Баарлашуу…

Таалайбек Бапанов,
"Акыйкат" партиясынан депутаттыкка талапкер:
"Кыргыз эли азыр рухий жаңыланууну күтүп жатат"
Бүгүнкү күндө саясаттын казаны кайнап турган маал. Элдин баарынын көөнү шайлоого бурулуп, кимдин эмне кылып жатканына кулак түрүп турган чактары. Ушундай кырдаалда, "Акыйкат" партиясынан шайлоого аттанып жаткан, белгилүү бизнесмен, Кыргыз кинематография союзун эки мөөнөт жетектеген, Испания Королдугунун Кыргызстандагы Ардактуу консулу Таалайбек Бапановду сөзгө тарттык.


Бапанов
Таалайбек Дүйшенбекович
oТаалайбек Бапанов 1960-жылы 28-майда Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак (Белогорка) айылында төрөлгөн.
oЭмгек жолун 1976-1977-жылдары Сокулук районунун Карл-Маркс атындагы колхоздо чабандын жардамчысы болуп баштаган.
o1977-1982-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда эмгектин экономисти адистиги боюнча билим алган.
o1982-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик кинематография комитетинде экономист, ага экономист болуп эмгектенген.
o1989-1992-жылдары Кыргыз улуттук "Кыргызфильм" киностудиясында экономика жана пландоо бөлүмүнүн начальниги - Генералдык директордун экономика боюнча орун басары.
o1992-2002-жылы көп тармактуу "Азия Караван" компаниясынын Генералдык директору.
o2002-жылдан азыркы кезге чейин "Миң Түркүн" Акционердик Коом - Соода үйүнүн Президенти болуп эмгектенет.
Ушу мезгилде "Азия Караван" компаниясы Испаниянын, Италиянын, Франциянын, Чехиянын, Швейцариянын, Польша, Турция жана Россия мамлекеттеринин белгилүү ири компаниялары менен соода байланышта.

Коомдук иштери:
o2004-2010-жылдары Кыргызстан кинематографисттер Союзунун төрагасы болуп эки жолу катар шайланат.
2009-жылы сентябрь айында Испания Королдугунун Кыргызстандагы Ардактуу Консулу болуп дайындалат. Ошого байланыштуу 2010-жылы март айында Кыргызстан кинематографисттердин кезексиз съездинде Төрагалык кызматын өткөрүп берет.


- Таалайбек Дүйшенбекович, кыргыз журтчулугу бизнес менен алектенип жүргөнүңүздү, Кыргызстан кинематографисттер союзун бир топ жылдар жетектегениңизди жакшы билет. Учурда чоң саясатка аттанганыңызга эмне түрткү болду?
- Ооба, көпчүлүк билет, мен Кыргыз кино тармагында өз кесибим боюнча эмгек кылдым. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз киностудиясында экономика тармагында эмгектенип, директордун экономика боюнча орун басарына чейин көтөрүлдүм. Союз кыйрагандан кийин, көпчүлүгүбүз жумушсуз калдык. Мен бизнес багытына ооп, 1992-жылы "Азия Караван" деген көп тармактуу фирма ачтым. 2000-жылдын башында кесиптештеримдин сурануусу боюнча Кыргыз кинематография союзуна кайрылып келип, шайлоонун негизинде утуп чыгып, аталган тармакты эки мөөнөт жетектедим.
Чоң саясатка аралашып калуума токтолсом. Биздин "Таза коом" партиясы мындан төрт жыл мурун түзүлгөн. Үч жыл мурунку Жогорку Кеңешке болгон шайлоого ат салышуу аракетибизге Бакиевдер бут тосуп, өткөрбөй коюшкан. Себеби, биздин партияда таза, патриот, мекенчил адамдар көп. Бакиев ошондон коркту.
Мына 7-апрелде токсондон ашуун кыргыздын жигиттеринин өмүрлөрү кыйылып, оор жоготуу менен эски бийликти алып түшүрдүк. Эми гана таза шайлоого жол ачылды.
- "Акыйкат" партиясы менен биригип шайлоого аттанып жатканыңыздардын себеби эмнеде?
