Республика менен
Ата-Журттун "согушу"...
"Республика" менен "Ата-Журт" партиясынын өткөн теледебаты айрымдарынын оозун Ошко каратса, кээ бирлери кимдин ким экенин эми билген соң жүздөрүн тескери бурду. Анткени ким Максимдин, кимиси Айдардын досу болуп, буга чейин кандай иштерди былгытып келгендиги айдан ачык көрүнүп калды. Албетте, эл тараза, эл калыс. Биз ак же көк деп айтуудан алыспыз. Эки партиянын теледеги кайым айтышуусун айрым кыскартуулар менен окурмандарга сунуш кылабыз.

Ташиев: Сен, Максим Бакиев келгенде кетип калдым дедиң эле, Максим менен чогуу бизнес кылып жүрбөдүң беле?
Бабанов: Урматтуу Камчыбек, Максим менен чогуу кылган бизнести өзүң деле жакшы билсең керек. Өзүң кандай кылгансың бизнести? Мен болсо 2006-жылы Бакиевге каршы чыгып туруп, аянтта кыйкырып турганда, сен парламентте олтуруп алып Конституцияны өзгөрттүң. Ошол себептүү Бакиев бийликтен кетти.
Ташиев: Мен сага Конституция жөнүндө айткан жокмун.
Бабанов: 2006-жылдан баштап менин компанияларым соттон башы чыккан жок. Мен кантип Максим Бакиев менен иш кылмак элем.
Ташиев: Максим Бакиевдин офисинде эле жүрбөдүң беле?
Бабанов: Максимдин офисинде жүр-гөнүмдү сен көрсөң айтпайсыңбы ошону?
Ташиев: Айткам го.
Бабанов: Мен эч качан Максим Бакиевдин офисинде жүргөн эмесмин.
Ташиев: Я ж тебе говорил?
Бабанов: Мен эч качан жүргөн эмесмин.
Ташиев: Когда ты работал первым вице-премьером, я ж тебе говорил об этом. Ты тоже признавался "Да это власть нехорошо идет". Ты признавался мы с тобой разговаривали. Правильно?
Бабанов: Биз экөөбүз Ошко учуп баратканда мен сага айткам, "Эй булардын иши болбой калды" - дегенде сен мени колдогонсуң. Андан кийин кучакташып алып Максим Бакиевдин тоюна бардың.
Ташиев: Өмүрбек досум, дагы бир суроо. Айтып атпайсыңбы биринчи вице-премьер болгондо өтө кыска мөөнөттө иштедим деп. Туура, жаман иштеген жоксуң, жакшы эле иштедиң.
Бабанов: Рахмат.
Ташиев: Эч кандай доомат жок, бирок бир суроо бар. Кечээ күнү мен Алайда, Нурада жүргөн маалда эл мага суроо берди: "Курган үйүңөрдүн сырты урай баштады. Ушуга келип жардам бербейсиңерби" - деп. Мен билем, ушул үйлөрдү тандоо кампаниясында куруучулар компаниясынын төрагасы сен болбодуң беле. Азыр эми ошол үйлөр урай баштаптыр. Эмне кылабыз?
Бабанов: Эми биринчиден, Камчыбек досум, Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда ошол үйлөрдү сен кургансың. Дагы бир эки компания бар эле.
Ташиев: Сен, мына көрдүңбү өтө кыска убакыт иштегениң учун жадагалса үйлөрдү ким курганын билбейт экенсиң.
Бабанов: Эмнеге мен? ӨКМ курган.
Ташиев: Мен курган эмесмин. Биз ал жерде жол, электр энергия, спорт зал, мончо курдук. Бирок үйлөргө колубуз да тийген жок.
Бабанов: МЧС курган.
Ташиев: Ну зачем так? У меня 7 тысяч коллектив имелся. МЧС не одного дома там не строил. Понимаешь. Это твоя компания строил.
Бабанов: Эгер чындыкка келсек, бул тендер. Мен биринчи вице боло электе болгон иш. Экинчиден, комиссияга сен мүчө болуп киргенсиң.
Ташиев: Бул туура эмес.
Бабанов: Биз бул теманы которуп, сен Казакстандан компания алып келип киргизем деп, мен ага жолду тоском. Анан тиги эки компания курган. Анын арасында сен да барсың.
Ташиев: Урматтуу телекөрүүчүлөр эгерде ошол Казакстандан келген компания үйлөрдү курганда… Ошол компания Казакстандан 300 үй курду азыр да турат. Сен Кытайдан алып келип курганың эмне болду?
Бабанов: Баасын аныктап көрбөйсүңбү?
Ташиев: Эми азыр Нурага барып туруп жооп бериш керек.
Бабанов: Жооп беребиз. Ал маселе эмес. Мен Нурага барганда биринчи вице-премьер болуп турганда өз чөнтөгүмөн нуралык 20 баланын бюджетин төлөп бергем. Айткан сөзүмө турганмын.
Ташиев: Өмурбек сенин акчаң көп, 20 эмес 50 балага төлөп берсең жетет. 20 баланын бюджетин төлөдүм деп бирөөгө милдет кылбаш керек.
Бабанов: Мен милдет кылган жокмун.
Ташиев: Мен Нуранын үйлөрүн айтып жатам.
Бабанов: Камчыбек сен Максим жөнүндө айтып жатасың. Аны мен аныктап кетишим керек. НТС каналын тартып алганын сен беш колуңдай билесиң. Айдар сени менен мамилелешпи жокпу, билбейм. Бирок Өмүрбек Чиркешович Айдардын кол тийбестигин алабыз дегенде сен жана Келдибек Акматбеков кол тийбестигин албаш керек деп добуш бергенсиңер. Эмне үчүн добуш бергенсиңер?
Ташиев: Биз каршы добуш берген эмеспиз. Биз айтканбыз Айдардын кол тийбестигин эмес, бүт депутаттыгын алыш керек деп добуш бергенбиз. Ал эми сен ошол маалда Айдар досуңду сатып кеткенсиң.
Бабанов: Чынында мен ойлойм. Мамлекеттик адамда дос деген болбош керек. Мамлекеттик адамда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы болуш керек. Дос, тууган, бир тууганым десек анда президенттердин таштай качуусуна алып келет.