Кайрылуу
Кымбаттуу, кадыр-барктуу кыргыз элим, мен айлам түгөнгөндө, аргасыздан сиздерден жардам сурап кайрылууга мажбур болдум. Өзүм Тажикстандан Ата Мекениме кайтып келген этникалык кыргыздардан болом. Жашым 57де, оорукчанмын. Эпилепсиям бар жана эки көзүм начар көрөт. Карамагымда 8 жашар неберем бар. Ал да психикалык жактан оорукчан. Жашаганга үйүбүз да, иштегенге ишибиз да жок. Кемпиримдин каза болгонуна 2 жыл болду. Оорум күндөн-күнгө күчөп, кыйын абалда турам. Кокустан өлүп калсам "көмүлбөй каламбы" деген коркунуч бар. Жаш бала талаада калат. Ушул себептен Тажикстандагы туугандарыма кайтып кетүүгө жол киреге акчабыз жок. Мен ушундай илгери үмүт-максат менен кыргыз элиме жана кадыр-барктуу, колунда бар атуулдарга, ошондой эле өкмөт жетекчилерине жол киреге акча сурап кайрылам. Неберем экөөбүзгө жол киреге бар болгону 7 миң сом акча керек экен. Ушул акчаны Кудай жолунда, сиздерден суранам. Алдыңыздардагы келаткан шайлоо тынч өтсүн деп тилейм.
Умар Турдубеков

"КСДП бечараларга жардам берген партия экен"
Небересин жетелеген Умар аксакал ушундай кайрылуусун көтөрүп алып, редакциябызга баш бакты. Жаны кыйналып турган Умар аксакалдын арыз-муңуна ортоктош болуп, анын азыноолок пикирин гезитке жарыялап коюуну эп көрдүк.
- Мен өзүм Дордойдо тилемчилик кылып, жан багам. Ден соолугум чың, жогорку билимдүү адам элем. Тагдырым ушул экен, оорукчан болуп, башыман кыйын күндү кечирип жатам. Бул жакта тууган-уругум жок, Мургабда туугандарым бар. Ошол жакка суукка калбай кетүүнү максат кылып турам. Өлсөм да ошол жактан өлөйүн, туугандарым ак кепиндеп көмүп коюшар. Кокус мен бул жерден каза болсом, мени көмөр бир да жан жок. Ансыз да оорукчан неберемдин тагдыры кандай болот? Көп жерге ушул кайрылуумду көтөрүп алып бардым. Бирок эч ким мага жардам берген жок. Тажикстанга (Мургаб айылы) жол кире беришпеди. 1993-жылдан бери КРнын жаранымын. Үгүт иштери башталгандан бери "Ар-Намыска", "Ата Мекенге", "Акыйкатка" кайрылдым, бирок алар жардам беришпеди. Сөзүмдү да угушкан жок. Көп адамдар айтканынан улам, КСДПга жардам сурап кайрылганымда, алар мага дароо эле жардам берди. КСДП бечараларга жардам берген партия экен. Кудайым колдосун!
Алар ИИМге кайрылышып, чек арадан өткөзгөнгө да убада беришти.
Тилегеним көктөн түшкөндөй кубанып турам. КСДП жетекчилигине жана жамаатына чын дилден ыраазымын. Бул партия мага окшогон адамдарга кам көрсө, демек, элге кам көрө турган партия. Ушундай элдин камын ойлошкон партиялардын шайлоодо утушка ээ болушу керек. Себеби бул партия өзүнүн кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон партия. Кандай болгон күндө да, КСДП партиясы утушка ээ болушун тилейм.




