Адашпа,
айланайын кыргызым!
Айрым саясий партиялардын кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу берилип жаткан шайлоо алдындагы үгүт агитацияларын угуп отуруп, "аттиң алар кайда эле" дегенден башка сөз таппайсың. Кечээ жакында Ата Мекенибиздин керемет жерлерин кертип-кертип сатып, көмүрүн да, темирин да чекесинен чертип четке соодалап, анын аркасы менен оңбогондой байлык жыйнашып, акчаны асмандай сапырып "чартаңбай" тебишип, Бакиевдерге баары боло берет таризиндеги саясат жүрүп жатканда, атактуу "Бригада" курамында турган "Ак жол" партиясы менен "ляппайлап" жүгүргөн жалаң "кумганчылардан" түзүлгөн андагы өкмөт мүчөлөрү "ай" деп койгонго жарады беле?

...Максим баштаган еврейлер май-талкандуу жердин баарын менчиктештирип, жада калса уюлдук телефондон "уйт" дегениң үчүн 60 тыйындан үстөк алып элдин чөнтөгүн кагып турганда "кой" деп кобурап койгонго жарады беле? Жок. Жарамак турсун жаныңды кашайтып, Бакиевдердин өзүм билемдик "бардак" башкаруусуна айбатын көрсөткөн айрым мекенчил атуулдарыбызды байдын дөбөтүндөй баса калып, сабаганын сабап, тепкилегенин тепкилеп, түркүн-түстүү тири укмуш шоуларды уюштуруп, туура сүйлөгөндөрдү тумчуктуруп тургандар бүгүн кайда? Бүгүн алар кайрадан саясат айдыңында. Бүгүн алар бет кап кийип кайра жаралып, жаңы туулган сыяктанган "таптаза периштелер". Бүгүн алар "Ата-Журттун" бир ууч топурагын дагы эч кимге карматпайбыз" деп эл үчүн, жер үчүн күйүп-бышкан чыныгы "патриоттор". Бүгүн алар "дыйкандарга 7 пайыздан жеңил кредит убада кылып, элге 11 тыйындан электр энергиясын беребиз" деп опурулуп-жапырылып, ойлоп сүйлөбөгөн кыялкеч-фантазёрлор.
Артыңа кылчай, айланайын кыргызым! Ураалап отуруп эки президентти ээрден оодарды. Ураалап отуруп, Кыргызстандын тагдырын чечүүчү ушул күндүн босогосунда турасың. Артыңа кылчайып, акыл калчайлы. Акаевди Акаев кылып, Бакиевди Бакиев кылгандар кимдер эле? "Алга, Кыргызстанды" "Ак жолго" айланткандар бүгүн "Ак жолду" "Ата-Журтка" айлантты. Аты бөлөк болгону менен заты ошол бойдон. Көрөңгөсү да, көксөгөнү да, көмөсү да бир. Арифметикада орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт дечү беле? Дал ошондой болуп турат.
Алакандай кыргызга аттын кашкасындай таанымал "коррупция" деген шерменде менен коюн-колтук алышып, элдин шыбагасына эки колун эмес, эки бутун кошо малган ошол замандагы май-көл, сүт-көл күндөрүн кайра кайтарууну эңсеген паракорлор келатат. Карапайым элдин добушун каратып туруп уурдап, Бакиевге жагынуу максатында ага чексиз бийлик диктатурасын орнотуп берип, 89 баланын канына забын болгон уурулар келатат аралашып.
Апрель революциясын эл эмне үчүн жасады? Yй-бүлөлүк башкаруудан арылып, коррупцияга, уурулукка бөгөт коюп, тоталитардык системанын тамырын кыркып, шейит кеткен 89 баланын ордуна мамлекеттин ар бир жараны болуп калышы толук ыктымал эле. Андагы бизге камчысын үйрүп, Бакиевдердин кылмыштуу буйругун аткарып, революциянын шарапатынын аркасында кызматтан четтетилген мурунку аким, айыл өкмөт башчылары бири калбай "Республика" партиясынын райондук, айылдык штабдарын жетектеп, бүгүнкү күндө элдин добушун акчага сатып алуу аракетин көрүүдө. Эгерде жогорку аты аталган партиянын төрагасы Ө.Бабанов Бакиевдер менен байланышы жок болсо, таза коом курам деп далалаттанып жатса, анда эмне үчүн Бакиевдин артында калган куйруктары мынчалык жаналекетке түшүп аны сүрөөнгө алып жатат. Түшүнүп болбойт. Балким, "Бабанов Максим менен мамилелеш экен, чачылып жаткан акчалар Максимден экен" деген элдин ушагы чындык болуп жүрбөсүн. Бабанов министрликтин үстөлүн минип турганда жанагы 7 пайыздык жеңил кредитти эмнеге оозунан чыгарбады? Жок дегенде душман көзүнө Бакиевге бир жолу сунуштамыш этип койгондо азыркы калпына кичине жарашыктуураак болмок. Шайлоо кампаниясы башталган кезде кредиттин үстөгүн 11 пайыз деп уктук элек, көп өтпөй 7 пайызга жеңилдеди, кудай буюрса, 10-октябрга 2-3 күн калганда бекер эле болуп калат окшойт деп маңдай жарыла сүйүнүп турган чагыбыз.
Адашпа, айланайын кыргызым! Акчага алданып, абийириңди мындай кур убада, куу сүрөөнгө берилбе. Аткарылбаган анттын далайын көрдүң. Заманды, акыл-эсти, аң-сезимди өзгөртүүгө убакыт келди. Кой терисин жамынып алган карышкырдан кач. Бөрү баласы ит болбосун бил. Кыргыз элин ушундай татаал тагдырга кимдер кириптер кылып, киндик каныбыз тамган кыргыз жерлерин кимдер сатып жибергенин, кимдер дагы сатууга аракет жасаганын, ким министр болуп кол койгонун, ким депутат болуп колдогонун, ким ага караманча каршы туруп, чындыкты угуза албай чыркырап келгенин эл жакшы билет. Баарысы сиздердин сыныңыздардан өткөн.
Биз таза, адилет, акыйкат коомду куруп, сыртын салып сынап карап турган башка мамлекеттерге үлгү болууга милдеттүүбүз.
Анткени биз улуу элбиз. Улуу элдин уул-кыздары эки жүздүү, кубулма, калпычы, шылуун саясатчылар үчүн эмес, сөзүнө бек турган, принциптен тайбаган, кызматтык креслодон адамдык кадыр-баркты, адеп-ахлакты жогору койгон, мыйзамды туу туткан саясатчылар үчүн добушун берет деп мен терең ишенем.
Шабдан Сулайманов




