"КАРЫСЫ БАРДЫН -
ЫРЫСЫ БАР!"
Улутубуздун кылымдарды кезип, бизге жеткен эң кымбат наркынын, салтынын бири - улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо болуп саналат. "Карынын кебин капка сал", "Жаш келсе ишке, кары келсе ашка" дагы ушул сыяктуу макал-лакаптарда элибиздин улууларга жасаган өзгөчө асыл, аяр мамилесин туябыз. Кадимки кабылан МАНАС атабыз да Бакай, Кошой абаларынын акылы менен болуп, иш кылган эмеспи?!


Адам баласынын жашоосу табият менен тыгыз байланышта, карым-катышта. Наристенин төрөлүшү - жаркырап аткан таңдай, жадыраган жаздай, ал эми сүйүүгө, махабатка чалкып-толкуп турган селки менен бозой - чак түш же толукшуган жай сымал, үйлөнүп, балалуу болуп, жаш өтүп, коомдо орду бар, кадыр күткөн убагы - кеч бешим, же жемиши төгүлгөн күркүрөгөн алтын күздөй болсо, чачтарды "бубак" аралаган карылык - кеч күүгүм, же кычыраган кыш жакын кездей болуп, адам андан качып кете албаган сыңары, бардык нерсенин башталышы, аягы болгон сыяктуу өмүрдүн да көп кыры, сыры толтура тура. Бир ойчул: "Бардык адам узак жашагысы келет, бирок эч ким картаюуну каалабайт",- дегендей, улгайган учурдун да өзүнө гана таандык көп жагы бар кыязданат... Акылы толуп, болгон нерсеге көзү жетип, бирок дарман жетпеген, күч-кубат азайган мезгил болот экен. Азыркы улуу муундун, чоң ата, чоң энелерибиздин баштарынан турмуштун толгон сыноолору, жашоонун азап-тозоктору, сталиндик акыйкатсыз репрессиялар, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары, ачарчылык, жокчулук, согуштан кайтпай калган аталардын "туяктарынын" жетимдиги өттү. Согушта бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүү, ГЭСтерди куруу, илим-билимге, өнөргө, маданиятка умтулуу - ушунун баары жокчулук, жетишпегендиктерге карабай, союз кезинде ар кимиси өзүнө тагылган милдетти абийирдүүлүк менен аркалашып, Кыргызстанды гүлдөгөн чөлкөмгө айландырышкан. Анан жашоонун жыргалын көрөөрдө СССР кыйрап, ишенген КПСС жоюлуп, ооздукталбаган кымбатчылык, жарыбаган пенсия, акы сураган, мерез медициналык тейлөө, бийлик башына келген элине, карыларга кам көрбөгөн "жеп-жутарлар, тойбос-тоногучтардын" кесепетинен өлкөбүздө болуп өткөн ыңкылаптар - ушунун баарысы карыларга моралдык жана материалдык сокку болуп, ого бетер каржалтып койду. Балдары, неберелери ыймандуу, акыл-эстүү чыккан карылар - "Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү"- дегендей, багы тоодой. Алар дөөлөттүү карыялар! Ал эми жалгыз баласы арактын кулу болуп, үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, көчө мусапырына айланган, же келини адамгерчиликтен куру калып, тажаалдыгынан, аялынын сөзүнөн чыкпаган кайырдин уулу улгайган энесин же атасын үйүнө батырбаган азыркынын маңкурттары өздөрүн улгайганда ошондой тагдыр күтөөрүн эстерине албай, уялбай карылар үйүнө түртө салгандарда кайсы ар бар деп ойлойсуз? Эне-атасын түбөлүк маңдайында алып жүргөн ким бар? Табияттын жазылбаган мыйзамынын алдында адам баласы өтө алсызбыз. Ата-энесинин алкышын, батасын алардын көзү тирүүсүндө алайын,- деген уул-кызда ыйман толук. Ислам дининде Алладан кийинки эле ыйыктар - ата-эне!- делет. Алардын баласына айткан алкышы да, каргышы да Кудайдын кулагына айныбай жетет. "Бейиш - эненин басып кеткен изинде, таман алдында!"- дейт. Энелүүлөр, аталуулар кандай бактылуу?! Өзүң ата-эне болуп, кыз берип, уул үйлөөрдө төрүң бош калып, кимди сыйлап, кимден бата алаарыңды билбей, жакшылыктарыңда, тойлордо кубанычыңды бөлүшөөр эне-атаңдын жоктугунан карайлап тургандан ашкан тозок жок! Антсе да мезгил өктөм, бир жерге токтобойт, тирүүлөрдүн өмүрлөрү өр таянып өтө берет...