Жерибизди сактайлы!
Жакында карыя жазуучу Жапаркул Токтоналиевдин Ормон хан жөнүндө китептерин окуп чыгып, колума калем кармагым келди. Өзүм карапайым эле куруучумун. Элимдин кулк-мүнөзүн, бири-бирине болгон мамилесин, жашоо шартын, пейилин, ынтымагын көрүп, аралашып жашап жатып көп нерсеге зээниң кейийт. Казактын Кененсары, Ноорузбайлары миң-миңдеген колдору менен Таластын аягындагы кыргыздардан баштап Чүй элин кырып, кырып эле эмес, эненин боюндагы балдарды найзанын учуна сайып алышып бакыра чаап жүргөн жерлерин окуганда жүрөгүң титирейт. Ошол канкорлорду Ормон хан айлакерлик менен, аз колу менен токтотуп, токтотмок түгүл баскынчыларды экинчи кыргыз жерин баскыс кылып кууса дагы кыргызга жаккан эмес экен. "Мен куудум, сен куудуң" болушуп, кыргыздын ынтымагы жоктугу ошол кезде эле болгон экен. Ормон хан кыргыздарга: "Тоо-таштын арасында мал айдап жүрө бербей түзгө түшүп жер айдап, бак-шак тиккиле, антпесеңер бөлөктөр келип түздүктөрдү ээлеп алат" - десе дагы тоң моюндугун көрсөткөндөрү жиниңди келтирет. Ал кишинин: "өзүбүздүн жерлер туруп турсун, жерибизди дагы кеңейтели" - деп, казактын Иле суусунун жерине барып, келечекти ойлоп, кыргыз жерин кеңейтели десе дагы арасынан чыккынчы чыгып, орустарга арызданышып, Ормон хан басып келатат деп, кайра кайрышат. Эгер ошондо ошол жерлер кыргыздыкы болуп калганда Каркырага казактын буту басып кирмек эмес экен...
Отузунчу жылдарда казактарда ачкачылык болгондо казак элин кыргыздар сактап калды эле го. 70-80 жаштагы казактар унутушпайт. Азыркылары эмне болуп жатышат? Бажыканаларда кыргызды эзгени аз келгенсип, темир тору Токмок шаарынын четине келип калды. Түштүктө тажик, өзбектер акырындап жылып келе жатса, бул жакта казак-кытай жылбайт деп ким кепилдик бере алат?
Ормон хандар кан төгүп, кырылышып жатып урпактарына таштап кеткен жерлерди ушинтип оозубузду ачып айбат кылалбай кармата беребизби? Жантай хан 40 байталга берген бет маңдайдагы жерлерди кыргыздар ынтымакка келип 40 миң байтал чогултуп кайрып албайлыбы. Ай, ошону жасай турган азаматыбыз барбы, же төрөлө элекпи? Ормон хандын тукумдары кайда кетишкен? Кантип эле хан чыккан жерден бирөө чыкпасын? Бул эмне эле "Ормон хан эле Ормон хан" деп калган десеңиздер керек. Мен ал жакка эч тиешем жок. Кемчиликсиз адам болбойт. Мүмкүн, кемчиликтери болгондур, бирок көбү чындык анан дагы кылымдар өтсө да азыркы убакка төп келип жатпайбы? Эгер баары калп болсо, "баары калп, окубагыла" - деп окумуштуу тарыхчылар жазат эле. Мен бул китеп жөнүндө эч жерден терс пикир окуган жокмун. Демек, чындык. Кыргыздар, оозубузду ачпай, айкөлдүктү, кошоматчылыкты, берешендикти, жапакечтикти токтотуп кыргыз жерин, элин сактап калганга тик туралы, "Түгөлбай Сыдыкбеков комузчу, Асек Жумабаев скрипач" деген жаштарыбызга кенен түшүндүрүп, баатыр аталарыбыздын басып өткөн жолун окуу жайларда, мектептерде терең окутуш керек.
Бердибек Сулайманов,
Эмгек сиңирген куруучу, Токмок шаары.




Дагы бир жолу кыргыз тили жөнүндө
Эгемендүүлүккө ээ болгонубузга 20 жылдын жүзү болсо дагы өз эне тилибиз болгон - кыргыз тили өнүгүп өспөй, өгөйлөнүп турганына "эмне себеп?" деген суроо туулат. 70 жыл бою социализмдин идеологиясынын негизинде "орус эли улуу эл, орус тилин билбесең, нан таап жей албайсың" деп какшап отуруп, орусча ойлоп, орусча сүйлөп, ойрон болуп кала жаздап, багыбызга эгемендүүлүккө жетишип, кайрадан тил маселесине кайрылганбыз.

