Жамин Акималиев,
академик, саясий-коомдук ишмер:
"Демократиянын өзү тозок нерсе"
Ар кыл тармактын тилин семичкедей чага билген инсан, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Жамин Акималиев жакында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барып келди. Жамин агайыбызды маектешүүгө чакырып, айыл чарба жаатындагы жаңылыктары, шайлоо, коомдук канал сыяктуу бир топ маселелер тууралуу оюн билдик.


- Жамин агай, жакында Ташкентке барып келдиңиз, сапарыңыздын максаты тууралуу уксак?
- Ашхабад шаарында июнь айында 8 мамлекеттин айыл чарба окумуштууларынын жыйыны өткөн эле. Бул иш-чараны эл аралык уюмдар уюштурушкан. Ошондо Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн айыл чарба илимдеринин ассоциациясын түзгөнбүз. 8 мамлекеттин өкүлдөрү болбой жатып мени ассоциациянын төрагасы кылып шайлап коюшкан. Анан ошол жумушума сентябрь айында киришишим керек болуп, Ташкентке бардым. Бир аз чочулоо болду. Барып иш кеңсемди көрүп келдим. Ал жакта атайын катчым иштеп, бул жакта мен төрага болуп иштейт экем. Кыргызстанга ардактуу даража жетти десем болот.
- Сиз эмне жумуш аткарат экенсиз?
- Жалпы жонунан 8 мамлекеттин айыл чарба илиминде болуп жаткан иштерди тейлеп, координациялайм. Буга Бүткүл Дүйнөлүк банктан анча-мынча каражат бөлүнөт экен. Алар айыл чарба тармагында бир топ долбоор ачабыз дешти. Мисалы, мал чарбасын өнүктүрүү, талаачылык, жер-жемиш сыяктуу. Ошону мен тейлеп туруп, каражатты тең салмактуулук менен бардык өлкөгө бөлүштүрөт экенбиз. Аталган 8 өлкөдө бирдей система менен иштегендер көп экен. Ошону жалпылаштырып иштөөнү чечтик. Жыл сайын 1-2 жолу жыйналыш уюштурам. Аткарып жаткан иштерибизден бөлүшүп, тажрыйба алмашат экенбиз. Мени эки жылга төрага кылып шайлашты.
- Эмне себептен төраганы Кыргызстандан шайлашты?
- Ал жерде кезек деген жок. Төраганы шайлаганга 8 мамлекеттин өкүлдөрү, айыл чарба багытына каражат бөлгөн донорлор баары катышышат. Бизди шайлабайт го деп ойлогом. Себеби өлкөдө олку-солку болуп, жаман окуялар болуп өттү. Балким, аларга биздин айыл чарба жактан жетишкендиктерибиз жагып тандап алышкандыр. Экинчи себеби өкүлдүн тажрыйбасына, жеке персонасын карап көрөт экен. Жыл сайын бир топ өлкөлөргө барып доклад жасайт экем. Менимче, ошонун баарына көз салып, анан мени тандап алышты.
- Кыргызстанга деле пайдасы тийсе керек?
- Сөзсүз. Төрагалык кылып, өзүмө тартып кеткенге акым жок. Бирок ошол долбоорлор кайсыл өлкөгө көбүрөөк пайдасын тийгизсе, эл аралык стандартка туура келсе, донорлор каражатын аянбай бөлүп берерин айтышты. Кыргызстан үчүн жемишин берчү тармак бул мал чарбасы дешти. Донорлор жайлоодо жүргөн малыңар биз үчүн кызык деп, кой чарбасында ак жүндүү койлорду өстүрүүгө каражат бөлөрүн билдиришти. Ошондой эле алар эчки чарбасына кызыгып жатышат. Жер иштетүү реформасын айтышты. Биздин жерлер акыркы жылдары шор басып арыктап кетти деп жатабыз. Андан сырткары, биздин тоолуу өсүмдүктөргө көңүл бурушууда. Бизде дарылык касиети бар өсүмдүктүн 400дөй түрү бар экен. Аларды иликтегенге, экспедицияга каражат беребиз дешет. Ошол долбоорду 8 мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланыш керек дейт.
- Кыргызстанда акыркы жылдары мал, кой чарбасы жакшы өнүкпөй калды да?
- Совет доорунда 10 млн. коюбуз бар болчу. Анын 90 пайызы ак жүндүү кой болуп дүйнөнүн кайсыл өлкөсүнө сатсаң да алып кетип калышчу. Себеби ал убакта 1 кг жүндөн эркектин үч костюму тигилчү. 8 миң тонна ак жүндү түптүз Россия алып кетчү. Азыр 10 пайыз гана ак жүндүү кой калыптыр. Калганы кара жүндүү койлор.