- 2007-жылы Бакиев "Таза коом" партиясын жойгула, "Ак жол" партиясы менен биригип Жогорку Кеңешке барсаңар силерге 5-6 орун беребиз дешкен. Бирок биз макул болгон жокпуз. Анткени бул партияны түптөгөн Кыргызстандагы көрүнүктүү уюштуруучу ишкер, 14 ишкананы уюштуруп бутунан тургузган, Бакай системасын түзгөн ("Бакай" банкын, "Бакай" фабрикасын), үч жыл мурун өтүп кеткен Ибрагимов Мухамед Тургунович деген аксакалдын жаркын элесин саткыбыз келген жок. Экинчиден, кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген учкул сөзүнө негизделип түзүлгөн "Таза коом" партиясын таза сактайлы дедик.
Ал эми жаш партия катары да өзүбүздүн күчүбүздү билип, көз карашыбыз, ички саясатыбыз, программабыз төп келген, негизгиси таза лидер жетектеген партия менен чогуу шайлоого барууну туура көрдүк. "Акыйкат" партиясын тандап, шайлоого бирге аттанганыбыздын себеби да Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу болду. Анткени бардык нерсе лидер аркылуу аныкталат эмеспи. Аликбек Жекшенкуловдун иштин көзүн билген дасыккан тажрыйбасы, тазалыгы "Акыйкат" партиясын тандоого түрткү болду. Экинчиден, эки партиянын аты да, заты да окшош, көз караштары өтө жакын. Ошондон улам биз партиябыздын саясий кеңешинде "Акыйкат" партиясы менен биргеликте шайлоого барууну чечтик. Эки партиянын биригишине карата элдин да көз карашы, ойлору жакшы. Себеби, биздин максат - таза, адилет, ыймандуу коом куруу. Эл биздин ушул максаттарыбызды туура көрүп, колдоп жатышат.
- Парламенттик башкаруу системасынын киргизилишин туура деп эсептейсизби?
- Албетте, туура. Себеби биз Акаевдин да, Бакиевдин да президенттик башкаруу системасын башыбыздан өткөрүп, азабын тарттык. Көпчүлүк өнүгүп-өскөн мамлекеттер парламенттик системага өтүшкөн. Ошондуктан парламенттик башкаруу системаны туура деп эсептейм. Буюрса келечегибиз да жакшы болот.
- Акыйкаттуу таза коомду куруш үчүн эмнеден башташыбыз керек?
- Биз качан акыйкат жана таза коомду курабыз? Мына 7-апрелден кийин ошондой мүмүкүнчүлүк түзүлдү. Бирок эмнегедир бийликте ар кандай оюндар жүрүп кетти. Коом таза болуш үчүн баарын төмөнтөн башташ кажет. Бизде жетисинен кийин жаңы келген бийлик бардык ишти жогортодон баштады. Башталган иш аягына чыкпай министрлер, губернаторлор, акимдер алмаштырылып айыл өкмөттөрү ордуларында калып калды. Эл болсо 7-апрелден кийин бардык ишти айыл өкмөттөрүнөн баштайт го деп аябай күттү. Бирок жогортон башталган иш аягына чыкпай калды. Ошондуктан, парламенттик шайлоодон кийин кайра жаңы өкмөт түзүлсө, ишти жогортон эмес, төмөнтөн баштоо абзел.
Исхак Раззаков "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деп, элүү жыл мурун айтып кеткен керээзи, бүгүнкү күндүн күрөө тамырын аныктап, багыт берүүчү күчүн жогото элек. Таза, акыйкат коомду бир гана таза адамдар курат. Бийлик башына материалдык байлыкка көз артпаган, ынсаптуу таза адамдар келиши керек. Бийликте отурган адамдардын бардыгы эл мүдөөсүн көздөгөн таза адамдар болуш зарыл. Ошондо гана акыйкаттуу таза коомдогу өнүккөн мамлекет кура алабыз. Бир эле мисал, Индияны колонизаторлук коомдон сууруп чыккан Махатма Ганди элинин жаркын келечеги үчүн дербиш болуп, бир чүпөрөк, бир таяк менен эле өтүп кетти. Ошондуктан өлкөнү өнүктүрүп ыймандуу таза коомду курабыз десек, чет өлкөдөн, өзүбүздөн окуп бүткөн билимдүү, интеллектуалы жогору, жупуну жаштарга, таза адамдарга басым коюшубуз кажет.
Материалдык байлык менен коом курабыз дешкен Акаев менен Бакиев Кыргызстанды 2 жарым миллиард доллар карызга батырды. Биздин эл дал ушул көрүнүштөн, саясаттан качып, эки бийликти тең кулатты. Кыргыз эли азыр рухий жаңыланууну күтүп жатат. Таза адамдарды, таза саясатчыларды, тынчтыкты, таза, акыйкаттуу коомду күтүп жатышат.