1989-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамына ылайык, кыргыз тили "мамлекеттик тил" статусун кабыл алып, тил жаатындагы кызматкерлер, илимпоздор, усулчулар "Кыргыз тил" маселесине арналган нечендеген эмгектерди жаратып, нечендеген "Кыргыз тил", "Эне тил" коомдору ачылып, анын шылтоосу менен мамлекеттик акчалар чачылып, бирок тилибиздин акыбалы ошол эле бойдон кала берген. Кыргыз тилине бакыйтып "мамлекеттик тил" деп статус берип койгонубуз менен, орус тилин жармаштырып расмий (официалдуу) тил кылып алып, мамлекеттик иш-чаралар, мекеме иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлүп, кайра эле кыргыз тилин түшүнбөгөн "киргизбайлар" үчүн оңтойлуу оокат болуп келет. "Кыргыз тили айылдын деңгээлинен ары ашпаган тил" - деп, корккондогу чыгарган корутундусу мээбизге сиңип калганбы? Албетте, тарыхты эч ким тана албайт. Азыр деле улуу муундарыбыздын "орустан айланайын, илим-билимге жетишип, жакшы турмушта жашадык" деп калгандарын угуп жүрөбүз. Ырас, орустан алган илим менен билимге жетишип, артыбыз бир трактирлик кесиптин ээси болуп, жакшыдыр, жамандыр бай болбосок дагы кем болбогон турмушта жашаганыбыз да бар. Бирок өз тилин, тарыхын, салт-санаасын, нарк-насилин, маданиятын толук билбей, өзгө элдин алдында өз тегин түшүнбөй теңсиз болуп, басынып жашаган элди өнүгүп өскөн эл деп атоого болобу? Эми деле эгемендүүлүккө ээ болдук дегенде да, өз алдынчалыкка кадам таштай албаган, ээрчиме, жетеленме кесепетибизден бирде Американын, бирде Англиянын жашоосуна сонуркап отуруп, эң жөнөкөй эле өз тилибизди, дилибизди түшүнгүбүз келбегендиктен, өз жолубузду таппай, кыска мөөнөттүн ичинде эки жолу революция жасаганга үлгүрдүк. Өзүбүзгө өзүбүз душмандык кылган кайдыгерлик мамилебизден балдарыбыздын көбү кыргыз болуп төрөлгөнү менен, кыргызча бир ооз сөз сүйлөй албай чоңоюп, бирок беш-алты тилде сайрап, анысы аз келгенсип башка мамлекетке барып бизнесин өнүктүрүп экономикасына зор салым кошуп, кыргызга кылдай да пайдасы тийбей келет. Техниканын, илим-билимдин өнүккөн заманында беш-алты тилди билип, керек болсо тарыхына, маданиятына чейин сайрап тың болгонубуз биздин жетишкенибиз дечи, бирок өзгөнүкүн өлө-тала өздөштүрүп, өзүбүздүкүн өнтөлөтүп коёр адатыбыз акыры өзүбүзгө таш болуп тиерин эстеп, качан эсибизге келебиз? Көрүнгөн тоонун чөбүн самап, көрүнгөн элдин тилине, динине кызыга берип, өзүбүздүн эзелтеден элди эл кылып келе жаткан салт-санаабыздан, нарк-насилибизден алыстап орой мүнөз, орус пейил күтүп, жалаң эле материалдык кызыкчылыкты көздөп, жан дүйнөбүз жакырланып бара жатканын ким тана алат. "Өсөр эл өзүн сыйлайт" дейт. Мамлекеттин бүтүндүгү, элдин эл болуп сакталып калышынын бирден-бир жолу тил экенин бекем түшүнгөн коңшу Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып эле тил маселесине дыкат мамиле жасап, "мамлекетте жашап жаткан ар бир жаран, мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү" деген заң-закүндөрүн иштеп чыгышкан. А бизде, мамлекетте жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрүн кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттүү кылмак түгүл, өзүбүз таза сүйлөй албай, орусчабыз аз келгенсип, түштүк тарабыбыз өзбекчеге өтүп алып өзүбүздү милдеттүү кылып отурушат.
Тил - улуттун жүзү. Өз тилин, тегин, тарыхын, салт-санаасын, нарк-насилин билбеген эл эгерим оңолбойт. Өз тилибизди, жашообузду канчалык чанып, башкаларга окшошкубуз келген менен, адамзаттык тарыхынын баштапкы баскычынан бери келе жаткан ата-бабаларыбыздын кылымды карыткан жашоосундагы касиеттүү сөздөрүн, сары алтындай уюган салт-санааларын, улуу жашоого үндөгөн нарк-насилин, турмуш тиричиликтеги тажрыйбасын кан-жаныбызга жакын жашоо эрежелерин жан дүйнөбүз талап кылып жаңылган сайын жаакка чаап, көрбөй жаткан сайын көзгө сайып көргөзүп келди. Бирок биз көрүп жатабызбы? Кеп мына ушунда...

Клара Бектурова