Бийликке кумарпоз белең, эсиңе кел!
Элибиздин бүгүнкү тагдыры, эртеңкиси, дегеле кыргыз элинин келечеги ар бирибизди түйшөлтүп, түркүн санаага салып, кабыргабызды кайыштырып турганда, өзүнүн керт башын гана ойлогон, байлык, бийлик үчүн бүтүндөй кыргыз элин садага чаап жиберүүгө дапдаяр турган эки жүздүү, жан дүйнөсү шакмарланып кирдеген, алдым-жуттум алдар көсөлөрдүн жолдо калган жоруктарын көрүп туруп, көргөн көзүбүзгө, уккан кулагыбызга ишене албай турган учурубуз.

Кечээки эле 7-апрелдеги, түштүктөгү окуялар көз алдыбыздан кетпей, көзүбүздөн жаш тегеренип турганда, эч нерсе болуп болбогондой, көрүп көрбөгөндөй адыраңдап атка минип, ошол кан төгүлгөн, кан жыттанган жерлерде ай-асманга айгай салып жүргөн Өмүрбек Бабановго окшогондор ого бетер жүрөгүбүздү барчалап турат.
Айланайын Өмүрбек! 7-апрелде элим-жерим үчүн деп, АКЫЙКАТ жашоо үчүн көкүрөгүн окко тосуп, кабыландай сүр менен, "Кыргыздар артка кайтпагыла!" - деп жапжаш кыргыздын кыраан жигиттери окко учуп жатканда сен кайда элең? Канкор бийликтин огу чырактай кыргыздын эр жүрөк, тайманбас уулдарынын мээсин чачырата атып, канга боёп, кансыратып жатканда Өмүрбек сен кайда элең? Өмүрбек кудайдан корк! Кудайым баарын көрүп турат. Сен адыраңдап май-майрамга айланткан кан жыттанган жерлерде арбак турат. Коркпойсуңбу?! Же сен ушунчалык эле бийликке кумарпоз белең, эсиңе кел!
Кут кармаган куттуу кыргызым, биздин келечегибиз кең. Бизди, кыргыздарды, кудайым колдойт. Жүрөгүбүздө Манас атабыздын духу, руху бар. Биз ага ишенебиз. Ооба, биздин эртеңки келечегибиз жаштар экенин да билебиз. Аларга болгон ишеничибиз өтө чоң. Бирок алар кандай, кайсы жаштар? Кыйын кырдаалда кынга кирип, кыңк этпей башын катып жатып алып, анан ыңгайы келе калганда тура калып, ат минип адыраңдап, байлык чачып бакылдагандарбы? Жок, такыр андай эмес. Алар эч качан мансап, бийликти көздөбөйт. Алар Манас атабыздын кабыландарындай курчтугу, эр жүрөк өткүрлүгү менен кыргыз улутун улут кылып сактап калар, кыргыз түндүгүн түшүрбөй кармап турар патриот, таза, мекенчил жаштар.
Ал жаштар кыргыз элин, жерин эч качан, эч кимге, эч нерсеге алмашкыс, жүрөгүндө кутман эли үчүн, куттуу жери үчүн айныгыс, таза, ыйык сүйүүсү бар, Манас атабыздын чыныгы, чынчыл урпактары.
Кутман элим, момун кыргызым, биз кара кылды как жарган калыс элбиз. Ошол калыстыктан жазбай, акты ак, караны кара дейли. Биздин түндүгүбүз бийик, түптүү, каада-салт, нарк-насилибиз бар ак пейил элбиз. Биз тоо бүркүтүндөй шаңшыган эркин, эр жүрөк эл экенибизди унутпай, намыстуу бололу.
Кудай астында кыргыз үчүн чоң сыноо турат. Туура жолдон айныбайлы, адашпайлы, кыргызым. Бүгүнкү сыноо - эртеңки ар бирибиздин тагдырыбыз.
Жаңыл Елтинова,
Бишкек шаары.