Кимдерди губернатор кылмакчы болгон?..
Коомдук телеканалдын түз эфиринде болгон теледебатта "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев алып баруучулардын суроолоруна жооп берип жатып, ага карата азыр ыплас, уятсыз, абийирсиз ушактар таратылып жатканын, муну каршылаштары башка эч нерсе колунан келбей калгандыктан улам жасап жатышкандарын билдирди. Ошондой эле, ал: "И.Абдрасулов, А.Сабиров, К.Батыровду түштүктөгү үч областка губернатор кылып коймок экем, өзбек сепаратисттерине Кыргызстанга кирүүгө уруксат бериптирмин, К.Батыров менен тымызын байланышып жүрүптүрмүн... Мындай материалдар "Ата-Журт" партиясынын заказы менен 10 миң нускада "Трибуна" гезитине басылып чыккан. Ушундай акылга сыйбас ушактарга ишенип болобу? Ким муну таратып, буга ким кызыкдар экенин эл билет, эл өзү таразалайт" - деди. Мындан сырткары "Ата Мекен" партиясы административдик ресурсту колдонууга муктаж эмес, бул мыйзамсыз иш экенин жана алар мындай жолго барбай тургандыктарын айтты.
Баса, Кыргызстан калкынын дээрлик көпчүлүгү ислам динин тутат эмеспи. Бүтүндөй өлкөбүздү кызыл-тазыл түскө бөлөп жиберген ата мекенчи Телибай тентектердин жоругу Кудай жолундагы бир топ мекендештерибиздин жинин келтирип жатканын угуп жатабыз. Себеп дегенде, бак-дарактарга чүпөрөк байлаган ырым-жырымдар мусулманчылыкта ширк (кыргызча шерик, Аллага тең ата издөө деген маанини туюнтат) деп аталып, өтө чоң күнөө катары каралат экен. "Ойлонбой сүйлөгөн, онтобой ооруга жолугат" болуп, ата мекенчилердин өлкөбүздү мазарга айланткан жоругу теңирден тескери натыйжасын бербесе болду.


Жапаров Бакиевдин камчысын чапканын мойнуна алды
Коомдук телеканалдын түз эфиринде 1-октябрда партиялардын теледебаттарынын 2-күнү болуп, "Ак санат", "Ар-Намыс" жана "Союз ССР" саясий партияларынын лидерлери катышты. "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов эмес, анын ордуна партиянын тизмесинде экинчи болуп катталган, жеткен кошоматчылыгы менен калың элдин кыйырына таанылган Акылбек Жапаров катышты.
Теледебатка келген Жапаровго: "Феликс Куловду Орусия премьер-министр кылабыз деп 7 миллион доллар бергени жана Казакстан олигарх Машкевич аркылуу 10 млн. доллар бергени чынбы?" - деген суроо берилгенде, - "Ооба, кудай буюрса, Куловду премьер кылганы турабыз, ал эми Орусиядан алган акчаны бюджетке төгүп беребиз" - деп какшык аралаштырып сүйлөмүш болуп, - "Ф.Кулов Кремлге эгерде "Ар-Намыс" бийликке келсе, тартип болот, Кыргызстандын бүтүндүгү сакталат" - деп убада берип келгендигин ооз көптүрүп айтып, муну Куловдун жетишкендиги катары баалады. Кошоматчылык жагынан астына эч кимди салбаган Жапаров, Куловду премьер-министр кезинде маркум Рыспек Акматбаев борбордук аянтта жекеме-жекеге чакырып "тумшугуңду талкалайм" дегенде, каш кайтара албай, кайда экени билинбей дымы чыкпай калганын, эми "Мыйзамдын темир калканын орнотом" деп жатканы коомчулуктун күлкүсүн келтирип жатканын айткан жок. Ошондон улам, Куловду айга-күнгө жеткирип мактап, көшөкөрлөнүп жаткан Акылбек Феликстин ошондогу "эр жүрөктүүлүгүнө" токтолуп, анан мыйзам, тартип орнотом дегени туурасында кеп кылса калп да болсо окшошмок беле дейсиң. Тилекке каршы, күн тийген жердин күкүгүнө айланган Жапаров эсине албай калган көрүнөт.
Айтмакчы, А.Жапаров алып баруучулардын суроолоруна жооп берип жатып, элин аткан Курманбек Бакиевдин кызматын кылганын жашырган жок. Тактап айтканда "Максимге эмес, президентке кызмат кылгам" - деп, бир үй-бүлөнүн камчысын чапканын мойнуна алды. Калп айткан менен болобу, бул жагынан эрдик кылды. Чыныгы жүзүн жумурай журтка чындап ачты. Ошондой эле А.Жапаров апрель окуялары башталып кеткенде ал Таласта жүргөндө, Данияр Үсөнов: "оппозициянын баарын камадык, эми сени да камайбыз" - деп телефон аркылуу айтканын, таластыктар бул телефон жазууну уккандан кийин аны кое беришкендерин айтты. Эң эле кызыгы, Жапаров парламентке келсе, койлорго паспорт берүү идеясын ишке ашырарын айтып, "эски оорусун" эстеп алды. Кыязы, койлорго "паспорт берем" деп, Кыргызстан эле эмес, дүйнөгө шерменде болгону таасир берген эмес көрүнөт.
Өзүн мыкты сезген, бирок кичи мекени Кочкорго да кадыры жок Акылбек Жапаров ошентип теледебатка барып, Бакиевди мактагандай Куловду мактап, кошоматчылыгын дагы бир ирээт тастыктап кетти. Башкача айтканда, кошоматчылык деңгээлден көтөрүлө албаган табиятын көрсөттү. Бир сөз менен айтканда "аман эле бол" дегенден башка арга калбады.


Темике калп айтканбы?..
7-апрелге бир жума калганда БЭКке кошула коюп, Каржы министрлигин басып жыгылып, көп өтпөй миллиондорду бөлүшүү туурасындагы телефондогу сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккан соң, пресс-конференция өткөрүп актанган Темир Сариев үгүт иштерин эртелеп баштап, жер-жердин баарысы "Ак шумкар" болуп жатып калган эле. "Ак шумкардын" боосун эртелеп бошоткон Сариев үгүт иштери менен жүрүп "Биздин 200 миң мүчөбүз бар"- деп жар салып жиберген эле. Анысын Ө.Текебаев теледебатта чукуп чыгып: "Биздин 18 жыл болгон "Ата Мекен" партиясынын 10 миң гана мүчөсү бар. Ал эми жаңы эле пайда болгон кайсы бир партия 200 миң мүчөбүз бар деп жар салды. Сиз ушуга ишенесизби?"-деп, Темикенин "абийирин" төгүп Жекшенкуловго суроо узатты. Аликбек мырза болсо мындай сандарга ишенбесин билдирип, апыртуу катары баалады. Эми Темир мырза эмне дээр экен?..


Эскини эңсеген ата-журтчулар
Эски бийликтин мураскерлеринен куралган ата-журтчулар шайлоо күнү жакындаган сайын айласы алты кеткендиктен, болгон айла амалын жүргүзүүдө. Имиштерге караганда Бакиевдин "балапандары" эми коркутууга өтүшүптүр. Араван районундагы өзбек улутундагылардын абройлуу делип эсептелген адамдарын чакырып алып ачыктан-ачык эле бизге мынча добуш алып бересиң. Качып кетем дебе, артыңдагы үй-бүлөңдү тууган-уругуңду ойло дегенге чейин барышыптыр. Азыр Аравандагы өзбек улутундагылар дагы эмне болуп кетет дегенсип, айласыз "Ата-Журтка" добуш беребиз дешип жатыптыр. Ал эми кыргыздар жашаган аймактарга барып, Саякбай атабыздын сүрөтү түшүрүлгөн кызыл акчаны ар бир добуш үчүн беребиз деп жатканы тууралуу да айың тарады. Бул иштин ана башчысы эски бийликтин капчыктуу жерин кармап турган Акматбек Келдибеков экен. "Адистер саясатта" деген ураанды карманган адамдар кайсыл жакта адис экендигин өздөрү эле көрсөтүп жатышат. Баса, ата-журтчулар элди коркутканы жана акча таратуунун айынан ич ара кер-мур айтышып, бирине-бири муштум көрсөткөнгө чейин барышыптыр. Буга Ош шаарындагы стадиондо болуп өткөн эл менен жолугушууда элге тараткан акча себеп болуптур.
Айтмакчы, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Мыктыбек Абдылдаев, Садыр Жапаровдор Баткенге барышып эл менен жолугушканда, эл арасынан: "Бакиевдерди алып келебиз деген оюңар бар турбайбы. Ушул чынбы?"- деген суроо берилиптир. Анан кайран ата-журтчулар: "Бийликке келип калсак, Бакиевдерди Кыргызстанга алып келебиз" - деп ачык эле айтышкан имиш. Көрсө, өткөн жумадагы теледебатта Камчыбек Ташиев бекеринен: "Эгер Курманбек Бакиевди алып келебиз деп жазсак, алып келебиз" - дегенди жөн жеринен айткан эмес экен. Булардын бийликке болгон жанталашуусунун бирден-бир себеби да ушул тура.


Акбөкөн Таштанбеков чоң муштумбу?..
2-октябрда Коомдук телеканалдын түз эфиринде "Акыйкат", "Ата Мекен" жана "Афган согушунун ардагерлери" саясий партияларынын теледебаттары өткөрүлдү. "Афган согушунун ардагерлери" партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбеков алып баруучулардын суроолоруна жооп берип жатып, генерал Абдыгул Чотбаев менен чырдашып мушташканы чын экенин мойнуна алды жана ал партияга кирбей койгондугун ачык айтты. Ошентсе да: "Бирок баары бир ал менин досум, жүрөктө дагы эле достук турат. Мен мына Өмүрбек Текебаев менен деле мушташкам. Эркектерде боло берет экен да келишпестиктер. Негизи эле мени менен мушташкандардын баары спикер болот, эң акыркысы Зайнидин Курманов болгон" - деди ал. Ошондой эле ал Башкы прокурор Байболовго карата ич күптүүсүн кыйытып, анысын "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге жолдоду.


"Республика" менен ата-журтчулар мушташып...
Өткөн жумада "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен "Ата-Журт" партиясынын ана башчыларынын бири Камчыбек Ташиев Коомдук телеканалда болгон саясий партиялардын алгачкы теледебатында туш келишишип, бири-биринин жоорун ой-даа чукушкан эле. Ошондон кийин аталган эки партиянын бука моюн, чоюн муштум жигиттери бири-бирине тиш кайрашканы күчөп, көп өтпөй Ош облусунун Кара-Суу районунда "көчө дебатта" жолугушуп, аёсуз мушташып, араң дегенде тарашыптыр. Угушубузга караганда учурда бакиевчилер атыккан эки партия бирин-бири "жеп" жиберүүдөн кайра тартпай турган деңгээлге чейин жетишкен имиш. Сыягы, минтип отурсак, шайлоо бүткөнчө эки-экиден мушташкандар көбөйүп, бет карашпай калгандардын санын толукташат го.