Бизде майрамдар ого эле көп. Жаңы эле эне тил майрамын өткөрдүк. Тилибизди өнүктүрөлүк, ага кам көрөлүк дедик. Эртеси эле чоңдорубуздун чогулушунда беш кыргыз, бир орус чогулган жерде, кээде орус жок болсо деле "баягыбыз баягы", орусча сүйлөбөсөк "хан" болбой калабыз...
Азыр коомчулук парламенттик шайлоолор менен алек. Шайлоонун кызуусунда жүрүшкөн талапкерлер "самандай акчаларды" сапырып, көчөлөргө жарнактарды жайнатып, көпчүлүктүн "аллергиясын" карматып, элге акча чачканды коюп, карылар менен балдар үйлөрүн бир жылдык тамак-аш, кийим-кече, буюм менен камсыз кылышса, же Түштүгүбүздө өрттөлүп, кыйраган имараттарды калыбына келтирүүгө жардам кылышса, сооп таап, элден бата алышмак. Өлкөбүздүн казынасына да пайдасы тиймек. Андай болмок кайдан? Карылар менен балдарды ойлоп, кам көрүп, алардын "баштары шишиппи?" Андан көрө, элден тоноп алган акчаларын оңду-солду чачышып, асманга чоң шарларды учуруп, аттарын чыгарышып, добуштарды сатып алгандары алар үчүн кызыкчылык. Айрыкча, өткөн бийликтин "акырынан жем жеп, тоюнгандар", өлкөнү сызга отургузган казына тоногучтар эми да бизди шайласаңар асмандагы "Айды алып келип беребиз", арзан электр энергиясы менен камсыз кылабыз, төмөн пайыздуу насыяларды таратабыз, Кыргызстанды "бүтүн" кылабыз, бийликке жетсек, мурдагыдай казак, кытай, өзбекке жер "сатпайбыз", "ар-намысыбызды" бек тутабыз -"ХИПКке" да, Россиянын составына да кирбейбиз, паспортторду койлорго эмес, силерге беребиз - деп кооз сүйлөгөндөр парламентке келишсе, "жыргатаары" күмөн. "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?" - дегендей, мурдагылардыкы калбайт. Элибиз алардын саясий "сокурдугуна" кекиртегинин "кернейдигине" "тоюп" бүткөн. "Сүткө ооздору улам-улам күйүп, эми айранды үйлөп ичип" калган. Эми алдатышпайт!
Неси болсо да жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик орноп, карыларыбыз жаштар менен тең жарышып стакан кагышпай, наабаттуу карышып, БАКАЙ, КОШОЙ бабалардай акылгөй, КАНЫКЕЙ, КУРМАНЖАН энелердей даанышман болушуп, турмуштан өздөштүргөн кымбат өнөрлөрүн, насааттарын урпактарга үйрөтүп, аман-эсен, соо-саламат жүрүшсүн! Ылайым эле уул-кыздарынын төрлөрүндө кутман курактары кут болуп, урматтуу чоң ата, чоң эне, таята, таене болушуп, сый үстүндө болушсун! Карылар үйүндөгү согуштун жана эмгектин ардагерлери да кор болушпай, мамлекетибизге тезинен оомат келсин!!!-дейли. Карыларыбыз бар - ырысыбыз бар!
Сапарбаева Айканыш Керим кызы