Айыл чарбасы жалпы экономикабыздын пайдубалы. Мына, шайлоого 29 партия катышат деп жатабыз. Ушул партиялардын ичинен кимиси айыл чарба багытын өнүктүрүүгө, жакшынакай программасы, багыты болсо, ошол партия өтүп кетет. Дыйкандарга жардам кылабыз деп иштей турган болсо ошол партияны эл колдойт.Бизнести, өнөр жайды көтөрөбүз деп жомокту айта берсе ага ким ишенет? Айыл чарбаны өнүктүрүү керек. Ошол биздин тиричилигибиз. Ушул убакка чейин Кыргызстанда айыл чарбаны алдыга жылдырабыз деген программа жок, Акаевдин, Бакиевдин учурунда деле болгон эмес. Айыл чарбасын көтөрмөйүн Кыргызстандын келечеги көтөрүлбөйт.
- Жамин агай, суроо нугун башкага бурсак, Улуттук каналдын коомдук телеканалга айланышына кандай көз караштасыз?
- Мен буга караманча каршымын. Биз өз алдынча мамлекетпиз, көз карандысыз өлкөбүз. Президенттик башкаруу болобу, же парламенттик башкаруу болобу идеологиясы, багыты болушу керек. Ал эми идеология үчүн сөзсүз массалык маалымат каражаттары роль ойнойт. Анын ичинен телевидение эң катуу, тез, чагылгандай жеткен курал болуп саналат. Карманар, тутунарыбыз бир эле канал экен. Аны коомдук кылып салсак кандай болот? ЭлТР деген коомдук телеканал бар эмеспи. Ошону өнүктүрө берсин да. Мамлекеттик бир канал болушу зарыл. Мамлекеттик каналды ыйык кармап, мамлекет ошол каналды тейлеп, керек болсо тапшырмасын бериш керек. Ансыз деле менчик каналдар толуп кетти. Жоокердин колунда куралы болгон сыяктуу, мамлекеттин бир куралы болушу керек да. Бул жерде бир саясат жүрүп жатат. Менин таң калганым, коомдук каналга мамлекет акчасын берип, башкалар башкарат экен. Мамлекеттик бир канал болбосо, кыргыз улутунун келечегин бузуп алабыз.
- Өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүшүнө пикириңиз?
- Андан коркпош керек. Демократия деген ушул. Биз эми бышып жетилдик. 90-жылдары демократия кылабыз деп азап-тозокту чектик. Демократиянын өзү тозок нерсе. Биз парламенттик системага өтөбүз деп чечкиндүү багыт алдык. Эки президенттин тең кылганын көрдүк. Аска-зоо болобу, кыйынчылык болобу ушул талаадан өтүшүбүз керек. Шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик бере албайм. Бирок эл таза добушун берет, жаңылбайт деп ойлойм. Албетте, партиялардын талаш-тартышы болот. Талаш-тартыштан чындык, тактык жаралат. Менин оюмча, парламенттик шайлоону көрүшүбүз керек.
- Саясий партиялардын дараметине назар салып көргөндүрсүз?
- Жеке өзүмдүн пикиримди айтсам, айрым партияларды жарнама кылган сыяктуу болуп калбайын. Мен эл арасында көп жүргөн кишимин. Элдин пикирине токтоло кетейин. Апрель айындагы окуялардан кийин Кыргызстандагы региондордун баарын кыдырып келдим. Эл арасына барып калсам эле биринчи айыл чарбасын анан саясатты сурашат. Элдин азыр эң жакшы баа берип турганы эки партияда болуп турат. КСДП менен "Ата Мекен" партиясына элдин ишеничи зор. Эл ушул партиялардын жетекчилерине карап жатышат. А. Атамбаевге карата жылуу пикирлерди көп уктум. Эл тараза деген сыяктуу бул адамдардын кылган иштерин билет экен. Баарынан да бул партиялардын туруктуулугуна баа беришти.
- Партиялар укмуш убадаларды берип жатышат. Алардын эл кызыкчылыгы үчүн иштешине ишенесизби?
- Жакында бир партия өкүлдөрү атын айтпай эле коёюн, бизди шайласаңар 7 пайыздуу үстөк менен кредит беребиз дейт. Буга кичинекей балдар эле ишенбесе, акылга сыйбаган жорук. Мунун өзү - элди алдоо. Минтип убада берип жаткан партиялар элди келесоо деп ойлойт экен. Кээ бир партиялар электр энергиясын өздүк баасы менен элге беребиз дешет, мындай болбойт да. Жеңишке жетиш үчүн жанталашып жеңил убадалары менен абийирлерин айрандай төгүп, элдин кыжырына тийип жатышат.
- Кыргызстандын келечегин кайсы тармакта көбүрөөк көрө аласыз?
- Колдон келсе, маданият, адабият, илим-билим, өнөр жай ж.б. бардык тармакты өнүктүрүү керек. Ал эми эң негизгиси айыл, мал чарбасын көтөрүү керек. Анткени кыргыз эли мал-жандуу эл. Айыл чарбасын колго алсак, экономикабыз сөзсүз өнүгөт деп ойлойм.

Маектешкен
Сахиба Кадырова