогорку деңгээлде толук туюп, ошол энергиялар Законунун ичинде жашайсыңар.
и) кийинүү. Дененин физикалык синтез-делүүсүнөн кийин дене мүчөңөр айлананын кандай шарты өзүнө жагымдуу экенин билгизип турат. Кийинүү шарты башкача акыбалга өтөт. Нукура (натура, естественный) буюмдарды гана пайдаланып баштайсыңар. Синтетика буюмдары энергетикалык гармонияны бузууга жөндөмдүү келет. Муну дене сезет. Синтетикалык жол менен иштелип чыккан кийимди сүйбөй калат. Натуралдык материалдан кийинүүнү жактырат. Себеби адамдын айланасындагы жагымдуу энергияларды, Ааламдан жаап турган касиеттүү энергияларды синтетикалык кийимдер адамга башкача начар сапатта, мүнөзүн, касиеттүү таасирин өзгөртүп өткөзүп берет. Синтетика буюмдары, кийимдер энергиялардын мүнөзүн башкача мүнөзгө айлантууга ээ, жагымсыз деструкцияга айлантууга ээ.

(Төмөндөгү теманын башталышы "ФОРУМ" гезитинин №65,
24-сентябрында чыккан санында)

...Бирок бул жаштарда дене, акыл акыбалдары окшош болбогон өңдүү ааламдагы алга жылуу системасы да өзүнүн кийинки акыбалында мурунку өткөн акыбалга эч окшошпойт.
Бул окшошпостук улуу прогресс жолу менен түшүндүрүлөт. Ошентип, адамдын көкүрөк дүйнө өсүүсүнө жана материалдык дүйнө негизи боюнча өсүүсүнө убакыт жылуусу менен асман телолорунун жылуусу, алардан келген энергиянын улам өсүү, өзгөрүү акыбалдарынын таасири жакшы багыттагы жаңыланууну берип турат. Акыл менен көкүрөк өсүүлөрү да өздөрүнүн баштапкы акыбалына келбестен улам кийинкиси аалам эволюциясына жаңыланган күчтүүрөөк, пайдалуу энергияны берип турушу керек. Акыл менен көкүрөк өсүүлөрү алардын бекем жакындашуусуна жана биргелешүүсүнө алып келип, аалам эволюциясынын улуу агымы менен ыйык прогрессине кошулат. Жаңыланган убакыт жана асман телолорунун макроциклдеринин улам кийинки акыбалдары адамга улам жаңы энергияны жиберип олтурат. Бул жиберилген энергиянын убактысы жана мүнөзү адамзаттын аң-сезими менен көкүрөк дүйнө акыбалы улам жаңы этабына даяр болгон учурга тушташ келет.
Тыштан жаңыланган аалам энергиясы келсе, ичтен адамдын тазалануусу, синтезделүүсү жана прогресси шайкеш келип турушу керек.
Ички кыймыл күчү адамдын изденүүсү болуп саналат. Адам өзүнүн учурга жаралган циклинде эмнеге буйрулганын (назначение или миссия) изденүү менен түшүнүп тапса багыт туура болуп эсептелинип Улуулук мыйзамына шайкеш келет. Ал эми артка - регресске кеткен ар бир процесс жаза жолу менен күчкө салынып туруп эволюциялык өнүгүүгө кошулуп турат.
Диндеги орозо тутунуу же ачкачылыкты кармоо эмне маани менен берилген?
Жаңы Доордо - энергиялардын айрыкча кубатка толуу доорунда аз өлчөмдөгү тамак-ашка каниет кылып баштайсыңар. Денеңер да көптү сурабай калат. Ааламдан келген өзгөчө кубаттуу энергия денени тоюндуруп турат. Алгач, энергетикалык синтез процессинин башталуусунда дене көбүрөөк суюктукту талап кылат. Бул ааламдан келип денеңерге кирген энергияны ташууга жардам берет (транспортировка новых сильно действующих иноэнергий по организму человека). Кийинки өөрчүгөн этаптарда суюктуксуз эле бул энергияны туура бөлүштүрө жана пайдалана аласыңар. Алдыңкыга даярдоо керек болгондуктан улуу дин жолдорунун шартына орозо тутунуу, же суу менен гана ачкачылыкты кармоо, же майсыз тамак болгон өсүмдүктөр менен гана тамактанып напси кармоо каралып келген. Булардын баары ааламдын жаңы кубаттагы энергияны кармаган сферасына кирүүгө адамзатын даярдоо процессинин бир жактуу зарыл процесси болгон. Жаңы доорго Улуулуктун көндүрүү процессин ыйык деп баалагыла. Орозо тутунуу эң зарыл ыйык шарт жана адамзатын алдыдагы өнүгүүгө даярдап дене тазалыгын камсыз кылуу менен напсини таза кармоого эң сонун жагдай түзөт.
(Уландысы бар)