- Таза адам, таза саясатчы демекчи, саясатчы деги кандай сапаттарга ээ болушу кажет?
- Саясатчы адам, эл дегенде ичкен ашын жерге койгон, берген убадасын так аткарган, калпычы эмес, ынсаптуу, кыраакы, чечкиндүү, улутун сүйгөн таза адам болушу керек. Саясий маданияттуулуктун болушу зарыл.
- Улутчулдук менен мекенчилдиктин жоктугунан өнүгүп-өсө албай жатабыз деген сөздөргө кошуласызбы?
- Экономикасы дүркүрөп өнүккөн Японияга барсаңыз, аэропорттон түшкөндө эле чоң-чоң жарнамалык шиттерде "Япония япондуктар үчүн" деп жазылып турат. Мындай жазуудагы жарнактарды Япониянын бардык шаарларынан көрүүгө болот. Ашканасына тамактанганы кирип калсаң, официанттар биринчи кезек япон улутундагы жаранга кызмат көрсөтөт. Бул деген өзүн сыйлаган улут гана өсүп-өнүгөт, бакубат турмушта жашайт дегендикти билдирет. Демек, улутчулдуктун аркасы менен Япония гүлдөп, өнүгүп жатат.
Улутуңду сыйлабасаң, бакубат, гүлдөгөн мамлекет куруу кыйын. Ачык эле айтайын, Кыргызстанды кыргыздар гана гүлдөгөн өлкөгө айланта алат. Анткени ар бир мамлекетте өзүнүн улутуна, менталитетине, кулк-мүнөзүнө жараша өкмөт түзүлөт. Ошого жараша мамлекеттик ички-тышкы саясат, идеология жүргүзүлөт. Кыргыздар - улуу эл. Кыргыздын идеологиясы атайын программа менен кабыл алынбайт. Кыргыз мамлекеттин өнүгүү багытын аныктоочу идеологиясы - элибиздин байыртадан келаткан "улууну урматта, кичүүнү ызатта" деген сыяктуу жашоо философиясына, каада-салтына карата жүргүзүлүшү керек.
Кыргыз өзү меймандос, айкөл, кечиримдүү эл келет. Ошондон улам 80ден ашуун улуттун өкүлүн батырып, баарына бирдей шарт түзүп берип жашап жатат. Мындай кең пейил айкөлдүктү дүйнөдө кездештирүү кыйын. Алыс барбай эле Арменияны алалы, алар башка улутту өлкөсүнө киргизбегендиктен улам 99 пайыз армяндар өздөрү жашайт. Мындан сырткары Турция түрктөр үчүн, Япония япондуктар үчүн деген ураан ачык эле жазылып, айтылып жатпайбы. Ошол себептен улутчулдуктун эч кандай жамандыгы жок. Кыргыз мамлекети болгон соң, кыргыз тилин, кыргыз элин сыйлап иш алып баруу кажет. Кыргыз мамлекетинин ээси болгон кыргыз элинин мүдөөсү биринчи орунга коюлушу зарыл. Ошондо гана Кыргызстанда өнүгүп-өсүү болот.
- Азыр коомдо ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Шайлоо таза, тынч өтүш үчүн, чыр-чатактар чыгып кетпеш үчүн кандай аракеттерди көрүш абзел?
- Маселен, спорттук бир мелдеш өтүп жаткан болсо, судья тандалат. Ошол эле сыяктуу шайлоо өнөктүгүнө жооп берчү судьялык кызматты БШК аткарат. Эми БШКга эки-үч партия өз өкүлдөрүн киргизип алышты деген сөздөр жүрүп жатат. Ошондуктан БШК шайлоонун тынч өтүшүн камсыз кылыш үчүн ушул жагдайга көңүл бөлүп, баарына калыс мамиле жасашы парз. Болбосо ар түрдүү шылтоо менен айрым партиялар элди көчөгө алып чыгышы ыктымал. Албетте, бул үчүн УКМК жана укук коргоо органдары ар түрдүү чагымчылык иштерди алдын ала жайгарып, элге түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, активдүү иштеши абзел.
- Элге болгон кайрылууңуз?
- Кыргыз элиме айтарым, кудай буюрса 10-октябрда шайлоону тынч өткөрүп алалы. Ар кандай ушактарга алдырбай, ынтымактуу бололу. Алакандай элибиз бар, өлкөбүзгө стабилдүүлүктү орнотолу. Баары тынч өтсө, Кыргызстанды жаркын келечек күтүп жатат.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу